Перейти к содержимому



Кыргыз-латын алфабити керекпи?. http://tinyurl.com/kgtamga


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 25

#21 Brutus

Brutus

Отправлено 16 Январь 2012 - 16:28

Brutus

1. Мурун латын тамгасын колдонгонбуз.

Латын тамгасы качан колдонулган? Кыргыздар качан сабаттуу боло баштаган,качан гана орустар бастырып киргенден кийин,орустар келип баягы Дуйшонго окшогондорду окутуп,айыл жергелерине жиберип,карпайым калкты сабуттуу кылдырган. Ага чейин кыргыздар жазышты да,окушту да билген эмес. Молдолор,байдын балдары гана араб тилинде курандарды окуп билбесе,болбосо латиница бизде болгон эмес.

 

Бул орустардын мифи. )))

 

Илгери кыргыздар орхон жазуусун колдонушкан. Андан кийин арап жазуусуна өтүшкөн. Коммунистер келип, бизди латын жазуусуна которушкан. Андан кийин орусташтыруу сайасаты башталганда, 41 жылы кирил тамгасына күчтөп бизди өткөрүшкөн.

 

Сабат тууралуу болсо, орустардын көпчүлүгү коммунизмдин жардамы менен сабатсыздыгын жойушкан. Себеби 90 пайыздай орустар сабатсыз болгон. Анан алар менен кошо биз дагы сабатсыздыгыбызды жойдук.

 

Баштапы жылдары биздин багыбызды орустар эмес, коммунистер ачкан. Себеби биз орустардын алдында эзилип келгенбиз коммунизмге чейин эле.

 

Бул жөнүндө маалымат көп. Жазуубуз жөнүндө маалыматка шилтеме: http://ky.wikipedia..../wiki/Кы%...?ли


Сообщение отредактировал Brutus: 16 Январь 2012 - 16:36


#22 Brutus

Brutus

Отправлено 16 Январь 2012 - 17:17

Ошо латын алфавитиндеги кыргызча эски кол жазмалар барбы же жон эле алфавит бар,анан колдонулган эмеспи?

 

Орхон жазуусунда бир же эки таш бар. )) Арап жана латынча толтура.



#23 qecub

qecub

Отправлено 16 Январь 2012 - 23:00

Brutus

Беркиси болсо, жаңыалиф алиппесинде бар.

Эми, жаңыалифте тамгасы да жок, анын оордуна Ьь тамгасы колдонулган. Ошондо Isık-Köl эмес, Ьsьq-Kөl болчу. Азыр болсо Ысык-Көл деп жазылат. Кайсынысы жакты?

 

1. Мурун латын тамгасын колдонгонбуз.

Эми тарых деген тарых, эстен кетиришпеш керек, - ошонусу менен чектелсе болот го. Антпесе кээ бирлер Орхон-Энесай рундарын колдондук эле,
экинчилер арап графикасында жаздык эле, өлкөнүн көпчүлүгү да мусулман деп кайрадан колдонууга чакырышууда. Андай болбойт го, кандай дейсин?

 

2. Түрк тилдүүлөргө жакын болобуз.

Өзбекстанга алфавит менен жакындамай болдукпу? Деги андай мүмкүнбү? :)

 

5. Айти тармагындагы көп тил көйгөйлөрү чечилмек.

"Unicode/UTF-8" бар го?

 

6. Кыргыз тили өз нугунда бат өнүкмөк.

Билбейм-билбейм, менимче тил таануучулар арасында тактык, "жада галса" ынтымак да жок. Ар бир мугалим өзү каалагандай сабак береберет.
Тил комиссия да түшүнүксүз бир уюм болуп турат. Неолигизмдерди киргизип, бекитишпегенин "эл түшүнбөйт, колдонбойт" деп акташууда. Деги андай уюмунда кажети барбы анда? :hmm:

 

Снежинк@

карис

Охо, бул жактан "подробней", кызык болуп жатат. :)

 

Анан кириллицага конгондор, кыргыз тилин такыр эле унутуп калсачы.Мисалы, азыркы жаштар, баш айлантып латиницасын уйронуп конгончо, кириллицада орусча жазган жакшы деп,орусчага отуп кетишсе. Баш айланмай башталат.

Өзбекстандай эле болот, эки алфавит болуп: расмий түрдө латынча бирок ошол эле учурда өзгөчө иш кагаздар жүргүзүүсүнда кириллица да колдонулууда. Чынында 1990-дан баштап туулаган жаш муун кирилицаны анча түшүнүшпөйт экен. Эски өзбек китептериди окуу кыйынчылык туудурат экен аларга.

 

Латын алфавити кирсе, азыркы орус мектептер эмне болот?

Орус тилдүү мектептер менен латын алфавитинин ортосунда кандай байланышы бар? :huh:
Балким да кыргыз тилдүү мектептер жөнүндө сөз кылайн дегенсиң? :)



#24 qecub

qecub

Отправлено 17 Январь 2012 - 17:23

Снежинк@
Баарделе орус мектепте кыргыз тил сабагы, кыргыз метебинде болсо орус тил сабагы бар го. Андай кыйынчылык жаратарында күмөн жатуудамын. :)

 

Ал жонокой эле корейский тили

Анысын түшүндүм, бологону биринчи жолу угуп жатам да. Мурун корей тили деп угуп жүргөнмүн да. БГУда окуйт окшойсуң, ээ? :)



#25 qecub

qecub

Отправлено 24 Апрель 2013 - 00:31

Aa | Bb | Cc | Çç | Dd | Ee | Ff | Gg | Ğğ | Hh | | İi | Jj | Kk | Ll | Mm | Nn | Ŋŋ | Oo | Öö | Pp | Qq | Rr | Ss | Şş | Tt | Uu | Üü | Vv | Yy | Zz

 

+
Āā | Ēē | Ōō | Ȫȫ | Ūū | Ǖǖ

 

Транскрипция максатында колдонсо, ушундайы оң болмок го. :)



#26 Noo

Noo

Отправлено 24 Апрель 2013 - 01:03

Латын алфабит керек




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных