Перейти к содержимому



Фотография

Кыргызстанда канча тил болуш керек?.


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 117

Опрос: Канча тил? (46 пользователей проголосовало)

Ырасмый тили жок бир эле мамтил болуш керекпи?

  1. Ооба (38 голосов [82.61%])

    Процент голосов: 82.61%

  2. Жок (8 голосов [17.39%])

    Процент голосов: 17.39%

Эки мамтил болуш керекпи?

  1. Ооба (5 голосов [10.87%])

    Процент голосов: 10.87%

  2. Жок (41 голосов [89.13%])

    Процент голосов: 89.13%

Көп мамтил болуш керекпи?

  1. Ооба (5 голосов [10.87%])

    Процент голосов: 10.87%

  2. Жок (41 голосов [89.13%])

    Процент голосов: 89.13%

Голосовать Гости не могут голосовать

#1 Brutus

Brutus

Отправлено 28 Январь 2011 - 02:55

Азыр айрымдар Кыргызстанда орус тилдин ырасмый макамын алып салып бир эле кыргыз тили мамлекеттик болуш керек деп жатышат. Башкалар дагы орус тилине мамелкеттик макам берип кош тилдүлүүктү жактап жатышат. Дагы башкалар өзбек тилине дагы мамлекеттик макам бериш керек деп айтышат.

 

Мисалы, Казакстанда бир эле мамлекеттик тил бар, бирок өкмөт казак, орус жана кээде иңглис тилдеринде элге бирдей маалымат берип турат экен. Кыргызстанда дагы бир эле мамлекеттик тил кылып, орус жана иңглис тилдерин ырасмый макамы жок эле колдонсок жакшы эле болмок болуш керек.

 

Анан дагы биздеги орустар кош тилдүүлүк деп айтышканы м-н кыргыздар үчүн эки тил болуп орустар үчүн бир эле тил болуп калат экен. Анткени, кыргыздар өз эне тилинен башка дагы орус тилин үйрөнгөнгө туура келип калат. Ал эми орустар болсо, бир эле эне тилинде сүйлөп кыргыз тилин үйрөнгүсү келишпейт. Анан кайактагы кош тилдүүлүк? Алар үчүн бары бир бир тилдүүлүк болуп жатпайбы. Менимче, эки тилди алып кете турган болсок бары тең кыргызына орусуна карабай эки тилде бирдей билиши керек деп ойлойм.


Сообщение отредактировал Brutus: 28 Январь 2011 - 03:07


#2 behavior

behavior

Отправлено 28 Январь 2011 - 03:50

Бир эле мамлекеттик тил болуу керек. Официалдуу тил деп орус тилин кошо салып, Россияга жагына берүүнүн кереги жок деп эсептейм. Бир мамлекетте бир эле тил болуш керек да, туурабы? Кичине болсо эле шовинизм деп чыга калышат. Эне тилин унуткан "киргиздердин" аларга кошулуп союл кармай чуркаганын кантейин. мамлекеттик тилди билбейсиң деп бир орусту же башка улуттун өкүлүн жумушка албай көрчү, улуттук дискриминация, шовинизм, деги койчу, аз жерден фашизм дегенге чейин бара жаздашат. Ошол эле учурда орусча билбеген кыргыз улутундаагы жаран эч качан жумушка орношо албайт. Мына сага дискриминация! А бирок бул жөнүндө жогорку деңгээлде эч ким кеп козгой албайт. Кеп козгодуң- баягы эле дискриминация! Тил жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек сөзсүз.



#3 Ainura74

Ainura74

Отправлено 28 Январь 2011 - 10:07

Брутус менин оюмдагыны жазыпсын,эн туура.бирок,орус тилин да,инглиш тилин да жакшы кыргыз тилиндей уйронуп билишсе жакшы болмок айыл жердеги жаштарга.ал учун билим берууну жогорулатыш керек,шарт тузуш керек.Ар бир адамдын озунун аракетине да байланыштуу болот деп ойлойм.Ал эми шаардык азыркы жаштардын дээрлик 70%зы ушул 3тилде жакшы суйлошот,менин оюмча.



#4 Ainura74

Ainura74

Отправлено 28 Январь 2011 - 10:09

а мамлекеттик тил КЫРГЫЗ ТИЛИ болсун.



#5 Гость_Toko_*

Гость_Toko_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 28 Январь 2011 - 11:16

ООБА, ЖОК, ЖОК !!!



#6 Гость_Toko_*

Гость_Toko_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 28 Январь 2011 - 11:18

Бир эле мамлекеттик тил болуу керек. Официалдуу тил деп орус тилин кошо салып, Россияга жагына берүүнүн кереги жок деп эсептейм. Бир мамлекетте бир эле тил болуш керек да, туурабы? Кичине болсо эле шовинизм деп чыга калышат. Эне тилин унуткан "киргиздердин" аларга кошулуп союл кармай чуркаганын кантейин. мамлекеттик тилди билбейсиң деп бир орусту же башка улуттун өкүлүн жумушка албай көрчү, улуттук дискриминация, шовинизм, деги койчу, аз жерден фашизм дегенге чейин бара жаздашат. Ошол эле учурда орусча билбеген кыргыз улутундаагы жаран эч качан жумушка орношо албайт. Мына сага дискриминация! А бирок бул жөнүндө жогорку деңгээлде эч ким кеп козгой албайт. Кеп козгодуң- баягы эле дискриминация! Тил жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек сөзсүз.

 

Бул чындык. Мен дагы ушундай ойдомун.



#7 Adem

Adem

Отправлено 28 Январь 2011 - 11:31

Незизинен ар бир адам коп тил билгени жакшы, бир кана кыргыз тилин билип, мага башка тилдин кереги жок деген да туура эмес.
Бирок мамлекеттик тил бизде бир кана Кыргыз Тили болуш керек, расмий тилдин кереги жок.



#8 Adem

Adem

Отправлено 28 Январь 2011 - 11:38

byu-buy

Эми карасак баарыбыз колдойбуз, бирок чын чынына ("на самом деле") келгенде кобубуз "плевательское" мамиле жасайбыз wink.gif
Ушул суроо чечилип жатканда кайда болдунар? Эл менен чыгып оз тилибизди колдойбуз десе окумот бизди колдоочулар бар экен деп калтырмак.
З.Ы. менин озумдук жеке оюм

 

5 жылча эл деле эс алсынчы! Тажадым ушу митингтерден :no-no:



#9 bankir

bankir
  • На удаление
  • Cообщений: 13 850
  • Регистрация: 15-01-2005

Отправлено 28 Январь 2011 - 11:41

Adem

Тажадым ушу митингтерден

Сєзсїз эле митинг болбош керек, баскан турган жерден ушул ойду айтып, форумдарда, гезиттерде какшап коомдук пикир тїзїш керек... :)



#10 Adem

Adem

Отправлено 28 Январь 2011 - 11:45

Жаман болгондурмун :lol: бирок кандай? мыйзамдуу? Эл менен чыгып оз тилибизди колдойбуз

 

Чын чынына келгенде азыр тилден башка толтура проблема окмоттун мойнунда турат...



#11 FluEnT

FluEnT

Отправлено 28 Январь 2011 - 11:54

менин оюмча кыргызстанда орус жана кыргыз тилинен башка дагы тил болуш керек! мисалы:английский



#12 Жунбаш

Жунбаш

Отправлено 28 Январь 2011 - 11:59

Расмий тилди англис тили кылуу керек. Акырындык менен ошого барышыбыз керек. Англис тилин орус тилиндей элдин көбү үйрөнүп алса, канча деген жабык эшиктер ачылат эле. Жеке пикир



#13 Adem

Adem

Отправлено 28 Январь 2011 - 12:03

Англис тилин орус тилиндей элдин көбү үйрөнүп алса, канча деген жабык эшиктер ачылат эле. Жеке пикир

буга макул :good:

 

Расмий тилди англис тили кылуу керек

буга макул эмес :mellow:



#14 Brutus

Brutus

Отправлено 28 Январь 2011 - 12:27

Иңглис тили чыныгы дүйнө тили. Жаштар иңглис тилин үйрөнүшсө жакшы болот эле. Ошондо чын эле көздөрү ачылып орустардын чектелген дүйнөсүнөн чыгып ааламды башкача карап калышмак эле. Билим илим жагынан дагы чоң жылыштар болмок эле. Дүйнөдө болуп жаткан окуйаларды биринчи булактардан биле алышмак.


Сообщение отредактировал Brutus: 28 Январь 2011 - 12:33


#15 temu

temu

Отправлено 28 Январь 2011 - 12:40

Мамлекеттик тил "Кыргыз тили" болушу дурус. "Ак ийилет, бирок сынбайт" - деген макалды колдонуп, ар бир Кыргызстанда жашап жаткан улуттун тилин мамлекеттик тил кыла берсек озубуздун тил унут болуп жок болуп кетет. Ошондуктан мамлекетибизде мамтил болуп бир эле Кыргыз тили болушу керек.



#16 andormeda

andormeda

Отправлено 28 Январь 2011 - 12:44

Бир эле тил болушу керек!



#17 Гость_Toko_*

Гость_Toko_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 28 Январь 2011 - 13:07

andormeda

Лучше ни с кем не спать и быть сукой, чем спать и быть шлюхой...

 

эми билдинби ? ;)

 

Талашпай, урушпай ...
"ООба, ЖОк, ЖОк" деп добуш берип койгула. ( хи хи )



#18 eliestrado

eliestrado
  • На удаление
  • Cообщений: 1 783
  • Регистрация: 10-03-2010

Отправлено 28 Январь 2011 - 13:19

Талашпай, урушпай ...
"ООба, ЖОк, ЖОк" деп добуш берип койгула. ( хи хи )

 

...берип койдум :)



#19 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 937
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 28 Январь 2011 - 13:24

+кыргызча гана

 

тилибизди эл аралык кылып элдин баарын кыргызча сүйлөтөлү %) у-у-урраа!! ..



#20 Ulansam

Ulansam

Отправлено 28 Январь 2011 - 15:57

Кааласан 4-5 тилди уйрон, бул ото чон жетишкендик болот. Бирок Кыргыз мамлекетинде бир гана КЫРГЫЗ тили мамлекеттик тил болуусу керек. Антпесек, чон элдерге ото жакын турабыз, оз тилибизди жок кылып алабыз.
Кыргыз тили учун добуш бердим!


Сообщение отредактировал Ulansam: 28 Январь 2011 - 15:57



Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных