Гостьлогинудалён
Sensei-KZ
Азыркы Кыргыздрын Енисейлик Кыргыздарга тиешеси барбы жокпу?
тиешеси аз гана..
атынан башка эч нерсеси де жок
халык аты деген эмне?
бираз мисал айтайын тарыхтан, аналогия иретинде.
1) Татарстан... халкы мурун Булгар аталган, бирок Чынгысханнан кейин орустар аларды "татар, татар" деген сон, Татарлар болуп калды (азыр өзүн-өзү Татар дейд алар)... эми Татар деген Кытайдын жанында болгон чоң тайпа, аны Чынгысхан Кытай м/н керейт Тогрул-хан жардамымен биринчи кырган... жана кытайлар монгол убагында жалпы көчмөндүлөрдү кемситип "да-да" (татар = жапайы, варвар) деген экен... анан оруска да кеткен бул ат (ордынския татары, кубаньския татары, сибирския татары, казанския татары)...
2) Болгария... мурунку Булгар түрүктөрүнүн атын алган, өздөрү славян болсо до... анткени кейиннен аларга Булгар түрүктөрү кошулуп кеткен, жаңы ат алып келип аларга... азыр өзүн-өзү Болгар дейд алар...
3) Керейттер... Чнгысхан убагында жашаган чоң тайпа, ханы Тогрул болгон (кытайлар ага Ван атагын берген)... казакта Керей тайпасы болгон м/н, алар керейттердин урпагы эмес... керейттердин урпактары Ойрот (ормон халкы) калмактары, жоңгарлар...
4) Калмактар (калмыки)... казак м/н кыргызга жоо душман болгон Ойротторду казак м/н кыргыздар "калмак, калмак" деген соң, Калмак (калмыки) болуп кеткен, Эдиль (Волга) жакка көчүп кеткен тукумдары... азыр өзүн-өзү Калмак дейд алар...
5) Ашина (бөрү)... согдылар бийлеген парсы (фарси) тилдеш бир тайпа, Кашгар жакта кысым көрүп, Алтайга көчкөн, андагы түрүк тилдеш тайпаларга кирмеген соң, өзүнүн парсы илимдерин пайдаланып, түрүктөрдү бириктирип, аларды кошуп (андагы эч тайпага жатпаган соң), баарына бирдей болуп, монгол тилдеш Жужан каганатына каршы койгон до... ал кезде Кытайда бирнече мамлакат экен, бир-биримен согушкан... ошол үчүн бирөө Жужаннан жардам көрсө, экинчиси Жужанга каршы бирөөнү издеген экен... ошодан Ашина түрүктөрүмөн келишкен... ошентип Жужан каганаты кулап, Түрүк каганаты пайда болод... түрүктөр колдогон кытай мамлакаты башка кытай мамлакатын жеңед, бир чоң Кытай мамлакат болод... алар түрүктөргө рахмат иретинде көп-көп жибек мата жыл сайын берип тураты болод... аны сатыш үчүн түрүктөр батышка жол издейд... анда мурун Жужандардан качып кеткен көп түрүктөр болгон экен (Хазария сыяктуу мис.)... ошол үчүн ал түрүктөр Ашина түрүктөрүнө согушсуз кубанып кошулод экен, ошентип чоң Түрүк каганаты пайда болод "Сары деңиз м/н Кара деңиз арасында"... байлыгы көп болод, кытайдын берген жибегин Батышка сатып... бирок кээ бир аз-маз кичине тайпаларга аз пайда түшкөннөн, алар кейин ошо Түрүк каганатына каршы чыга баштайд (Энесай кыргыздары сыяктуу, мис., же токуз-огуз уйгурлар сыяктуу)... Түрүк каганаты жок болод, бирок Ашина каган урпактары кыпчактардын хандарында сакталад (Эл Бөрүлү аты м/н), жана Карахан хандыгында сакталад... Кыпчактар 8-9-кылымдарда огуз тайпаларын батышка карай аябай кырып куад... /Чынгысхан кейин ошо Ашина урпактарын кыпчактар арашында (хандарын) аямай кырад.../ эми ошо селжук-огуздардан кейин Кичи Азияда Кония султанаты пайда болод, алар кейин Константинопольдү алган соң, Осман империясына айналад... 20-кылымга дейин алар Осман түрүктөрү болод, бирок 20-кылымда империя да жоюлад, "осман" сөзү де жоюлад, алар Түркия болод... өздөрүн жон гана түрүктөр дейд... алардын Ашина түрүктөрүнө катышы канча бирок?
6) Кыргыздар... Энесайда жашаган тайпа, көчмөндү Уйгур каганатын (азыркы Монголия жеринде) түшүргөн 840 жылы, анда кейиннен 20-30 жылдан кейин Тува м/н Энесайга кеткен... 12-кылымда аларды Найман деген чоң тайпа Тувадан кырып, Энесайга кууган... /кейин наймандарды Чынгысхан кырган.../ ошол кезде кыргыздын кээ бирөөлөрү сансыз Кыпчактын Алтайда жашаган тайпаларына кошулгон, аларга "кыргыз" атагын алып келген.... ал ошо кыпчак/кыргыз тайпасы кейин Ойрот калмактарынан качып, 15-кылымда Теңир-Тоо дагы үйсүндөргө келген... Үйсүннүн (хушин) жаңы атагы монгол болгон м/н, алар мурунку сансыз Кыпчактын бир тармагынын урпактары го... биртууган болгон Алтай кыпчак/кыргыздарына... Моголстан үйсүндөрү Ак-Ордо хандарына багынып, Ак-Ордо халкымен бир "казак" болуп атанып кеткен... Үйсүндөр казакта Улуу жүз..
7) Казактар... Ак-Ордо халкы... хандары Чынгысханнын биринчи уулу Жочу ханнын биринчи уулу Ордо-Эженнин урпактары... казактын хандарыны баары Ак-Ордо ханы Ырыс (Урус) ханнын урпактары... Ак-Ордону орус жылнамаларында "Урусов юрт", "Казачья Орда" деп те атайд... Урус-ханнын урпактары 15-кылымнын башында бийликтен айырылып, казакчылык салт м/н азыркы Кубань жерине көчүп кетед... анан 1460 жж. Кубаньнан кайтад, анткени шайбанид Абу л-Хайр ойроттон жеңилип, Ак-Ордо халкы арашында абыройдон айрылад... аны уккан Урус-ханнын урпактары элине кайтад, аларды халык кубана каршы алад... аларды колдойд... шейбанид Абу л-Хайр хан өлгөн соң, Урус-хан урпактары Керей м/н Жаныбек бийликти өздөрүнө кайтарад... бирок Абу л-Хайр немереси Мухаммед Шейбани азыркы Өзбекстан жерине качса да, Ак-Ордо элинен айырылганын моюндамайд... ал Мухаммед-Шейбани ханзада көзү ачык, окууган адам болгон... ал киши Урус-хан урпактарын "казактар" деп кемситмек болгон, жана анын тарыхчысы Рузбехани Урус-хан урпактарын "казактар" деп эмгектерине жаып, мазактаган (бирок баарыбир Мухаммед Шейбани нагыз "казак" болгон Касым-ханнан жеңилген)... анан айналадагы баары аларды "казачьи/ казатция цари" деп жаза баштаган, мис., орустар Ак-Ордо халкын "татары Казачей орды" деп атаган... эми 16-кылымнын аягында элдин өзү дө өзүн "Казак" деш баштады (бирок мамлакатын ардайым Ак-Ордо деген)... Казак ойрот калмактары м/н согушканда, аларга каршы үч жүз болуп биригип каршы чыккан... ногайы Кичи жүз, үйсүнү Улуу жүз, Ак-Ордо халкы арашындагы Орто (Ордо) жүз болду...
казак арашында Коңурат Найман Керей Үйсүн Жалайыр деген монгол аттары көп, бирок алар монгол эмес, баары мурунку Кыпчактын урпактары... аттарыны өзгөргөн себеби -- Чынгысханда кыпчак тайпаларынан курулгон аскердин (жүздүк, мындык, түмен) башына (жүзбашы, мынбашы, нойон) кичине монгол тайпадан чыккан адамдарын койгон... кейиннен ошо аскерди "Баленче жайлайырдын/коңуроттун мындыгы" деген... ал мындыктар кылымдар өткөн соң, 14-15 кылымдарда кайтадан тайпаларга айналды... бирок жаңы монгол аттары м/н
бирок заты Кыпчак (половцы), тили кыпчак (половецкий) го баарыбир...
эми халык аты деген ошо... өзгөрөд кылымдар бою кызык-кызык жолдары м/н
баары мжп да