Перейти к содержимому



Фотография

Жеңишбек Назаралиев, профессор, медицина илимдеринин доктору: “Биз революциялык эмес, эволюциялык өнүгүү жолунун үлгүсүн көрсөтө алабыз”.


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
В этой теме нет ответов

#1 мониторов

мониторов

Отправлено 23 Январь 2015 - 19:23

http://www.de-facto....rsoto_alabyiz/

 

Профессор Жеңишбек Назаралиев Кыргызстан менен Россия, Кытай жана араб дүйнөсүнүн ортосундагы алакалардын келечеги тууралуу, өзүнүн президент Алмазбек Атамбаевге жеке мамилеси жана быйылкы боло турган шайлоо тууралуу ойлорун ортого салды.

 

 

--Быйыл Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланганы турат. Күздө боло турган депутаттык шайлоолор тууралуу сөз кыла турган болсок сиз кайсы партияга жан тартасыз, бул жарышта кимиси топ башына чыга келет деп ойлойсуз? Жана да өзүңүздүн шайлоого катышуу ниетиңиз барбы?

 

--Мен учурда “Сен дүйнөгө керексиң!” аттуу масштабдуу эл аралык долбоордун үстүндө иштеп жатам. Бирок өз өлкөмдүн мекенчил жараны катары саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө көз салып, алардын программалары менен таанышып, жетекчилерине баам берип турам. Бул партиялардын кайсы бирине пайдам көбүрөөк тийиши мүмкүн деген ойдомун. Шайлоого катышып жаткан партиялардын арасынан көпчүлүк добушка ээ болуп Жогорку Кеңештеги орундардын көбүн ала турган партиялардын бири деп албетте КСДП партиясын атаса болот. Башка партиялардын арасынан саясий күчтүн чордону боло турган партия бар деп айтууга али эрте: алар өз айланасына саясий күчтөрдү топтоп, шайлоочулардын добуштарын кармап калуу жана көбөйтүү үчүн айыгышкан күрөш жүргүзүүлөрү керек болот. Алар бири-бири менен биригип, бир жол башчыны тандап, бийлик өкүлдөрү менен нечендеген расмий жана расмий эмес сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, парламенттеги орундардын саны үчүн саясий соода жүргүзүүлөрү мүмкүн. Маселен, Алмазбек Атамбаев белгилүү бир себептерге байланыштуу “керектүү” партиянын өкүлдөрү менен бир келишимге келип “хан-токочту” мындайча бөлдү дейли, 54-60% КСДПна калганы 2-3 күчтүү партияга, бирок шайлоо учурунда бардыгы башкача болуп калышы мүмкүн. Кээ бир партиялар өздөрүнө бөлүнгөн парламенттеги орундарга ыраазы болбой “котур таштарын” койнуна катышы толук ыктымал. Андыктан алар албетте, атаандаштарын артта калтырып Жогорку Кеңештеги алдыңкы партияларды бири болуу максатында ар кандай айла амалдарды колдонууга аракет жасашат. Буга кошумча 12 миңден ашык өкмөттүк эмес уюмдардан турган үчүнчү күчтөрдү да эстен чыгарбоо керек. Алар кайсы партиялар менен иштешет, кимдерди колдошот, кайсы партиялар аркылуу батышчыл саясатчыларды парламентке алып келүү аракетин жасашат? Мындан тышкары бизде так шайлоо мыйзамдарынын азырынча жоктугун жана конституцияга ылайык биздин республика парламенттик болуп эсептелээрин эске алганда Атамбаев жана анын партиясы үчүн бул шайлоо оор сыноолордун бири болгону турат.

 

--Кайсы сыноолор тууралуу айтып жатасыз?

 

--Мисалы энергетикалык кризис. Азыркы мезгилде бул курч маселелердин бирине айланды. Биздин энергетика тармагыбыздын резервдери аягына чыгып калганы анык болуп калды. Биз жылыга белди бекем бууп гана абалдан кутулуп жатабыз. Жыл сайын эле кызыл чеке болуп бири-бирибизди айыптап электр энергия менен камсыздоо маселесин курч кырдаал үстүндө чечпестен бул тармакка каражат салуубуз зарыл. Бийлик жаңы ГЭС терди куруу, электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүү, кошуна Казакстан менен пайдалуу баалар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана доллардын таасиринен чыгуу үчүн төлөмдөрдү улуттук сом менен жүргүзүү зарыл. Тарифтер калк үчүн экономикалык оорчулук келтирбеши керек. Калкка экономикалык жактан басым жасоо саясий акцияларга, ар кандай митинг, пикеттерге алып келип жатканын биз көрүп эле жатабыз. Калк электр энергиясы үчүн кымбат бааларды көтөрө албайт, бирок электр энергиясын туура жана үнөмдүү колдоно алат. Ал эми өкмөт өз кезегинде жеңилдиктерди сунуштай албайт, бирок коомдогу чыңалууну азайтуу үчүн жарандык секторго жеңилдиктерди берүүсү зарыл, көптөгөн өлкөлөр ушундай жолго барууда. Энергетика тармагынын өсүшү электр энергиясына болгон баалардын жогорулашына түзмө-түз көз каранды болбой турган жолду табуу кажет.

 

--Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүбүз тууралуу сөз кыла турган болсок, биз бул биримдиктин ичинде Россия жапа чегип жаткан экономикалык кризисти бирдей тартып калбайбызбы?

 

--Өлкөнүн ички жана тышкы саясатын ардайым анын географиялык жайгашуусу, ички ресурстары, соода жана экономикалык мамилелери аныктайт. Биздин экспорттун көпчүлүк бөлүгүн жаратылыш ресурстары түзөт. Жалпы экспорттун 50 пайызын алтын түзгөндүктөн биз аны швейцариялык алып сатарларга сатабыз. Өндүрүлгөн товарлардын көбүн жана жалпы экспорттун 10 пайызын түзгөн текстиль товарлары көбүнчө КМШ өлкөлөрүнө сатылат. Мындан башка эч бир өлкөдө биздин товарларга талап жок жана товарларыбызды сата турган чет элдик базарлар да жок. Андыктан, биздин экономика тарыхый жана географиялык абалыбызга ылайык биздин жакын коңшуларыбызга байланыштуу болот. Албетте, Россия же Казакстанда экономиканын төмөндөшүнүн бизге таасири тийет, ансыз деле тиймек. Бирок, биз коңшу өлкөлөрдө экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү менен импортко болгон баалардын өсүшүнө тушуксак акыбал мындан да жаман болмок.

 

--Сиздин оюңузча биз бул биригүүдөн кандай утушка ээ болобуз?

 

--Биринчиден, биз товарларыбызды экспорттоо үчүн турукташып калган базарларды сактап калабыз жана аларга альтернатива издеп убара болбойбуз. Экинчиден, биздин бул Биримдикке кошулуубуз энергетикалык, анын ичинде газга байланышкан маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Үчүнчүдөн, эгерде биз Евразиялык экономикалык биримдикке кошулбай калган учурда мындай кадам бажы тарифтеринин жогорулоосуна байланыштуу өндүрүшкө, азык-түлүккө болгон баалардын өсүшүнө жана Кыргызстандагы жашоо деңгээлдин төмөндөп кетишине алып келмек. Россия, Белоруссия, Казахстан жана Армениянын ортосундагы биригүү процесстеринен четте калып жөн гана көрүүчү болуудан башка бизге арга калмак эмес. Бул айтпаса да белгилүү. Бирок экономикадан тышкары биздин Россия жана Казакстан менен аймактык коопсуздук жаатында бирдей кызыкчылыгыбыз жана ага кошумча маданий, руханий жакындыгыбыз бар. Евразия аймагында биз бир тилде сүйлөшө алабыз, ал эми англисче же французча сүйлөгөн Евробиримдик өлкөлөрү менен бул көпкө чейин мүмкүн болбойт. Мындан тышкары биз акыркы миң жылдыкта бири-бирибиз менен маданий, генетикалык жактан аралашып калдык. Андыктан өнүгүүнүн Евразиялык багыты биздин табигый өнүгүү жолубуз десек болот. Биз Улуу жибек жолунда жайгашканбыз, андыктан Евразиялык биримдик биздин улуттук идеябыздын бир бөлүгү болуш керек.

 

--Коңшу Кытай менен биригүүгө бара алабызбы?

 

--Кытай менен биригүү тууралуу сөз козгой турган болсок, бул процесс кандайдыр бир жашыруун, аста-секин отурукташуу түрүндө жүрүшү ыктымал. Кытай бизге сунуштаган негизги долбоор бул -- Улуу жибек жолу. Башкача айтканда, Евробиримдик менен Кытайдын ортосундагы байыркы соода жолун жандандыруу. Кыргызстан деңизге чыга албайт эмеспи, эгерде биздин өлкө аркылуу соода коридору өтө турган болсо биздин экономикалык жана соода байланыштарыбызды жандандырууга жакшы шарт түзүлмөк.

 

--Араб өлкөлөрү менен алакаларды күчөтүү боюнча оюңуз кандай? Жакында президент Алмазбек Атамбаев бир нече араб өлкөлөрүнө иш сапар менен барып келди, бул тууралуу кандай пикириңиз бар?

 

--Араб өлкөлөрү, жалпысынан Жакынкы Чыгыш менен тил табышып жатканыбыз мени кубандырат. Дүйнөдө жашап кетүү үчүн биз ар кандай эки тараптуу пайдалуу кызматташууларга ачык болушубуз керек. Азыр биз бири- бирибизди байкап, изилдеп жатабыз. Кыргыздарда макал бар эмеспи “көч бара-бара түзөлөт”, деген араб мамлекеттери менен биздин алакалар да бара-бара күчүнө кирет. Эми ага убакыт гана талап кылынат. Бизге көбүрөөк эки тараптуу байланыштар керек. Эр-Риад, Дубай, Катар, Амман, Каир жана башка араб борбор шаарларынан көбүрөөк түз аба каттамдары керек. Учурда биз бул багытта кадам таштап калдык, араб эли биздин меймандостугубузду жана Кыргызстандын кооздугун баалайт деген ойдомун. Келечекте биз араб инвесторлоруна биздин энергетикага жана өлкөбүздүн инфраструктурасына инвестиция салууга пайдалуу шарттарды сунуштай алабыз деп ишенем. Халал азыктарын биз ансыз деле көптөн бери чыгарып келебиз, биздин дүкөндөрүбүзгө дагы бир колбасанын түрү эмес, өлкөбүздүн түштүгүнө дагы бир ГЭС же газ түтүгү керек. Мен жетектеп, президенттик вазыйпасын аткарып жаткан “Акыл-эс -баңгизаттан тышкары” Дүйнөлүк Лигасы биздин араб дүйнөсү менен кызматташуубузга колдон келген салымын кошуп жатканын белгилеп кетким келет. 2014-жылдын 26-июнунда биз “Сен дүйнөгө керексиң!” аттуу эл-аралык программаны баштадык. Бул кайрымдуулук программа болуп эсептелет жана анын алкагында баңгизатка көз каранды болгон араб жарандарын Кыргызстанда дарылайбыз. Арабдар Кыргызстанда заманбап медицинанын бар экенин жана бул жактан гана чыныгы жардам ала тургандыгын билишет. Ошондой эле, кайрымдуулук программадан тышкары да бизге Кувейт, Сауд Аравиясы, Египет, Катар, Марокко, Алжир жана башка араб өлкөлөрүнөн оорулуулар келип жатышат.

 

--Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматта жүргүзүп жаткан ишмердигине кандай баа берет элеңиз?

 

--Америкалык “Ганси” аба транзиттик ташуу Борборунун жабылышы менен Алмазбек Атамбаев аймактагы негизги шериктеш болуп эсептелген Россия жана Кытайга өзүнүн саясий эрки күчтүү экендигин жана ишенимдүү шериктеш боло ала тургандыгын далилдеди. Өткөн жылдын акырында президент Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн башчылары менен иш алып барууда кимисине -- президенттин өзүнөбү же анын Вашингтондо же Брюссельде отурган кураторлоруна телефон чалуу керектигин билбей калаарын кыйытып айтып өткөн эле. Менимче, Атамбаев телефонду үчүнчү өлкөгө же анын АКШнын элчилигинде жашырынып отурган өкүлүнө эмес, түздөн-түз Атамбаевдин өзүнө чалыш керек экендигин ачык көрсөтүп жатат. Кыргызстандын Евразиялык биримдикке кирүүсү менен биздин президентке Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаевдин ишеничи эки эсе артты десем болот. Евразиялык биримдиктеги өлкөлөрдүн башчылары ага колдоо көрсөтүшөт. Бу жерде ал дагы бир саясий эрк көрсөттү, анткени биригүүнүн айланасында көп эле талаш-тартыштар өтпөдүбү. Эми Атамбаев сак болуп, башталган тышкы саясатты акырына чыгарып, эл ичиндеги аброюн бекемдөөнү унутпай, аймактарга тез-тез чыгып карапайым адамдар менен баарлашып туруусу зарыл. Саясат деген саясат, анда достук жок, чырмалышкан ар тараптуу кызыкчылыктар гана бар. Биздин чоң коңшуларыбыз көздөгөнүнө жетишти, эгер Атамбаев баштаган жолунан тайып, көздөгөн багытын өзгөртүп, өзүнө алган милдеттерин аткаруудан баш тартса биздин шериктештер акырындап өздөрүнө башка өнөктөштөрдү издеп баштоосу мүмкүн. Бирок, мен Атамбаев өзү баштаган татаал жолдун акырына чейин ийгиликтүү жана татыктуу чыгат деп ишенгим келет.

 

--Сиз Россия, Казакстан, Кытай жана Араб өлкөлөрү тууралуу айтып өттүңүз. Ал эми америкалык менен кандай мамиле түзүшүбүз керек?

 

--АКШ бизге аймактык да, глобалдык дагы стратегиялык шерик болуп эсептелбейт. Эки тараптуу алакалардын тарыхына кайрылсак, чынында бул алакалар биздин өлкөнүн аймагында чыгыштын аскерий инфраструктурасынын түзүлүшү менен гана чектелген. Учурда АКШ Ооганстандагы согуш аракеттерин токтотуп, бир топ аймактардан жана өлкөлөрдөн базаларын чыгарып баштады. Биз өз коопсуздугубузду камсыздоодо АКШнын же НАТОнун жардамына муктаж эмеспиз. Коопсуздук маселесин чечүүдө бизде Жамааттык келишим коопсуздук Уюму (ЖККУ), (ОДКБ) жана КМШ өлкөлөрүнүн алкагындагы келишим бар. Буга кошумча АКШ менен биздин ортобузда экономикалык кызматташтык дээрлик жокко эсе. Америка Кыргызстанга түз инвестиция салбайт, ага караганда өкмөттүк эмес уюмдардын (НПО) ишмердигине көбүрөөк каражат салууда. Албетте, Дүйнөлүк банк жана Эл-аралык валюталык фонд тармагында Вашингтондун колдоосу керек. Бирок, биз үчүн АКШ менен нейтралдык мамилелерди карманып бирөөнүн кызыкчылыктарынын куралы болуп калбоо туура болот. Евробиримдик жана АКШ биз менен илим берүү, жаңы технологияларды өнүктүрүү тармактарында кызматташып экономикалык пайдалуу тармактарда бизнес-шерик катары иш жүргүзсө болот. Мен 2010- жылы президенттикке ат салышып жатканда, программамдын экономикалык бөлүгүндө уставдык капиталы 100 млрд. доллардан турган Евразиялык инвестициялык банктын түзүлүүсү керектиги айтылган. Ага Түштүк -Чыгыш Азия, Араб өлкөлөрү, Кытай, Индия, Иран, Пакистан, Ооганстан, Россия жана Казакстан кирмек. Бул долбоор “Кыргыз коридору” деп аталып топтолгон каражат биздин мамлекет аркылуу өтүп, ушул өлкөлөрдү байланыштырган шоссе жана темир жолдорду, ошондой эле энергетиканы, туризмди өнүктүрүүгө, сейрек кездешүүчү кен байлыктарды иштетүүгө жумшалмак. Ар бир өлкө бул долбоордо өзүнүн үлүшүнө ээ болуу менен экономикалык кооперациянын чегинде автоматтык түрдө өнөктөш болуп калат, натыйжада Борбордук Азиядагы “кыйчалыш кырдаал” – “ийгиликтердин кырдаалына” айланат. Муну менен Кыргызстан долбоордун демилгечиси катары Евросоюз жана АКШ менен өнөктөш катары иштеше алмак. Биз дүйнөгө: “Кыргызстан дайыма тилектештик жана конструктивдүү мамилелерди жактайт” деп жар салышыбыз керек. Мен, биз дүйнөгө өнүгүүнүн революциялык эмес, эволюциялык жолунун үлгүсүн көрсөтө аларыбызга ишенгим келет.

 

Жакшылык Бердибек уулу




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных