Перейти к содержимому



Фотография

7 Аке тууралуу маалымат. 1. Кызыктуу 2.Пайдалуу


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 4

#1 unid-pro

unid-pro

Отправлено 31 Март 2011 - 21:17

Облмамжетекчиликтен мындай маалымат таап алдым. Силердин назарыңыздарга сунуштайм.

 

Улуу кыргыз көчүнүн жүрүшүнүн II этабы – Ысыккөлдүн эл кишиси атыккан даанышман Акелерди изилдөө жарышмасына.

 

Ысыккөлдүн жети Акеси.
Ата журттун нукура байлыгы – эл.
Элдин куруп алган коомуна карата
мекенибиз нарк алат. “Элдик” инсандар
көбөйсө өлкөбүздүн тагдыры оңго башталганы.

 

Кыргыз мамлекетинин басып өткөн этаптарында окумуштуу В.М.Плоских мамлекетсиз деп белгиленген (XIV-XX кылмда) мезгилде Ысыккөлдүн Акелери жашап өткөн. Алардын баскан жолдору демократиялык мезгилде козголуп, иликтелип жатканы мыйзамдуу көрүнүш, анткени алар элдин мүдөөсүн орундап Аке даражасына татышкан.
Окумуштуу филолог А. Имановдун берүүсүндө кадимки Тилекмат 1840-жылдарда Жыргалаңдын боюндагы чоң жыйында Мойут атаны, Сарт абаны “Аке” деп жүрөлү деп сунуштаганда калың эл түп көтөрө колдоп Мойут токсондон өткөндө, Сарт сексенге караганда Аке аталышат.
1828-жылы дүйнө салган Карганы урпактары Аке атаганына 70-80 жыл “түшпөс бий” атыкканы негиз болот. Баатыр элчи Тилекмат да көзү өткөндөн кийин “Аке” аталганын тана албайбыз. Элдик болуштар Садырды, Карачты, Кыдырды улуу муундагылар бүгүн да Аке деп аздектешет. Акелер эл тагдырына күйүп бышып, токсон толгонуп, келечектин камын көргөн адамдык улуу сапаттардын ээси, калыс, адилет, чындыктан тайбаган кыраакы өзгөчө феномендүү элдин куту болушкан. Коомдо даанышмандыктын, акылмандыктын кепили болуп, карапайым эл катмары менен байланышта жалпы элдин ынтымагын көздөп, тышкары эл менен алака түзүүдө туура багыт беришкен, бийликке аралашып аброй күтүшкөн. Ысыккөлдө дараметине карай Акелер шатысынын эң жогорку баскычында жети Аке айтылат. Кийинки баскычтарда жарым Аке, айылдын Акелери бар.

 

Карга Аке (1718-1828)
Бай киши, Карга кундун жетисинин экисин төлөйбүз деп чыр күчөп казак калыска барышканда баары айтып бүткөн соң Карга:
Көп курусун, көпкө бүткөн көз курусун,
Аз курусун, азга бүткөн сөз курусун.
деп гана айтат. Кептин тереңин баалап калыс кунду жетиге бөлөт. Ушундан кийин:
Малдан алдырсаң маа
Кеп алдырсаң сага
деп агасы Бай киши малдын башында өзү туруп Каргага эл аралаганга жол берет. Болжолу 30-35 жашында бий болсо, көзү өткүчө 70-80 жылдай бийлик кылып “түшпөс бий” атыгат. Бий болсо он баласы болсо күтүрөтүп мал күткөнүн ким танат. Каркыра жайлоосуна кадимки Тилекмат барып калат. Жылкычылар сойут кармай алышпай буй болушканда Карга ата укурукту алып чалма салып, азоону токтотот. Тилекмат “жарыктык” деп жашын сураганда сен сурап калдың деп жашын айтат (айтчу эмес экен). Жайлоодон көчүп келатып Жууку талаасынын дал ортосуна Жаныбекке (жактырган уулу) белги койдурат. Ошол кышта ат бура тарткыс опсуз кар түшөт. Катары келгенин сезген Сыркоо ата он баласынын тукумун, элин чогулттурат. Эзели үстүнө кирбеген келиндери ээги түшкөнү баштап жүгүнүп киришет. Жаныбек жашыганда “өмүр аласа, жан бересе” деп жубатат.
- Ата күнгөй тескейди кантип чакырам деп кейисе “күрткүгө түртүп койбойсуңарбы”
дептир. Жол ачылганча кырк күн аза күтүлөт. Жайына койуп жатканда күнгөй тескейден келген калың элди таң калдырып, тамшандырып 13 жашар небереси Арууке (Кожотайдын кызы) үнү бүткүчө кошок кошуптур. Кийинчерээк Тилекмат Аруукени кудалап койгон “боор” уругунан талакат (калыңга берген малды кайра кайтарып кыздын башын ачуу) алып келип иниси Байтайлакка алып берет. Арууке Токой, Алтымышбай, Жетимишбайдын энеси. Токой Мукаш кызматкер болуп улуу агам Мырзабек экөөнүн армияда түшкөн сүрөтү Оргочордо музейде. Алтымышбаев Асылбек академик философ болгон, Жетимишбаев Кален Жетиөгүз районунун Оргочордогу тарых музейинин директору эле.

 

Тарыхый жазма Карга аке сөз чебери.
Рамат уулу Шадыбектен 1946-жылы (Карга Акенин батасын жатка айтчу экен) мугалим Супатаев Апыш жаздырып алган жазма жарыкка чыккан (Ысыккөл кабарлары 25.02.97) ушул жазмадан Карга Акенин коомго жасаган мамилесин эшитип туябыз.
Үзүндү: Кыйын кезеңдер болочогу менен айтылат.
Жоо каптаса жоюлар, жоо да бир күн союлар. өрт каптаса өчүлөр, өлүм каптаса өчүгөөр. Кайраты кеткен кайыгаар, карт болгон оору айыгаар, жоңгорлуу жоодон сактасын, жоболоңдуу доодон сактасын.
Адамдарга жакшылык кылуу парасаты бар.
Жардынын байы бол, жакырдын жайы бол, жетимге санаалаш бол, жесирге каралаш бол, ай кетилет, жетим жетилет.
Аке ынтымакты туу тутат.
Эп чырагы эне болот, уул жакшысы урмат болот, сый жакшысы сырдаш болот, сыр жакшысы курдаш болот, айлап катыш муңдаш болот, керегең бек болсун, кебиң эп болсун, тууганыңа туура бол, тутугуңа буура бол, кайратты элден ал, келбетти жерден ал, тазалыкты суудан ал, ынтымакты туудан ал.
Чечмелесе жазманын бир сабы бир айтым кеп.
«Жоо каптаса жоюлар».

 

Эмне жоюлат? Жоо киргенде бейпил турмуш, максат, тилек, араздашуу, ызырынуу, кара ниеттик баары жоюлгандыр.

 

«Жоо да бир күн союлаар».

 

Аке жоо (калмактар) сүрүлгөнүн көргөн, сүрүлгөн жоо канча?

 

«Өрт каптаса өчүлөөр».

 

Чыккан өрт өчүлөөрү бышык.

 

«Өлүм каптаса өчүгөөр».

 

XVIII кылымдагы эпидемиянын (чума) залалын айтат.

 

«Кайраты кеткен кайыгаар».

 

Бул сап бардык адамдарга тиешелүү. Тирүүчүлүктө не түркүн тагдырлар кездешет. Эмне кылаарын билбей, кайыгып калбай кайраттанып, туруштук берип, чыйралыш керек экендиги акыл катары берилген.

 

«Жоболоңдуу доодон сактасын».

 

Доо - душмандын опсуз салыгы. Доосу жок бейпилдикти эл күсөйт.

 

«Жардынын байы бол,
Жакырдын жайы бол».

 

Жарды жакыр, бай-кул байыртадан берки социалдык көрүнүш. Тең жашоо болбоптур, болбой калды. Колунда барларды, колунда жокторду көз алдыбыздагы жашоодон көрөбүз. Инсандын эки сап сөзү жарды жакырлар жалтанбай жардам алууга, байлар аларга жакын болуп, боорукер, кайрымдуу болсун деген мааниде.

 

«Эп чырагы эне болот».

 

Эне балдарын тең санап, ынтымакка тартат. Жараштырат, бири-бирине күйүмдүү болуп, эл-журт менен оң алакада болсо дейт.

 

«Сый жакшысы сырдаш,
Айлап катыш муңдаш».

 

Тирүүлүктөн сый гана урматталып айтылып калат тура. «Тирүүдө сыйлаш» дейт. Сый өткөндөрдүн тукуму да сыйлашат.

 

«Керегең бек болсун,
Кебиң эп болсун.
Тууганыңа туура бол,
Тутугуңа буура бол».

 

Айтчу кебиңдин эми болсун, ыктуу болсун. Ар бир үй-бүлөдө бирөөнө баш берсе бирдик болгон. Эл калыс, билерман башчыны, ынтымакты күсөйт. «Баш тоголоткон кишиси жок» деген кеп бар.

 

«Кайратты элден ал,
Келбетти жерден ал».

 

Элдин кайраты - сел. Эл колдогон адамдын түркүгү бекем. Келбет жерден алынаары ак сөз. Мал-жанды жер багат. «Эр эмгегин жер жебейт» деп айтылат. Элибизде жер иштетип мал күткөн бүгүн колунда бар келбеттүү адам.
Түбөлүк сапарга кетээр алдындагы:

 

«Калмактын камчысы кайрылбасын,
Калкым көлүнөн айрылбасын»,

 

деген Ысыккөлгө берген батасы эли-жеринен ажырабасын эңсеген улуу тилеги.
Канчалар көлгө көз арткан (Чынгызхандын жапырыгы, калмактардын удаа басканы, кокондуктар, орустар) Кокон баскынчылары орустун аркасы менен сүрүлгөн (1876-жыл). Ак падышадан октябрң революциясы сактап калган. Октябрң – Ленин эгиз. Лениндин атын кыргыз эли унутууга акысы жок. Ал болбогондо кыргыз эли кумга сиңген суудай жоголмок. Октябрга таазим кылабыз. Кыргызстандын каледарында 7-ноябрң күнү майрам күн болуп белгиленгени кыргыз бийлигинин акыйкат аркалап, тарыхты бурмалабаган адилеттүлүгү.

 

Карга бий, Боронбай жөнүндө.

 

Эки тарыхый инсандын Бугу кыргыздарынын Россияга кошулуусундагы тарыхый орду барын Туратбек Касымовдун “Боронбай жана Төрөтай” аттуу жаңыдан жарык көргөн тарыхый романынан билебиз (122-143 бет).
“Боронбай, жашың кыркка барды. Жаман уул элүүсүндө жашмын дейт, жакшы уул жыйырмасында журтка башмын дейт. Ага тууган үй-бүлөм менен батамды берейин деп келдим. Жуукунун оңу солунда турабыз. Соодагерлер менен алакабыз бар. Кытайдын падышачылыгына нааразы экенсиң. Кудай таала Кытайга кошпосун. Кокондуктар түштүктөн кирип Чүйгө келди. Абылай хандын чапканы улут боло элек. Көл элине эгедер башчы бол. Элдин жердин тагдырына толгон.” Эмики ишти Бирназардын ашына барганда бүтүрөбүз. Оомийин. Бирназардын ашына көлдөн урук калбай барды, үч күнү куран окулуп, аягы чоң жыйынга айланды.
* * *
1823-жылы Орусияга баш калкалоо тездетүүнү көздөгөн Карга бий болгон. Көл бугусундагы 23 бий кеңешип (улуусу 106 жаштагы Карга бий). Россиянын калкалоосуна өтүнүп жиберген элчилер 1824-жылы 6-декабрда Омскиде кабыл алынат (АОО. РФ. Ф-3.ОП-1.Д-19.Л 93-103). Тарыхый оор кырдаалда суу сайын бирден бий башкарган чаржайыт абалды байкаган эл башындагылар эл тагдырынын айласын издеп, бир кишинин жоопкерчилигине берүү тыянагына келишет. Бул ишке Карга бий баш тоголотот. Көл кыргыздарынын башчылыгына Боронбайды көрсөтөт (Т.Касымов “Боронбай жана Төрөтай”, 122-144 бет). Бишкек, 2006.
Боронбайдын көксөгөн максаты 1855-жылы 17-январда ишке ашат. Омск шаарында Шералы уулу Качыбек бугу кыргыздарынын атынан ишеничти актоого куран кармап ант берет (АВПРИ. Ф-СПв. Глав. архив 1-7. оп-б. Д-1. Л-67-68. “Кыргызстан-Россия”. С. 179). Аземге казактардын султандары, тилмеч Ф. Ногаев катышат. Улуу жүздүн приставы Хоментовский жазында көлгө отряд жиберерин, көлдүк кыргыздардын малына тийүүнү токтотууну Тезек төрөгө эскертилгенин билдирет.
Сарыбагыштар Ормондун кулун кууп, дагы бир чабуул жасоого үлгүрүшөт. 1855-жылы декабрда Хоментовскийдин сарыбагыш манабы Үмөталы Ормоновго жазган катынан: “До сих пор много пролито крови. Еще раз с вашей стороны поступков против бугу, вынудитң меня заступитңся за них, и тогда сарбагышы дорого поплатитңся. Прекратите эту войну” (ЦГА РК. Ф-3. оп-1. Д-348. Л-73-74, заверенная копия. “Кыргызстан - Россия”. с. 189-190).
Атаке баатыр баштаган, Карга бий козгогон зор умтулууну турмушка ашырган Боронбай кыргыз эли түбөлүк эскерип жүрүүчү тарыхый элдик инсан.
Мойут Аке

Мойут аке мүнүшкөр, саяпкер, дарыгер боло турган окуяны алдын ала билген көрөгөч олуялык туюму бар даанышман инсан болгон. Жайкысын Каркыраны жайлаган. Казак кыргыз журту аш тойлорду бирге өткөрүп көйгөйлүү иштерди чечишкен. Мойут Аке кыргыз тарабынан сүйлөчү экен. Акенин кылымдар өтүп иликтенип жатканы тарыхка түбөлүк калганы. Тандап алган мекени Ортоөрүктүдө урпактары жашайт. 1997-жылы жаңы эстелик тургузушуп 250 жылдык маараке өткөрүштү. Тоң районундагы “Манжылы” жылгасы касиеттүү сырдуу жай. XVII кылымдын экинчи жарымында Жуңгар хандыгы жергиликтүү элди ферганага Анжиянга сүрүп, 1770-жылдарда көлгө кайра келишкенден кийин атактуу адамдардын керээзи орундалып, сөөгүн төөгө жүктөп ата-бабаларынын жанына алып барып койчу экен. (Бирназар бийдин сөөгү Жалалабадка коюлган) Мойут Аке менин сөөгүмдү Манжылга койгула, сөөк жүктөгөндөн эл кыйналып кетти. Туулган жердин топурагы алтын деп аманат айтыптыр. Сөөгү Манжылыда урпактары койгон белги бар.
Мойут Аке оорунун сырын билген табып болгон. Сабатар Атакандын өнөкөт болуп өтүшүп кеткен тулу боюндагы жарасынын, Солтонкул байдын дартынын дабасын тапкан. Кадимки Атаке баатырдын Айжан аттуу кызын Белектин Токойунун Абайылдасынын Эшкожосу алат. Айжан катуу ооруп жин оору деп керегеге таңып койгон учурда Мойут Аке барып калат. Тамырын кармап көрүп талгак экенин билип айыктырат (Көк жалдын жүрөгүн берет).
Мойут аке мүнүшкөрдүн мүнүшкөрү болуптур. Атбашынын ак зоосунан кармаган бүркүт алгыр чыгат. Төөкомдот кийик алып эл багыптыр. Төөгө коом жасап кийик жүктөлгөнүн аты айтып жатпайбы. Мойут аке Төөкомдот экөө мезгилдин өкүмүнө баш ийип бүркүт кое берсе уча албайт. Бүркүттү боз үйгө кармап жылкынын ич эти менен багып түлөтөт. Кызыл эт бүркүткө жаңы жүн чыгып канаты жетилгенде кое берет. Жылдар өтүп Мойуттун айылынын асманында эки бүркүт шаңшып айланат. Төөкомдот экен десе эл тамашага чалганда Мойут Аке үн созот. Бүркүт жанынан үч айланып өтүп, куйругун булгалап, шаңшыган экен. Жанындагы туурлап жүргөн баласы тура.
Инсан жакшы жамандан кабар коюп, адамдарды жакшылыкка, ынтымакка үндөгөн.
Малыңды эрте түгөлдө, караңгы кирсе көз жетпейт. Келаткан чырдын алдын ал, ырбап кетсе сөз жетпейт.
Муундан муунга өткөн нуска сөзү:
Ырыс алды ынтымак, ынтымагы бар элдин айсыз кара түндө да асманында күн турат. Ынтымагы жок элдин балдары иттей ыркырап, ачык жарык күндө да асманында түн турат.
Санжырачы карыялар Кулча Бегалы уулу, Акмат Төлөйкөн, кылым карыткан Зарыпбек султандын кызы Бурул чоң эне мындай кеп кылаар эле деп жазат карыя журналист Токторбай Сыдыков “Ысыккөл керемети” китебинде: “Жарыктык Мойут Акедей төрт тарабы кыбыла касиеттүү ыйык адам дүйнөгө чанда гана жаралса керек. Оо кайран киши”.

 

Сарт Аке (1775-1865)
Карапайым калктан, бейбечаралардан тартып эл башчыларына чейин тең санаган, кең пейил, нарк нускалуу, терең ойчул акылман адам экенине эл ичинде “акыл ээси” аталып келген. Санжырада Сартбай (өз аты) 11 жашына чейин Нарын боюнда өсөт. Жалгыз ойноп кетип, канаттууларга алаксып суунун шарына кызыгып кулак төшөп, түркүн кубулуп күнгүрөнгөн добушуна берилип суу бойлоп ойноп жүргөн жеринен таап келишчү экен. Көлгө келип 17 жашында Бирназар бийге жасоол, кийин Боронбайга кеңешчи болот. Мойут Акеден чейрек кылым кичүү. Экөө суу кечишкенде Сарт суунун ортосуна токтоп камчысын бүктөй кармап сууну сылап жатканда Мойут “бастыр эмне туруп калдың” дегенде бул суунун эки өөзүндө эл отурат экен дептир. (А. Иманов 1-китеп 39-бет). Суу добушунан алган касиетинен алдын ала айтканбы ошол суу бүгүн Каракол шаарын жарып агат. Сарт Аке сынчы табып да экен. Кадимки Балбай сыркоолоп баш көтөрө албай табыптардын эми түшпөй сыркоосу күчөгөндө Сарт Акени чакыртышат. Тамырын кармап башын көпкө укалаганда баатыр көшүлүп уктап эртеси көзүн ачып чалап сурап баш көтөрүптүр.
Аке жетимишке барганда Боронбай өкүмдар, топ мыктылары келишип, дагы тукум алып калалы деп кеңешип күңгөйдөн баштап көлдү кыдырышып эки кызды көрүшкөндө Сарт дагы карайлы деп тескей менен келатышып Тосор ченден суусун сурашканда бир кыз суусун сунат. Бастыра беришкенде кудай буюрганы ушул экен, ушул кызды алып бергиле дейт. Боронбай айыл башчысын чакыртып кыздын үйүнө конушат. Конок каадасын кылып жатканда эки кызды жактырбадыңыз деп кеп узатышканда Сарт
- Биринчи кыз сулуунун сулуусу экен, Алла таала көрктү аябаптыр. Тууп тукум берет, бирок мыкты чыкпайт.
- Экинчи кыз эрте жазда гүлдөгөн байчечекей экен, келбетинде айып жок. Кудай таала кендирин кесип коюптур төрөбөйт дептир. Кийин ошол эки кызды көзөмөлгө алышса Сарттын айтканындай болуптур.
Болжолу 1865-жылдарда Сарт Аке киндик каным тамган жерге көчөлү катарым келди
деп ашуу жол бергенде Жуукуну ашып, Текесекирикке көчүп барат. Нарын өрөөнүндөгү ат жеткен жерлердеги мен эркекмин дегендин баарын чакырып коштошуу аземин өткөрүп, дүйнө салыптыр. Сарт Аке байыркы кыргыздардан жер которуп келген Чулум кашканын тукумунан. Жетиөгүз районундагы Акдөбө, Аңөстөн, Бозбешик, Сүттүбулак, Жалгызөрүк (Талап) айылдарында дөөлөстүн урпактары турат. Биз дөөлөс десек тоолу Алтай уруусунда төлөс, түпкү аты “телес” деп айтылат. “Кара жер бир казына, калың эл бир казына” сөзүнүн философиялык маңызы канчалык бийикте. “Колуңдагы камчыдан кыйын курал жок, койнуңдагы катындан кыйын тууган жок” деген цитатасы турмушта бутага дал тиет.
Ормондун кунун улап сарыбагыштар Тезек төрөгө кол сурап барып бугуну дагы чабаарда Сарт аке Тилекматты Текестен алдырат. Таарынып кеткен Тилекмат Сарт Аке чакыртып атат дегенде илинтпей келип, Тезек төрөгө барып кептин олутун таап Төрөтай аттуу сулууну берип, бугу элин дагы бир алааматтан алып калат.
Арык – Белек тукумдары нааразылашып чабыша турган болгондо Арыктын аксакалдары Сарт Акеге кайрылышат. Сарт Белектен Тилекматты, Солтонкул байды, Арык тукумунан Токсобаны (Кыдыр Акенин баккан атасы) чакыртып, Белектин 105 жаштагы Молдо аттуу карыясыныкына барышат. Төшөк тартып калган киши саламдашкандардын аты-жөнүн сурап: Сарт акылдын ээси, Тилекматты сөздүн ээси, Солтонкулду малдын ээси, Токсобаны элдин ээси деп атап, чакыртып келтире албаган адамдар турбайбы деп тай сойдурат. Меймандар конушат. Сарт Аке Арык – Белектин чатагы тууралуу бир ооз сөз айтпайт. Кетээрде: - Мындан ары көрүшөбүзбү, көрүшпөйбүзбү ал кудайдын колунда. Арык – Белекте сизден улуусу жок. Эки урукка батаңызды берип коюңуз, дейт Сарт. Карыя алаканын жайып: - Учуңар узарсын. Жараткан ынтымак берсин. Бир туугандар ортосунда муздак жел жүрбөсүн деп бата кылат. Келатышып Түптүн боюнда ат чалдырышканда Солтонкул: - Эми эмне дейбиз олда Сарт Аке ай, батаны аттай албай калдык, дептир. Чатакты чечүүнүн, элди элдештирүүнүн жолу көп тура. Анын бири терең акыл бата менен турбайбы.
Аска-аска-аска тоо, аягы барып чап болот. Атадан алтоо болсо да, сыйлашпаган жат болот. Мыкты чыкчу жарандын, сүйлөгөн сөзү так болот, өзүнө өзү сак болот, иштеген иши так болот, башына таалай бак конот деген Акенин нуска жамак кебинин мазмуну бүгүн да элге насыят.

 

Тилекмат Аке (1799-1863)
“Кылычынан кан тамганды
тилинен бал тамган жеңиптир”
Сарт Аке Тилекматты баалаптыр: Тилешим бактылуу адам, калайык калк үчүн жаралган, карегимдей жүрөгүмдөй баалаймын. Ал барда телегейим тегиз, деним таза, жаным жанакта. Бул бааны 1949-жылы жайында Жетиөгүздүн Байтөр жайлоосунда Сарт Акенин чөбөрөсү Тыныстан уулу Дүйшөмбүдөн, 1954-жылы Баракан уулу Акундан укканмын. Акун аксакал абдан сабаттуу санжырачы эле. Жазып калбай жер алдына көп кеп кошо кетпедиби деп жазат Акеш Иманов (2-китеп, 37-бет). Тилекматтын атасы Жылкыайдардын өзүнчө тарыхы бар. Бирназар Боорсок бийге куда түшүп келин алганы барганда күңүн жаш баласы менен кошо берет. Жолдон суу кечкенде ат мүдүрүлүп, бешиги агып кетип эртеси сайроодон табылат. Бул окуя бардык вариантта айтылат. Ошол бешик илинип калган таш “Жылкыайдардын ташы” деп аталат экен. Бирнизар ошол күң келинди (Күмүшайды) өзүнө нике кыйдырып Айдарды Жылкыайдар деп асырап алган. Бойго жеткенде кыз тандатып Көлдү айлантат. Жылкыайдар Барскоондон Шадыкан аажынын тууганы Оңолбайдын кызын алып Тилекмат төрөлөт. Ал элде жок чечен чыгып, сөздүн ээси аталып, баралына барганда баатыр элчи болот. Чукугандай сөз таап бет маңдай сүйлөшкөндө илебин эч ким кайтара алчу эмес экен. Кокон хандыгынын беги 1823-жылы Көлгө келип Тамгага сарбаздарынан бугунун эл башчысын (хан) чакыртат. Ага Боронбайдын ордуна Тилекмат барып, ишти бүтүрүп, “Бугу элинин ханы” деген Кудаярдын мөөрү басылган күбөлүк алган. (А.Иманов 2-китеп, 87-бет).
Кытай империясы Иле районун Россиядан бошотуп 1883-жылы “Шинжан” (Жаңы жер) өкмөтүнүн башчысы көлдүк кыргыздардын өкүлүн чакыртат. (А. Байтур “Кыргыз тарыхынын лекциялары” 2-китеп, Бишкек 1992). Текестен жылкы тийген деген доо менен Бугу кыргыздарын түп орду менен жоготуу эскертилет. Бул чакырууга да Тилекмат барат.
- Бугулардын ханы жок, ээн баш эл, деген калмактардан арыз түштү. Жооп бериңиз дегенде Тилекмат кагазды колуна алып сабатсыздыгын билдирбей окумуш болуп, салмак менен башын чайкап, сыпайы жылмайып, хан күбөлүгү менен кошо даярдап алган түшүнүк катты берет. Катта көлдүк кыргыздардын өз оокаты өзүлөрүнө жетээри, коңшу эл менен жакшы мамилени күтүүнү билдирген маалымат бар эле. Тилмеч окуп чыккан соң шаңыя бектерин чакыртып, кыргыздар менен жылуу мамиледе болуу ниетин билдирип, кымбат баалуу баш кийим кийгизип, сый узатат. Тилекматтын кадыры эл арасында дагы бекемделет. (К. Ачикеев “Тилекмат” тарыхый очерк, 69-74-бет).
Тилекматтын тегинин чындыкка татыган вариантын Ош Мамлекеттик
университетинин доценти журналист Маматегин Эркебаев “Заман Кыргызстан” газетасына (1996, III ) Тилекмат элчи деген темада жазган. Жылкыайдардын атасы Ош облусунун Каракулжа (мурунку Совет) районундагы Ажыке өрөөнүндө 1880-жылы көзү өтүп, сөөгү Сарыбулак айылына коюлган. Аты Алымбек (датка Алымбек эмес) чоң атасы Кемпир, бабасы Төлөн, кубарысы Торойчу (сарыбаргы уруусунан). Энеси Күмүшай (Айымкан) Какшаалдын бийинин кызы болгон. 1795-800 ж.ж. Кашкарды бийлеген Солто черик белек жана башка уруулардын беш бегинин бири Алымбек болгон. Ичи тар бектер Алымбектин Көзүк тазааларда качып чыгып, кош бойлуу аялын таанышы Боорсок бийдикине жиберип, өзү кагылышта кайтыш болот. Улуу аялы Сурандан Айдаралы, Көккөз, Мурат. Көккөздүн уулдары Салма молдо Өмөш Тилекматтын урпагы менен катташып турчу экен.
Тилекмат айылынын тургуну Эсенбаев Асанбек Жетиөгүз сейсмологиялык станциясында иштейт. Анын билдиргени: Жылкыайдардын туугандары 1920, 1964 – жылдарда Шалбага келишиптир. 2003-жылы Тилекмат айылынан он киши аларга Каракулжага барышкан. 2005-жылы жайында 60 киши 15 машина менен Шалбага (Тилекмат) келди. Алымбектин 93 жаштагы небереси тың экен. Тилекматтын Өсөр деген уулу да Ноокаттан келди (ал Тилекматтын Коконго бараткандагы баласы экен) чоң энесинде Тилекматтын мөөрү бар экен, аны эч кимге бербейт экен. Мен бир күн конок алып, жылкы союп сексен киши күттүм. Эртеси Талдысуудагы Жылкыайдардын мүрзөсүнө барышып куран окуп, күнбөз тургузабыз деп белги коюшту. Тилекмат Акенин өмүр жолун бүгүн тарых тактап жатат. Жылкыайдардын чийге сатылып келген кул дегени айың сөз.
* * *
1856-жылы августта орус падышасынын атайын жиберген өкүлү бугунун билермандары Боронбай, Муратаалы, Качыбек, Токсоба, Тилекматтарды чакырып, хан Ормондун өлүмүн териштиргенде Тилекмат: - Суучулдун өлүмү суудан, мергендин өлүмү тоодон, хандын өлүмү ага туугандан. Бугу менен Сарыбагыш бир атанын балдары. өзүнө өзү каршы чыккан хан өлүп азабына эл калды. Адилдик күтүп алдыңарда турабыз, деп тилмеч которгондо өкүл ыраазы болуп, бугуларды колдой турганын билдирет (Т. Ачикеев “Тилекмат”).
Эл уулу ак жеринен караланып, Верный (Алматы) түрмөсүнөн акталып чыгып келе жатканда көрөалбастар үзөнгү болугуна уу тагып набып болот.
Верный түрмөсүнө түшүү жагдайы:
Көрө албаган Зарыпбек Тилекматтын кудасы Токсобаны (Кыдырдын баккан атасы) кысымга алып, ак кагазга Тилекматтын мөөрүн бастырып алып, Тилекматтын атынан Какшаалдын бийине 500 жоокериң менен түн жамынып кел, мал мүлктү алып кетебиз деп жазылган жасалма катты уезге карматат.

 

Садыр Аке (1821-1905)

 

Түз сүйлөп бетке айтканы менен айырмаланган инсан. Көтмалдыга чоң топко адеп барганда кадимки Баяке (Шабдандын жигити): Тетиги аңырайган немеңер ким дегенде: (өңү серт киши экен) атам Жолболду, өзүм Садырмын. Атасы жок эли менен жок болгон, ага-ини менен кас болгон, арам ишке маш болгон, бычтырып салып ат болгон, ак төбөл карыш тебетей кийген, Баяке деген сен болуп жүрбөгүн дегенде сооп кылды дешкен экен.
Дагы бир чоң топко барганда сарыбагыштын чоң манабы Чоко араба (дрожка) менен келип, өргөсүндө керебетте жатканда топту башкарган Садыр: - Иттен көлөкө талашып жатканды карап тура беребизби. Баштагыла деп Чоконун шаштысын кетирет. Кечинде эмне кылаар экен деген сөздөр болот. Чоко Садырды чакыртып бата сурайт. Куржунга салып жүргөн бала жок деп кайра жибип батасын берет. Бир жылдан кийин 35 жашында бала көрөт (Аты Казыбек. Чоконун ашын бергенде желдең Үкүнүн Каракашкасы чыккан). Коңшу казактардын бирөө кулагын кесип салып кыргызга доо коет. Сыркоолоп суу ичип акшапак болгон Садыр Аке элдин өтүнүчү менен барып чырды териштирип “бир эмес эки кулагыңды кесип салсаң да айдай жаркырап турган чындыкты кайда катасың” деп бүтүрө айтып доону басыптыр.
Акенин бетке айтканы канында болсо керек. Кыргыз-казак журтчулугуна маалым болгонго чейин Садыр бугу уругунан тараган бугу уругунун Шапак Нышаа деген байдын жылкысын багып бээсин сааган деп айтылат. Чыгаандар эрезеге түйшүктүн жолун басып жетишкен. 1865-жылдарда күзгө маал ак падышанын Жетисуудагы акимчилигинин буйругу менен Пишпек жана Каракол уездеринин бирикме жыйынында Кокон ордосу Байтик баатырдан кун доолап кайрылган арызы боюнча иш караганда Садыр мындай корутунду сөз айтыптыр:
- Катынпоз Кудаярдын күчүгү Рахматтулла кутурган 40 чоросу менен шапар тээп
жатканда Байтик баатыр тыйпыл кылып салганы Рахматулланын найза бойлогус кылыгына жараша өч алуу деп эсептеймин. Рахматуллага кошуп Кудаярдын башын кесип, тукумун курутса болмок. Кудаярдын кылын көз алдына келтирип, көңүлү чөгүп турган Байтик Садыр Акеге жүрөгү жылып дилинде ыраазы болуп отурду дейт. Ушул учрдан пайдаланып Жангарач бий бере албай жаткан алтын жамбыны Садыр Акенин жеңине солоп жибергенде:
- Оо кудай урган, ушундай беле?! – деп жеңин силккенде уйдйн томпойундай алтын
жарк этип, ортого ыргыганда Садыр: - Бий аба, пара берип оозумду булгайын дедиңизби. Угуп туруңуз өлгөндөн туяк калган артык – атанын ысымы өчпөйт; элге пайдасы тийбеген падышанын аксарайынан кембагалдын жаман алачыгы артык; элдин эмгегин жеп кажыган жолборстон жоргологон чычкан артык. Байтик баатырдын доосун Жетисуу акимчилиги чечсин. Былтыр жыйынды токтоткон ошол тарап деп бүтүм чыгарылды. Шабдан да Садыр Акенин сөзүнө алдыртан кулак түрүп жактырып отурду дейт. Кыдыр мырза жаш болсо да баамчыл көрүнөт, Садырга кызыга карап отурду. Көптү көрөгөн кыраакы Чыныбай Садыр Акедеги чынчылдык, кебелбес туруктуулук, курч өткүрдүк, жүрөгүндө тазалык бар экенин байкап калды. Кызыл саздагы жыйын Садырдын адил айткан кебине муюуду.
1860, 1864, 1882, 1884-жылдарда түзүлгөн келишимдерге ылайык Кытай менен Россия империясы кыргыз жериндеги чек араны бөлүшкөн (К. Сыдыкова “Кыргыз тарыхы” 581-бет) Үзөнгү куш аркылуу өткөн 1860 километр орус кытай чек арасы Пекин келишиминде каралган. Чек аранын 162 км. Кантеңир бөлүгү 872 км. Сарыжаз бөлүгү какталбаганынан азыр да талаш-тартыштар бар. Кытай бийликтери чек арага доомат койгондо укуктуу комиссиянын курамында Көлдөн Садыр аке болгон. Садыр Акенин Колпаковскийден мындан башка жол жок деп түшүндүргөнүнүн аркасы менен чек ара бөлүштө Россия утуш алганын сыйлык далилдейт. Верныйдан Садыр Акеге Ысыккөлдүн күңгөйүнөн 400 теше (гектар) жер берилип өмүр бою жылына 200 теңге чектелет. (К.Сыдыкова “Кыргыз тарыхы” 564-бет). 1964-жылы Кожоярга бардык. Айыл Онжети карагай деп аталат экен. Көрсө онжети карагай тарыхый сөз тура. 400 теше жерди бергенде 17 зым карагайдын (телефон зымы тартылган столба) удулу бөлүнүптүр.

 

* * *
Чеклдектин түзүндө беш күнгө созулган жыйында Алымбек датка кыргыз-кыпчак журтчулугун мамлекет кылуу жөнүндө айтып, башыңарды бириктирип башкарып кетем деп айта албаса да, буга кандай дейсиңер деп оюн ортого салды. Кулак төшөп отурган Садыр аке сөз кезеги келгенде эзели оңолбогон ордоңуз ментинен тайып өкүмдарыңыз кара жанын калкалап тагын таштап качса орус акимчилиги шаарларды камап алса, төө кыядан өткөн соң кереги жокко Датка аба. Жээнибиз деп Кудаярды хан көтөрүп эмне таптыңар. Кем акыл катынпоздун кысымынан башка калк кызмат көргөн жок. Эми оруска бурулуп, тынч калыштан башка айла жоктур. Алымбек ичинен өкүнүч ойго батып “Таамай айтканым талууга тийди белем аркалык үкөм, каллабызды иштете албаппыз. Аттигиң, мурунтан билишкенибизде... Адил айтканың мени кебез менен мууздагандай болду” дегендей абалда калды.

 

Карач Аке (1837-1914)

 

Жоокерчилик заманында калмактан олжого түшкөн Чүрүмдү шапак баатыр асырап Чүрүм өзү менен кошо келген Бүрүмгө үйлөнөт. Чүрүмдөн – Эсенгул – Мендегул – Карач. Карач жаш кезинде эле өзүнүн зиректиги менен сөзгө алынып Өмүр баатырдын алтын шакегин алууга татыктуу болгон. Өмүр Карачтын чоң атасы Эсенбай менен уялаш бир тууган. Карачтай шыдыр таамай айткан жумуру башта жок деп санжырада айтылгандай өзгөчө феномени бар инсан Карач бөлөк элден келип, калыс адилет болуп, чындыкты жалтанбай шыдыр түз айткан өзгөчөлүгү менен Көл бугусунун сый урматына бөлөнүп Аке деген даражага татыптыр. Текес тараптагы Жылдызды жердеген туугандарынан келатып Жыргалаңдын боюнда бооз үйлөр тигилген жыйындын чоо жайын сурайт. Сиздин уулуңуз Жамгырчыны болуштукка шайлап атабыз дешет. – Ал болуштун жүгүн көтөрө албайт деп Мамбеттин Байзагын шайлатыптыр. 1870-жылдарда Белек уруусу Нарын тарапка көчүрүлө баштайт. Малай карыя барып суранса Чыныбай мойнубай кайра басынтат. Малай Карачка айтса Чыныбайга барып “Капкайдан келип сен билип, кангайдан келип мен билип турсак белек акмак журт бекен” деп мөөр бастырып берип белектерге жер алып бериптир. Карач болуш болуп турганда чоң журттан мал-жан араң илкип чыкканда уезд салык төлөбөйсүңөр деп ал-жайды укпай кыстаганда казынаңардын түбү тешилип калса жаматып ал деп беш тыйынды стөлгө койгондо бир жылдык салыгынан куткарыптыр (Т.Сыдыкбеков “Өмүр жана күлкү”).

 

* * *
Ч. Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун борбордук мамлекеттик архивдик материалында Карач Эсенбаев болуш болуп шайланган архив материалы бар. ЦГА РК. Ф. 44. Оп. 1. Д.935. Л. 1-2.
Карач акенин сөөгү Аксуудагы чолок айылында.

 

Кыдыр аке (1843-1926)

 

Калыстыктан качпаган,
Калпыс сөздү айтпаган.
Жакынына тартпаган,
Жардыга доомат артпаган.
Айтканы элге эм болгон,
Телегейи тең болгон.
Касиеттүү Кыдырды,
Кызыр Алей-Салам колдогон.

 

Патриархалдык-жамааттык, коомдук мамиле өкүм сүрүп, кыргыз эли билимден алыс, сабатсыз эле. Саясий-экономикалык жактан орус падышачылыгына көз каранды болуп турганда уруучулук, көчмөн жашоодогу бытыранчылык, уруу башчыларынын өз ара тирешүүсүнүн натыйжасында ырк-ынтымак бузулуу коркунучунда коомго Кыдыр Акедей инсан зарыл эле. Уюткулуу журтумдун чыгааны Х!Х кылымдын жарымында ары акылман, ары калыс, 1843-жылы төрөлгөн Байсары уулунун чоң атасы Олжобай «Арык» тукумун башкарган бий экен. Байсары тынч оокат өткөрүүнү, аңчылык кылууну тандаган экен. Сарыжазга көчүп барып, нары жагы Кытай тараптагы Кызылсөөк, Көйкап бери жагы Эңилчек, Кайыңды, ортосунда көк мелжиген Кантеңирди жердейт. Ошол мезгилде төрөлгөн Кыдыр эл оозунда азыр да аңыз айтылып Кызыралейсалам менен байланыштырылат.
Ысыккөлдүн акелеринин кичүүсү Кыдыр Аке эки доордо өмүр сүрүп, экөөндө тең эл-журтуна кадыр-барктуу болгону менен айрымаланат.
Ал Кылжырдын Орозбактысынын беш мырзасынын бешинчи мууну. Түлөберди бабасынан Эренче аттуу колго түшкөн калмак кыздан Олжобай төрөлгөн (Чоң Олжобай, Кичине Олжобай деген жайлоо бар). Олжобайдан Байсары, Токсоба. Токсобанын Миңжылкы аттуу баласы аттан жыгылып каза таап, күйүттөн кийин аялы Каным төрөбөй калат. Кайнагасынан Кыдырды багып алышкандагы жеңеси Даананын сабырдуулугу, айкөлдүгү ата-бабабыздан калган аялзатынын бир өзгөчө касиети.
Кыдыр атка мингенден тартып ойоздун (уезд) жардамчысы баккан атасы Токсобаны ээрчип өсөт. Атасынын кадыр-баркы менен эл-жер тааныйт, эл үчүн күйгөн жандарды, өз көмөчүнө күл тарткан байларды көрөт. Жашынан ар кандай топторго, жыйындарга катышкан өспүрүм кээ бир чаташкан иштердин жолун таба коюп, эл оозуна алынып «кичине Токсоба» деген атка конот. Токсоба менен айтылуу Тилекмат жакшы санаалаш болуптур. Миңжылкыга Тилекматтын Мааке аттуу кызына куда түшкөн экен. «Кызыбыз бойго жетти, кудайдын буйругу. Калыңыңарды алып, башын ачкыла» деген кабар келет. Аянычтуу ахыбал жакшылыктын жарыгын кайра берет. Кыдыр деле бой тартып калганына Каным, Токсоба сүйүнүшөт. Күйөөлөп барып, Маакеге эмес, ага-туугандарына, Тилекматка жагат. Кыдыр он жетисинде Төөгөчүнү көрөт. Токсобадан кийин Чыныбай султан болуп турганда, Каракол ойозу болуштуктарга бөлүнөт. Болуш шайлоодо Арык тукумунда талаш-тартыш көбөйүп, шайлоону созушканда аксакалдар өздөрүнчө жыйын өткөрүп, Кыдырды чакыртып келишип, «болуштукка жарайсыңбы» деп сурашканда:
- Силер үчүн курмандыккка даярмын, ишеничиңерди аткарууга аракеттенип көрөйү, - деп, макул болот. Он сегиз жаштагы Кыдыр Арык тукумуна болуш болуп, алты жолу удаа шайланыптыр (үч жылда бир жолу). Чоңго да, кичинеге да бирдей мамиле жасай билгени, кичипейилдиги, адамкерчилиги, эки сүйлөбөгөндүгү, боорукердиги, дүнүнйө, мал-мүлккө ачкөздүк кылбагандыгы менен жумурай-журтка алынып, көл боюнда урмат-сыйга татыйт.
«Кыдырдын колунан жакшылык гана келет» деп эли кастарлаган экен. Кыдыр кырктын кырына жетпей болуштардын төрагалыгынын милдетин аткарат.
1880-жылдарда орустардын массалык түрдө көчүп келе баштаган мезгилинде келгиндер менен жергиликтүү элдин ортосундагы данакер Кыдырга калк Аке деп кайрылышкан.
Кыдыр Аке өмүрүндө адамга жамандык кылбай, калыстыгынан жазбаганын азыр да аңыз кылып айтышат. Бугу элинин Белек уруусунан тараган айтылуу сан жылкылуу Сарыбай атасы Солтонкулга аш берет. Кезегинде Солтонкул да өз жагын былкылдатпай кармап турган манаптын бири болуп, атагы алыска кеткен. Аш 1889-жылы Каркыра жайлоосунда өтүп, кыргыз журтчулугунан, Жетисуудагы казак элинен көп эл келип, айтылуу Садыр Аке, Карач Аке, Кыдыр Аке кеңештин башында болот. Аштын чоң жарчылыгына шайланган Солтобай акын (Желдең уруусунун Азарбегинен):

 

Акбоз ат минип чалкайган,
Токсобанын Кыдыры.
Акылга терең шыдыры,
Бешенесинен куюлуп турат ырысы, - деп ашты башкарган Кыдырды даңазалап ырдаптыр (Т. Болчуров. «Кыдыр Аке», 37-бет).
Кыдыр Акенин иниси Быйтыман 1905-07-жылдары Арык тукумунун болуштугуна шайланып, биринчи эле жылы тогуз ирет топ жыйып, эчендерге чыгым тарттырып, тогуздап айып салыптыр. Арыктын эки баласынын (Балтатыр, Жоотатыр) ортосунда ырк кетет. Болуучу топто чатак чыгаарын билип, Кыдыр топту өткөрбөгүлө дегенине болбой өткөрүшүп, Быйтыманды Балтатырдын Саркесинин Деркембайы атып өлтүрөт. Жоотатыр уулу «Балтатырдын балдарын чабыш керек, Саркенин тукумун кызылуук кылыш керек» деп бүтүм чыгарганда Кыдыр:
- Өлөөр жигит өлдү, чабышты койгула, элге кыйын болот, - десе болбой Жоотатырдын жигиттери Түргөн ичиндеги Ондон, Сарке уругун чаап, үйлөрүн өрттөп кетет. Жабыркаган тарап губернаторго барып калкаланат. Кыдыр Аке Бозучуктун башына Арык тукуму башын кошкон топ өткөрүп:
- Кагылайын калайык! Быйтыман менин иним болсо, Деркембай да иним. Күнөө экөөндө тең бар. Атабыз Арык. Эки бир тууган чабышып жатсак, тыштан караган душмандын отуна май чачырабайбы. Чырды тынч бүткөрөлү, - деп, бийлер кун төлөөчүлөргө кун төлөтүп, айып тартуучулар айыбын төлөп, толкуган эл токтоптур. Быйтыманды аткан Деркембайды ойоздун соту үч жылга кесет.
1910-жылы Жетисуу губерниясына баш ийген Олуяата, Дуулат, Пишпек, Каракол уездеринин чоң жыйынында Кыдыр Аке менен Шабдан биринчи жолу кезигишет. Жыйынды Кыдыр Акенин башкарганына ыраазы болуп:
- Кыдыке, бийлик сизде, сөз да сизде, өзүңүз чечиңиз, сизден чыга албайбыз, - деп айткан экен Шабдан.
Доо арыздан тышкары 18 сегиз маселе каралат. Кыдыр Аке бий, болуштарга, старчындарга (старшина) баса кайрылып, мындай деген экен:
- Кулагыңарга түйүп койгула! Туура бийде тууган жок, тууганга тартсаң ыйман жок. Карагылачы тетиги эки өстөн сунуу, бири ылайланып агып келет, экинчиси тунук агат. Тунук суу агымдын шары менен киргил сууга айланды. Силер бийлер, болуштар, старчындар тунук болгон күндө гана калыстык, акыйкат жашайт, - деп эл-журттун атынан талап коюптур (Т. Б. – К. А. 58-бет).
Жарым айга созулган курултайда баардык иш Кыдыр Акенин кийлигишүүсү менен чечилип, дооматчылар, арызчылар, бий, болуш, старчындар, эл да ыраазычылык менен тарашыптыр. Бир доо мында чечилиптир: Кадимки Шабдан баатырдын тууганы жайлоодон көчүп келатып, Шамей деген дыйкандын эгинин жылкыга тепсетип, майкамдап кетет. Жаны күйгөн Шамей жылкынын ээсине барса: «сени качан эгинин оруп алат деп жайлоодон түшпөй отура берет бекен» деп тоготпойт. Шабданга даай албай курултайга барып, Кыдыр Акеге жолугуп, муңун айтат. Бул арыз да адилет чечилип, көпкөн бай эмес Шабдандын өзүн кечирим суратып, Шамейдин ажатын ачып берген экен Кыдыр Аке.
Айрыкча курултайдан кийин Кыдыр Акеге кыргыз эмес, казактын, орустун төрөлөрү ийилип салам берип, урмат-сый көрсөтүшкөн экен.
Кыдыр Акенин өмүр жолунда эч качан калыстыктан тайбагандыгы, эл үчүн кылган кызматы айтылат.

 

* * *

 

1913-жылы Романовдордун 300 жылдык тоюна Азия жолборсунун баласын белекке берип, подполковник чини менен түшкөн сүрөттөрү эски орус музейинде, Омскидеги Н. Ю. Вернов атындагы тарых музейинде. Ошол тойго барып келген соң Аке орус кыштактарына таанымал болот. Пржевалңск уездинин началңниги Иванов, Аксуу чебинин башчысы Коломыцин жана башкалар Кыдыр Аке менен кеңешип турган.
Тынымсейит уруусунун айтылуу чечени Көкөтөйдү жергиликтүү болуш Такырбаш болбогон жерден күнөөлөп, Сибирге айдатаарда губернаторго чейин барып, Такырбаштын дооматы жалган экенин түшүндүрүп куткарган.
Х!Х кылымдын аягында келгин орустар көлдө көбөйгөндө Кыдыр Аке биринчи болуп орустар менен тынч жашоого үндөгөн. 1916-жылы «орустарга катылбагыла» деп какшаганын укпай, толкуп алган эл «Үркүн» деген алааматта оор тагдырга кабылган. Кытай жергесинде да Акенин аты алыска тараганынан эч ким элин кысмакка алган эмес. Кийинки жылы жазында ойоздун началңниги Ивановдун көрсөтмөсү менен Куприянов баштаган 20 солдаттан турган отряд Кыдыр Акени издеп чыгышат. Алар Талдыкоргондун Шумкар деген жеринен кезигип, ойоздун саламын айтып Сагын, Кожомкул деген жигити менен көлгө Константиновка кыштагына түн ичинде келишкенде орустар жулунушуп, муштап жибергенде Куприянов тапанчасын өйдө атып, «бул киши Байсариев Кыдыр» дегенде токтоп калышат. Эртеси Кыдыр Акеге учурашалы деп Аксуу орустары жолду бербей тосушат. Ивановго Пржевалдын кара багында кезиккенде:
- Господин Байсариев, сизди аман-эсен көргөнүмө кубанамын, азырынча бул жактын тынчы жок, сизге бир отряд солдат берилет, элиңизге жетип, казак жеринде туруңуз, эл тынчыганда бул жакка көчүрүп алабыз, - дейт.
Шатынын аркы бетиндеги Тоочелек деген жерде туруп калышат. Акпадыша кулаганын ошол жерден угушат.
1917-жылы 12-декабрда Алматыда Жетисуу обласынын сиези болуп, качкындардын атынан Кыдыр Акенин баласы Акимкан, Букай, Токтобай, Айтуган баштаган он эки жигит катышып, Ибраим Жайнаков, Михаил Фрунзе менен кезигип, акча, көп мата алып келишип качкындарга таратышат. Акимкан Тоочелек Кедейлер комитетине мүчө болот. 1918-жылдын башында Кыдыр Акенин эли өз жерине - Керегеташка келишет.
«Эл оозунан дагы топтоп, чыныгы фактылар менен далилдеп купулга толчудай чоң чыгарма жаратып калаармын» - деп жазат Токтобек Болчуров.
Кыдыр Аке жалаң эле эл ичиндеги чыр-чатактын үстүндө болбой, оюн-күлкү, той-тамашага аралашып, курдаштарынын шайыры болгон. Жаш кезинен комуз кармап, залкар күүлөрдү черткен. Азыр да Кыдырдын арман күүсү «Төөгөчү» чертилип жүрөт.
Куш салып, тайган агытып, мыкты саяпкер да болуптур. Тандаган күлүктөрүнөн Тайгашканын даңкы эмдигиче айтылат. 1890-жылдан Каркыра жарманкеси үзүгү жок өтүп, Анжиян, Букарадан бери соодагерлер Кыдыр менен алака түзөт. Тайкашканы Жаркенттик (Ташкент) соодагер Кубанияздан алган. Күлүк үч ирет миң жылкы байге алып берет. Байгенин көбүн соогатка таратчу экен. Бир жолу байгенин жалгыз төөсү калып, соогат сураган байбичеге карматканы Акенин айкөл берешендигинин бири гана.
Кыдыр Акенин мезгилинде жашаган Көл, Нарын, Чүйдөн чыккан Манасчылар Чоюке, Сагынбай, Саякбай, комузчулар Карамолдо, Ыбрай. Чоюке «Манас» айтканда угуп отургандар көз ирмебей таң атырышчу экен. Садыр Аке Карамолдону жаш кезинде Кыдыр Акеге комуз черттиргенин көп кишилер комузчудан угуптур.
Ондон, Сарке айылынан Ыбрай комузчунун жаңы чыгарган «Бозсалкынын» укканда: «Балам, жанагы жамактатып ырдаганыңды кой. Сенден кара күүнүн атасы чыгат» деп, батасын бериптир. Ыбрай карыганда Караколдо жашап турганда (Коөнкөзов, 16) атасы экөө Кыдыр Акени көп айткандарын укканын «Кыдыр Аке» китебинин автору эскерет (Т. Болчуров. «Кыдыр Аке», 68-бет).

 

* * *

 

Үзөңгүлөштөрү Баатыркан ажы, Соодонбек ажы, Ырыскелди чечен, Солтобай ырчы, Кайду, Катаган саркеден Ажына Асанбай уулу жана башка ондогон, жүздөгөн адамдар болгон. Айрыкча Ажына аткошчу катарында жанынан кетчү эмес экен. Аз кичүү болсо да жанкурбу, кепкор, куйма кулак адам болуптур. «Кайран устатым» деп, Кыдыр Акени эсине алганда көзүнөн жаш чыгып кеткенин байкабай калчу экен.
1923-жылы Чоңжергез айылындагы Элебесов Осмон Пржевал уездинде сот болуп иштеп турганда Керегеташ айылынын Эштек уруусунун жигиттери ага кол тийгизет. Эштек уруусу Керегеташ айылынан чыгарылмак болгондо арага Кыдыр Аке түшүп, эки тарапты тынчытып элдештирген. «Эл бузулган жакшы болбойт» деп, араздашкандарды жөнгө салчу экен.
Байсариев Кыдырдын феномени орус төбөлдөрүнө жаккан. 1878-жылы Акпадышанын чоң күмүш медалы менен сыйланган. Андан соң «Станислав тасмасын» алтын медалы менен алат. Алматы архивинде уезддик правителдин «Таза адам Кыдыр» деп жазганы бар («Доор аяны», 27.11.04. Дөөлөтбек Сапаралиев). Кулжадагы орус аскерлерине ат унаадан жардам берген. Жер-суу бөлүштүрүүдө ойоздо Кыдырдын көз карашы эске алынчу экен.

 

* * *

 

1914-жылы Россия империясынын Германия менен болгон согуш создугуп (биринчи дүйнөлүк согуш), орус аскерлери алсырай баштаганда, Орто Азия элдеринен аскерге киши алуу буйругу чыгат. Кыдыр Акенин элине жасаган жакшылык аракетинен баян алалы.
Каракол уездинин началңниги Иванов 1916-жылы болуш, бий, старчын, кадырмандарды чакыртып, 20-43 жаштагылар аскерге алынаарын жарыялаганда Кыдыр Аке:
- Урматтуу ойоз! Биздин эл аскер кызматынан түшүнүгү жок. Чатак чыгып кетиши ыктымал, эл менен кеңешели, - деп, бир жума мөөнөт алат. Кыдыр эл-журтту, билермандарды чогултуп:
- Орус деген аттын түгү болсо, биз кыргыздар, кашкасынча жокпуз. Орусиянын учу-кыйырсыз жерин, көп элин, курал-жарагын, сууда сүзчү кемелерин, замбиректерин көргөм. Бөөдө элди кыргынга учуратпайлы, - деп жан дилинен кайрылса, кээ бир кесирдүү манаптар, дөөгүрсүнгөн жигиттер орустарды чабууга үндөшөт.
- Токтой тургула жигиттер! Колуңда кайсы куралың бар? Бешатар, замбирекке союл менен чыгасыңарбы? Биз катылбасак эле баары жайында болот. Ойозго кат жөнөттүм, чыдагыла, сүйлөшүп көрөлү. Аларды Караколдон, көлдөн кубалап жеңе албайбыз. Верныйда, Олуяатада, Пишпекте чептери турат, миңдеген аскери бар. Дыйкан орустардын ар биринде мылтык бар, алар да жөн жатпайт, - деп дагы кайрылат.
- Казатка чыгабыз, эгинин өрттөйбүз, Кыдыр Аке оруска сатылып кеткен, укпагыла, - деп эл ичинен бирөө кыйкырат.
- Жигиттер, мен элдин алдына кызмат кылдым. Сатсам малыман саттым, элимди саткан жокмун да, - деп чындык чыркыраганда, шаардан (Караколдон) Акимкан алакандай кат алып келет. Анда: «Урматтуу полковник мырза! Сиздин кыргыздар көтөрүлдү. Орустардан чыгым болсо эч айоо болбойт» деп Иванов жазыптыр. Кыдыр Аке Арык, Белек элине жигиттерин чаптырып, орустарга катылбасын деп дагы жандалбас урат. Толкуп алган эл Талдысуу, Түп, Аксуу, Покровка кыштактарын талкалап, эгиндерин өрттөп Караколго аттанышат. Уездеги куралдуу аскерлер жабыла ат койгон жигиттерди чөп чапкандай сулатат. Жазалоочу отряд Верныйдан келип, кыргыздар Кытайды көздөй үркөт. Убайым жеген Кыдыр эли менен бирге болгусу келип, Кытайга барат. Кытай жеринен качкын кыргыздар кайтып көлгө келишкенден кийин деле кордуктан арыла алышкан эмес. Совет бийлиги орногондон кийин гана тынч жашоо башталат.
Көрөгөч, кыраакы Кыдыр Акенин айтканын укпай, көлдүк кыргыздар жазаланып, куугун жеп, азап чегип, ашуудан да кырылып, сөөктөрү көмүлбөй итке-кушка жем болуп, Кытайга үркүп барып келгенде кырк пайызы кырылганы тарых барагында тастыкталат.
Бул трагедия болбоосу мүмкүн беле деген суроого бүгүнкү, эртеңки муундардын көз карашы жооп тапмак. Канга - кан, өлүмгө - өлүм деген кек түпкүрдөн келген. Чолок акылга жеңдирип, эр-бүлөлөрү согушта жүргөн, катын-бала, абышка-кемпирге айры, союл менен көрсөткөн аянычтуу кордуктун жообу кылыч, бешатар менен берилген. Кыдыр Акенин катына Ивановдун «эч айоо болбойт» деп эскерткени да ошол. Үркүнгө 90 жыл болуп бараткан мезгилде жаңыча көз караш чындыктын татымын берет (А. Супатаева. «Үркүнгө жаңы көз караш»). Ошол кезеңде алааматты айтуудан айныган адам кантип баа бермек? Агарардык маселелерде жергиликтүүлөрдүн кызыкчылыгы эске алынбагандыгы чындык. Падышанын аскерге мобилизация жардыгы көтөрүлүштүн шылтоосу. Окумуштуу К. Карасаев кош кабат эзүүнүн болбогонун, бай-манаптын элдин акысын жегени айтылгандан алда канча төмөн болгонун ошол доордун күбөсү катары ырастайт. Мисалы, Түргөн болушунан Бекболот бай, Жуукудан Байгазы болуш айттарда малы жокторго ирик таратчу экен. Жашоо-турмуштун ажырымы көтөрүлүшкө себеп эмес. Кеп чолок акылга кошулуп, көптүн дүрбөп кеткенинде. Кечээ эле этнос аралык кагылыштарга кирген Ош, Өзгөн жана Аксы окуяларын буга күбөгө тартсак болоор (А. Супатаева). «Индивид массага аралашканда көпчүлүккө таянып, жеңилбес сезип, шайтан азгырууга барат» (А. С.).
Орус кыштактарында кандай ырайымсыздыктар болсо, мындай психологиялык кырдаал аларга өтүп, колуна тийген кыргыздарга жырткычтык инстинктеги психология менен бөрк ордуна баш алышкан.

 

* * *

 

1926-жылдын башында Кыдыр Акенин ден соолугу начарлап, он айыл кеңешине бириккен Арык тукумун чогулттуруп: «Мен ары карап кетсем көпчүлүккө салгыла» деген экен. Көп узабай 26-март күнү каза болуп, топурак салууга Албан, Бугу, Сарбагыш, Солто, Саяк, он-сол кыргыздан келген 3500дөй адамды конок катары күттүрүп, элүүдөй бээ, жүздөй майда мал союлат. Сөөгү Керегеташтын тоо тарбына коюлуп, жергиликтүү кирпичтен күмбөз тургузулат. Орустар эки жүздөй арабага нан, тамак-аш алып келип, ардактуу күзөткө турушат. Аларга 150 сом мүчө берилип, Акеге арнап ат чабышат.
1992-жылы эгемендүүлүккө жеткенде Акенин урпактары жаңы эстелик-күмбөз салышты. Күмбөз архитектуралык татымы жагынан Кыргызстандагы көлөмдүү - баалуу эстелик.
Кыдырдын биринчи аялы Тилекматтын кызы Маакеден Төөгөчү, Акимкан (1918-жылы каза болот). Экинчи аялы Аңөстөндүк Токтомамбеттин карындашы Тилекеден эки кыз, Малик деген уул. Үчүнчү аялы сарткалмак Момун аттуу кишинин кызы Гүлшарадан Шамий, Закинай, Акиралы, Шакиралы. Акенин урпактары Керегеташта. Кыргызстандын аймагында да эмгектенгендер бар. Неберелеринен Шамиев Анарбек Аксуу районундагы Ж. Алышбаев атындагы орто мектептин директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими. Кыдыров Дүйшөнбек ички иштер кызматынын полковниги. А. Шамиев чоң атасы Кыдырдын 1869-жылы Каракол шаарынын негизделгенине, курулушуна салым кошконун, радионун алтын фондусуна 28 күүсү сакталганын, Ыбрай Тумановдун устаты болгонун, Керегеташ айылындагы мектеп музейи Акеге арналганын жазат. Керегеташ, Аксуу айылдарынын бирден көчөсү, Каракол шаарынын Түпкө кетүүчү чоң көчөсү Кыдыр Акенин атында.
Кыдыр Аке сексен үч жашка чыгып, дүйнөдөн өткүчө сөзүнөн жаңылбаптыр, акылынан адашпаптыр. Кара кылды как жарган калыска эли-журту «Кыдырдын колунан жакшылык гана келет» деп айтышчу экен.
«Нээтиңди оңдо, пейлиңди бузба, ач көздүккө азгырылба», деп Аке баса эскертиптир.
«Урушпай ажырашсаң, уялбай учурашасың».
«Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок». Цитаталары жашоо-турмуштагы бутага тийген октой, адамзат коомуна тиешелүү. Кыдыр Акенин баскан жолу эл эңсеген бийлик. Биз куруп жаткан демократиялык коом (эл бийлиги), Акенин баскан жолун жолдоочу инсандарга зарыл.

 

 

Корутунду
Аз эркиндикке караганда көп эркиндиктерге
кыйынчылыктарга карабастан
тартылгым келет.
Томас Джефферсон 1791-ж.

 

Коомдун келечеги жаңы адамдын калыптанышында. өткөндү жаңы жакшы жаралбайт. Бүгүнкү элдик бийликти жактагандар коомубузду акыйкат өнүктүрүүчүлөр. Акелердин да осуяттары ушул багытта. Демократия коом куруп жатканда Акелерди туу кармап, аларды өз мезгилиндеги демократтар деп атоого татыктуу. Анткени элдин ишенген инсандары Акелер эле. Демократиялык коомубузду сактап өнүктүрүүдө Акелердей элдин биримдигине, ынтымагына, келечегине толгонгон демократ инсандар бүгүн абадай керек.
Акелердин теги ар башка болсо да ысыккөлдүн Акелери аталат. Сарт жер которуп келген Дөөлөс уругунан, Тилекмат Боорсок бийдин кызы менен кошо келген Жылкыайдардын баласы. Карач калмактан олжого түшкөн Шапак баатыр баккан. Чүрүмдүн чөбөрөсү. Булардын тегин ылгабай Аке деген ата-бабаларыбыздын зор омоктуу акыйкат тутканы. Тууган эне эмес, баккан эне дегендей Тилекматтын атасы Жылкыайдарды асыраган Бирназар бий Чүрүмдү баккан Шапак баатыр, Чулум кашкага көз салган Алсеит кыргыздын менталитетин даңазалаган инсандар (тарыхта асырандылар арбын болгон).
* * *
Кокон хандыгы кыргыздарды караткан мезгилде уруулардын өз ара тирешүүсүнөн пайдаланган. Сарбагыш солто чабышында Солтого болушуп 1823-жылы Бишкек чебин курган. Россиянын колониялык саясатында да бул ырксыз абал пайдаланылган. Мамлекетибизде биримдик болбосо – келечек бүдөмүк. Бүгүнкү түндүк, түштүк деген ажырым жакшылыкка алып барбайт. Карга Акенин “ынтымакты туудан ал” деген асыл мурасы өлкөбүздөгү бүгүнкү олку-солкулукту четтетүүгө багыт берет. Демократия коомубузда эгедерлик кылган кезде туубуздун баркы көкөлөйт. Анткени туубуз демократия багытына сунулган.
Өткөндүн жаңырыгы алыстап, улуу адамдар бүдөмүк тартып кийинки муундар билбей бараткан. Акелерди мектеп окуу жайларында окуу программага киргизүүнү мезгил талап кылат.
Алтынды дат баспайт, сүрсө жаркырайт. Акелерге таазим улана берерине коомчулук бийлик демилгечи болоор.

 

 

 

К. Кашымбек Асанбеков ЫМУнун изденүүчүсү

 

Каракол, Коенкөзов 35/31
тел. 2-00-31

 


 

 

Пайдаланган адабияттар
1. Ж.Жылкыбаева “Тарыхый инсандар таржымалдары”. Сарт Аке, Мойут Аке, Тилекмат Аке, Садыр Аке, Кыдыр Аке, Карач Аке. Каракол 1995.
2. Закиров С. “Кыргыз санжырасы” Бишкек 1994.
3. К.Жетимишбаев, Р.Масуракунов “Санжыра санаты” Бишкек 1994.
4. Т.Сыдыкбеков “Күлкү жана өмүр” Фрунзе 1988.
5. Т.Болчуров “Кыдыр Аке”, Нарын 1993.
6. Т.Сыдыков “Көл керемети”, Бишкек 2001.
7. Э.Маанаев, Ү.Асаналиев “Карга Аке тарыхый инсан”, Ысыккөл үнү 13.09.03.
8. Х.Карасаев “Карга Аке ким болгон” (Элдик академиктин мурасы), Ысыккөл кабарлары 14.18.01.
9. А.Ибрагимова, Р.Таштемирова “Карга Аке – Акелердин улуусу”, Эркин Тоо 29.08.03.
10. Под крылом России и теплее и безопаснее, Комсомолңская правда, 30.08.03.
11. Кыргызстан Россия (под редакцией В.М. Плоских), Бишкек 1998.
12. Ж.Жунушалиев, А.Какеев, В.Плоских “Исторические этапы кыргызской государственности” (3 век д.н.э. – 20 век н.э.), Бишкек 2003.
13. А.Иманов “XVIII к. Экинчи жарымы, XXк. башталышындагы Ысыккөл өрөөнүндөгү ойчулдар, агартуучулар”, 2-бөлүм Каракол 1998.
14. Ж.Алиев “Алдаяр Мойут Аке”, Бишкек 1996
15. Ж.Осмонов, Асанканов “Кыргыз тарыхы” (энциелопедия), Бишкек 2003.
16. Ж.Осмонов, Асанканов “Кыргызстан тарыхы”, Бишкек 2003.
17. К.Асанбеков “Карга Аке” (дипломдук иш), 2001.
18. К.Асанбеков “Бугу элинин Россияга кошулушундагы Карга бийдин тарыхый орду”, Вестник ИГУ №11, 233-бет, 2004.
19. К.Асанбеков “Карга Аке сөз чебери” И.И. жана турмуш (журнал), №1, 2004 , 65-бет, Бишкек.
20. Т.Касымов “Боронбай жана Төрөтай” (тарыхый роман), Бишкек 2006.
21. Ш.Жаналиева “Калкым көлүмөн айрылбасын”, Ысыккөл кабарлары, 07.07.06.
22. К.Асанбеков “Ысыккөлдүн жети акеси”, Бишкек 2006.
23. К.Сыдыкова “Чачылган кыргыздар” (тарых), Бишкек 2005.



#2 Ulansam

Ulansam

Отправлено 01 Апрель 2011 - 07:32

unid-pro

 

ракмат, жакшы маалыматтар экен.



#3 L1don

L1don

Отправлено 01 Апрель 2011 - 12:09

шилтемесин берчи, кайсыл сайтан алынды?



#4 unid-pro

unid-pro

Отправлено 01 Апрель 2011 - 17:43

L1don

шилтемесин берчи, кайсыл сайтан алынды?

шилтемеси жок

Облмамжетекчиликтен мындай маалымат таап алдым.

деп айтпадымбы.



#5 Kirghiz

Kirghiz
  • На удаление
  • Cообщений: 8
  • Регистрация: 31-01-2017

Отправлено 09 Февраль 2017 - 11:56

Кыдыр акеге бул жаңылыктын тиешеси барбы жокпу? --- http://bit.ly/2koVIBh

 




Количество пользователей, читающих эту тему: 1

0 пользователей, 1 гостей, 0 анонимных