Полная версия этой страницы: Кыргыз тил жаңылыктары
Diesel Forum > Общие вопросы > Ак ДОСТОРкон > Мекеним
Страницы: 1, 2, 3, 4
Brutus
Кыргыз тили жөнүндө жаңылыктарды бул жерге чогулталы.

А. Ибраимов: Кайсыл тилде сүйлөшүп турса, ошол тил жашайт

25.08.2010
Илим Жанузаков
Мамлекеттик тил менен тыш дүйнөнүн катышы, чет тилдерден кыргыз тилине которуу иштери Мамлекеттик тил боюнча улуттук комитеттин жетекчиси Азимжан Ибраимов менен болгон маектин негизги темасы болду.

- Өзгөчө ушул тапта глобализация доорунда тыш дүйнө менен тыгыз байланышсыз өнүгүп-өсүү болбой турганы айкын эмеспи. Аны менен сиз деле макул болсоңуз керек. Ошол байланыш тил аркылуу жүрөт, жаңы маалыматтарга, жөндөмдөргө ээ болуу үчүн аларды түшүнүү керек эмеспи. Ушул себептен мындай суроо туулат, эмне себептен Кыргызстанда чет тилдерден маалыматтарды которуу маселеси аксап келатат. Эмне үчүн кыргыз тилине акыркы мезгилдерде көркөм адабият, ишкердик, саясат, экономика, ден-соолук жаатындагы болобу, эң мыкты китептери которулбай атат? Эмне себептен ошондой эле көркөм тасмаларды, мыкты документалдык тасмаларды, анимациялык фильмдерди которуу колго алынбайт. Буга эң башкысы мамлекет эмне үчүн көз жумуп атат?

- Негизи бул маселе бүгүн эле келип чыга калган жок. Бул совет доорунан бери келаткан дарт, оору деп эсептесек болот. Чындыгында биз бүгүнкү күнгө чейин совет доорунда даярдалган окуу китептерин мектептерде, бала бакчаларда, жогорку окуу жайларында пайдаланып атабыз. Анткени окуу куралдары жетишпейт экен. Бул биринчи себеби.

Биз маалыматты орус тили аркылуу алганга көнүп калганбыз. Бүт баары тең Орусиянын сайттарына басым жасап, ошолорго шилтеме кылабыз. Бул бүгүнкү күңдө көндүм адаттардын бири. Сиз айтып аткандай котормо маселелерин күчөтүш керек. Мунун түпкү себептери бар, бул билим берүү маселелерине байланышкан.

Экинчиси, мамлекеттик камкордук сиз айтып аткан. Чындыгында котормо маселелери жылда көтөрүлөт, өкмөттүн, президенттин деңгээлине чейин коюлган учурлар болгон. Биз өткөн жылы да сунуш кылып, атайын котормо борборун ачуу, котормочулук иштерди өкмөттүк деңгээлде колго алуу жөнүндө маселелер коюлган. Буюрса муну биз жаңы өкмөт менен дагы кайрадан иштеп, сунуш кылалы деп атабыз.

Анткени сиз айтып аткан көркөм адабияттарды, өзгөчө балдар адабиятын которуп, жакшынакай кылып чыгарып, белек кылып берсек деген тилегибиз бар. Буга акча каражаты каралып, мамлекеттик деңгээлдеги саясат жүрүш керек. Ошонун концепциясын иштеп атабыз.

Чындыгында бүгүнкү күндө фильмдерди которуу маселесин биздин УТРК колго алып атат. Анимациялык фильмдер кыргыз тилинде чыгып атат, бул дагы бүгүнкү күндөгү жакшы көрүнүш деп эсептеш керек. Такыр эле эч нерсебиз жок, кур колбуз деп алаканыбызды ушалаган да болбойт. Бизде көптөгөн окуу китептери жаралды.

Мисал келтирейин, Америка университетинде бир эле мезгилде кыргыз тилин жана немис тилин үйрөнүп башташкан экен. Ошол окуп аткандардын көпчүлүгү дээрлик чет өлкөлүктөр. Ошолор айтып атышат, биз эки тилди бирдей баштадык, бирок кыргыз тили боюнча алда канча алдыга кеттик, немис тили артта калып калды дейт. Демек бул кыргыз тилин үйрөтүүнүн методикасы, усулдары ийине жетилип, жакшы деңгээлде иштетилгени бар экендинин белгилеп турат

- Азимжан мырза, айтып атпайсызбы которуу маселесин көтөрүп атабыз деп. Өкмөт, дегеле бийлик өкүлдөрүнөн кайсы тиешелүү орган бар буга каралашкан?

- Бул маселени азырынча даярдап атабыз, кое элекпиз.

- Мурда коюлуп келген да?

- Мурда коюлуп келген, бул боюнча атайын комиссия түзгөнбүз. Ал комиссиянын курамына тилчилер, мамлекеттик ишмерлер, депутаттар кирген болчу, ошолор карашкан мындан ары эмне кылабыз деп. Эң негизги көйгөй, мамлекеттик ишти кыргыз тилине которуудан башталган. Ошол биздин мамлекеттик ишти кантип кыргыз тилинде жүргүзө алабыз?

Экинчи маселе, коомдун бардык тармактарында кыргыз тилинде иш жүргүзүү, кыргыз тилинде сүйлөшүү орчундуу милдет болуп келатат. Негизги эле эл кайсы тилде сүйлөп турса, ошол тил жашайт экен. Сүйлөнбөгөн тил ал тил болбой эле илимге аттап кетет экен. Ошондуктан кыргыз тили бүгүн кыргыздардын арасында сүйлөшө турган эле каражат болбостон, мамлекеттик тилдин ролун аткарыш керек болуп атат.

- Рахмат.


Макалага шилтеме: http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_...ge/2137104.html

Макаланын ылдыйында жорумдарды окуп өзүңүздүн пикириңизди билдирсеңиз болот.
Aliud
Brutus
Цитата
Илим Жанузаков

Бул деген биздин Мырза Жигит да. smile.gif
Brutus
Цитата(Aliud @ 6.9.2010, 5:36) *
Цитата
Илим Жанузаков

Бул деген биздин Мырза Жигит да. smile.gif


АДда отурабы?
-uniman-
Brutus
Цитата
АДда отурабы?

мен келгенде эле честь бергени турбаса ушул эле жерде отурат..

малдес!!!
unid
Кыскасы, баардыгы барып акчага такалат экен да.
Brutus
Цитата(unid @ 6.9.2010, 15:06) *
Кыскасы, баардыгы барып акчага такалат экен да.


Өкмөттү эле карап отура бербей, жарандык коом кыргыз тилин өзү эле өнүктүрө берсе болот. Аркандай уйумдарды ачып, китептерди басып чыгарып, котормочулукту колдоп, желени кыргызча өнүктүрүп аракет кылса болот. Мисалы, бир желе програмчы менен эки тилчи болсо эле көп нерсени жазаса болот.
ruby_tuesday
Жакында мындай маанидеги кат алдым.

Спасибо большое за оценку, …
Если у Вас есть рекомендации касательно неплохих переводчиков, я была
бы Вам крайне признательна..

С уважением,
Марина.

Эгер котормочулук ишке кирүүгө ынтызар болгон адамдар болсо, жана анын үстүнө англисче билип, компьютерден жана Интернеттен чоочуламайы жок болсо, Личкага жазыңыз, Орусиянын белгилүү вебге негизделген компаниянын HR Маринага email дериңизди жибере алууга мүмкүнчүлүгүм бар.

Бул иш фриланстын иши.
Qaisar
В Кыргызстане объявлена неделя кыргызского языка
09.09.2010
В Интернете со 2 по 26 сентября объявлена неделя кыргызского языка. Как рассказал «Азаттык» инициатор акции, студент Стамбульского университета (Турция) М.Тажибаев, в этот период общение между социальными Интернет-сайтами предлагается вести на кыргызском языке, чтобы, как он отметил, «не забывать родной кыргызский язык». В Кыргызстане День кыргызского языка отмечается 23 сентября. Закон о государственном языке был принят на сессии кыргызского парламента в сентябре 1990 года.
Чабан
Qaisar
Цитата
В Кыргызстане объявлена неделя кыргызского языка
09.09.2010
В Интернете со 2 по 26 сентября объявлена неделя кыргызского языка. Как рассказал «Азаттык» инициатор акции, студент Стамбульского университета (Турция) М.Тажибаев, в этот период общение между социальными Интернет-сайтами предлагается вести на кыргызском языке, чтобы, как он отметил, «не забывать родной кыргызский язык». В Кыргызстане День кыргызского языка отмечается 23 сентября. Закон о государственном языке был принят на сессии кыргызского парламента в сентябре 1990 года.

кудай бербедиби бизге..

коркпой үркпөй жазыша берсек болот экен да
Aliud
Цитата(Qaisar @ 9.9.2010, 21:27) *
В Кыргызстане объявлена неделя кыргызского языка
09.09.2010
В Интернете со 2 по 26 сентября объявлена неделя кыргызского языка. Как рассказал «Азаттык» инициатор акции, студент Стамбульского университета (Турция) М.Тажибаев, в этот период общение между социальными Интернет-сайтами предлагается вести на кыргызском языке, чтобы, как он отметил, «не забывать родной кыргызский язык». В Кыргызстане День кыргызского языка отмечается 23 сентября. Закон о государственном языке был принят на сессии кыргызского парламента в сентябре 1990 года.

Туй шерменде. Бул Мурат Тажыбаев озу кыргызча жакшы билбейт, турктошкон. smile.gif) Универден макака дечубуз ал жигитти. Жакшы бала.
Чабан
Aliud
Цитата
Туй шерменде. Бул Мурат Тажыбаев озу кыргызча жакшы билбейт. smile.gif) Универден макака дечубуз ал жигитти. Жакшы бала.

сен транстан чыккыча башынан ашып кетсе керек..

аракети жакшы экен
TUMAR
Aliud
Цитата
Универден макака дечубуз ал жигитти. Жакшы бала.


huh.gif
TUMAR
Чабан
Цитата
сен транстан чыккыча башынан ашып кетсе керек..


тируу адамдан умут узулбойт дечи... crazy.gif
Aliud
Чабан
Цитата
сен транстан чыккыча башынан ашып кетсе керек..

аракети жакшы экен

Билбейм, билими, аракети кучтуу ал баланын. Бирок кыргыз тили сатып коет. Чел менен окуган болуш керек. Пиар болумун буткон да, дарылдай бербейби, ЖМК чогултуп алып.
ruby_tuesday
Цитата(Aliud @ 9.9.2010, 22:34) *
Чабан
Цитата
сен транстан чыккыча башынан ашып кетсе керек..

аракети жакшы экен

Билбейм, билими, аракети кучтуу ал баланын. Бирок кыргыз тили сатып коет. Чел менен окуган болуш керек. Пиар болумун буткон да, дарылдай бербейби, ЖМК чогултуп алып.


Кыргыз тили сатып коет дегениңиз кандайча?
cranberries1
ruby_tuesday
Цитата
Кыргыз тили сатып коет дегениңиз кандайча?

"неважное знание языка выдаст его с потрохами" дейт.))
Qaisar
Цитата(Aliud @ 9.9.2010, 22:34) *
Билбейм, билими, аракети кучтуу ал баланын. Бирок кыргыз тили сатып коет. Чел менен окуган болуш керек.


Көпчүлүк кыргыздар кыргыз тилин эчак эле сатып жиберишкен. Андай болбосо, азыр кыргыз тилинин абалы бүгүнкүдөй болмок эмес эле.
Qaisar
Борбор Азиядагы мамлекет тилдердин макамы жана мыйзамы жөнүндө орусча талкуу:

http://rus.azattyq.org/content/state_langu...le/1873073.html
Qaisar
Том Сойер заговорил на кыргызском

В Бишкеке издан знаменитый детский роман "Приключения Тома Сойера" на кыргызском языке. Как ожидается, весь тираж публикации - а это около 1500 экземпляров - будет безвозмедно передан библиотекам и школам страны.

Выход на свет произведения американского писателя Марка Твена стал возможным благодаря финансовой поддержке посольства США. Летом сего года дипломатическое представительство объявило конкурс на квалифицированный перевод и издание "Приключения Тома Сойера". Согласно условиям конкурса, текст должен был быть переведен на кыргызский с языка оригинала, то есть с английского. Не допускалось переиздаение ранее опубликованного варианта книги, переведенного с русского языка.

Право на перевод романа Марка Твена выиграл известный кыргызский писатель-полиглот Турусбек Малдыбай, владеющий 32 (!) языками (он даже вошел в Книгу рекордов Кыргызстана как человек, знающий наибольшее число языков). Напомним, что в 2006 году она стал лауреатом международного литературного конкурса "Русская премия" (роман Феникс), а в 2008-м получил международную премию "Добрая лира" за повесть "Страдания молодого Берди".

А вот конкурс на издание "Приключение Тома Сойера" выиграл издательский дом "Альбина".

Кстати, готовится к изданию еще одно известное произведение Твена "Приключения Гекльбери Финна", которе выпустит издательство "Азур".

Кубанычбек Мукашев

Вечерний Бишкек 10 Сен 2010

Qaisar
Пушкиндин жомоктору кыргызча чыгат

Азаттык радиосу
15.07.2009
Фатима Абдалова
Бишкектеги басмалардан жакында Пушкиндин жомокторунун кыргызча котормосу, Алыкул Осмоновдун үч томдугу, Асанбек Стамовдун ”Хан Тейиш” романы, ”Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” жана дагы башка эмгектер жарык көрмөкчү.
Бишкектеги ”Турар” басмасынан жакында Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун котормосунда орус акыны Александр Пушкиндин жомокторунун кыргыз тилинде котормосу жарык көрөт. Китеп түстүү сүрөттөр менен жасалгаланды. Ал эми аталган котормонун жасалгалары белгилүү кыргыз сүрөтчүсү Зарема Мидинованыкы. ”Турар” басмасынын директору жана ”Жаңы Ала-Тоо” журналынын редактору Тилек Мураталиевдин айтымында аталган басма айрыкча балдар адабиятына көңүл бурат жана алдыда дүйнөлүк классикалык балдар адабиятынын үлгүлөрүнүн котормолорун басып чыгарат:

- Бизде балдар үчүн китептер аз эмеспи. Айрыкча унутулуп калган же кыргызча али чыга элек дүйнөлүк балдар адабияттарына кайрылалы деп жатабыз. Биздин басмага совет учурунда басмага сунушталып, чыкпай келаткан дүйнөлүк акын-жазуучулардын балдарга арналган чыгармалары келип түштү.

Ошондой эле ”Турар” басмасынан фольклор изилдөөчү Буудайбек Сабыр уулунун 40 жылдай убакыттан бери эл арасынан чогултуп келген фольклордук чыгармалары жакында басылып чыгат. Тилек Мураталиевдин билдиришинче Буудайбек Сабыр уулу жыйнаган жомоктордон турган бул китеп – күзүндө Германиянын Франкфурт шаарында өтө турган эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышат. Ошондуктан жомоктордун жасалгалары үчүн сүрөтчүлөрдүн арасында сынак жүрмөкчү:

- Жомокторго сүрөттөрдү тартуу, боекторун тандоо бир топ чыгармачылыкты талап кылат экен. Биз муну Пушкиндин жомокторун иштөөдө түшүндүк. Ошондуктан сүрөтчүлөрдүн арасында сынак жарыялайлы деп жатабыз.

”Турар” жеке менчик басмасы улуттук руханий байлыкка айланган чыгармаларга өзгөчө көңүл бөлүп, аларды басып чыгарууга кызыкдар. Айрым авторлорго колдоо көрсөтүп, кол жазмаларын басып чыгарып, калем акы да төлөп келет. Аталган басма учурда Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана Адабият институту менен биргеликте баалуу кол жазмаларды басып чыгаруунун үстүндө иштешип жатышат.

Учурда Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жамааты ”Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн” жана кыргыз элинин маданий тармактарын изилдөөгө алган ”Искусство” эмгегин басмага даярдап жатат. ”Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” 1969-жылы бир китеп болуп, кыска эле болуп жарык көргөн. Ал эми 1984-жылдагы басылышында болсо – А тамгасынан К тамгасына чейинки гана сөздөр камтылып, калган алфавиттеги сөздөр калып калган. Аталган институттун директору Абдылдажан Акматалиевдин пикиринде кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү – ”Манас” баш болгон кыргыз эпосторунан кирген сөздөр менен байып жатат.

Ал эми ”Бийиктик басмасынан кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун XVII-XVIII кылымдардагы кыргыз тарыхына кайрылган ”Хан Тейиш” романы, Алыкул Осмоновдун үч томдугу жана таймаш өнөрү боюнча устат Макен Исаковдун ”Таймаш өнөрү” деп аталган китеби чыгып жатат. ”Бийиктик” басмасынын директору Жумадин Кадыров учурда Асанбек Стамовдун ”Хан Тейиш” романын редактор катары карап жатат:

- Китепте XVII-XVIII кылымдардагы кыргыз тарыхына байланышкан үлкөн тарыхый окуялар камтылган. Ал кездеги жоокерчилик заман, кыргын-сүргүн, анын ичинде жеке адамдардын тагдыры, кайгы-кубанычы, сүйүү мамилелери сүрөттөлөт. Асанбек Стамовдун бул китеби окурманга кызыктуу китеп болот деген ойдомун.
NaSToyaShiy
Qaisar
Цитата
Пушкиндин жомоктору кыргызча чыгат

Цитата
Том Сойер заговорил на кыргызском

уау!!! ушул китептерди кыргызчасын сатып алыш керек экен...
сатылчуу дукондор тууралуу маалымат жок беле?
Цитата
Турусбек Малдыбай, владеющий 32 (!) языками

бир гана менби, же копчулук да билбейт беле?...
Qaisar
Цитата(NaSToyaShiy @ 13.9.2010, 16:17) *
Qaisar
Цитата
Пушкиндин жомоктору кыргызча чыгат

Qaisar
Цитата
Том Сойер заговорил на кыргызском

уау!!! ушул китептерди кыргызчасын сатып алыш керек экен...
сатылчуу дукондор тууралуу маалымат жок беле?


Соердин жоруктары бекер тараталыт. Ал Пушкиндин жомоктору болсо, китеп дүкөндөрүнөн карап көрүш керек. Менимче, нускада же раритетте болуш керек.
Aliud
NaSToyaShiy
Цитата
Турусбек Малдыбай, владеющий 32 (!) языками

бир гана менби, же копчулук да билбейт беле?...

Кошунам болот. Бул дагы турктошкон. Англисти "ингилис" деп уйротмойу бар болчу. 32 тилди кыйратып билбейт ко дейм. Анча мынчадан узуп билет болуш керек. Озу жакшы, акылман адам, кыргыз тилине куйгон. Орус тилге очу бардай мамиле кылчу.
Qaisar
Цитата(Aliud @ 13.9.2010, 19:25) *
Кошунам болот. Бул дагы турктошкон. Англисти "ингилис" деп уйротмойу бар болчу. 32 тилди кыйратып билбейт ко дейм. Анча мынчадан узуп билет болуш керек. Озу жакшы, акылман адам, кыргыз тилине куйгон. Орус тилге очу бардай мамиле кылчу.


инглис же иңглис десе эле түрктөшүп калган дегенди түшүндүрбөйтта. Эмне үчүн орусташтырылган кыргыз тилин кайра калыбына келтирип үндөшүү мыйзамына тууралаганды сиз түрктөшүү теп кабыл алып жатасыз?
Aliud
Qaisar
Цитата
инглис же иңглис десе эле түрктөшүп калган дегенди түшүндүрбөйтта. Эмне үчүн орусташтырылган кыргыз тилин кайра калыбына келтирип үндөшүү мыйзамына тууралаганды сиз түрктөшүү теп кабыл алып жатасыз?

15 кылымда кыргыздар "иңглис" дегенин элестетип жатам. Же "аңглис" дегенде тилиңиз сынып жатабы? Которуш керек, туура, бирок обу жоктуктун деле кереги жок да.
Qaisar
Цитата(Aliud @ 13.9.2010, 20:07) *
15 кылымда кыргыздар "иңглис" дегенин элестетип жатам. Же "аңглис" дегенде тилиңиз сынып жатабы? Которуш керек, туура, бирок обу жоктуктун деле кереги жок да.


Жок, сынбайт. Сиз иңглис десеңиз сынып калабы? Кыргыз тил эрежелири сакталбай келген, азыр ошол ката оңдолуп жатат. Мисалдар көп. Китай - Кытай, Индия - Индустан, Аравия - Арапстан, Афганистан - Ооганыстан. Кыскасы кыргыз жана орус тилдери эки бөлөк нерсе. Ар биринин өзүнүн эрежелири бар. Анстеле кыргыз тили тебеленип жерилип азыркы байкуш абалга жетти.
Aliud
Qaisar
Цитата
Жок, сынбайт. Сиз иңглис десеңиз сынып калабы? Кыргыз тил эрежелири сакталбай келген, азыр ошол ката оңдолуп жатат. Мисалдар көп. Китай - Кытай, Индия - Индустан, Аравия - Арапстан, Афганистан - Ооганыстан. Кыскасы кыргыз жана орус тилдери эки бөлөк нерселер. Ар биринин өзүнүн эрежелири бар. Анстеле кыргыз тили тебеленип жерилип азыркы байкуш абалга жетти.

Бул айткандарыңыз го, табигый жол менен б.а. тилге ыңгайлуулугу менен өзү эле сиңет. Анткени илгери ушундай болчу. Ал эми "Аңглис" деген ("Ң" тамгасы аркылуу) деген баарына эле ыңгайлуу жана тили келет. Түркчө билесизби?
Qaisar
Цитата(Aliud @ 13.9.2010, 20:32) *
Бул айткандарыңыз го, табигый жол менен б.а. тилге ыңгайлуулугу менен өзү эле сиңет. Анткени илгери ушундай болчу. Ал эми "Аңглис" деген ("Ң" тамгасы аркылуу) деген баарына эле ыңгайлуу жана тили келет. Түркчө билесизби?


Табигый дегенге кошула албайм. Мурун өздөштүрүлгөн сөздөрдү изилдеп көрсөңүз таң каласыз анткени үндөшүү мыйзамы сакталган. Табигый жол менен өнүккөн болсо, азыркыдай чаташып эрежеге туура келбей калмак. Башкача айтканда, кыргыздар кыргыз тил эрежелерин билген. Кеңеш дооруна чейин казактар жана өзбектер менен аралашып жашаганбыз, бирок биздин сөздөр казакча же өзбекче айтылбайт. Кыскасы, кыргыз дагы казак дагы өзбек дагы өз тилиндеги эрежелерди сактаган.

Акыркы 20 жылда кыргыз тили өзү менен эле өзү болуп келди. Көп сөздөр туура эмес кабыл алынган. Мурунку жакшы өздөштүрүлгөн сөздөрдү карагыла. Мисалы, араб сөздөрүн алалы. Макаан - мекен, масжид - мечит, хасаб - эсеп, хакыыйкатун - акыйкат, хукууматун - өкмөт, кууатун - кубат, кауум - коом, жауааб - жооп, кард - карыз, Йаакуб - Жакып, фикр - пикир, хыйааль - кыял, китааб - китеп, мактааб- мектеп, хат - кат, хатаа - ката, дафтаар - дептер, астагфирулла - астапырла, каафир - капыр, филь - пил жана башка. Айрым орус сөздөрүн караңыз. Кровать - керебет, стол - үстөл, газета - гезит, тюрма - түрмө, суд (судья) - сот. Франс сөздөрүн карайлы. Montpensier - момпосуй, trottoire - тротуар. Ушулардын баарында кыргыз тил эрежелери сакталган.

Түркчө түшүнөп кичине.
Yrsaliev


Qaisar
happy.gif
Qaisar
Кыргыз тилинин тагдыры - Кыргызстандын тагдыры

Азаттык радиосу
04.05.2010
Урматтуу кыргыздар, мен тил саясатына саресеп салып изилдеп, кош тилдүү жылан гана болушу мүмкүн экенине көзүм жеткени үчүн сиздерге ушул катты жазып атам. Мен бул тууралуу Ачык Кыргызстан программасынын интернет баракчасында айткам. Европанын борбору Брюселде болуп, алардын тилдин айынан тирешкенин көрүп, буга ишендим.

Мен Европа менен Американын шаарларын түрө кыдырып, тил=эл экенине ынанып, тил үчүн күрөш эл үчүн күрөш экенине терең ишендим. Ошондуктан Кыргызстанда бир тилди тандап алып, ошол тилдин айланасына өнүкпөсө, анда улут түзүлбөй калат.

Мен азыр мамлекеттик саясат жана эл аралык мамиле маселелерин үйрөнүү максатында кыска убакытка АКШда жүрөм. Бул жакта Англис тилин билбегендерге жарандык берилбейт экен. АКШ мамлекетинен жардам алуу үчүн мен Англис тили боюнча экзамен тапшырып, араң өттүм. Бул жакта испан, кытай тили жана башка бир топ тилдерде сүйлөгөн элдер жашайт экен, бирок алардын баары англис тилин билишет экен. Билбегендери болсо кесипкөйлүктү талап кылбаган аз төлөнүүчү иштерди кылышат экен. Ушундай зор мамлекет бир тилдин айланасында өнүгүп аткан соң, кичинекей өлкөбүз башкача болушу мүмкүн эмес. Тил саясаты жагынан Венгрия менен Израилден деле өрнөк алсак болот. Айрыкча Венгрияда эл жалаң мажарча сүйлөшөт экен. Ошондуктан жаңы Башмыйзамды кабыл алып жатып, кыргыз тилинин ролун эске алып койсоңуздар.

Урматым менен,

Аскар Мамбеталиев.

Эларалык билим боюнча адис.
Qaisar
Ник Мегоран: Кыргыз тили жоголбойт

Алишер Токсонбаев
Кыргыз тили колдонуудан чыгып, башка тилдерге сиңип кетет деп кооптонууга негиз жок, дейт Ош жергесинде сапарлап жүргөн Улуу Британиядагы Ньюкасе (NewcasHeu) университетинин изилдөөчүсү, саясий география илиминин доктору Ник Мегоран.
- Ник мырза, өзүң тээ алыскы Улуу Британиянын жараны болсоң, кандай зарылчылыктан улам кыргыз тилин үйрөнүп калдың?

- Мындан он жыл мурда Кыргызстан жөнүндө илим жактагам. Жумушума байланыштуу карапайым калк менен мамиле түзүүм зарыл эле. Себеби ошо кезде элеттегилер орус тилин жеткиликтүү түшүнчү эмес. Мындан тышкары Фергана өрөөнүндө изилдөө жүргүзүү тил билүүсүз кыйын экен. Ошондуктан кыргызчаны жана өзбекчени өздөштүрүүгө ыктадым. Ошондой чечкениме эмдигиче өкүнбөйм. Анын үстүнө кыргыз тилинин грамматикасы оңой турбайбы. Кыйналган жокмун.

- Кыргыз тилинин улуулугу жана баалуулугу эмнеде деп ойлойсуңар?

- Менимче, ар бир тил өзүнчө баалуу. Бирок канча тил билсең, жан дүйнөң ошончолук байыйт эмеспи. Кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу же төмөндөтүү кыргыз калкына гана тыгыз байланышкан. Карасаңар, кыргыздар нечендеген кылымдар бою канчалаган каада-салттарын көөнөртпөй сактап келатат.

Мына, «Манас» эпосу дүйнөлүк дастандардын туу чокусуна айланды. Анын менен бир эле кыргыздар эмес, бүтүндөй адамзат сыймыктанат. Ошондой эле төкмөчүлүктү алалы. Бул өнөрдү тутунгандардан мага Жолболду Алыбаевдин ырлары абдан жагат. Изилдөө учурунда ал чыгармалардын мага куп пайдасы тийди.

Ушундан улам кыргыздардагы төкмөчүлүк өнөрдүн да жер жүзүндө теңдеши жок дээр элем. Эгерде кыргыз тилин билбесем, жогорудагы көркөм дөөлөттөр мага жана менин мекендештериме жабык бойдон калат эле да.


- Балким, кабарыңар бардыр. Кыргызстанды жетектеген айрым адамдар, мисалы, премьер-министр Игорь Чудинов мамлекеттик тилди таптакыр билбейт. Бул жерде мыйзам одоно бузулуп жатпайбы. Силердин өлкөдө ушундай жоруктарга жол берилеби? Дегеле ушуга көз карашыңар кандай?

- Бул жерде салыштырып айтуу кыйын. Анткени мамлекеттерибиздин тарых-таржымалы башкача. Маселен, Улуу Британияда англис тили жогорку даражада жана бардык чөйрөдө кең-кесири колдонулат. Ушундан улам бир окуя эсиме түшүп атат.

Мен 1998-жылы Нарында жашап калдым. Ошо мезгилде Бишкеке барганда абдан кыйналат элем. Себеби тургундардын көпчүлүгү, анын ичинде орустар да, кыргыздар да орусча сүйлөшчү. Азыр акыбал таптакыр башкача.

Өткөндө борборго тийсем, кыргыздардын көпчүлүгү бири-бири менен жалаң эне тилинде мамилелешип калыптыр. Арийне, бул жылыш эмей, эмине? Ал эми өкмөт башчы Игорь байке туурасында мен эч нерсе дей албаймын.


- Билишибизче, кыргыз-өзбек чек ара көйгөйлөрүн да иликтеп жүрчү элеңер. Аны улантып жатасыңарбы?

- Коңшулаш эки мамлекетке визасыз эле каалашыбызча каттап турат элек. Өзбекстанда кыргыздар, тескерисинче, Кыргызстанда өзбектер көп. Ошого жараша досторубуз арбын болчу. Чек аранын пайда болушу менен калк чындап кыйналды. Барып-келүү бир топ кыйындады. Ошондой эле милиция же чек ара кызматкери ары-бери өткөн сайын акча сураганга ыктады.

- Эмне, чет өлкөлүктөргө Өзбекстанга каттоо мурдагыдан кыйындадыбы?

- Кыргызстанга киргенге карганда Өзбекстанга барыш, чынында, кыйын. Бул жерде бардыгы чоңдордун саясатынан көз каранды. Учурда Өзбекстанда кырдаал курч. Аны жумшартыш оңой эмес. Дүйнө бир калыпта кармалып турбайт да. Ошентсе да, болочокто бардыгы нукка салынат деп ишенем.

- Серепчилердин баамында, дагы эле өлкөдө орус тили үстөмдүк кылууда. Мындан тышкары эл арасында башка тилдерди, маселен, англис, кытай, француз, немис тилдерин үйрөнгөндөр көбөйдү. Мындай жышаан кыргыз тилинин бара-бара колдонуудан чыгуусуна шарт жаратпайбы?

- Мен дээринен мындай пикирге кошулбайм. Кыргызстанга адеп келгенимде бардыгы орус тилинде жүргүзүлгөндүктөн абдан чайналчумун. Азыр көрнөк-жарнактар, башка расмий документтердин басымдуулугу кыргызчаланып атыптыр.

Бул жакшы жышаан. Мындан ары жергиликтүү окумуштуулар да изилдөөлөрүн кыргыз тилинде улантса, кыргыз тили эч качан жоголбойт. Ошондой эле чет тилдерин көбүрөөк үйрөнүүдөн чочулоонун кажети жок. Көп тил билген адам эзели күйбөйт. Бирок ошол эле учурда эне тилин унуткандарды да кудай кечирбейт.

- Соңку учурда жергиликтүү адистер Кыргызстандын түштүк тарабында кыргыз тили өзбек тилине сиңишип баратат деп тынчсызданууда. Изилдөөчү катары силердин пикириңер кандай?

- Кыргыз тили түрк тобуна кирет эмеспи. Ошол себептүү түштүктөгү кыргыз тилин өзбек тилине көбүрөөк окшоштурушат. Бул табигый нерсе. Анткени эки эл эчен кылым жанаша жашап келатат. Ал эми түндүктүк кыргыздардын тили, байкасаңар, казактардыкына окшошот.

Өлкө борбору Бишкекке ирегелеш тургандыктан, алар «биздики нукура кыргыз тили» деп мактанышат. Эгерде тарых башкача болуп, мисалы, баш калаа Ошто жайланышканда, түштүктүк кыргыздар «накта кыргыз тили биздики» деп айтышмак.

Демек, бардыгы саясат менен чырмалышкан. Канткен күндө да, тил деген музейде турган буюм эмес да, туурабы? Жаралган бойдон эч качан өзгөрүлбөгөн тил жок дүйнөдө. Ошондуктан кыргыз тили да эзели жоголбойт. Заманга жараша өзгөрүп турушу ыктымал. Таптакыр өзгөрбөгөн тил өлгөн тил катары эсептелинет.


- Өлкөдө «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын жыйырма жылдыгы белгиленүүдө. Ушу майрам арапасында кыргызстандыктарга эмне кааламакчысың?

- Кыргыздар ылайым улуу Манастын тилин көз карегиндей сактап жүрсүн! Кыргыз калкын Кудай жана жалаң жакшылыктар коштосун! Бул аруу тилектеримди «Азаттык» үналгысы аркылуу эл-журтка жеткирип коюуңуздарды өтүнөм.

- Ник мырза, маегиңер үчүн ыракмат!
Qaisar
Цитата(Ast-Reya @ 14.9.2010, 13:13) *
Цитата
премьер-министр Игорь Чудинов мамлекеттик тилди таптакыр билбейт

Костюктай суйлой албаса да, тушүнот да бул киши.


Костюк жакшы сүйлөйбү?
bankir
Ast-Reya
Цитата
Костюк жакшы сїйлєйбї?

ал суйлоп атканда орус экенин унута тушосун.
анан дагы ташбоо жумагуловдун кїйєє баласы деп кой... smile.gif
Ast-Reya
Цитата(bankir @ 15.9.2010, 10:26) *
анан дагы ташбоо жумагуловдун кїйєє баласы деп кой... smile.gif

епрст... Ширин ошо Ташбоо Жумагуловдун кызыбы? мындай кайната турганда чын эле кыргызча билбесе уят. biggrin.gif
Qaisar
Костюк көлдөн болот турбайбы. Бөкөнбайда төрөлүп өскөн экен. Ошон үчүн кыргызча тың сүйлөйт.
Brutus
Мамлекеттик тилди коргоо боюнча пикет болуп жатат

“7-апрель” коомдук кыймылынын жетекчиси Ө. Токтонасыров мамлекеттик тил комиссиясынын имаратынын алдына пикетке чыкты. Ал бул жолу кыргыз тилинин укугун коргоп чыгууда. Ал “Супер-инфо”, “Леди кг” басылмаларынын жана Коомдук телеканалдын “Браво” программасынын аталышын кыргызча кылып өзгөртүү талабын коюуда. Укук коргоочу менен мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Азимжан Ибраимов жолугуп, бул маселени чечүү үчүн убакыт талап кылынарын айтты.
Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын 1989-жылы 23-сентябрда ээ болгон.

Азаттык.
Brutus
Түрткүнчүк тил түйшүгү

23.09.2010
Илим Жанузаков
Бүгүн мамлекеттик тил күнү. Мындан туура жыйырма бир жыл мурда кыргыз тили мамлекеттик деген макам алган. Ошентсе да эгемендик алган жылдары тил саясатында чечкиндүүлүк байкалбагандай. Анткени ушул күнгө чейин мамлекеттин иш кагаздары ырасмий тилде айланып, кичинекей чиновниктен тарта президентке чейин ишмердүүлүгүн ырасмий тилде жүргүзүп келатышат.
СССРдин акыркы президенти М.Горбачевдун кайра куруу реформасынын эпкини менен саясий эркиндиктер пайда болуп, 1985-жылдан кийин Кыргызстанда да улуттук аң-сезим ойгоно баштаган. 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши ”Мамлекеттик тил тууралуу” мыйзамды кабыл алган. Мыйзамга ылайык кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болуп, аны өнүктүрүү жагдайлары жана мамлекеттик мекемелерде колдонулуш тартиби такталган.

Андан бери арадан жыйырма жылдан ашык мезгил өттү. Эки президент өлкөдөн кубаланып, кыйын кезеңде үчүнчүсү шайланды. Бирок бардык башкаруучулар тушунда саясий элита ишмердүүлүгүн орус тилинде жүргүзүп, ушу кезге чейин мамлекетте иш кагаздары орус тилинде гана айланууда.

Эмне себептен 20 жылдан бери тил саясатында чечкиндүүлүк байкалган жок? Тилге болгон мындай мамиленин кесепети кандай болду? Ушул сыяктуу тилге байланыштуу толгон-токой суроолор тил күнүн майрамдоо өзүнөн-өзү ортого чыгат.

Кыргыз тилин сүйлөөгө муктаждык жокпу?

Бишкекке келген кээ бир чет өлкөлүктөр оболу кыргызча үйрөнө баштап, бир аз өткөн соң орус тилине өтүп кетишет. Анын себебин элдин баары орусча сүйлөп атышканы, Бишкекте кыргызчадан көрө орусча билүү пайдалуу экендиги менен түшүндүрүшөт.

Педагогика илимдеринин кандидаты, ”Заман Кыргызстан” гезитинин орун басар жетекчиси Абдыкерим Муратовдун пикиринде, Кыргызстанда саясий жана интеллектуалдык элита орус тилинде гана сүйлөп келаткандыктан, эне тилде сүйлөө муктаждыгы төмөндөп кеткен. Ошол себептүү азыркы тапта элет менен шаардын ажырымы тереңдеп кетти. Анткени орус тилдүүлөр элеттен келгендерди теңине албай, үстүртөн карашат, ал эми элеттиктер шаардыктарды тил билбегени үчүн кодулашат. Ушинтип отуруп эл арасында тилдик негиздеги жиктелүүлөр күч алууда. А.Муратовдун айтымында, мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн саясий эрк жана чечкиндүүлүк керек:

- Албетте мыйзамдык жагын да күчтөндүрүш керек. Анан кандайдыр бир шарттарды койсо жакшы болот. Маселен мамлекеттик тилди билген, жаза алган гана киши бийликтин аркандай бутактарында отурууга, эл башкарууга укуктуу дегендей. Эгер ал мамлекеттик тилди билбесе, кайсы бир белгиленген мөөнөттө тилди үйрөнүп чыгууга тийиш. Эгер ал берилген убакытта мамлекеттик тилди үйрөнө албаса, андан ары ал мамлекеттик түзүмдө иштей албайт деген сыяктуу эрежелерди киргизиш керек.

Кыргыз тили борбор шаарда сүйлөнбөй атканына тил боюнча мыйзамдын начарлыгы да себепчи дешет. Анткени анда иш-кагаздары, мамлекеттик деңгээлдеги жыйындар кыргыз же орус тилинде болушу керектиги айтылган. Балээнин баары дал ошол ”же” деген сөздө экенин айткан журналист Жаныбек Жанызак, мыйзамдагы бул жерди ”жана” деген сөз менен алмаштырып салуу зарылдыгын айтат. Ошондо гана кыргызча билүү милдеттүү болуп, муктаждык да пайда болмок.

Муну менен катар коомчулукта ”иш-кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү менен эле чектелбей, орус тилинен ”ырасмий” деген макамды такыр эле алып, кыргызча билбегендерди мамлекеттик кызматка жолотпоо керек” деген пикирлерди таркаткандар да бар.

Тил саясаты кандай болуусу керек?

Тил саясатынын туура эместиги коомчулукта психологиялык ооруларды да пайда кылды дешет. Инсандык сапаттарды өнүктүрүү боюнча адис, Кыргыз билим берүү академиясынын Инновациялык билим берүү техникалары жана программалары секторунун башчысы Асылбек Жоодонбековдун пикиринде, айрым жетекчилер жыйындарда кыргызча сүйлөгөндөн кадимкидей уялышат. Анткени аларда ”орусча сүйлөсөм акылдуу көрүнөм” деген өксүк комплекси бар. Ал эми мындай комплекс интеллигенциядан бат эле калың элге да сиңип кетти:

- Дагы эле баягы күн карамалыгыбыздын кесепетинен Бишкекте кыргыз тили сүйлөнбөй атат. Маселен, айрым жетекчилер жыйындарды кыргызча алып баргандан уялат. Эмне себептен? Себеби аларда ”Мен орусча билбегендей көрүнбөйүн, өзүмдү төмөн көрсөтпөйүн башкалардын көзүндө” деген сыяктуу комплекс бар. Меин пикирим кыргыз тилине көңүл бурулбагандын негизги себептеринин бири ушулар.

OIC компаниясынын камсыздандыруу боюнча башкы адиси Талант Кемеловдун айтымында, Бишкекте бел оорутуп, кол жоорутпаган жумушка орношуу үчүн сөзсүз түрдө орус тилин эркин сүйлөп, жаза билишиң керек. Ал эми дээрлик бардык ишканалар кыргыз тилин билүүнү талап кылышпайт. ”Бишкектеги орус тилдүү бизнес чөйрөсүнө ушундай абал жагат. Биринчиден алар тил үйрөнүп баштарын оорутпайт, экинчиден атаандаштары азыраак болот”,- дейт Т.Кемелов.

Кыргыз тили мугалими Алтынбек Исмаиловдун ырасташынча, кала берсе кыргызчадан башка тилди билбеген тээ алыскы аймактар менен иштеген коомдук уюмдар да өз иштерин жалаң орус тилинде жүргүзүшкөнү таң калтырат. Ошол себептүү орусча билбестигинен улам түрткүнчүк болгондор кийин балдарын орус тилдүү бала бакчаларга, мектептерге берип, тил билбегендер саны шаар жеринде артып баратат.

Белгилүү жазуучу Бексултан Жакиевдин пикиринде, кылчактап Орусиянын көзүн караган доор дале бүтө элек. Андыктан өлкөдөгү бир дагы саясий күч тил жаатында өтө чечкиндүү кадамдарды жасабайт:

- Кыргыз тили мамлекеттик эле тил эмес, мамлекеттик жана ырасмий тил деп аталыш керек. Ырасмий деген сөздүн өзү беркинден жогору болуп кетет. Анткени күнүмдүк иште, башка мамлекеттин өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө ошол ырасмий тил алдыңкы орунга чыгып кетет. Ал эми мамлекеттик тил деген жанагы Англиянын королевасындай эле болуп калат. Ошондуктан азырынча мыйзамдарыбыз мобундай чабал болуп аткандан кийин, Орусияга көз каранды жагыбыз болуп аткандан кийин, эгер саясий төбөлдөр алардан коркуп атышкан болсо, жок дегенде кыргыз тилине мамлекеттик жана ырасмий деген макам бериш керек.

Ошентсе да тил жаатындагы мындан аркы саясат 10-октябрда шайланып келчү парламенттин колунда болот. Кокус Орусияны катуу жактап, Кремлди пир туткандар бийликке келе турган болсо, абал ушул бойдон кала бериши ыктымал. Ал эми ачык болбосо да батышка ыктап калган күчтөр келсе, тил жаатындагы саясат да өзгөрүшү мүмкүн. Кандай болгон күндө да, кайсыл багыт жалпы мамлекеттин кызыкчылыгына туура келет деген принцип сакталса болгону.

Макала жөнүндө жорум калтырам десеңиз шилтеме басыңыз: http://www.azattyk.kg/content/day_of_the_k...ge/2165633.html
Brutus
Раимжан Курбанов: Эне тилдин баркын көтөрөлү!


23.09.2010
Аманбек Жапаров
Бүгүн Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанат Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. “Кыргыз тил” коомунун президенти Раимжан Курбанов “Азаттыктын” таңкы маегинде мамлекеттик тилге бийлик жана коомчулук тарабынан ойдогудай колдоо болбой жатканын белгилеп, ММКнын кыргыз тилге болгон мамилесин сынга алды.
- Бүгүнкү жаңы бийлик жана коомчулук мамлекеттик тилге кандай маани берүүдө?

Раимжан Курбанов: Бийлик тарабынан кандай жардам берип, колдоо көрсөтүп жатканын айта албайм. Себеби азыркы бийлик өткөөл мезгилде болуп, өздөрүнүн айласын таппай турган чак. Ал эми коомчулукка, анын ичинде массалык маалымат каражаттарына дооматтар өтө көп. Себеби 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү катары өткөн жылы президенттин жарлыгы менен бекитилсе да массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылган жок. Ал түгүл жакында тил майрамы болот деп маалымат берилбеди. Мамлекеттик тил боюнча макалалар жазылган жок. Сыналгыдан буга байланыштуу берүүлөр уюштурулган жок.

- Демек анда ММКда мамлекеттик тил маселеси начар чагылдырылып жатабы?

Раимжан Курбанов: Өтө начар. Мен өткөндө маалымат жыйынын өткөрүп "биз албетте мусулманбыз. Аны танбайбыз. Бирок орозо башталат деп сыналгылардан берип жатасыңар. Ороз башталгандан кийин орозого отуз күн деп ЭлТР берип жатат. УТРК орозоңор кабыл болсун деп берип атат. “Манас жаңырыгы” жана башка телекомпаниялардан берилип жатат. Ал эми биз улутпуз да. Биз кыргызбыз. Биз орозону чагылдырганга каршы эмеспиз. Калыстык кылып мамлекеттик тилди да ошондой үгүттөбөйсүңөрбү",-дедим.

Анан эфирге динаятчылар, сакалчан молдолор чыгып “ундак-мындак” деп кыргыз тилин бурмалашпадыбы. Редакторлор эфирге чыгарардын алдында ошол инсан менен баарлашып, мамлекеттик тилди башка тилдерди кошпой таза сүйлөөгө милдеттендириши керек эле. Биздин тилчилер менен кеңешип, сөздү таза сүйлөө керектигин айтуусу зарыл.

Экинчиден, элди улутка бөлбөй, ынтымакты камсыз кылып, бириктире турган ушул массалык маалымат каражаттары. Ал эми биздин кыргыз тилдүү гезиттерде сөзгө маани бербей, өз билгениндей тилди бурмалап жазган жаман өнөкөткө айланып баратат. Мисалы, жакында Оштон бир жигит келип "мен ага-ини деген сөздү айтпайм. Себеби гезиттин баары ака-үка деп жазып атпайсыңарбы, түштүктө кан төгүлүп жатса. Бул эмне шылдыңбы?”,-дейт. “Яна питта тапышмак”, “Нема болды” жана башка ушул сыяктуу өзбек сөздөрүн биздин кыргыз гезиттер мода кылып алды.

Ошондуктан мен бардык журналисттерге кайрылат элем: Эне тилибиздин баркын көтөрөлү. Сиздер гезитке макала жазганда, сүйлөгөндө кыргыз тилинин гүлүн терип жазып, сүйлөсөңөр. Минте берсек кыргыз тилинин кооздугу кайда калат?

- “Кыргыз тил” коомуна азыркы бийлик тарабынан каржылык жардам берилеби?

Раимжан Курбанов: “Кыргыз тил” коому өкмөттүн токтому менен 1991-жылы уюшулган. Андан кийин биздин өтүнүч, сурообуз менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюшулбадыбы. 2008-жылга чейин “Кыргыз тил” коомун өкмөт анча-мынча каржылап келген. Бул коом өкмөттүн токтому менен уюшулганына карабай азыркы күндө бийлик тарабынан бир тыйын да каралбайт. Албетте каражат маселесин чечүү жагынан өзүбүз аракет кылып жатабыз. Чын-чынына келгенде “Кыргыз тил” коомуна колдоо жок. Ал эми Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга өкмөт аздыр-көптүр каржы берип турат.

- Рахмат.
"Азаттыктын" архивинен: Мамлекеттик тил күнүнө арналган жыйындар

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата Бишкектин ар кайсы окуу жайларында иш чаралар уюштурулууда. Мындай жыйын 22-сентябрда Кыргыз-Орус Славян университетинин алдындагы архитектура колледжинде болду. Иш-чара “Кыргыз тилин барктайбыз, кыргыз тилинде бардыгыбыз сүлөйбүз” деген аталышта өттү.

Дагы видеосу бар. Шилтеме: http://www.azattyk.kg/content/Kyrgyzstan_K...ov/2165654.html
Brutus
21 жылда кыргыз тили өнүктүбү?

Назгүл Коңурбаева
Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы



Кыргыз тили мамлекеттик тил макамына алганына 21 жылдын жүзү болду. Бирок, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам жөндүү иштебей, тил жаатындагы мамлекеттик саясат чабал болуп эне тил өнүкпөй жатканыны айтып тилчилер коңуроо кагып келет.
Айрыкча, мамлекет жетекчилеринен тартып, катарадагы чиновниктерге чейин орус тилинде сүйлөп, айрымдары такыр эне тилин билбей жатканы кыргыз коомчулугунун нааразычылыгын жаратып келет. Мурдагы советтик өлкөлөрдүн арасында азыр бир гана Кыргызстанда орус тили расмий деп колдонулат.

Андыктан, орус тилинин расмий макамын алып салуу талабы такай коюлуп келет. Бирок, кыргыз бийликтери жаңы баш мыйзамда дагы орус тилинин артыкчылыгын сактап калышты. Ал турсун, айрым саясатчылар баш мыйзамдын долбоорун өзбек тилинде чыгаруу керектигин билдирген эле.

Ал ортодо, түштүк аймактарда өзбек азычылыгы өз тилин өркүндөттүп, бара-бара өзбек тилине расмий статус сурганга чейин барышты. Мындай талапты, июнь коогалаңына айыптуу деп шектелген айрым өзбек тектүүлөр көтөрүп чыкканы белгилүү. Ош жанан Жалал-Абад аймактарында өзбек тилдүү мектеп, университет, массалык маалымат каражаттары бар.

Өлкөдөгү соңку иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандыктардын 70 пайыздан ашууну кыргыз тилинде сүйлөшөт. Соңку мезгилде кыргыз тилдүүлөрдүн саны өсүп жатканы айтылат. Бирок, саны өскөнү менен сапаты солгундап, кыргыз тили ар кошкон тилдердин таасири алдында өзүн түп нускасын жоготуп, эне тилдин бузулганын тилчилер айтууда.

Айрыкча, Бишкек, Чүй, Кол тараптарда орус тили үстөмдүк кылып, кадардагы атуулдардан тарта, мамлекет башында турган жетекчилер дагы орусча кыргызча чалып сүйлөгөнү байкалат.

Ал эми Ош жана Жалал-Абаддын чек аралаш аймактары, өзбек, тажик тектүү улуттар басымдуу кылган жерлеринде кыргыз тили өзбек, тажик тилдери менен чалышып кеткен.

Таластын Казакстанга чектеш аймактарынан казакча аралашкан диалектини байкоого болот.
unid
Эне тилим-эне сүтүм!
Brutus
Эгемен элдин кедери кеткен эне тили

23.09.2010
Алишер Токсонбаев
23-сентябрда кыргыз тилине мамлекеттик макам ыйгарылганынын 21 жылдыгы Улуттук филармонияда белгиленди. Анда ушунча жыл ичинде кыргыз тили өнүкпөй, кайра кедери кеткени, буга жалпы коомчулук айыптуу экени айтылды.
Ушул эле күнү укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров пикет уюштуруп, аталышы орусча, бирок кыргыз тилдүү айрым массалык маалымат каражаттарынын ысымын өзгөртүүнү бийликтен талап кылды жана парламенттик шайлоодо мамлекеттик тилди сыйлабаган партияларга каршы добуш берүүгө жарандарды үндөдү.

Мамлекеттик тилге мамиле кандай?

Жыйынга катышкан Ош технологиялык университетинин студенти Ислам Абдыкарыев жогорку окуу жайларда кыргыз тилиндеги окуу куралдарынын таңкыстыгы кендирди кесип жаткандыгын билдирди:

- Заманга жараша жаштардын бардыгы кыргыз тилинде кем сүйлөп, көбүнчө орус, англис, кээ бирде немис, кытай тилдеринде сырдашканга өтүштү. Кыргыз тили жок болуп бараткан тилдердин сабына кошулду десем жаңылышпаймын. Себеби, биз колдонгон адабияттардын бардыгы орусча же англисче. Анан бизде көбүнчө эски китептер пайдаланылат. Жаңылары жокко эсе. Кийинки жылдары кыргызча окуу куралдары таптакыр басылбай калды.

Бишкек шаарынын тургуну Манат Тынаева болсо бала бакчаларда жана мектептерде деле мамлекеттик тилдин акыбалы ич жылытпай тургандыгын ачыктады:

- Бала бакчалар бүт орусча тарбиялашат. Мектептердин деле андан айырмасы жок. Душман көзүнө бирден гана кыргыз класс ачып коюшкан. Менин билишимче, түштүк жергесинде жана айрым башка улуттар көп жашаган аймактарда кыргыз тили таптакыр унутулду.

Кепти улаган белгилүү илимпоз Асылбек Айтманбетов бүгүнкүдөй иш чаралар натыйжа бербестигин, андан көрө өлкөдө жашаган улуттардын арасында мамлекеттик тилге муктаждык жаратуу зарылдыгын белгиледи:

- Башка улуттарды мажбурлап эмес аларга муктаждык жаратып гана мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүүбүз абзел. Мындайда уялбастан кошуна өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнгөнүбүз оң. Мисалы, Казакстанда президент Назарбаевдин бир жыйында сүйлөгөнүн ушунчалык ынтаамды коюп уктум. Ал колундагы аткаминерлеге кайрылып, “Казак тилин билбей турсаң, башка жасаган ишиң бир тыйынга арзыбайт го, эй!?” деп ачык жемеледи. Жеке көз карашымда, биздеги ушул өңдөнгөн көйгөйдөн арылуунун бир гана жолу бар. Адамдарды жогорку кызматтарга кыргыз тилин билгенине, адабий тилде сүйлөй жана жаза алганына карап дайындаган эрежелерди кийирүү зарыл. Экинчиси, Баш мыйзамдагы расмий орус тилин таптакыр жоюш керек.

“Мамлекеттик кызматтагы ар бир адам кыргыз тилин билүүгө милдеттүү”

Кыргыз тилине мамлекеттик макам ыйгарылгандыгынын 21 жылдыгына арналган жыйында сүйлөгөн президенттик администрациянын жетекчиси Эмилбек Каптагаев мамлекеттик кызматта иштегендерге кыргыз тилин толук кандуу билүүнү жана иш-кагаздарын дагы бул тилде жүргүзүүнү милдеттендирген эреже кабыл алынаарын жарыялады:

- Бүгүнкү күндө аткаминерлерди окутуштун кажети жок. Мамлекеттик кызматтагы ар бир киши кыргыз тилин милдеттүү түрдө билүүгө тийиш. Экинчиден, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү бул деле талаш маселе эмес. Документтер мындан ары жалаң кыргызча даярдалышы абзел. Зарылчылык туулуп баратса, орусчасын чиркештирип коюшат да.

Эмилбек Каптагаев ошондой эле кабылданган жаңы норманын аткарылышы президенттин жеке көзөмөлүндө болоорун кошумчалады.

Анын кебин улаган маданият жана маалымат министри Садык Шернияздын пикиринче, илгерки Орхон-Енисей жана Рун жазууларын кылчактабастан байыркы кыргыз жазуусу деп жарыялоо маселеси бышып жетилди:

- Ооба, биз муну кыргыз жазуусу деп жарыяласак, анда сөзсүз көп тоскоолдуктарга кабылышыбыз ыктымал. Илим жана билим берүү жагынан, албетте, бут тосуулар күтүлөт. Бирок өзүбүздүн ата-бабаларыбыз ошол тамгаларды урунуп, тарыхый сөздөрдү жазып атышса, ошол жазуулар кыргыздар байырлаган Енисейден, Таластан жана Ысык-Көлдөн табылып жатса, биз алигүнчө ошол жазууларды Орхон-Енисей жана Рун жазуулары деп атап жүрөбүз. Жок, мындан ары антүүгө болбойт. Тарыхый чындыкты айтууга убакыт жетти го деп ойлоймун.

Сабатсыздыкка каршы пикет

Ушул эле күнү укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров президентке караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын кеңсесинин жана Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдында пикет уюштуруп, аталышы орусча, бирок кыргыз тилдүү айрым массалык маалымат каражаттарынын ысымын өзгөртүүнү бийликтен талап кылды. Ага удаа алдыдагы парламенттик шайлоодо мамлекеттик тилди сыйлабаган партияларга каршы добуш берүүгө жарандарды үндөдү:

- Бири-биринен кыйынсынып парламантке барчумун деген 29 партиянын көрнөк-жарнактарын окуп олтурсаң, бүт эле сабатсыз. Анан ошондой кишилер Жогорку Кеңешке барып мамлекеттик деңгээлде иш алып барам дешкенине мына мен уялып олтурам. Алар шайланган күндө деле мамлекеттик тилге жарытып камкордук көрүшпөйт.

Президентке караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Азимжан Ибраимовдун жообуна караганда, Өндүрүш Токтонасыровдун талабы жалпы жонунан туура. Бирок кыргыз тилинин кадырын мамлекеттик деңгээлде көтөрүү үчүн өлкө өзү да ар тараптан кудуреттуу болушу кажет.

- Бүгүнкүдөй көчөгө чыгып, чакырыктарды көтөрүп, ызы-чуу кылгандар, балким, алар дагы мекенчилдир. Бирок мекенчилдик муну менен чектелбейт. Эч качан унчукпастан же мактанбастан өзүнүн ишин так жана тың аткарган, жогорку деңгээлде бүтүргөн кишилерди мен мекенчил деп эсептеймин.

Кыргыз тилине 1989-жылдын 23-сентябрында мамлекеттик тил макамы ыйгарылган.

Макалага шилтеме: http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_...ay/2166534.html
Brutus
Жеки Чан качан кыргызча сүйлөйт?

23.09.2010
Мээрим Асанаалы
Коңшулаш Казакстан менен Өзбекстан жылына жүздөгөн Голливуд тасмаларын өз тилдерине которуп, көрөрмандарга сунуш кылып келет. Ал эми биздин Кыргызстанда чет элдик тасмаларды которуу чоң көйгөй.

Голливуд тасмаларын кыргызстандык көрөрмандар кызыгуу менен көрүшөт. Тасмадагы айрым сүйлөмдөр күнүмдүк жашоодо колдонулуп, акыры алар жергиликтүү тил менен жуурулушуп кетет. Ушундан улам мындай көрүнүш кыргыз тилине залакасын канчалык деңгээлде тийгизет? Мамлекеттик тил идеологиясы кайсы багытта болуп жатат? Эмне үчүн көптөгөн чет өлкөлүк тасмалар кыргызчага которулбайт?

Тасманы кыргыз тилине которгон кыргызстандык адистер бул ишке жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканын, каражат жетишсиздигин айтышат. Журналист Жаныбек Жанызак чет элдик тасмаларды которууга акча бөлүнбөшү керектигин айтат:

- Мен баарына какшап жүрөм, тасмаларды которууга мамлекет тарабынан акча бөлүнбөш керек. Себеби баары бир жакшы которулбайт, бүт кинолорду адабий тилге салышат. Ким көрсүн? Кызыксыз да. Же өнүгүү байкалбайт, жөн эле акча жеп отурушат. Азыр кимде компьютер болсо эле студия болуп жатпайбы. Эгер бизде каалагандар которуп, менеджер табып, өз товарын жарыяласа анда бул тармак кыйла жылмак. Анын артынан атаандаштык жаралып, кардарларда тандоо пайда мүмкүнчүлүгү болмок.

Бир топ жылдан бери тасма, мультфильмдерди кыргызча которуу менен алек болгон, ”Дөөлөт” котормо студиясынын жетекчиси Орозбек Мусакеев каражат маселесине мындайча токтолду:

- Биз мамлекеттин камсыздоосундабыз. Бизге каражат бөлүнүшү керек. Азыр котормо студиясынын курамында үч эле адам иштейт. Мисалы, ”Чыңгызхан” тасмасына которгонго уруксат алган соң аны которууга өзүнчө чакан топ киришти. Бул кинонун отуз бөлүмүн которуу үчүн жыйырма миң сом каражат бөлүндү. Бул кыйраткан деле акча эмес да. Ар бир кишиге 700-800 сомдон тийди. Бул студияда адамдар өз каалоосу менен гана иштеп жатышат. Ушунча тасманы которуу чоң мээнет.

Жоопкерчилик жүгү

Деген менен базарларда сатылып жаткан дисктерди үйүндө эле отуруп алып кыргыз тилине которуп, окуп койгондор да бар. Мисалы, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Жыргалбек Ажиматов Голливуд тасмаларын өз күчү менен эле которуп, элге таратат.

- Мен кинолордун түп нускасын алдыртып которомун. Студенттик кезде биз жалаң эле орус жана өзбек тилинде көрчүбүз. "Эмнеге кыргызча тасмалар жок" деп капа болуп, анан ушундай идея жаралган. Азыр отузга жакын тасма жана мультфильмди котордум. Колумдан келишинче жалпак тилге салып, өзүмдүн үнүм менен эле окуп коем. Эл абдан жакшы кабыл алат. Бул акча табуунун жолу боло албайт, себеби бир тасманы үч күн которуп, сатсаң, ал бат эле башка дисктерге көчүрүлүп, таркалып кетет. Пайда көрүү мүмкүнчүлүгү такыр жок, хоббим деп айтсам болот.

Жыргалбектин дисктерин Бишкекте да тапса болот, болгон баасы 40-50 сом. Ким аны көчүрүп көбөйтүп, акча таап жатканы белгисиз. Бул көмүскөдөгү каракчалык бизнести эч ким көзөмөлдөбөйт.

Уруксат болуш керек

Мамлекеттик тил комиссиясынын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдокановго ”азыр ар ким каалагандай эле которуп жатса, кантип көзөмөлдөйсүңөр?” деген суроо узаттык.

- Эми азыр базарга жол ачылбадыбы. Азыр ар бир гезиттин, кинонун көркөм топтун редакторлору бар. Алар көзөмөлдөшөт. Ал эми кинолорду көзөмөлдөө кыйын, алардын авторлорун табыш керек да.

Автордук укук маселесинин олуттуулугун каракчылыктын өсүшү менен бааласа болот. Бирок, мисалы, ”Аватар” тасмасын которуу үчүн анын режиссеру Жеймс Камэрондон уруксат алыш керекпи? Кыргызпатенттин инспектордук бөлүмдүн башчысы Аскар Нажимудинов буларды айтат:

- Чоң студия которобу же болбосо жеке тараппы, сөзсүз автордон же укуктуу ээсинен уруксат алыш керек. Мисалы, Казакстанда Голливуддун өкүлчүлүгү бар, алар менен интернет аркылуу байланышып уруксат алса болот. Алар деле миллиондогон доллар сурабайт.

"Азаттыктын" архивинен: Голливуд тасмалары кыргыз тилинде сүйлөйт

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы "Кыргыз керемети: Кечээ, бүгүн, эртең" деген темада болду. Анда кыргыз киносунун азыркы абалы кеңири талкууга алынды. ZMa, JA, MiT.

Макалага жана видеосуна шилтеме: http://www.azattyk.kg/content/Kyrgyzstan_M...ge/2166268.html
Brutus
Н. Балтабаев: Кыргызча сөздөрдүн 3-4 пайызы фарсы тилинен кирген


Элеонора Бейшенбек кызы
Өткөн жылдын этегинде көлөмдүү, отуз үч миң сөздүү кыргыз-фарсы сөздүгү жарык көргөн. Аталган сөздүктүн автору, чыгыш таануучу Нурланбек Балтаев ”Азаттыкка” маек куруп бул эмгегин жаратууга он үч жыл сарпталганын айтып берди.
Нурланбек Балтабаев: - Негизи ар бир китеп же илимий иш кандайдыр бир максатты көздөп жазылат эмеспи. Окуп жүргөндө кээ бир студенттер орус тилинен кыйналышчу. Эмне дегенде баардык окуу китептери орус тилинде жазылган. Колдонмо куралдарды баардыгы тең орус тилинде же англис тилинде же башка тилде болчу.

Бизде чыгыш таануу илими 91-92-жылдары башталды деп айтсам болот. Албетте андан мурда окумуштууларыбыз Орусия, Украина же дагы башка мамлекеттерден билим алып келип атышкан. Бирок баардыгы орус тилинде болчу. Окуп жаткан студенттердин көпчүлүгү айыл жергесинен келгендиктен, мен өзүм да айыл жергесинен болгондуктан ар кандай кыйынчылыкка дуушар болосуң. Мисалы кээ бир терминологияны түшүнбөйсүң, же болбосо грамматика бүт орус тилинде. Ар бир тилдин өзүнүн өзгөчөлүгү бар да. Ошого жараша аны өзүңдүн тилиңе которуп бүткүчө кээде түшүнө албай каласың, кээде артта каласың. Көп балдар-кыздар ушундай кыйынчылыктарга туш болушту.

Ошол убакта мен сөздүк жазуу боюнча максатымды түптөй элек болчумун. Экинчи курсту бүтүп айылга барганда таятам жаңыдан арап тилин үйрөнө баштаган экен. Ал мага ”арап арибин окуй аласыңбы?”, деп сурады. ”Ооба”, дедим. Менин таятам деле орус тилин жакшы билет, бирок сөздүктүн баардыгы арап тилинен орус тилине, же орус тилинен арапча же өзбекче котрулган экен. Ал убакта куран үйрөнөм деп, куранды транскрипциясынан эмес, курандын өзүн окугусу келгендер көбөйө баштаган. Ошондо таятам мага ”эгерде сен мага окшогон кыйналып жаткан инсандарга жардам берем десең, анда бүгүндөн баштап бир сөздөн болсо да которууга аракет жаса. Бир канча күндөн кийин бул жыйнак болуп чыгып калат”, деген эле. Бул 97-жыл болчу. Эмнеге болбосун, жазып койсом болот деп күндө ошентип жыйнап-жыйнап келип окууну бүтөөрдө сөздөр беш миңге жакын топтолуп калды.

"Азаттык" - Сиз бул сөздүктү түзүүгө он үч жыл жумшадым деп айттыңыз. Иштеп жатканда кандайдыр бир кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болдубу?

Нурланбек Балтабаев: - Негизи которууда курал-жарактын болбогону кичине кыйынчылык туудурду. Өзүңүз билесиз, китептер мисалы орус тилинде. Биздин орус-кыргыз сөздүгүбүз 67-69-жылдары жазылган. Бүгүнкү күндө биздин сөз түзүмүбүздү карап көрсөк, абдан өзгөрдү. Көп жаңы сөздөр кирген. Мен ар күнү бирден жаңы сөз кирет деп айтсам жаңылышпайм. Бир сөз жок болот, бир сөз пайда болот. Тирүү организм сымал тил деле өзгөрөт.

Андан сырткары тажрыйбанын жоктугу да кичине кыйынчылык жаратты. Кимдир бирөөлөргө барсам, ал орус, кыргыз тилин жакшы билет, бирок фарсы тилин, ал сөздүн кандай маани берерин билбейт. Ал убакта фарсы тилин билген бир-эки эле адам бар болчу. Анан убактыттын аздыгы, тардыгы жолтоо болду.

"Азаттык" - Сөздүктү жазып жатып, өзүңүзгө кандайдыр бир ачылыштарды жасай алдыңызбы?

Нурланбек Балтабаев: - Башында айтып кеткендей, ар бир иштин максаты болот. Менин максатым – бир канча сөздү которуу, которуп эле тим болбостон анын колдонулушун, варианттарын, анын маанисин берүү эле. Мисалы бир сөзгө омонимдер, синонимдер бар. Сөздөрдү которуп маани берүү, аны сүйлөмдө колдонуу, сөз айкаштарында колдонуу маанилүү болду.


Дагы бир ачылыш - өзүмдүн эне-тилимди жакшы биле баштадым. Эне-тилди билүү – бул адамдын эң негизги вазыйпасы. Өз эне тилиңди жакшы түшүнсөң, өзүңдүн табиятыңды жакшы түшүнсөң, андан кийин башка маданиятты, башка улутту, башка цивилизацияны толук түшүнө аласың.

"Азаттык" - Кыргыз тилинде сөздөрдүн канча пайызын фарсы тилинен кирген сөздөр түзөт? Анан четтен сөздөрдүн бир тобу Улуу Жибек жолундагы соода-сатыкка байланыштуу кирген деп айтылат.

Нурланбек Балтабаев: - Бүгүнкү күндө менин оюмча, башка тилден сөз кошулбаган тил жок болуш керек. Ушундай тез өнүгүүдө, кайсы бир мамлекетте жаңылык, же ачылыш болсо ошол өлкөнүн тили менен гана кирип калып жатпайбы. Азыр фарсы тили деп атабыз, мен турараак айтсам иран тилдеринен бүгүнкү күндө отузга жакын тирүү колдонулуп жүрөт. Ошол тилдерден кыргыз тилине кирген сөздөр үч-төрт пайызды түзөт десем жаңылышпайм. Албетте мен өзүмдүн сөздүгүмдө фарсы тилинен, же иран тилдеринен кирген сөздөрдү белгилеп өткөм, белгиси бар.

Андан сырткары арап сөздөрү да иран тилдүү элдер аркылуу кирген. Анткени ислам дининин тарашы менен, ислам философиясында колдонулган терминдер да кире баштаган. Мисалы азыр эле айткан ”вазыйпа” деген сөз арап сөзү иран тилдери аркылуу кирген. Араптар өздөрү келип тараткан эмес, иран тилдүү элдер аркылуу ислам дини таркаган.

Андан сырткары биз көчмөн калк эмеспизби. Биздин мисалы кыргыз тилибиздеги боз үй жана анда колдонулган буюмдар башка тилде жок. Эми казак тилинде, же дагы башка түрк тилдүү элдерде болушу мүмкүн. Бирок ирандыктарда андай сөздөр жок. Ошондуктан биз көчмөн болбой отурукташкандыктан курулуш тармагындагы сөздөр, бул тармакта колдонулган жаңы сөздөр да кире баштаган.

Мисалы ”такта” деген сөз фарсы тилинен кирген, ”жыгач” дегенди билдирет. ”Мык” деп айтабыз, аны да фарсы тилинен алганбыз. Сиз айтып өттүңүз, Улуу Жибек Жолу аркылуу соода-сатыкка байланыштуу киргенби деп. Менин оюмча соода-сатык – бул бир гана элемент, фактор. Негизгиси – маданий байланыш түзүү.


Элдер бири-бирин маданият жактан тааныбаса, түшүнбөсө анда соода-сатык жүрбөйт. Мисалы биздин эң айтылуу ”Манас” эпосубуз бар, ал биздин байлыгыбыз, биздин кенчибиз. Биздин бүт философия, маданиятыбыз эпосто чагылдырылган. Мен Сагынбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин варианттарын окуп чыгып кайсынысында фарсы, иран сөздөрү көп деп иликтедим. Ошол жерде деле Каныкей энебиз иран тилдүү элдерден экенин ал жакта колдонулган сөздөрдөн билсе болот.

Мисалы бизде ”датка” деген сөз бар. Биз Курманжан датка деп айтабыз. Ал эмне деген сөз. Азыркы сөз менен айтсак ”жактоочу” дегенди түшүндүрөт. Бирөөнүн талабын жактайт. Мисалы бирөө бирөөдөн сокку жеген болсо ал келип даткага айтат. Мындайча айтканда хан менен элдин ортосундагы ортомчу. Элдин кыйынчылыгын, маселелелерин, болгон түйшүгүн ханга жеткирип туруучу, элге кызмат кылган инсан болгон.

"Азаттык" - Азыр технологиялар өнүккөн заманда кээ бир терминдерди кыргызчалаштыруу маселеси көтөрүлүп келет. Айрым терминдерди которууга кыргыз тилинин өзүнүн күчү жете бербейт деп айткандар да бар. Анан ошол эле кезде түрк тилдүү элдер которгон айрым сөздөр кырыз тилинде да колдонулуп жүрөт. Мисалы ”учак” деген сөздү алалы. Анын айтсаңыз, кайсы бир терминдерди которгондо балким фарсы тилинин жардымын колдонууга болоттур? Балким ал сөз которулса, элге сиңип кетсе эмнеге болбосун?

Нурланбек Балтабаев: - Сурооңузга жооп берерден мурун, бир нерсени айтып өтүшүм керек. Иран мамлекети өзүнүн жети миң жылдык цивилизациясы бар. Өзүнүн абдан бай маданияты бар. Бул эмне үчүн? Бул – эл өзүнүн тилин, жерин сүйгөндүктөн.

Бир окумуштуу кыргыз тилинде түпкү тамырлуу он миң гана сөз бар деп айтып калды. Менин оюмча, бул –абдан чоң жаңылыштык. Иранда мисалы тил боюнча институт эмес, академия бар. Тил жана адабият академиясы деп аталат. Ал жерде жана айтып кеткендей күнүнө пайда болгон, же жоголгон сөздөрдү, андан сырткары илимий-технологиялык кыймыл-аракеттерге жараша кирген жаңы сөздөрдү иликтеп, сөз пайда кылып, элге кеңири жайылтуу менен алектенишет.

Бизде да сөз пайда кылса болот. Сөздөрдү айкалыштырып, же кандайдыр бир мүчөлөрдү кошуу аркылуу жасаса болот. Ал жөн гана техникалык проблема. Чоң проблема – бул аны элге жайылтуу. Мисалы үналгы, сыналгы деп айтабыз. Эгемендүү мамлекет экенибизди сезе баштаган жылдары сөз пайда кылуу аны жайылтуу аракеттери башталды эле. Менин оюмча кабыл алуу процесси деле жаман болгон эмес. Кээде мисалы ”телевизор” деп айтсак толук маанини түшүнөбүз. Мисалы ”технология ” деген сөздү орус тилинен эмес, англис тилинен ала турган болсок, анын баардык маанилери менен кошо алышыбыз керек. Технология саясатта, экономикада колдонулат, башка өнөр жай, социалдык тармакта колдонулчу сөз. Эгерде технологияны бир сөз менен которуп, бир эле маанисин алып калсак, албетте бул сөздүн мааниси кемийт.

Мисалы кыргыз тилиндеги бир эле сөздү, айталы ”нанды” алып көрөлү. Кыргыз тилинде нан деген сөз төрт-беш маани берет. Нан деген – үй-бүлө, нан деген айлык, нан деген ошо өзүңдүн жасап жаткан ишиң. Эгер нанды бир сөз менен которуп койсоң ал ошол эле мааниде колдонулуп калат. Анда ал сөздүн мааниси кемийт. Бирок бизде жаңы сөз пайда кылууга шарт бар. Эмне үчүн башка тилдер пайда кыла алат, а биз пайда кыла албайбыз.

Юдахинге чейин эч ким кыргыз сөздүгүн чыгарбаптыр. Эми Карасаевдин түшүндүрмө сөздүгү жана башка адистешкен кыскача сөздүктөр бар. Бирок тилди башка тилге которуу деген бул өзүбүздүн сөз түзүмүбүздү калыпка салуу, андан кийин жаңы сөз менен толуктоо болуп саналат. Азыр Кусеин Карсаевдин жаңы сөздүгү, кайрадан чыкты дейт. Анда алтымыш миңден ашык сөз бар дейт. Буюрса мен да ошол сөздөрду кошуу менен сөздүгүмдү кеңейтем деп ойлойм.

Башка тилдерди эле үйрөнө бербестен, кыргыз-тилин да жайылтууга аракет жасаш керек. Ошондой байланыш аркылуу башка сөздү кабыл алууда да жаңы сөз пайда кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

"Азаттык" - Азыр Кыргызстанда ”халал” деп колдонула баштады. Ал эми кыргызча ал ”адал” деген эле сөз да? Муну да жаңы сөздөрдү кабыл алуу деп атаса болобу?

Нурланбек Балтабаев: - Кыргыз тилинде ”х” тамгасынан башталган сөз жок. ”х,в,г” тамгаларынан башталган сөздөр жок. Бул башка тилден кабыл алынган сөздөр. Фарсы же арап тилинде үч түрлүү ”х” бар. Үчөөнүн тең айырмасы чоң. Ар бир тамга маани берет. Бизде ”халал” сөзүнүн ”адалга” айланышы бул тарыхый процесс. Бизде мисалы сингармониялык мыйзамбыз бар да. Бул да таасир берген. Сөздүн мүчөсүндө кандай үндүү тамга болсо, ошондой болуп бүтө берет. Мисалы фарс тилинде сингармонизм жок. ”А” менен башталса ”о, е” менен деле бүтө берет. Арап тилинде өзүнүн мыйзамдары бар. Бирок биз сөздөрдү кабыл алганда баарыбир өзгөрөт. Ошондуктан ”халал” менен ”адалдын” айтылышы боюнча айырма болгону менен мааниси жактан эч айырма жок.

"Азаттык" - Сиз өзүңүздүн билимиңиз тууралуу айтып бересизби. Чыгыш таануу илимин кайдан кантип окудуңуз?

Нурланбек Балтабаев: - Мен Бишкек Гуманитардык университетин бүтүргөнмүн. Чыгыш таануу эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүсүмүн. Андан сырткары буюрса экономика факультетин да бүтүрүп жатам. Негизинен көбүнчө фарс тилине, маданиятына көңүл бургандыктан көбүнчө Иранда билимди жогорулатуулардан өтүп келгем.

"Азаттык": - Маегиңизге чоң рахмат.
Brutus
Бишкекте балдар үчүн «Тумар» комикси тартууланат


Бишкек, 1-ноябрь. (КАБАР). Бишкекте 8-ноябрда балдар үчүн «Тумар» комиксинин бетачары өтөт. Бул туурасында бүгүн «КАБАР» агенттигине Швейцариянын Кыргызстандагы кызматташуу бюросунун коомчулук менен байланыш түзүү адиси Турсунай Чодурова билдирет.
Комикстин негизги идеясы – рухий жана турмуш баалуулуктарын көрсөтүү, ошондой эле ар бир баладагы рухий маданияттын күч алышын колдоо жана өнүктүрүү. «Тумар» кыргыз элинин салт-санаасын, республиканын географиялык маалыматтарын өзүнө камтып, окуялуу жанрда түзүлгөн. Анын сюжеттик негизи өлкө аймагында ар кыл мезгилде жашаган уруулардын жомок, уламыштарынын негизинде жазылган.
Комикс 36 барактан турат, 2 миң нускада басмадан чыгарылып, кыргыз, орус тилинде басылып чыгат да, Кыргызстандын бардык аймагына таркатылат.

Аталган долбоор Швейцария бюросунун көркөм өнөр жана маданиятты колдоо боюнча программасынын каржылык колдоосунда ”Эл аралык укук мектеби” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган. (А.Бенгард) (которгон А.Мураталиева)

Менден: кече күнү бир нускасын көрдүм. Жакшы кылып койушуптур. smile.gif
Dead_Moroz
Цитата
Мисал келтирейин, Америка университетинде бир эле мезгилде кыргыз тилин жана немис тилин үйрөнүп башташкан экен. Ошол окуп аткандардын көпчүлүгү дээрлик чет өлкөлүктөр. Ошолор айтып атышат, биз эки тилди бирдей баштадык, бирок кыргыз тили боюнча алда канча алдыга кеттик, немис тили артта калып калды дейт. Демек бул кыргыз тилин үйрөтүүнүн методикасы, усулдары ийине жетилип, жакшы деңгээлде иштетилгени бар экендинин белгилеп турат

Ушинтип жыйынтык чыгарган болмок беле!
Кыргызстанда жүрүп кыргыз тилин үйрөнсө оңой. Америкага барып, немис менен кыргыз тилин үйрөнүүнү бир баштап көр, эмне болот экен...
Капырай!
qecub
Цитата
бул кыргыз тилин үйрөтүүнүн методикасы, усулдары ийине жетилип, жакшы деңгээлде иштетилгени бар экендинин белгилеп турат

Метөдикеси (мэтодыкасы) көрүнбөйтко же кандайдыр бир курстарда кошумчаланган наркка сунушталынабы?
Андан көрө мектеп, ЖОЖдорго киргизишпейби, болбосо орустарды айтайле, кыргыздын өзүнө деле анысы бекеринен(? - "даром") да кереги жокко ("между гана прочим" crazy.gif).
Азырынча киргизилбей жатса, же киргизилип майнабы(? - натыйжа) чыкпаса, - же окутуу ыкмасын жоктугун, же айылда чалдар айткандай "бокко жарабаган" метөдике болгонун тастыктайт(? - айныктайт, билдирет).

Бүгүнкү күнгө чейин мектепте бирдемени үйрөнүп бир эки сөздү билген (кыргыз улутундагы эмес) кыргызстандыкты көрө элекмин, метөдикеси (мэтодыкасы) тескеринче "аллергияны" жаратууда.

Эх, кимге айтып атам?...
smile.gif
ernuser
Цитата(NaSToyaShiy @ 13.9.2010, 12:17) *
Qaisar
Цитата
Турусбек Малдыбай, владеющий 32 (!) языками

бир гана менби, же копчулук да билбейт беле?...

Эки адам болдук. Бирок 32 тилдин жарымы эле Кыргызчага окшош тилдер болсо керек, Казакча, Озбекче, Татарча, Туркмон, Азер, Турк, Алтай, Ногой, Хакасча деген сыяктуу. Жарымы болсо Латын тилдери болсо керек...
Dead_Moroz
Цитата(ernuser @ 17.11.2010, 4:15) *
Цитата(NaSToyaShiy @ 13.9.2010, 12:17) *
Qaisar
Цитата
Турусбек Малдыбай, владеющий 32 (!) языками

бир гана менби, же копчулук да билбейт беле?...

Эки адам болдук. Бирок 32 тилдин жарымы эле Кыргызчага окшош тилдер болсо керек, Казакча, Озбекче, Татарча, Туркмон, Азер, Турк, Алтай, Ногой, Хакасча деген сыяктуу. Жарымы болсо Латын тилдери болсо керек...

Ошондой болсо да эр да!
Жүрбөйбү арабызда, бир да тил билбеген жүдөмүштөр; кыргыз тилин да, орус тилин да тантырап жөн сүйлөй албагандар!
Brutus
Орус жана жапон улутундагылар кыргыз тилинде азаттык сыналгысына маек курушту. Видеону бул жерден көрсөңөр болот:

http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_...ge/2249044.html

Ушуну namba.kg жана blive.kg чыгарсак жакшы болмок.

Brutus
Кыргыз тили м-н тектеш боордош казактардын тилин өнүктүрүү пландары жөнүндө бул жерге чыгарайын. Аларды көрүп балким биз дагы кыймылдай баштайбыз. Бирок бизде жаштарыбыз орус чалыш болуп турганда, өкмөтүбүз болсо тил эмес элди ойлобой жатканда, кыргыз тили дагы орусчул аңкоолордун тепсендисинде көпкө калат болуш керек.

Заговорит ли Казахстан по-казахски к 2020 году?

К 2020 году 95% жителей Казахстана должны овладеть казахским языком. Такую цель поставило перед собой правительство страны, разработавшее программу развития языков на ближайшие десять лет.

Однако недавняя перепись населения Казахстана показала, что лишь около 64% казахстанцев знают государственный язык, и ещё 11% заявили, что понимают разговорный казахский на слух. При этом русским языком владеют до 95% жителей страны.

О том, возможно ли за девять лет заставить весь Казахстан заговорить по-казахски и не приведёт ли это к массовой эмиграции русскоязычного населения, корреспонденту Би-би-си Наталье Суворовой рассказала первый заместитель (ответственный секретарь) министра культуры Республики Казахстан Жанна Курмангалиева.

Жанна Курмангалиева: Наша цель вполне реальна, поскольку она ставилась не только с учетом результатов переписи, но и многих других факторов. Объективно, казахстанцев, абсолютно не знающих казахского языка, сегодня нет. Для некоторых казахский язык чужой, но поверьте мне, далеко не чуждый.

Би-би-си: Казахскому языку в обязательном порядке обучают школьников. Почему спустя 20 лет после распада СССР не так много людей говорит по-казахски?

Ж.К.: Для страны, где в течение 70 лет знание казахского языка, скажем так, не было приоритетным, такие достижения за 19 лет нельзя считать неуспехом. Практически трое из четверых казахстанцев в той или иной форме владеют этим языком. Другой вопрос, что есть проблемы с качеством обучения, которое необходимо повышать. Для этого у нас уже есть сеть центров обучения государственному языку – это бесплатные центры, куда каждый может записаться на курсы казахского. Кроме того, мы будем обучать государственному языку на рабочих местах.

Би-би-си: В проекте указано, что в Казахстане существует ряд негативных мифов и стереотипов, связанных с казахским языком. Что это за мифы?

Ж.К.: Во-первых, есть мнение о сверхсложности казахского языка, что совсем не так. Казахский не сложнее и не легче, чем другие семь с лишним тысяч языков, насчитывающиеся в мире. Овладеть им вполне возможно, более того, мы используем кириллицу, а это очень сближает этот язык с русским.

Во-вторых, есть миф о том, что казахский язык недостаточно развит и что в нём отсутствует адекватная времени лексика. Но, как и любой язык, казахский постоянно развивается. Сейчас мы очень заинтересованы в развитии казахоязычного контента в Интернете – только так можно превратить казахский в язык современных технологий.

И наконец, третий стереотип связан с престижем казахского языка в обществе. Это атавизм советского времени, когда считалось, что казахский язык архаичен, что на нём говорят только жители аулов, что он, в отличие от русского, не является языком науки, литературы и политики. Однако большинство политической и творческой элиты сегодняшнего Казахстана – это выходцы из села и выпускники казахских школ, что, правда, не мешало им с блеском учиться в лучших вузах России и мира.

Би-би-си: Не пойдёт ли активное изучение казахского языка в ущерб знанию русского?

Ж.К.: Вот ещё один распространенный миф: якобы развитие одного языка непременно повредит другому. В Казахстане сложилась гармоничная и толерантная языковая среда, и развитие казахского языка не будет происходить за счет ущемления русского и других языков. Раз уж мы вышли на эту тему, я хотела привести статистические данные насчет русского языка в Казахстане. Сейчас русским владеет 94% населения страны, и 47,3% школьников и 52,8% студентов в казахстанских вузах обучаются на русском языке. Кроме того, в казахстанском информационном поле представлены почти все российские СМИ, на русском издаются и выходят в эфир 69% казахстанских масс-медиа. Хочу подчеркнуть, что одна из наших целей – сохранить степень владения русским языком на уровне 90%, и английским на уровне 20%. От себя могу сказать, что ни один казах не пострадал от знания русского языка.

Би-би-си: Если с обучением школьников все более-менее ясно, то как быть со взрослыми?

Ж.К.: Мы ставим широкую задачу: казахский как государственный язык, объединяющий всех казахстанцев, должен стать духовной потребностью каждого гражданина. Это вопрос престижа. Зарубежный опыт, который мы изучали, можно поделить на два лагеря: или формирование жизненной необходимости выучить язык, или создание духовной потребности. И нам ближе второй путь.

Би-би-си: То есть вы опираетесь скорее на убеждение, нежели на принуждение?

Ж.К.: Да. И мы считаем это правильным.

Би-би-си: Некоторые представители национальных меньшинств Казахстана утверждают, что программа может привести к тому, что часть русскоязычного населения начнет покидать страну...

Ж.К.: Для этого нет объективных оснований. У нас нет ни единого закона или программы, которые ущемляли бы права отдельных этнических групп. Тем более что Россия и Казахстан – стратегические партнеры, союзники, и в отношениях между нашими странами не существует неразрешимых проблем.

Би-би-си: В Казахстане давно обсуждается идея перевода казахского языка на латиницу. Действительно ли это неизбежно?

Ж.К.: Мы только изучаем этот вопрос, но могу вас заверить, что в ближайшее время вопрос о переходе на латиницу не стоит. Сегодня казахи пишут на трёх шрифтах: жители Казахстана пользуются кириллицей, казахи в Турции и Европе – латиницей, а казахи из арабских стран используют арабскую вязь. Поскольку переход на латиницу давно муссируется в обществе, государство не может на него не реагировать. Но на сегодняшний день у нас есть масса других, более приоритетных задач.

http://www.bbc.co.uk/russian/life/2010/12/...programme.shtml
Для просмотра полной версии этой страницы, пожалуйста, пройдите по ссылке.
Форум IP.Board © 2001-2014 IPS, Inc.