Перейти к содержимому



Кыргыз алфавити бар клавиатура. клавиатурада ӨҢҮ тамгалары бар деген мааниде


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 83

#21 Гость_Hyp.M_*

Гость_Hyp.M_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Январь 2011 - 14:37

Мейд ин Чайна бай Кыргызстанец :)



#22 Гость_Маха-М_*

Гость_Маха-М_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Январь 2011 - 15:06

оооо супер :applause:



#23 Гость_Hyp.M_*

Гость_Hyp.M_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 21 Январь 2011 - 16:16

Клавиатура тууралуу маалымат төмөндөгү шилтемеде бар экен:
http://www.jia.kg/in...n...ies&lang=en



#24 Janyzak

Janyzak

Отправлено 21 Январь 2011 - 19:12

Brutus

Алардын ордуна өзүңүз сунуштаган түрк тамгаларын койсок сонун эле болуп калат.

Мен түрк тамгаларын сунуштаган текстти тапсаңыз дурус болот эле.



#25 Brutus

Brutus

Отправлено 26 Январь 2011 - 04:56

Janyzak

 

Сайтыңызды караңыз. Ал жерде арыптакта барагында түрк тамгаларын көрөсүз.



#26 RossoNeri

RossoNeri

Отправлено 26 Январь 2011 - 09:10

ө ң ү тамгалары alt+о alt+н alt+у аркылуу басылабы же түздөн түз басылабы ?



#27 Janyzak

Janyzak

Отправлено 26 Январь 2011 - 13:57

Brutus

Сайтыңызды караңыз. Ал жерде арыптакта барагында түрк тамгаларын көрөсүз.

Даректи жазып койуш керек эле.
"Арыптакта" дегенди кабыл алыш өтө кыйын.
Анын ордуна мен "тергич" деген эле терминди колдоном.



#28 Brutus

Brutus

Отправлено 26 Январь 2011 - 14:06

Janyzak

 

Бул бутакта онунчу жорумду караңыз. Ошол жерде сиз келтирген шилтеме бар.

 

Арыптактаны мен ойлоп тапкан эмесмин. Биринчиден, арып деп Юдахинде жазылып турат. Экинчиден, такта м-н үндөшүп турат.



#29 Dakaddy

Dakaddy

Отправлено 26 Январь 2011 - 14:21

JRossoNeri

ө ң ү тамгалары

Бул тамгалар колдонулбаган синонимдерди пайдаланса болот
Мисалы Көз ду башкача Карайтурган кареги бар орган десе болот эгер синоним таба албасанар кайрылгыла жардам беребиз


Сообщение отредактировал Dakaddy: 26 Январь 2011 - 14:29


#30 Brutus

Brutus

Отправлено 26 Январь 2011 - 14:31

Мына кыргыз алипеси жөнүндө кызыктуу ойлор айтылган: http://diesel.elcat....h...&p=17850348



#31 Janyzak

Janyzak

Отправлено 26 Январь 2011 - 16:23

Brutus

Арыптактаны мен ойлоп тапкан эмесмин. Биринчиден, арып деп Юдахинде жазылып турат. Экинчиден, такта м-н үндөшүп турат.

Тергич жалаң ариптерден (арыптардан) турбайт - функционалдык топчуларды "арип" деп айтыш кыйын.
Тергичтин теңме-тең топчулары так ошол кызматчы милдеттерди аткарат.
Алар "арып" эмес.



#32 Janyzak

Janyzak

Отправлено 26 Январь 2011 - 16:28

Brutus

Бул бутакта онунчу жорумду караңыз. Ошол жерде сиз келтирген шилтеме бар.

Мен келтирген шилтемеде түрк тамгалары жок.
Сизде туруктуу калпычылык бар шекилди.
Мен эч качан жана эч кимге түрк тамгаларын сунуштаган эмесмин жана сунуштабайм.



#33 Brutus

Brutus

Отправлено 26 Январь 2011 - 16:40

Janyzak

Калп эле кишини айыптабай, көзүңүздү чоң ачып дагы бир сыйра карап көрүңүз. Азыр мен сизди айыптай турган болсом бул жерге киргиз болуп каласыз.


Сообщение отредактировал Brutus: 26 Январь 2011 - 16:41


#34 Janyzak

Janyzak

Отправлено 26 Январь 2011 - 16:53

Brutus

Калп эле кишини айыптабай, көзүңүздү чоң ачып дагы бир сыйра карап көрүңүз. Азыр мен сизди айыптай турган болсом бул жерге киргиз болуп каласыз.

Мен берген шилтемени биерге көрсөтүңүзчү, бай болгур.
Бул жерге кириш же кирбеш жагын эми сизден сурайлыбы?
Калпты ченеми менен айтса жарашат.
Сиз бираз аша чаап кеттиңиз, себеби түрк тамгаларды мен эзели колдонгон эмесмин жана эч кимге сунуш кылып да көргөн эмесмин.



#35 Гость_Hyp.M_*

Гость_Hyp.M_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 26 Январь 2011 - 17:57

ө ң ү тамгалары alt+о alt+н alt+у аркылуу басылабы же түздөн түз басылабы ?

 

ӨҢҮ тамгаларын түз эле кнопкалар аркылуу терсеңиз болот,
каалагандар alt+о alt+н alt+у аркылуу терсе да болот, ал варианттын жактоочуларынын да укугу тебеленбептир... :)



#36 Гость_Hyp.M_*

Гость_Hyp.M_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 26 Январь 2011 - 18:01

Кыскача кыстарма катары айта кетейин дедим эле,
мындайча айтканад ортого ташталган кеп катары,
түрктөр Ő жана Ũ деген тамгаларды немистерден алышкан экен,
себеби немистерде да Ő = Ө, Ũ = Ү деп тыбыш катары колдонулат.
демек, Ő жана Ũ түрктөрдүкү эмес, немис тамгалары экен көрсө...



#37 Чабан

Чабан
  • На удаление
  • Cообщений: 5 128
  • Регистрация: 30-08-2008

Отправлено 27 Январь 2011 - 14:04

Hyp.M

Кыскача кыстарма катары айта кетейин дедим эле,
мындайча айтканад ортого ташталган кеп катары,
түрктөр Ő жана Ũ деген тамгаларды немистерден алышкан экен,
себеби немистерде да Ő = Ө, Ũ = Ү деп тыбыш катары колдонулат.
демек, Ő жана Ũ түрктөрдүкү эмес, немис тамгалары экен көрсө...

жаңылбасам түрктөрдө көп европалык сөздөр кезигет..
мисалы: Пардон - Кечиресиз дегендей



#38 Brutus

Brutus

Отправлено 27 Январь 2011 - 15:45

Кыскача кыстарма катары айта кетейин дедим эле,
мындайча айтканад ортого ташталган кеп катары,
түрктөр Ő жана Ũ деген тамгаларды немистерден алышкан экен,
себеби немистерде да Ő = Ө, Ũ = Ү деп тыбыш катары колдонулат.
демек, Ő жана Ũ түрктөрдүкү эмес, немис тамгалары экен көрсө...

 

Туура, O, U тамгаларынын үстүндөгү эки чекитти Germanic umlaut деп койушат. Умлауту бар тамгалар көп тилдерде бар. Бирок алар тамгаларын алман (немис) тамгалары деп эсептешишпейт. Ө, Ү, Ң тамгалары кыргыздарда, казактарда жана башка түрк тилдүү кирил алипесин колдонгон элдерде бар. Ушул үч тамга кимге таандык десең? Ар кими өзүнүкү деп чыгат.

 

Тамгалардын тарыхын казып отурса, латын алипесинин латын эмес болуп чыгат. Умлауту бар O, U тамгаларды айрымдарыбыз тээ өткөн кылымдын башында кыргыздар латын алипесин колдонуп жүрүшкөндөн бери эле билебиз. Бирок кийин түрк тили аркылуу дагы элге таанылып калган. Ошон үчүн түрк деп айтып жатам. Түрктөрдөн бул эки тамга алман тамгалары десең макул болушпайт.

 

Чабан

 

Түрк тилинде арап сөздөрү көп. Франс жана иңглис сөздөрү дагы бар, бирок түрктөр азыр түрк эмес сөздөрдү түрк сөздөр м-н алмашытырып жатышат.


Сообщение отредактировал Brutus: 27 Январь 2011 - 16:30


#39 Janyzak

Janyzak

Отправлено 27 Январь 2011 - 23:59

Brutus

Умлауту бар O, U тамгаларды айрымдарыбыз тээ өткөн кылымдын башында кыргыздар латын алипесин колдонуп жүрүшкөндөн бери эле билебиз.

 

"Кыргыздар латын алипесин колдонуп жүргөндө" кыргыз алиппесине байланыштуу Умлаут деген түшүнүк болгон эмес:

 

0561_diselge.jpg

 

Бирдеме деп калп айтаардан мурун дайыма түпкү булактарга кайрылып көрүш керек.

 

Бу сүрөт Жанызак электрондук версиясын даярдап жаткан 6 томдук Кыргыз Совет Энциклопедиясынын 3-томунун 565-бетинен алынды.

 

Эскерте кетейин:
6 том кеминде А4 форматындагы кеминде 3000 бетти камтыйт жана бул эмгекти мен Атамбаев баштаган СДПКнын 50000 сомдук жардамынын аркасы менен даярдап жатам.

 

Мактанып койбосо болбойт, албетте.



#40 Brutus

Brutus

Отправлено 28 Январь 2011 - 00:21

Janyzak

 

Мен алган маалымат бул жерде: http://en.wikipedia....ation_of_Kyrgyz

 

Жаңылып калсам керек. Бирок сиздин "калп" деген сөз бул жерде дагы орунсуз. Сиз ушул сөздү көп колдонот экенсиз. Мурун сизге элдер көп калп айтышкан болуш керек. Бир нерсе болсо эле "калп" деп эле айкырып калат экенсиз. 60 жашка чыгып калган билимдүү кишисиз. Журналчылык жана басмачылык м-н алышып иштейсиз. Анан катаны калптан айрый албаганыңызга мен таңмын.

 

Умлауттун эки түрү болот: тыбыштык жана тамгалык.

 

Тамгалыгы мына: http://tinyurl.com/5w4js3l

 

Тыбыштыгы мына: http://tinyurl.com/37le52

 

Мен тамгалык умлаутту айттым эле. Сиз болсо, кыргыз тилинде такыр умлаут болгон эмес деп жатасыз. Тыбыштык умлаут кыргыз тилинде бар. Сиздин жаңылганыңызды мен дагы калп катары баалайынбы?

 

А тиги энсиклопедийаны скандап жатканыңызга алкыш! :)


Сообщение отредактировал Brutus: 28 Январь 2011 - 00:29



Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных