Перейти к содержимому



Фотография

"Боз үй" талдай кетели.. Эмнеден турат, эмнеден курат?


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 36

#1 TUMAR

TUMAR

Отправлено 26 Февраль 2011 - 15:09

Кыргыздын жакшынакай болгон аппак кийизден капталган боз үйүн талдай кетели. Ал канча ууктуу, канча керегелүү экенин биле кетсек жакшы болот эле. Мисал катары алганда:

 

1. Түндүк
2. Уук
3. Кереге
4. ?

 

Колдон келсе сүрөттөрүн, тарыхын, таржымалын дагы баяндай кеткен киши болсо жакшы болот эле.

 

1.jpg 2.jpg

 

3.jpg 4.jpg

 

5.jpg 6.jpg

 

7.jpg 8.jpg

 

9.jpg 10.jpg

 

11.jpg 12.jpg

 

13.jpg 14.jpg


Сообщение отредактировал TUMAR: 26 Февраль 2011 - 15:30


#2 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 26 Февраль 2011 - 15:21

Боз үй, анын жабдылышы
Кыргыздар көптөгөн кылымдар бою көчмөндүк турмушту баштарынан өткөрүп келишкен эл болгон. Алар мал чарбачылыгы менен кесиптенип, мал багып жашоосун мал менен бирге өткөрүшкөн. Ошондуктан жайдыр-кыштыр журт которуп көчүп-конуп жүрүшкөн. Жашоо тиричилиги мал чарбасы болгондуктан кыргыздар боз үйдү жайкысын жайга, кышкысын кышка ылайыкташтырып жасап алышкан.

 

Боз үйдүн жабдылышы - жыгачтардан жана кийизден, майда жип-шуулардан болгон. Боз үйгө түндүк, уук, кереге, бозоголор тал, терек, четин ж.б. узун шыргайларды пайдаланышкан. Боз үйдүн жыгач жабдуусун даярдоо оңойго турбайт. Эң алды менен уук, кереге керектүү жыгачтарды жасалгалоочу жерге топтоп алышат да матоодон өткөрүү үчүн корго салып жумшартышат. Жумшарган жыгачтардан уукка, керегеге ылайыктап тистен өткөрүшөт.
Уук: Уукту тистен өткөндөн кийин үйдүн чоң же кичинесине ылайык, ченеп жасайт. Ууктун баш жагы түндүктүн алкагындагы көзөнөккө туура келгидей кылып учталат. Аяк жагы кооздолуп, учуна керегенин башына байлай турган өрүлгөн жип тагылат. Жасалган ууктарды кызыл жошо менен боеп, матоосу жанып кетпес үчүн баш аягын таңып, көлөкө жерге коюп кургатышат.
Кереге: Кереге уукка караганда жасалышы татаалыраак болот. Керегенин жыгачтарын да корго салып, жашытып алып, анан тиске салып ийет, керегенин баш жагын ийди менен чалкалата ийип коет. Керегенин жыгачтары бирдей болбойт.
Кыска саканактар болот. Саканактар ар бир канат керегени бириктирүүгө жардам берет. Керегенин жыгачтарын карыштап ченеп б.а. 18-20 см. бирдей кылып, көк менен көктөп тор көз кылып бириктирет. Көк уйдун, төөнүн терисин тузга чылап, чылгый боюнча тилип алып анан көктөлөт. Ар бир керегенин бириктирилген башы 16, 18 же 20 болот. Мисалы 80 баш уук боюнча, 5 канат кереге боюнча эсептен 80 баш боз үйдөн аталат. Алсак (16 баш + 5 канат = 80 баш жана башка).
Түндүк: Түндүк - алкак, чамгарак деген эки бөлүктөн турат.
Алкакты жоон талдан, кайыңдан корго салып жашытып, тиске салып, андан кийин эки жаача кылып ийип, ченеп экөөнү тууралап бирин-бирине аштап алкак жасалат.
Алкактын сырткы капталына үйдүн чоңдугуна жараша ууктардын башы киргидей көзөнөктөр (70, 80, 100) үшкү менен көзөлөт. Алкактын үстү жагына чамгарактардын баштары кире тургандай кылып карама-каршы багытта төрттөн төрт жагына 16 көзөнөк тешилет.
Бозого таяк: Боз үйдө жыгачтан жасалган 2 жан босого, бирден баш босого, жер босого жасалат.
Жыгачтан жасалган бардык жабдууларын жыгач усталар жасашкан. Усталардын колдонгон мурунку куралдары: матоо жыгач, ийди, үшкү, аштама керки, мети темир шиш, шибегелер, тарткы дегендер болгон.
Боз үйгө калануучу чий: Чийди тандап, узунунан жаандан кийин бирден түбү менен тартып келип, аарчып тазалайт. Андан кийин 6-8 тап кылып согот. Мисалы, 6 тапка 12 сүйрү ташка жип ороп баканга салмоорлоп, чийди бирден коюп жиптерди алмаштырып иштей берет. Боз үйдүн сырткы жабдуулары: үзүк, туурдук жана эшик. Буларды ак койдун жүнүнөн кийиз жасап, анан ченеп, бычып жасалат.
Үзүк: Үзүктүн түндүк жагы кууш жана этек жагы жазы болот. Үйгө эки үзүк жасалат. Алдыңкы жана арткы болуп. Үзүктөрдүн алды, артына бастырык (сызма) менен бекитет.
Туурдук: Туурдук кереге ылайыктап жасалат. Туурдуктун жабык баш деген бөлүгү үйдүн ич жагынан көрүнүп турат. үйдүн эшигинин ички бетин чийден согуп, сыртынан кийиз капталат. Эшиктин босогодон өйдөкүсү үзүктүн астында калат.
Түндүк жабуу: Түндүк жабуу түндүккө жанаша бычылып жасалат. Анын төрт бурчуна жип тагылат. Түндүк жабуунун бурчтарын төтөгө деп коет.
Боз үйдүн майда жабдуулары көп болот. Алсак түндүккө эки желбоо жип тагылат. Шамал болгондо анын пайдасы бар. Кырчоо (курчоо) курчоону туурдуктарды бастырып үйдү айланта курчап коет. Түндүк жабдууга да жип байланат. Жиптерден башка ак сызмалар жана үзүк, туурдуктарга терилип түр салынып жасалган сызмалар жасалат.
Кыргыз боз үйү илгертен, ата-бабадан бери карай очогунан от өчпөгөн, жайы-кышы жашап тукум улап келген, жашоо тиричилигин баштарынан кечирип келген мекени жана туусу болгон деп айта алабыз. Анткени, кыргыздар ошол боз үйдө төрөлүп, ден соолугу чың бышык болуп чоңоюп эресеге жеткен.
Боз үйдү кыргыздын улуттук чыгармачылык маданиятын чагылдырган эмгеги десек да болот. Кыргыздар ар дайым улутун, тилин, дилин, наркын бузбай сактап келген эл. Ошондуктан азыр биз дагы кыргыз болгонубузга сыймыктана алабыз.

 

http://www.presskg.c.../10/0115_14.htm

 

Боз үй - кыргыз бермети
боз үйдү кыргыз жасаган,
Боз үйдө кыргыз жашаган.
Боз үйдө туулуп, төрөлгөн,
Боз үйдөн өнүп, көгөргөн.
Боз үйдүн ууктары ийилчээк талдан жасалат. Керегесин көчүп конууга ылайыкташтырып, бүктөмө кылып жасашкан.
Боз үй кереге, уук, түндүк, босогодон, бакандан турат, жабдууларын кийизден жасашат.
Алты канат ак боз - үй,
Алда кайда көрүнгөн.
Кыюуланып жиптери,
Кызыл жүндөн өрүлгөн.
Керегеси арчадан,
Керип толгоп канча адам.
Кыдырата кошоктоп.
Кынапталып жасалган.
Кырк уук түндүк көтөрүп,
Керегеге чырмалып.
Сыртынан чий курчалып,
Кыраакы көздөн сындалып.
Туурдуктары жабылып,
Тулгага от жагылып.
Комуз менен коштолуп,
Турмуш кирет агылып.

 

http://www.presskg.c.../09/0120_12.htm


Сообщение отредактировал zebest: 26 Февраль 2011 - 15:26


#3 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 26 Февраль 2011 - 15:23

Жайкысын болсо, тескерисинче, күн куйкалаган аптапта да боз үйдүн ичи салкын тартып турат. Анын үстүнө, каалаган учурда капталдан туурдукту түрө салып, шамалдатууга мүмкүн. Боз үйдүн ичиндеги аба эч качан үп тартып, адамдын демин кысылтпайт. Таң эртеңден тартып түндүк жабуу тартылып, ачык тургандыктан, аба тынбай айланып, тазаланып турат. Демек, боз үйдүн өзүнүн түзүлүшү эле кондиционердин милдетин аткарат. Бирок, тоолук кыргыздар азыр шаардыктар корккон өтмө жел (сквозняк) тийип, ооруп калуу дегенди билишкен эмес. Эгерде шаардагы темир менен бетондун куймасынан жасалган көп кабаттуу үйлөрдө адам кысылып, төрт дубалдын ичинде камалып калгандай сезимге дуушар болсо, боз үйдүн ичиндеги микроклиматтан улам өзүн ээн-эркин сезип, чарчаганы жазылып, жерден күч-кубат алгандай болот. Негизи, айлана формасындагы турак-жай адамдын жан дүйнөсүн да кеңейтип, фантазиясын өстүрүп, эркин ой жүгүртүүгө негиз түзөт. Жерге төшөлгөн ала кийиз, шырдак, жүндөн токулган килемдер сыз өткөрбөй, каалаган жерге жата берүүгө мүмкүн. Анын үстүнө мурун боз үйдө кыштаганда кийиздин алдына эрмен, шыбак сыяктуу ачуу чөптөрдү төшөп койгон - ары жылуу болсо, ары ар кандай курт-кумурска жологон эмес. Түркмөндөрдө талаада түнөгөн адам тегерегин эшилген койдун жүнү менен курчап койсо, каракурт, чаян ж.б. зыяндуу, уулуу курт-кумурскалар өтпөйт деген ишенимдин бар экендиги белгилүү. Жайытта оттогон койлор чөп менен кошо жеп салып, туягы менен тепсеп зыян келтиргендиктен, балким, аларда койдон, койдун жытынан коркуу сезими жаралып, ошондуктан кийиз төшөлгөн үйгө жолобошу да мүмкүн. Тез-тез жамгыр себелеп, көк шибер чөп каптап тургандыктан, боз үйдө чаң болбойт. Сыз тартып кеткен учурларда гана маал-маалы менен үйдөгү жыйылган жууркан-төшөк, ала кийиз, шырдактарды күн ачык тийген күндөрү сыртка алып чыгып, кагып, күнгө жайып, анан кайра ордуна жыйып коюшат.
Түзүлүшүндө темир таптакыр колдонулбагандыктан, боз үйгө чагылган да түшпөйт. Тоодо күн күркүрөп, чагылган чартылдаган учурларда мал-жандык боз үйгө ыктап калат. Кыргыздарда чагылгандын "Бир түшсөм учка түшөм, бир түшсөм курчка түшөм" деген анты болот экен деген ишеним жашайт. Курч деп илгери темирди айтышкан. Ошондуктан чагылган жаркылдап жаткан учурда темир тулганы, казанды жашырып, күзгүлөрдү тетири оодарып коюшкан. Эгер кокустан боз үйгө чагылган тийсе да, анын өрттөнүшү мүмкүн эмес, анткени кийиз ар кандай температурада да жалбырттап күйбөйт, быкшып түтөп отуруп эле көсөөлөнөт. Басма сөз беттеринен жапан туристтеринин радиацияны өлчөй турган аспабы кокусунан калпактын алдында калып, зыяндуулукту көрсөтпөй калганын окуган жайыбыз бар. Демек, боз үйдүн кийизи радиацияны да өткөрбөй тосчу касиетке ээ десек болот.
Боз үйдүн эң негизги артыкчылыктарынын дагы бири - анын жер титирөөгө мыкты туруштук бере алганында. Катуу жер титирөө болгон учурда да боз үйдүн жазылып-бүктөлчү керегелери серпилип, туруштук бере алат. Азыркы кезде сактоо кызматтары жер титирөө учурунда үйдөн чыга качууну же столдун алдына кирип жашынууну сунуштайт. Ал эми кыргыздар балдарын жер титиреген чакта отура калууга үйрөтөт. Мындай дал келбестик боз үйдүн коопсуздугу менен байланыштуу - анын ичинде адамды басып калчу оор мебель болбойт, сынып кетип денени кесип жаралачу айнеги да жок. Жер титиреген учурда адам жыгылып түшсө, оор дартка чалдыгат деген ишенимден улам гана балдарды отура калууга үйрөткөн. Боз үйдүн жер титирөөгө туруктуулугу андай алааматка кабылган элдер тарабынан да бааланып келүүдө. Совет доорунун акыркы жылдарында Армениянын Спитак шаары талкаланганда, мындан бир нече жыл илгери Түркиянын Измиринде катуу жер титирөөдөн улам он миңдеген адамдар үйсүз калганда биздин мамлекетибиз гуманитардык жардам иретинде боз үйлөрдү жөнөтүп, аны пайдалангандардын ыраазылыктары маалымат каражаттарында жарыяланган эле. Мына ушундай артыкчылыктарынан улам бир кездеги көчмөн элдер алда качан отурукташып, там үйлөрдө жашаганга биротоло көнүп калса да, боз үйүн жоготпостон сактап келе жатат.
Боз үйдүн адамдын тарбиясы менен аң-сезимине тийгизген таасирин да унутта калтырууга болбойт. Эр жетип үйлөнүп, өзүнчө үй тигип бөлүнгөнгө, же бойго жетип, турмушка чыгып кеткенге чейин балдар ата-энеси менен бир үйдүн ичинде чогуу жашаган. Мындай шартта баары бири-биринин көз алдында болгон, демек, орой, уятсыз сөз сүйлөгөнгө, адепсиз жорук жасаганга мүмкүн болбогон. Балдар улууну урматтаганга, чыгып алып төр талашпай, жыра тартып сөз талашпай өз ордун билгенге тарбияланган. Үй ээси уул балдардын тарбиясы үчүн жооптуу болуп, бир топ катуу эле кармап, малды көзөмөлдөп, отун-сууну камдоого көндүрсө, энеси кыздарын кымырынып-кымтынып жүргөнгө, үй ичиндеги жумуштарды жасаганга үйрөткөн.
Үй-бүлөгө тиешелүү ар кандай маселелер чогуу-чаран чечилген. Ошентип балдар турмуш тарбиясын чогуу алышкан. Кичинесинде балдар эркелеп ата-эненин койнунда жатып, чоңойгондо бир туугандар моюндашып жатып, ынтымактуу өсүшкөн. Азыркы там үйлөрдө ата-энелер уктоочу бөлмөсүндө, балдары өз каанасында болуп, колунда барлар ал түгүл шарт түзүп берем деп ар бири үчүн өзүнчө бөлмөлүү үй салып, чогуу саналган менен алыс жашап калышты. Балдардын бири-бирине жыты сиңишпей, боор бербеген өзүмчүл, оюна эмне келгенин жасаган бейбаш болуп өсүп калышы, бөлүнүп жашоодон чыгып жатканын моюнга алгыбыз келбейт. Демек, боз үй үй-бүлөнүн ынтымагынын да данакери болгон.
Боз үйдө жашоо учурда коомдо актуалдуу проблема катары саналып жаткан гендер саясатын, башкача айтсак, аял-эркектин тең укуктуулугу маселесин да белгилүү бир өлчөмдө чече алган. Эгер боз үйдүн ички мейкиндигинин шарттуу бөлүштүрүлүшүн алсак, анда анын тең жарымы (эпчи жак) аялга таандык экенин көрөбүз. Ушунун өзүн эле тең укуктуулуктун белгиси катары караса болот. Байыртан тартып XX кылымдын башына чейин жергебизге келген саякатчылардын баары кыргыз аялдарынын үй-бүлөдө эркин, тең укуктуу экендигин, жалпы урууга тиешелүү маселелерди чечүүгө катышкандыгын белгилешкен. Көрүнүп тургандай, сырттан жаңылык катары келип жаткан тең укуктуулук саясаты кыргыздардын турмушунда алда канча мурун эле орун алып келген.
Ошентип, боз үй өзүндө адам менен жаратылыштын бири-бирине шайкеш келген байланышын камтып турган, табиятка эч бир зыянсыз, керемет сапаттарга ээ болгон, көчмөндөрдүн сан кылымдарды камтыган тажрыйбасынын негизинде жаралган уникалдуу табылга деп айтсак жаңылышпайбыз.

 

http://www.presskg.c...n/09/0414_6.htm



#4 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 26 Февраль 2011 - 15:30

Кыргыз жыттанган Боз үй
Кыргыз элинин ак өргөөсү аталган боз үйдүн жасалышын, тигилишин көрүп-билип жүргөнүбүз менен анын бөлүктөрүнүн аталышы, эмнеден жасалаарын кийинки жаштар биле беришпейт. Боз үй тигилет десе дароо жамандыктын болгонун баамдап калаарыбыз да ырас. Ал эми байыртадан бери ата-бабабыздын каны менен жаралган устачылык, зергердик өнөрдү азыркы убакта да улантып келе жаткан инсандарыбыз жок эмес. Нарын облусунун Ат-Башы районунун кулуну Каныбек Азизов атасынын жолун жолдоп, устачылык өнөрүн элге арнап, бир нече боз үйдүн ээси аталганына күбө болдук.

Өмүр менен кошо жаралган өнөр

- Биринчи классымдан баштап эле атама жардам берип чоңойдум. Атам кырк жыл зергердик өнөрдү аркалап иштеген. Алгачкы өзүмдүн эмгектерим, майда-барат, сөйкө, шакек, атка така жасагандан башталган. Атам эмне буюм жасаса ошону кармалашып жүрүп, устачылыктын сырын үйрөндүм. Устачылык мени менен кошо жаралган өнөр. Ар бир эркек мык какканды, там салганды милдеттүү түрдө билиши керек деп ойлойм.
Боз үйдүн сөөгүн кантип жасаш керек, эмнеден жасалаарын атамдан толук үйрөндүм. Бир күнү атама көрсөтпөй эки түндүк жасагам. Баары даяр болгондо үйгө алып барсам "Ушуну сен жасадыңбы? Эми сен менден да жакшы жасап калган турбайсыңбы" деп ошондон кийин түндүк жасабай койду. Мен анда болгону 25 жашта болчумун. Андан кийин боз үйдүн башка бөлүктөрүн жасай баштадым. Боз үй жасап келатканыма он беш жылдай болуп калды. Бардыгы болуп кырк боз үй жасадым. Атам боз үй жасоо боюнча кыска метраждуу фильмдерге тартылып, элге белгилүү уста катары таанылгандыктан, мага азыркы тил менен айтканда жакшы реклама болду. Атамдын көзү өткөндөн кийин "каап, ошол кишинин көзү тирүү кезинде боз үй жасатып алсак болмок" дешип, кийин менин ата жолун улап боз үй жасаарымды биринен-бири угуп, азыркы күнгө чейин кайрылып жатышат. Турусбек Мамашев "Дасмиянын" жетекчиси болуп турганда алты канаттан турган үч чоң боз үйдү жасап бергем. Азыр ал боз үйлөр Бишкектин нымдуу абасына чыдабай алынып салынган. Алардын ордуна таш боз үйлөрдү тургузушту.
Негизинен мен боз үйдүн сөөгүн гана даярдап жасайм. Ошентсе да көпчүлүк кардарлар жабдууларынан бери толук боз үйдү заказ кылышат. Бизде Нарында атайын жабдуулар менен иштеген адамдар бар. Биз алар менен байланышта болуп, бири-бирибизге жардам беребиз. Алты канаттуу чоң боз үйлөргө караганда төрт канаттуу боз үйлөр "стандарт" катары кабыл алынып, көпчүлүгү төрт канаттууларга басым коюшат.
Төрт канат боз үй
үйдүн жасалышы
- Төрт канат боз үйгө - 4 канаттуу 4 кереге, ар бир башы 15тен 60 баш, эшик уугундагы 5 башты кошкондо жалпысы 65 баш канат кереге болот. Эшиги -босого таяк деп аталат. 65 уук, түндүк, боолору өткөрүлүп тигилип, уук боо, уук тизгичтер менен боз үйдүн сөөгү бекийт. Анын сыртынан эки канат чий атайын каланат. А чий калагандан соң чий менен согулган эшик жабуу кетет. Эки жабык башы эки канат чийдин үстүнкү бетинен жабылат. Андан кийин төрт канат туурдук, алдыңкы-арткы үзүк жабылат. Ошону менен боз үй толук жабылып бүтөт. Түндүк жабуусу кетет да өрнөк сокмолору, боолору менен кооздолот. Толугу менен төрт канат боз үйдү бир жайда бүтүрүшөт. Боз үйдүн сөөгүнөн да анын жип-шууларына убакыт көп талап кылынат. Анткени ал кыз-келиндердин майда иши.

 

Боз үй десе эле жамандыкты элестетишет
- Жаңы конуштар атайын прокатка бергенге мага боз үй жасатышкан. Бейшенбек Абдразаков Токтобаевич жаңы конуштарга демөөрчү болуп төрт канаттуу жети боз үйдү жасатып берди. Жамандык, жакшылыкка керек болбой койбойт. Кээде боз үй табылбай калып, үч күнгө чейин жаназасы окулбай калгандар да болгон. Боз үй десе эле жамандыкты элестетишет. Негизи боз үй илгертеден бери эле тойлордо, майрамдарда колдонулуп келген.

Боз үй үчүн короого тал тигем

- Боз үй негизинен талдан жасалат. Талдын түрлөрү - эчки тал, ак тал, турпан тал, сөгөт тал. Эчки талдан боз үй жасалбайт. Ал жапыс өскөн жапайы тал. Турпан тал атайын боз үйгө деп тигилип, эң ылайыктуу бышык болот. Сөгөт тал абдан сулуу, түз өсөт. Бирок кичине морт болгондуктан андан көп жасашпайт. Жасаган күндө дагы сапаты начар болуп калат. Ак тал тоодо өскөн, жапайы катуу бышык болот. Негизи боз үйдү ак тал менен сөгөт талдан жасашат. Атайын боз үй үчүн короомо турпан тал тигип, ошондон жасайм. Токмоктон атайын алып келип, бир жылда эки жолу, июль айында анан октябрда кыркып алып турам. Талдар сууну көп талап кылат. Боз үйгө бир да мык, темир аралашпаганына чет өлкөлүктөр таң калып, суктанышат. Жалаң жыгач, кайыш, жиптер менен бекемделип, клей, боёктор керектелет. Илгеркилер жошоо менен боёшкон. Ал колго жукма болгондуктан азыр кадимкидей сыр менен сырдайбыз.

 

Боз үйдү кантип сактоо керек?
- Боз үйдүн пайдасы абдан көп. Ал өзү таза экологиялык каражаттардан жасалгандыктан эч кандай химикаттар, зыяндуу заттар кездешпейт. Чыныгы табигаттын жандуу талдарынан, кийизден, жыгачтан жасалгандыктан зыяны жок. Учурда Бишкектин нымдуу абасына ылайыктап жаңы "жинсы" сыяктуу ак материалдарды атайын колдонуп жатабыз. Себеби, өтө ысыктан, нымдуулуктан кийизди күбө жеп салат. Эми техниканын өнүккөн заманында акыркы жабдууларды колдонсок болот. Боз үй өтө ысык, нымдуу жерге сакталбаш керек. Өзүнүн ыгы менен иреттеп чечип, бекем таңып, ууктун алаканын жерге, башын өйдө каратып дубалга жөлөп коюш керек. Уукту узунунан жерге таштабайт. Түндүктү өйдө илип, керегелерди узунунан тургузуп, салкын, кургак жерге сактаса көп жылга чыдайт.

 

Тирүү адамды өлтүрүп...
- (Күлүп)Бир жылдары кышында боз үй сатканы айылга барып калдым. Анан аны элге көрсөтүш үчүн тигип туруп "реклама" кылыш керек да. Таабалды деген жездемдин короосун тазалап боз үй тиккенге даярдап жатсак, бир таанышы көрүп калып "Ий Таабалдыныкында боз үй тигилип жатат. Эмне жамандык болуптурбу?" десе, тамашалап "Ооба Таабалды кайтыш болуптур" деп коёт. Элдин баары "жаман болгон турбайбы, эми боз үйү тигилип бүтсүн анан көз көрсөтүп баралы", деп жатышса эле ары жактан Таабалды жездем чыгып калып, чогулгандар таң калып, эч нерсеге түшүнбөй калышат. Иштин жайын түшүнүшкөндөн кийин кыраан-каткырык "дуу" жаңырып, "Таабалдынын өмүрү узун болот экен" дешип үйлөрүнө тарашкан. "Айылга жөн келип, жөн кетпейсиңби" деп жездем күлө албай же ыйлай албай ыңгайсыз абалда калган.

 

http://www.presskg.c...n/09/0414_6.htm



#5 TUMAR

TUMAR

Отправлено 26 Февраль 2011 - 16:10

Боз үйдү чогулткан сүрөттөрдү компьютерден таап алдым. Бирок автору ким экени белгисиз болгондугу байланыштуу © койуп койдум. Бир сөз менен КӨЧҮРГӨНГӨ уруксат жок! Бул жерден тааныштырма катары эле колдонулсун.

 

1. 22.jpg

 

2. 20.jpg

 

3. 18.jpg

 

4. 17.jpg



#6 TUMAR

TUMAR

Отправлено 26 Февраль 2011 - 16:19

Баягы "Керегем сага айтам, келиним сен ук" дегенди кээбир шаардык кыздар түшүнбөшү ыктымал. Апамдын түшүндурүп бергенине караганда, үйдө эч ким жокто кайнэнеси келинбаласына акыл-насаат айтканда, бетине тика карап айтсам катуу тийип калышы ыктымал деп, сөздү кыйытып, керегени айтымыш болуп, "сөз менен сого" берчү экен. Аны дээринде бар келинбала, и кокуй мага айтып жаткан турбайбы деп түшүнчү экен. А "азыркыларга", тамды карап айтып көрчү, эртеси психдиспансерге жолдомо алып берет. :D

 

Анысыңарындай керегени кантип ийет, кандай жыгачтан жасайт, сүрөттөр болсо тыштай кетсеңер.


Сообщение отредактировал TUMAR: 26 Февраль 2011 - 16:19


#7 TUMAR

TUMAR

Отправлено 26 Февраль 2011 - 17:54

Бул боз үй кийизден эле жасалды беле ким билет?

Прикрепленные изображения

  • 23.jpg


#8 qecub

qecub

Отправлено 26 Февраль 2011 - 21:01

TUMAR
1995-жылында тургузулган боз үй го. Анда: негизи(? - "основа") темир. :)



#9 TUMAR

TUMAR

Отправлено 27 Февраль 2011 - 02:22

qecub

1995-жылында тургузулган боз үй го. Анда: негизи(? - "основа") темир.

 

Ооба. Манастын 1000 жылдыгында тургузулган. Бирок кийиз элеби дейм да. Ошончо метр кийиз сарпталды болду бекен...



#10 qecub

qecub

Отправлено 27 Февраль 2011 - 02:25

TUMAR
Өткөндө, ушу боз үйдү көргөндөр "өлдү" деп айтышкан. Баарытең чирип, айрылып... иши кылып көздөрү жашка толду да... :cry:



#11 NaSToyaShiy

NaSToyaShiy
  • Модераторы
  • Cообщений: 18 127
  • Регистрация: 19-08-2005

Отправлено 27 Февраль 2011 - 14:16

биринчи посттун - биринчи менен учунчу суротунон башкалары - баары меникиго... трейдмаркты койуп кой... :)

 

TUMAR

Бул боз үй кийизден эле жасалды беле ким билет?

мен акыркы жолу коргонумдо - кийизден эле болчу..кийинчереек эле алмаштырып коюшпаса эле



#12 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 28 Февраль 2011 - 13:49

Боз үйдүн ичиндеги аба эч качан үп тартып, адамдын демин кысылтпайт. Таң эртеңден тартып түндүк жабуу тартылып, ачык тургандыктан, аба тынбай айланып, тазаланып турат. Демек, боз үйдүн өзүнүн түзүлүшү эле кондиционердин милдетин аткарат. Бирок, тоолук кыргыздар азыр шаардыктар корккон өтмө жел (сквозняк) тийип, ооруп калуу дегенди билишкен эмес. Эгерде шаардагы темир менен бетондун куймасынан жасалган көп кабаттуу үйлөрдө адам кысылып, төрт дубалдын ичинде камалып калгандай сезимге дуушар болсо, боз үйдүн ичиндеги микроклиматтан улам өзүн ээн-эркин сезип, чарчаганы жазылып, жерден күч-кубат алгандай болот.

 

чындап эле азыр шаар адамдарынын иммунитети төмөн (слабый) , ай! жап :batz: эшикти!!! боз үйдө төрөлдүң беле деп турушатко

 

%)


Сообщение отредактировал zebest: 28 Февраль 2011 - 17:24


#13 TUMAR

TUMAR

Отправлено 28 Февраль 2011 - 22:43

Убагында Апакемдин кийизин жакшы эле тепкилеп калдым. Бирок ошо кийиздин суроттору жок. Киминде болсо, илип койсонор жакшы болот эле. Кийиз кайдан келээрин кээбир "шаардыктарыбыз" билип алышсын.



#14 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 01 Март 2011 - 18:56

Турак-жай, үй адамдардын жашоосунун негизги шарты болуп, отурукташып жашоосунда, үй-бүлө куруусунда, дегеле, адам катары күн кечирүүсүндө негизги ролду аткарат. Ошол себептүү адамзаттын аң-сезимдүү жашоонун алгачкы этаптарында эле турак-жай маселесине өзгөчө маани берилген.

 

Тарых барактарында кыргыздырдын боз үйү тууралуу маалыматтар биздин заманга чейинки мезгилге таандык экендиги белгилүү. Ал эми «Манас» эпосунда кыргыздардын негизги турагы катары сүрөттөлөт. XX кылымдын Гомери аталган улуу манасчы Саякбай Каралаев боз үйдүн жасалышын, тигилишин, жасалгасын күн-түн айткан деп аңыз менен эскерилип жүрөт.

 

Биздин эрага чейинки экинчи миң жылдыкта көчмөн турмушта жашаган кыргыздар, казактар, монголдор, татарлар, башкырлар жана башка түрк тилдүү элдер тегерек формадагы боз үйдүн конструкциясын пайдаланып келишкен. Мындай үйлөр башка формадагы үйлөрдөн ички сыйымдуулугу, геометриялык жактан тактыгы, кооздугу жана табияттын түрдүү шарттарына ыңгайлуулугу менен айрымаланган.

 

Алгачкы мезгилде турак табияттын ар кандай катаалдыктарынан коргонуу үчүн колдонулганы менен, бара-бара анын мааниси улам артып, аткара турган функциясы кеңейип отурган. Адамдар барган сайын өз жашоосуна кам көрүп, ыңгайлуу шарт түзүп, улам турмуш ылайыгына жараша турактын түзүлүшү татаалданып бара берген. Адам чөйрөсү үй курууга керектүү табийгый таш, топурак, өсүмдүктөрдөн тургандыктан, ал материалдар кеңири пайдаланылган.

 

Көчмөн элдердин турмушуна ылайыкталган турактын түрү алгач үч бурчтуу, андан кийинчерээк көп бурчтуу, тегерек формага ээ болуп, алар жашаган жердин климатына ылайыкташтырылып, жогоруда айтылгандай, табийгый жана колдо бар, өздөрү баккан малдан, өстүргөн өсүмдүктөрдөн алынган материалдардан жасалган.

 

«Үй» деген сөздүн этимологиясына кайрылсак, сөздүн пайда болуш тарыхында эң алгачкы уңгу сөздөр аз гана муундан туруп, байланыштын куралы катары эң жөнөкөй маанини билдиргени менен, ошол уңгу сөздөр кийинки жаңы сөздөрдүн пайда болушуна, жасалышына негиз болгондугу окумуштуулардын изилдөөлөрүнөн белгилүү. «Үй» сөзү эне тилибиздеги «үйө берүү, жыйноо, топтоо» деген маанини берген этиш сөздөн алынып, жашоого керектүү нерселер үйүлгөн жер «үй» (турак маанисинде) деп аталып, анын айланасына пикирлеш адамдардын тобу чогулуп, семантикалык жол менен «үй» деген зат атооч сөз пайда болгон. Улам барган сайын коом жаңыланып, аң-сезим байып, ошону менен бирге мурда жөнөкөй түшүнүктү билдирген сөздөрдүн мааниси кеңейип, колдонулушу жагынан да өстү, өнүктү. Натыйжада «үй» байыркы мезгилде тар маанисинде үйүү түшүнүгүн билдирсе, азыркы мезгилде үй улуттук турак, турак жайдын ар кандай түрлөрү, ал эми боз үй кыргыз элин башка элдерден айрымалап турган символдук белги катары да колдонулуп калды.

 

Ырас, совет доорунда кыргыз элинин улуттук турагы болгон боз үйгө жасалган мамиле солгундап, жамандыкта гана тигилип, анан өсүп-өнүгүү процесси токтоп да калды. Анысы аз келгенсип, бирөөнүн эшигине боз үй тигилсе, жамандык болгон турбайбы деген түшүнүк калыптанып, андан алиге чейин арылбай келебиз. Боз үйгө жасалган мамиле эгемендүүлүк жылдарында жанданып, ошондон бери анын түзүлүшү, жасалгасы өркүндөтүлүп келе жаткандыгы бир жагынан ата мурасынын кайра жаралышын туюнтса, экинчи жагынан элибиздин улуттук сезими кайра жаралууга дуушар болуп, боз үйдү мурунку ата-бабалар кандай барктап-бааласа ошондой даражага жетип калгандыгы кубанарлык көрүнүш. «Манас» эпосунун миң жылдыгына арналып тигилген боз үйлөр, андагы 12 канаттуу, 3 кабатуу үй не деген гана керемет. Аларды карап туруп, кыргыздардын фантазиясына, кол өнөрчүлүгүнүн чексиздигине баа бересиң.

 

Кыргыз эли боз үйдө жылдын төрт мезгилинде тең жашап, өз жашоосуна ыңгайлаштырып ар түрдүүчө жасашкан. Боз үй кыштын ызгаардуу суугунда тегереги бекитилип, коломтого от жагылып адамды сууктан сактаса, жазгы жааган жаандан, күндүн аптабынан, күзгү шамалдан сактануу үчүн шарт түзүлгөн. Ал эми боз үйдүн ичиндеги түзүлгөн микроклимат адамдын ден-соолугу үчүн абдан пайдалуу келет.

 

Жылдын кайсы мезгилинде болбосун табияттын түрдүү шарттарында боз үйдү аман сактап калуунун жолдорун да акыл жаздымында калтырышкан эмес. Боз үйдүн өзүн ар кандай кырсыктардан сактоону да кыргыздар өтө чеберчилик менен ойлонгон. Мисалы, кышында аны кардан арылтып, жаккан оттун табынан жабуусу кургатылган. Туурдукту сыйрып, жерге салынган буюмдарды бийик секилерге коюп селден сактаган. Желбоону ортого кагылган казыкка бекем байлап, өрө кийизди сыйрып салып катуу шамалдан аман алып калышкан.

 

Пайда болуу, калыптануу мезгилинде боз үй көптөгөн турмуштук сыноолордон өтүп, алымча-кошумчалары менен такталып, толукталып, кыргыз элинин материалдык маданиятынын эң мыкты үлгүсү катары биздин күнгө келип жетти. Боз үй бара-бара жөнөкөй эле жашоо турагы болбостон, ар бир улуттун кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү катары, кооздукту, сулуулукту тартуулайт. Анткени боз үйдүн жасалышы, тигилиши, чечилиши өзгөчө бир жөрөлгөлөр менен коштолуп, чеберчиликти талап кылат. Алсак, боз үйдүн бөлүктөрүнөн болгон сөөгү (жыгачы) түндүк, уук, кереге, босого таяк, каалга жана ача бакан мыкты жыгач устанын чеберчилигинен жаралса, ал эми калган бөлүктөрү өрө кийизи, боо-чуусу, чийи, аяк кабы, чыны кабы уз айымдардын чебер колдорунан жаралат. Бул буюмдардын жасалышында кол өнөрчөлүктүн жыгач устачылык, узчулук, зергерчилик, сайма, чий чырмоо ж.б. сыяктуу көптөгөн түрлөрүнүн биргелешкен арекети сарп кылынат.

 

Ар бир улуттун жашоо шартына, жаратылышына, мүнөзүнө, дүйнө таанымына, философиялык көз карашына, рухий байлыгына жараша элдик кол өнөрчүлүк да ар түрдүү болот эмеспи. Мына ушундай ар түрдүүлүк кол өнөрчүлүктө улуттук колоритти жаратып, бир улуттан экинчи улутту айрымалап турат. Кыргыздын боз үйү башка канатташ элдерде тигилген үйлөргө караганда өзүнүн жогорудагыдай белгилери менен өзгөчөлөнөт. Үйдүн формасы, жасалышы, кооздолушу, андагы түшүрүлгөн оймо-чиймелер кыргыз жеринин жаратылышына шайкеш келип, элдин рухий маданияты менен сугарылган нукура улуттук колоритти чагылдырат.

 

Байыркы ата-бабалардан бери жашап, турмуш кечирип келген боз үй кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнүн мыкты үлгүсү гана эмес, рухий маданиятынан да терең орун алган. Анткени боз үйгө байланышкан буюм-тайымдар салттуулук мүнөзгө ээ болуп, ар биринин колдонулушу өзгөчө жөрөлгө менен коштолот. Мисалы, түндүк – жашоонун, үй-бүлөнүн символун билдирген ыйык буюм катары каралса, босого – таяныч, үйдүн кире бериши, үй-бүлөнүн сырткы чеги сыяктуу түшүнүктөрдү берет. Элибизде түндүк көтөрүү, үй көтөрүү жөрөлгөсүндө эр жигиттин түндүк көтөрүшү, түндүктөн койдун башын ыргытуу, от жагып түтүн булатуу, чачыла чачуу сыяктуу үй ээсинин келечегине каалоо тилектерди билдирген ага тиешелүү ырым-жырымдар аткарылат. «Түндүгүң көтөрүлсүн» – өз алдыңча үйлүү бол, дайыма бар бол, «түндүгүңдөн дайыма түтүн булап турсун» – дайыма аман-эсен бол, барчылыкта жаша, коломтоң өчпөсүн , ал эми босогого байланыштуу «ак босого» – ак тилектүү, ак жолтой болсун, «ак босогону аттоо» – көбүнчө келинге карата айтылып, келген жериңден бак тап, бактылуу бол деген түшүнүктөр жакшы тилекти билдирет. «Түндүгү түштү» – «ак босого бузулду» деген айтымдар адамдын турмушундагы жагымсыз окуя болгонун, кейиштүү жаман жышаананы билдирип турат. Ошондой эле элде түндүктү башка буюмдардан жогору коюу, бут тийгизбөө, босогону жөлөнүп турбоо, босогону таза кармоо сыяктуу ахлактык жакшы жөрөлгөлөр бар.

 

Боз үй кыргыз элинин ата-бабалардан бери келе жаткан материалдык жана рухий байлыгы, мурасы. Анткени улуттук кол өнөрчүлүктүн мыкты үлгүлөрүнөн жасалган боз үйгө кыргыз элинин рухий байлыгы да сиңирилип, эки багыттагы мурастын синтези катары бааланат. Кыргыз элинин символдук белгилеринин бири катары түндүктүн алынышы мамлекеттин, элдин улуттук сезиминин кайра жаралышын айгинелеп турат.

http://kmborboru.wor...99;j/#more-5778



#15 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 01 Март 2011 - 19:03

TUMAR

Убагында Апакемдин кийизин жакшы эле тепкилеп калдым. Бирок ошо кийиздин суроттору жок. Киминде болсо, илип койсонор жакшы болот эле. Кийиз кайдан келээрин кээбир "шаардыктарыбыз" билип алышсын.

 

Ала кийизди ата-бабаларыбыз биздин заманга чейин эле колдонуп келишкен. Анын жасалуу ыкмасы атадан балага өтүп отуруп, бүгүнкү күнгө чейин жетти. Ал тургай азыркы учурда заманбап килемдерге караганда кылдаттык менен сапаттуу тигилген туш кийиздер көбүрөөк баалана баштаса, көпчүлүк ала кийиз, шырдактарды да кеңири колдонушууда. Демек, учурда кийиздерге болгон суроо-талап жогору.

 

1-кадам – Жүндү тазалоо
Алгачкы кадам жүндү тандоодон башталат. Кийиз койдун күзүндө кыркылып алынган жүнүнөн жасалат. Ал эми жазгы жүн кийиз жасоого жарабайт. Жүндү тикенектеринен тазалап алган соң жагымсыз жыттардан арылтуу үчүн аны жууйбуз. Айта кетүүчү нерсе, жүндү ысык сууга жуубайт. Себеби ал кургаганда бири-бирине жабышып, тоголоктошуп, кийиз сымал кирип калат. Андыктан жылуураак сууга айна кошуп жууп, алгач жылуу суу менен, акырында муздак суу менен чайкайбыз. Жүндү күнөс жерге кургатып алгандан кийин аны үлпүлдөтө тытып алабыз.

 

2-кадам – Боёкко салууjk16.gif kjfgkj15.gif
Боёкко салынуучу жүн ак койдун жүнү болууга тийиш. Жуулган жүн кургатылган соң ала кийиздин бетине оймо-чийме, сүрөттөрдү түшүрүү үчүн боёкко салуу керек. Алгач жүндү таразага тартып алабыз. Болжол менен бир килограмм жүнгө 100 грамм боёк сарпталат. Казанга сууну кайнатып, ага биринчи боёкту салабыз да, ал толугу менен сууга аралашканча күтө турабыз. Эми боёк сууга туз, сода, уксус кошуп, жүндү казанга салып, аны жарым сааттай кайнатабыз. Казан кайнап жаткан учурда жүндү таяк менен 5-6 жолу которуу керек. Жүн боёлгон соң аны чыгарып, жайып кургатабыз.

 

3-кадам – Кийиз жасоого киришүүkjdfj13.gif
Эми күнөс жерге алдына таарды таштап, токулган чийди жайып, анын үстүнө акырындык менен жүндү кабаттап, тегиздеп сала баштайбыз. Астына бир кабат жүн тегиз төшөлгөн соң үстүнө боёлгон жүн менен сиз каалаган оюуларды, сүрөттөрдү түшүрө берүүгө болот. Айта кетүүчү нерсе, чоңдугу орточо кийизге болжол менен 8-10 килограмм жүн кетет.

 

4-кадам – Тебүүklh18.gif
Чийге жүндү толук жаткызып, сиз каалагандай формадагы жана түстөгү кийиздин болжолдуу көрүнүшүнө ээ болгондо анын бетине майда тешиктери бар идиш менен самындуу кайнак суу куюп, чийге оройбуз. Чийге оролгон кийизди арчындалган аркан менен бекем байлап, маал-маалы менен ысык суу куюп, 1 сааттай күч менен ары-бери тепкилөө кажет. Бул учурда жүн кирип, бири-биринен ажырагыс абалга келет. Андан соң кийизди чийден ажыратып, анын четтери тегиз тартып, андан да бекемирээк болушу үчүн айымдар жарым сааттан кем эмес убакыт улам кайнак суу куюп, самын сүртүп, билектери менен басышат. Ошондон кийин гана кийиз даяр болуп, аны муздак суу менен чайкап, жайып кургатууга болот.

 

http://kmborboru.wor...y-kijiz-zhasoo/

Прикрепленные изображения

  • culture.jpg

Сообщение отредактировал zebest: 01 Март 2011 - 19:24


#16 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 01 Март 2011 - 19:07

АВСТРИЯДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ БОЗ ҮЙ ЖАСАШАТ

 

23.04.2006

 

21-кылымда кыргыз жаштары ата-бабалары кылымдардан бери сактап, өркүндөтүп келген өнөр сырларын балким үйрөнгүлөрү келишет, бирок бардыгында эле мындай мүмкүнчүлүк жок. Ал эми алыскы Австрияда мектеп окуучулары ала кийиз жасап, боз үй тиккенди үйрөнүшүүдө. Улан-кыздардын чыгармачылыгын өркүндөтүү менен катар, жеткинчектердин башка элдер тууралуу билимин тереңдетүүнү көздөгөн мындай долбоорлорду сүрөткер Лиззи Майрл ишке ашырып келет. Штырия шаарчасындагы башталгыч мектепте ал жети жаштагы балдар менен жүндөн көп түстүү, ар кандай ала кийиздерди жасаган. Балдардын ар бири өзүнчө алдынча идея ойлоп табуусуна түрткү берген.
Лиззы Майрл: Бул идея "Мен төөгө падышачылыкты белекке берем" деп аталды. Үч кызды жабуу менен жаап, биз жасаган аркан менен төөнү байлап алышып, балдар өз алдынча чакан спектакль коюшту. Бул чакан оюндарды, директордун, анан бүт мектептин, башка окуучулардын алдында көрсөтүштү.

 

Жаңыл Жусубжан: Бул долбоор кандай максатты көздөйт?

 

Лиззы Майрл: Балдар өз колдору менен жүндөн жөнөкөй материалдардан көп нерселерди жасашат. Мында татаал деле эч нерсе жок, бирок бул балдар үчүн зарыл. Анткени алар жалаң компьютерде, анан дүкөндөн сатып алган оюнчуктарды ойноп, табигый нерселер менен байланышын жоготуп коюшкан. Биздин максат – балдарды табийгый нерселерге жакындатуу.

 

Жаңыл Жусубжан : Лиззы Майрл, сиз жогорку окуу жайларда да сабак өтүү менен бирге жакында Холлабрун шаарчасында экономикалык колледждин студенттерине кийиз жасаганды үйрөттүңүз. Келечектеги экономисттерге кийиздин кандай жасалаарын билип эмне кереги бар?

 

Лиззы Майрл: Бул аларга жардам болот деп ойлойм, себеби алар жөнөкөй материалдан бир нерсе жасаганды үйрөнүшөт, аларга мындай жаратмандыктын келечекте кереги тийет. Анткени алар экономист катары өз идеяларын жаратып, аларды өркүндөтө билиши керек. Ошондой эле, көчмөн элдердин турмушун билсе, бул аларга келечекте дүйнөнүн бөлөк жактарында иштегенде чоң жардамы тийет. Бул сабактарда алар ушул жаатта тажрыйба алышат.

 

Лиззы Майрл кыргызстандык сүрөткерлер менен көп жылдардан бери иштешип келаткандыгын эскерте кетели.

 

Жаныл Жусупжан, Прага

 

http://www.azattyk.o...le/1250798.html

Прикрепленные изображения

  • 468B77BE_8A35_4189_A346_F1ADB64A248B_mw800_mh600_s.jpg


#17 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 01 Март 2011 - 20:06

от коломто колдонулбай, (заманбап коломто) печка же буржуйканын :huh: морун чыгарып коюшат экен көбү...түндүк болсо кондиционер ролун аткарып калат экен

Прикрепленные изображения

  • 800px_Kyrgyz_yurt.jpg


#18 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 03 Март 2011 - 15:08

Боз үй жөнүндө Амантур Акматалиев баштан аяк жазып чыккан эмгеги бар экен.
Кызыккандар болсо боз үй мында



#19 Brutus

Brutus

Отправлено 05 Март 2011 - 00:40

Боз үйдүн виртуалдык түрү: http://bian.kg/tour/bozui/index.html



#20 Brutus

Brutus

Отправлено 05 Март 2011 - 01:29

Боз үй

 

Турак-жай, үй адамдардын жашоосунун негизги шарты болуп, отурукташып жашоосунда, үй-бүлө куруусунда, дегеле, адам катары күн кечирүүсүндө негизги ролду аткарат. Ошол себептүү адамзаттын аң-сезимдүү жашоонун алгачкы этаптарында эле турак-жай маселесине өзгөчө маани берилген.

 

Тарых барактарында кыргыздырдын боз үйү тууралуу маалыматтар биздин заманга чейинки мезгилге таандык экендиги белгилүү. Ал эми «Манас» эпосунда кыргыздардын негизги турагы катары сүрөттөлөт. XX кылымдын Гомери аталган улуу манасчы Саякбай Каралаев боз үйдүн жасалышын, тигилишин, жасалгасын күн-түн айткан деп аңыз менен эскерилип жүрөт.

 

Биздин эрага чейинки экинчи миң жылдыкта көчмөн турмушта жашаган кыргыздар, казактар, монголдор, татарлар, башкырлар жана башка түрк тилдүү элдер тегерек формадагы боз үйдүн конструкциясын пайдаланып келишкен. Мындай үйлөр башка формадагы үйлөрдөн ички сыйымдуулугу, геометриялык жактан тактыгы, кооздугу жана табияттын түрдүү шарттарына ыңгайлуулугу менен айрымаланган.

 

Алгачкы мезгилде турак табияттын ар кандай катаалдыктарынан коргонуу үчүн колдонулганы менен, бара-бара анын мааниси улам артып, аткара турган функциясы кеңейип отурган. Адамдар барган сайын өз жашоосуна кам көрүп, ыңгайлуу шарт түзүп, улам турмуш ылайыгына жараша турактын түзүлүшү татаалданып бара берген. Адам чөйрөсү үй курууга керектүү табийгый таш, топурак, өсүмдүктөрдөн тургандыктан, ал материалдар кеңири пайдаланылган.

 

Көчмөн элдердин турмушуна ылайыкталган турактын түрү алгач үч бурчтуу, андан кийинчерээк көп бурчтуу, тегерек формага ээ болуп, алар жашаган жердин климатына ылайыкташтырылып, жогоруда айтылгандай, табийгый жана колдо бар, өздөрү баккан малдан, өстүргөн өсүмдүктөрдөн алынган материалдардан жасалган.

 

«Үй» деген сөздүн этимологиясына кайрылсак, сөздүн пайда болуш тарыхында эң алгачкы уңгу сөздөр аз гана муундан туруп, байланыштын куралы катары эң жөнөкөй маанини билдиргени менен, ошол уңгу сөздөр кийинки жаңы сөздөрдүн пайда болушуна, жасалышына негиз болгондугу окумуштуулардын изилдөөлөрүнөн белгилүү. «Үй» сөзү эне тилибиздеги «үйө берүү, жыйноо, топтоо» деген маанини берген этиш сөздөн алынып, жашоого керектүү нерселер үйүлгөн жер «үй» (турак маанисинде) деп аталып, анын айланасына пикирлеш адамдардын тобу чогулуп, семантикалык жол менен «үй» деген зат атооч сөз пайда болгон. Улам барган сайын коом жаңыланып, аң-сезим байып, ошону менен бирге мурда жөнөкөй түшүнүктү билдирген сөздөрдүн мааниси кеңейип, колдонулушу жагынан да өстү, өнүктү. Натыйжада «үй» байыркы мезгилде тар маанисинде үйүү түшүнүгүн билдирсе, азыркы мезгилде үй улуттук турак, турак жайдын ар кандай түрлөрү, ал эми боз үй кыргыз элин башка элдерден айрымалап турган символдук белги катары да колдонулуп калды.

 

Ырас, совет доорунда кыргыз элинин улуттук турагы болгон боз үйгө жасалган мамиле солгундап, жамандыкта гана тигилип, анан өсүп-өнүгүү процесси токтоп да калды. Анысы аз келгенсип, бирөөнүн эшигине боз үй тигилсе, жамандык болгон турбайбы деген түшүнүк калыптанып, андан алиге чейин арылбай келебиз. Боз үйгө жасалган мамиле эгемендүүлүк жылдарында жанданып, ошондон бери анын түзүлүшү, жасалгасы өркүндөтүлүп келе жаткандыгы бир жагынан ата мурасынын кайра жаралышын туюнтса, экинчи жагынан элибиздин улуттук сезими кайра жаралууга дуушар болуп, боз үйдү мурунку ата-бабалар кандай барктап-бааласа ошондой даражага жетип калгандыгы кубанарлык көрүнүш. «Манас» эпосунун миң жылдыгына арналып тигилген боз үйлөр, андагы 12 канаттуу, 3 кабатуу үй не деген гана керемет. Аларды карап туруп, кыргыздардын фантазиясына, кол өнөрчүлүгүнүн чексиздигине баа бересиң.

 

Кыргыз эли боз үйдө жылдын төрт мезгилинде тең жашап, өз жашоосуна ыңгайлаштырып ар түрдүүчө жасашкан. Боз үй кыштын ызгаардуу суугунда тегереги бекитилип, коломтого от жагылып адамды сууктан сактаса, жазгы жааган жаандан, күндүн аптабынан, күзгү шамалдан сактануу үчүн шарт түзүлгөн. Ал эми боз үйдүн ичиндеги түзүлгөн микроклимат адамдын ден-соолугу үчүн абдан пайдалуу келет.

 

Жылдын кайсы мезгилинде болбосун табияттын түрдүү шарттарында боз үйдү аман сактап калуунун жолдорун да акыл жаздымында калтырышкан эмес. Боз үйдүн өзүн ар кандай кырсыктардан сактоону да кыргыздар өтө чеберчилик менен ойлонгон. Мисалы, кышында аны кардан арылтып, жаккан оттун табынан жабуусу кургатылган. Туурдукту сыйрып, жерге салынган буюмдарды бийик секилерге коюп селден сактаган. Желбоону ортого кагылган казыкка бекем байлап, өрө кийизди сыйрып салып катуу шамалдан аман алып калышкан.

 

Пайда болуу, калыптануу мезгилинде боз үй көптөгөн турмуштук сыноолордон өтүп, алымча-кошумчалары менен такталып, толукталып, кыргыз элинин материалдык маданиятынын эң мыкты үлгүсү катары биздин күнгө келип жетти. Боз үй бара-бара жөнөкөй эле жашоо турагы болбостон, ар бир улуттун кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү катары, кооздукту, сулуулукту тартуулайт. Анткени боз үйдүн жасалышы, тигилиши, чечилиши өзгөчө бир жөрөлгөлөр менен коштолуп, чеберчиликти талап кылат. Алсак, боз үйдүн бөлүктөрүнөн болгон сөөгү (жыгачы) түндүк, уук, кереге, босого таяк, каалга жана ача бакан мыкты жыгач устанын чеберчилигинен жаралса, ал эми калган бөлүктөрү өрө кийизи, боо-чуусу, чийи, аяк кабы, чыны кабы уз айымдардын чебер колдорунан жаралат. Бул буюмдардын жасалышында кол өнөрчөлүктүн жыгач устачылык, узчулук, зергерчилик, сайма, чий чырмоо ж.б. сыяктуу көптөгөн түрлөрүнүн биргелешкен арекети сарп кылынат.

 

Ар бир улуттун жашоо шартына, жаратылышына, мүнөзүнө, дүйнө таанымына, философиялык көз карашына, рухий байлыгына жараша элдик кол өнөрчүлүк да ар түрдүү болот эмеспи. Мына ушундай ар түрдүүлүк кол өнөрчүлүктө улуттук колоритти жаратып, бир улуттан экинчи улутту айрымалап турат. Кыргыздын боз үйү башка канатташ элдерде тигилген үйлөргө караганда өзүнүн жогорудагыдай белгилери менен өзгөчөлөнөт. Үйдүн формасы, жасалышы, кооздолушу, андагы түшүрүлгөн оймо-чиймелер кыргыз жеринин жаратылышына шайкеш келип, элдин рухий маданияты менен сугарылган нукура улуттук колоритти чагылдырат.

 

Байыркы ата-бабалардан бери жашап, турмуш кечирип келген боз үй кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнүн мыкты үлгүсү гана эмес, рухий маданиятынан да терең орун алган. Анткени боз үйгө байланышкан буюм-тайымдар салттуулук мүнөзгө ээ болуп, ар биринин колдонулушу өзгөчө жөрөлгө менен коштолот. Мисалы, түндүк – жашоонун, үй-бүлөнүн символун билдирген ыйык буюм катары каралса, босого – таяныч, үйдүн кире бериши, үй-бүлөнүн сырткы чеги сыяктуу түшүнүктөрдү берет. Элибизде түндүк көтөрүү, үй көтөрүү жөрөлгөсүндө эр жигиттин түндүк көтөрүшү, түндүктөн койдун башын ыргытуу, от жагып түтүн булатуу, чачыла чачуу сыяктуу үй ээсинин келечегине каалоо тилектерди билдирген ага тиешелүү ырым-жырымдар аткарылат. «Түндүгүң көтөрүлсүн» – өз алдыңча үйлүү бол, дайыма бар бол, «түндүгүңдөн дайыма түтүн булап турсун» – дайыма аман-эсен бол, барчылыкта жаша, коломтоң өчпөсүн , ал эми босогого байланыштуу «ак босого» – ак тилектүү, ак жолтой болсун, «ак босогону аттоо» – көбүнчө келинге карата айтылып, келген жериңден бак тап, бактылуу бол деген түшүнүктөр жакшы тилекти билдирет. «Түндүгү түштү» – «ак босого бузулду» деген айтымдар адамдын турмушундагы жагымсыз окуя болгонун, кейиштүү жаман жышаананы билдирип турат. Ошондой эле элде түндүктү башка буюмдардан жогору коюу, бут тийгизбөө, босогону жөлөнүп турбоо, босогону таза кармоо сыяктуу ахлактык жакшы жөрөлгөлөр бар.

 

Боз үй кыргыз элинин ата-бабалардан бери келе жаткан материалдык жана рухий байлыгы, мурасы. Анткени улуттук кол өнөрчүлүктүн мыкты үлгүлөрүнөн жасалган боз үйгө кыргыз элинин рухий байлыгы да сиңирилип, эки багыттагы мурастын синтези катары бааланат. Кыргыз элинин символдук белгилеринин бири катары түндүктүн алынышы мамлекеттин, элдин улуттук сезиминин кайра жаралышын айгинелеп турат.

 

“Муслим.KG”, 05.01.2010-ж.




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных