Перейти к содержимому



Кыргыз алфавити бар клавиатура. клавиатурада ӨҢҮ тамгалары бар деген мааниде


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 83

#1 Гость_Hyp.M_*

Гость_Hyp.M_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 03 Январь 2011 - 18:47

Урматтуу Ак ДОСТОРкондогулар,

 

Саамалык!!! (бы?)
тиркемеде кыргыз алфавити бар клавиатуранын сүрөтү бар.
бул клавивтура Виндоус ХР жана 7 ОСтеринде, MS Office пакет программалары менен шайкеш иштейт,
дизайн тармагындагылар болсо CorelDraw жана PhotoShop тордо да колдонушса болот.

 

ой пикириңерди, сунушуңарды күтөбүз.

 

баса, бул клавиатурада эчкимдин укуктары бузулган жок,
тескерисинче кошулду.

Прикрепленные изображения

  • KCK___keyboard___1.jpg


#2 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 937
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 03 Январь 2011 - 19:01

Hyp.M

 

сатылабы???



#3 Гость_Hyp.M_*

Гость_Hyp.M_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 03 Январь 2011 - 19:07

Ооба, буюрса жакында сатыкка чыгат.



#4 Brutus

Brutus

Отправлено 03 Январь 2011 - 19:09

Ө менен Ү четте калганы жаман болуптур. Буларды биз көп колдонобуз. Арыптактанын орто жеринде болушса жакшы болмок. Антпесе, чыпалактар кыйанылып кеттет. Көп колдонулган тамгалар дайыма ортодо болот. Ал эми аз колдонулган тамгалар дайыма четте туруш керек.

 

Кыргыз тилине жат Я, Ю, Ё, Ь, Ъ, Щ, Ц, Э тамгаларын алып салыш керек. Ошондо арыптактада кыргыз тамгаларына орун бошой түшөт.

 

Азыр арыптакта түймөлөрүнүн (клавишы) кыргызча жабышмалары (наклейки) сатылат. Аны каалаган арыптактага чаптак койсо болот.


Сообщение отредактировал Brutus: 03 Январь 2011 - 19:19


#5 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 937
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 04 Январь 2011 - 09:13

"ӨҢҮ" тамгалары "ОНУ" тамгаларында жайгашса оңойуураак болотко дейм...:)



#6 Гость_Hyp.M_*

Гость_Hyp.M_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 04 Январь 2011 - 14:41

Урматтуу достор,

 

туура айтасыңар, «Я, Ю, Ё, Ь, Ъ, Щ, Ц, Э» тамгалары нукура кыргыз тили жат тамгалар,
уйкаш тамгаларды кош (эки) тамга менен да берсек болот. Бирок, тилекке каршы балтанын сабы дагы деле өзүбүздөн болуп жатпайбы.

 

« Ө » жана « Ү » тамгалары четте калып калды, туура.
бул жерде деле тилекке каршы өзүбүздүкүлөр Русская Раскладканы бузуп атасың, аны бузба дегендерден улам жасалды.
эл ушул нерсеге көнүп калды, ал ошол бойдон калышы керек дегендер тилекке каршы арабызда бар.

 

« Ө » тамгасы оң жакта, « Ү » тамгасы сол жакта жана « Ң » тамгасы жогору жакта болгондугуна кыскача түшүндүрмө.
кыргыз тилинде эң көп « Ө », анадн кийин « Ү » жана эң сейрек « Ң » тамгасы колдонулат экен.
Ошондуктан « Ө » тамгасы оң жакка, оң колго, « Ү » тамгасы сол жакка, сол колго ыңгайлаштырылган, жана « Ң » тамгасы эң аз колдонулгандыгы үчүн Ё сыяктуу үст жакка жайгаштырылган.

 

Казактар бул тармакта биз мурда эле кол кабыш кылып бул маселени чечишкен.
«ӨҢҮ» дегенди жазуу үчүн казактыкын колдонуудабыз дегендер да тилекке каршы жок эмес.
бирок, аргасыздан колдонуушуда.
Казак тамгалары бар клавиатурада
1. Казак тамгаларын жазуу үчүн Язык Ввода дегени KZ дегенге коюп анан жазыш керек.
2. Өзгөчө казак тамгалары клавиатуранын үст жагындагы цивралар бар клавищаларга коюлган. өңү деген жазыш үчүн үст жактан чокулап туруш керек болот.

 

бул клавиатурада болсо эл көнгөн «Слепая Печать» деген ыкмагы ыңгайлаштырылган.
болгону ӨҢҮ дегендерди жазаарды чыпалакты бирааз нарыраак эле созуп коюш жетиштүү.

 

баса, бул клавиатурада Язык Ввода дегенди KY га коюшубуш керек, ошондо гана иштейт.


Сообщение отредактировал Hyp.M: 04 Январь 2011 - 14:44


#7 Brutus

Brutus

Отправлено 05 Январь 2011 - 14:14

Hyp.M

 

"Советский" тилчи чалдар жакында ардак эс алууга кетишет. Алардын сөзүн уккпай эле койуш керек. Кыргыз тилдин келечеги жаш тилчилер менен. Жаштар кыргыз тилин кайра орус тилинин таасиринен алып чыгып мурунку өзүнүн нугуна бурушат.

 

Мисалы, бул жерде Улан Мелисбек деген мырза жаңы кыргыз тилине арналган сайт ачыптыр:

 

http://kyrgyzcha.com/alippe



#8 RossoNeri

RossoNeri

Отправлено 05 Январь 2011 - 14:25

Сатыкка чакканда ышкырып койгула



#9 Janyzak

Janyzak

Отправлено 06 Январь 2011 - 00:46

Hyp.M

ой пикириңерди, сунушуңарды күтөбүз.

Мына бул жерди байкап көргүлөчү:
http://janyzak.kg/kbd/kbd_ky1.htm

 

Жакшылап окуп чыксаңар канткенде кыргыз тамгаларын каалаган жерге койуп алса болору жазылган.



#10 Janyzak

Janyzak

Отправлено 06 Январь 2011 - 01:09

Brutus

"Советский" тилчи чалдар жакында ардак эс алууга кетишет. Алардын сөзүн уккпай эле койуш керек. Кыргыз тилдин келечеги жаш тилчилер менен. Жаштар кыргыз тилин кайра орус тилинин таасиринен алып чыгып мурунку өзүнүн нугуна бурушат.
Мисалы, бул жерде Улан Мелисбек деген мырза жаңы кыргыз тилине арналган сайт ачыптыр:
http://kyrgyzcha.com/alippe

Улан Мелисбек менен көп жылдар бою Жж тамгасы боюнча пикир келишпей жүрдү эле, бу жолкусунда а жигит Жж_ны акыры жүрүп Jj кылган экен...
Антпесе мен бир кезде анын айтымы менен үч-төрт күн Canyzak деп жазып жүрүп,
бирок Janyzak дегеним түбөлүк эсе жогору экенин сезип кайра өзүм жазгандай арипке которулгам.

 

Азыркысында бу жигит Чч, Шш, Ыы, Йй_дан жаңылыптыр – Түркиянын куйрук-баштуу тамгаларын алуу сабаттуулуктун чокусу деш өтө кыйын. Бу тамгаларга кошумча топчуларды табыш керек болот...

 

Менин сунушумду байкап көргүлө:
http://janyzak.kg/makala/latyn.htm

 

Брутус мырза, "бөрү карыса бир койлук алы бар" экенин эстей жүрүш керек.
Карылыктан айланабызбы...



#11 Гость_cranberries1_*

Гость_cranberries1_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 06 Январь 2011 - 01:12

Эми, жаш болуп деле тантырап жүрбөйбүзбү.
Тантырама деген кары-жашка карабайт экен.



#12 Brutus

Brutus

Отправлено 06 Январь 2011 - 01:35

Улан Мелисбек менен көп жылдар бою Жж тамгасы боюнча пикир келишпей жүрдү эле, бу жолкусунда а жигит Жж_ны акыры жүрүп Jj кылган экен...
Антпесе мен бир кезде анын айтымы менен үч-төрт күн Canyzak деп жазып жүрүп,
бирок Janyzak дегеним түбөлүк эсе жогору экенин сезип кайра өзүм жазгандай арипке которулгам.

 

Азыркысында бу жигит Чч, Шш, Ыы, Йй_дан жаңылыптыр – Түркиянын куйрук-баштуу тамгаларын алуу сабаттуулуктун чокусу деш өтө кыйын. Бу тамгаларга кошумча топчуларды табыш керек болот...

 

Менин сунушумду байкап көргүлө:
http://janyzak.kg/makala/latyn.htm

 

Брутус мырза, "бөрү карыса бир койлук алы бар" экенин эстей жүрүш керек.
Карылыктан айланабызбы...

 

Улан Мелисбектин айрым тамгалары м-н мен деле макул эмесмин. Анын сайтына шилтеме жазаганда тамгаларынын түрлөрүнө эмес санына көңүл бурган элем. Биринчи, орустун бизге жат сегиз тамгасынан арылсак, андан кийин сиз көтөргөн маселелерди козгосок болот.

 

"Чалдар" дегеним жүрөкө катуу тийип калса кечирим сурайм. Биз деле картайабыз 25-35 жылда. Мен жалпы "чалдарды" сынга алганым жок. Ошол бийликтеги биздин муундун жана балким биздин балдарыбыздын келечегин уурдап алган жашап калган мырзалар жана айымдар жөнүндө кеп. Ошолордун айынан өзүбүздүн көйгөлөрүбүздүн үстүнө көп көйгөйлөр жок жерден пайда болуп чечилбей келбедиби.


Сообщение отредактировал Brutus: 06 Январь 2011 - 01:38


#13 Janyzak

Janyzak

Отправлено 06 Январь 2011 - 01:39

Brutus

"Чалдар" дегеним жүрөкө катуу тийип калса кечирим сурайм.

Эми катуу тийип кайда бармак эле.
Сиз маселенин практикалык жагына көңүл буруп, менин сунушумду байкап көрүңүзчү.
Орус тамгаларын жерийбизби же жокпу, бирок бүгүнкү тергичте так ошолордун кирилл тамгалары турат.
Маселе, ошол тергичтеги латын ариптерин туура колдонуу, менимче.



#14 Brutus

Brutus

Отправлено 06 Январь 2011 - 01:44

Эми катуу тийип кайда бармак эле.
Сиз маселенин практикалык жагына көңүл буруп, менин сунушумду байкап көрүңүзчү.
Орус тамгаларын жерийбизби же жокпу, бирок бүгүнкү тергичте так ошолордун кирилл тамгалары турат.
Маселе, ошол тергичтеги латын ариптерин туура колдонуу, менимче.

 

Q, W м-н H башкасынын баары жакшы. Алардын ордуна өзүңүз сунуштаган түрк тамгаларын койсок сонун эле болуп калат. Ң-га болсо бөрк кийигизип койсо болот.


Сообщение отредактировал Brutus: 06 Январь 2011 - 01:53


#15 Janyzak

Janyzak

Отправлено 06 Январь 2011 - 01:55

Brutus

Q, W м-н H башкасынын баары жакшы. Алардын ордуна өзүңүз сунуштаган түрк тамгаларын койсок сонун эле болуп калат.

"Q"_нү мен, мисалы, оңой эле Öö деп жазып кете берем, себеби ал менин латын_тергичимде орнотулган.
Бирок пенде_кыргыз, айрыкча биердеги АД_кыргыздар бу жагынан бир топ эле кыйналып калышат.
Андыктан жогорудагы үч тамганы тикелей тергичтин өзүнөн алып жазган туурабы деп калдым.
Анан калса мен андай тамгаларды өзүмдүн "Windows Commander" программамда кеңири колдоном.

 

Мен маселенин практикалык жагын гана айтып жатам.

 

Албетте, Ŋŋ биздин кирилл_тамгабыз курулушуна төп келип турат, бирок тергичте бар мүмкүнчүлүктөн келсек, Hh түбөлүк эсе оңой жана жогору.
Себеби менин вариантымдагы латын тамга курулушунда бу тамга бир да жерде башка тамгалар менен кесилишпейт.



#16 Гость_Hyp.M_*

Гость_Hyp.M_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 06 Январь 2011 - 18:07

Сатыкка чакканда ышкырып койгула

 

Биринчилерден болуп өзүм сага кабар берем,
баасы 325-350 сомдун тегерегинде болот экен...



#17 nomadic

nomadic

Отправлено 07 Январь 2011 - 03:57

КҮ деген режимде чын эле иштейт бекен бул раскладка?



#18 Гость_Hyp.M_*

Гость_Hyp.M_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 07 Январь 2011 - 15:11

КҮ деген режимде чын эле иштейт бекен бул раскладка?

 

Ооба, компьютерде клавиатуранын тилин КҮ дегенге коёсуң, и иштей бересиң.
мисал үчүн Winword же Excel ачтың, КҮ деген режимге койдуң,
«Ө» нү бассаң «ө» чыгат, «Ү» нү бассаң «ү» чыгат, «Ң» ды бассаң «ң» чыгат....



#19 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 937
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 08 Январь 2011 - 11:05

жениус, эйчпи кимиси колдойт болду экен??? же мэйдин чайна фор кыргызстан бекен %)??



#20 nomadic

nomadic

Отправлено 09 Январь 2011 - 00:10

zebest

жениус, эйчпи кимиси колдойт болду экен??? же мэйдин чайна фор кыргызстан бекен ??

Кыргызтакта деген ишкана




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных