Перейти к содержимому



Фотография

Кайсы салттар кыргыздардын прогрессине тоскол?. силердин ой-пикиринер


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 32

#21 Kaisar

Kaisar

Отправлено 08 Май 2014 - 14:17

Эл эмне дейт деген соз. Эл биз учун жашачудай болуп. Или мен озумду ушинтип оправдываю хз



#22 uniman

uniman

Отправлено 14 Май 2014 - 15:59

Kaisar

Эл эмне дейт деген соз

куру намыс де...



#23 eliestrado

eliestrado
  • На удаление
  • Cообщений: 1 783
  • Регистрация: 10-03-2010

Отправлено 20 Май 2014 - 15:51

Kaisar

Эл эмне дейт деген соз

%)

Прикрепленные изображения

  • getImage__90_.jpg


#24 Дакара

Дакара

Отправлено 06 Октябрь 2017 - 13:52

ала качуу деген салтты жок кылыш керек)

 

 



#25 akylai_ka

akylai_ka

Отправлено 19 Октябрь 2017 - 13:02

Элдин балдары дегенде эле, а элдин ата энелеричи деш керек.



#26 Арахис

Арахис

Отправлено 19 Октябрь 2017 - 14:56

эл оозунда элек жок. сүйлөй берет. колдон келгенин кылыш керек. карызга батпай,куру намыс дебей. свадьба өткөрүшөт кредит алып анан 3-4 төлөп жүрүшөт. болвойтко ушуга окшогондор.

#27 Йошкин кот

Йошкин кот

Отправлено 20 Октябрь 2017 - 14:58

Кайсы салттар кыргыздардын прогрессине тоскоол болуп жатат? Кайсы салттарды тескерисинче сакташкерек? Силердин ой-пикирлеринер?

 

Менин салым:

 

- кыз алакачуу
- өлүктү көмүү (бары аштар, кыркын, жетилик)
- кийит кийгизуу
Кыргыздар акча кичине чогулуп калса эле "Той ойнойбуз!" деп чыгышат. Тойдон башкага фантазия жетпейбы? Саякатка барып келсе болот, балдарга аманат салып койсо болот. Той-аштарды уюштурганда кээ бир кедейлер байлар менен жарышат (акылсыз иш).

 

Жакшы салт:
- тушоо той
- улпет той, бирок керексиз салттарды акчаны ысырап кылган (кийит кийгизуу мисаалы), кыздын абройун төмөнсүтүү (кыз бойдон тургандык текшеруу мисаалы) кутулууш керек

Сиз  озунуз кыргызсызбы? Гуглдан которуп алгандай  го создорунуз.



#28 Йошкин кот

Йошкин кот

Отправлено 20 Октябрь 2017 - 15:02

"Кыргыз, тили жана каада салты менен Кыргыз" - деген сөз бекеринен эмес. Бирок чындыгында каада салтыбызда жапайчылык багытты камтыган салтарыбыз жок эмес. Мисалга алсак ошол эле кыз ала качуу. Кудайга шүгүр азыркы күнү мындай жапайчылык көрүнүштөн мыйзамдын кабыл алынышы менен арылып бараткандайбыз. Жана ошондой эле өлүм жытымда, той топурда өзгөчө чыгым боло бергенибиз дагы аша чапкандык. Кыргыз журту конокчул болорун ушул нерседен эле көрүп койсоң болот. Анан кыз кыз бойдон булушу абзелдиги туура эле, ал нерсебиз жок батыш улуттарынан айырмабыз жок калат. Кыз деген тазалыктын жана аруулуктун символу, болочок эне, сүйүктүү жубай ошондуктан ушул салты карманганыбыз туура эле.

 

Туптуура  айтасыз . Негизи  эки  эле  салт анча  жакшы  эмес- кыз ала  качуу, жана  соокту  комгондо  ашыкча чыгым  болуу.

А так, каалаган жакпаган  салтты  жое  берсек, ким  болуп  калабыз  анда?

Кыргыз  болобузбу, же  ата-салтын унуткан бир эл болобузбу?


Сообщение отредактировал Йошкин кот: 21 Октябрь 2017 - 22:58


#29 Дакара

Дакара

Отправлено 20 Октябрь 2017 - 17:03

- өлүктү көмүү (бары аштар, кыркын, жетилик)

 

Азыр адам олгондо,семиз мал сойбосон туугандар,кошуналар ушактап чыгат.Арык мал сойду же мал сойбой койду деп..

Кыздарды,балдары аза-кутуп,ыйлап жатса,булар эт жегени келишет,анысы аз калгансып,дасторкондогу конфет,печенье арзанбы,кымбатпы деп кеп кылышат.

Ошон учун балдары,колунда жко болсо,айла жок карызга мал алып,дасторконду жакшыраак кылганга аракет кылат.

Бироонун созунон,ушагынан коркпош керек...



#30 Ainura74

Ainura74

Отправлено 30 Октябрь 2017 - 20:41

Кыргыздарда конок келсе тааныбаса да киргизчу, кудай конок деп. Анткени уйуно бироо келсе, киргизгиче шаш дейт. Коноктон биринчи коноктун периштеси кирет экен, жон кирбей периштеси, АЛЛА тааладан ушул уйго баардык жакшылыктарды бер деп кирет экен. Ошон учун кыргыздар илгери кандай киши келсе дагы уйуно киргизип, жок дегенде нан ооз тийгизмейинче кетирчу эмес. Уйго киргизбей, жактырбай эшигинин алдынан кетирсе, келген кишинин периштеси дагы АЛЛАдан тиленбейт да. Менде каяктагы периште, же болбосо тетиги самсып жургон немеде каяктагы периште деп ойлобогула. Ар бир кишинин периштеси болот, жанында журот.



#31 Ainura74

Ainura74

Отправлено 29 Апрель 2018 - 12:51

кыз ала качуу

#32 Clari

Clari

Отправлено 01 Май 2018 - 00:26

"El emne deit", dep chon toi otkozboi, chakan ele toi otkozushso, anan kiyit, dejurnyi chepken, jooluktardy jon ele koyushsa.



#33 Pharell

Pharell

Отправлено 03 Май 2018 - 17:59

Конгон адат калабы, уйга жугон салабы демекчи  %)




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных