Перейти к содержимому



Фотография

Кыргызча балдар учун китептер. Кайсы жерде сатып алса болот?


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 60

#41 Janyzak

Janyzak

Отправлено 22 Июль 2010 - 13:47

kalba-diz

Вай, Жаке, сиздики "что ни движение, то деньги!" турбайбы, буйтап суйтап эле...негизи маладессиз!

Эми-ии, иничек, "деньги!" дегенде биерде бир чоң акча жөнүндө сөз болуп жатса да бир жөн.
Негизи, алиги сканер менен кыргыз китеп окурмандарына эптеп-септеп бирдеме бериш керек, "пищу на размышление" дегендей.
Антпесе мынакей азыр кеттим алиги сканерди сатып алууга.
Анан биерде ошол энциклопедияны 100 кыргыз сатып алышы өтө күмөн.
Кечээ бир эргул мага телефон чалып атат соткадан: "Жанызак байке, сырсөздү айта туруңуз, мен акчасын эртең салып жиберейин" деп.
Акчасы канча дебейсизби?
10 сом!.... Бир китептин баасы ушунча менин электрондук китепканамда.
Эми ушуну да моминтип жатса, бу кыргызыңды уруп эле окутпасаң, оңой менен окубайт, эй...

 

Анан "100 сом" дегенде таптакыр чалкасынан кетпейби!

 

Биерде биз тыйын табыш эмес, агартыш жагынан иштеп жатабыз. Ушинте берсек акыры бир күнү биз чыгарган китептерди да ала башташат.

 

Тээ жогоруда бир ургаачы айтып жатпайбы: "Сплошная порнография" деп.
Буларың эми сноб да, кантели.

 

Бирок чын эле, азыр кыргызда кыргызча "ой азамат!" дей турган жазуучу жок, тилекке каршы. Анан Айгүл ШАРШЕНди даңазалайбыз да, айла жок...



#42 Janyzak

Janyzak

Отправлено 22 Июль 2010 - 13:53

Мага биерде азыр эле жаңы момундай кат келиптир:

Саламатсызбы, Жанузак байке!
Мен өзүм студентминб бирок жумушума байланыштуу мага "Тил көпүрө" же болбосо анын жаңы варианты болуп чыккан "Тил биашаты" деген китептер керек болуп жатат.сиздин макаланыздан үзүндү:Кут билим газетасында:
Бул кезге чейин түздөн-түз чет элдик жарандар үчүн "Тил башат" окуу куралы үч деңгээлде (Башталгыч курс, Орто курс, Жогорку курс) түзүлүп чыгып, 1-жолу 2002-жылы басмадан чыккан. Кийин ал китептин материалдарын практикалагандан соң келип чыккан жыйынтыктар эске алынып, кемчиликтери четтетилип, өнүктүрүлүп, оңдолуп, түздөлүп, материалдар тереңдетилип иштелип 2007-жылы кайрадан бастырылып чыкты. Кийинки басылышы 3 деңгээлден жана 5 түрлүү жардамчы бөлүмдөн турат. Иштеп чыккандар: К. Кулалиева (жетекчи редактор), Т. Үсөналиев, Ч. Жылкычиева (редакторлор), авторлору: Ы. Керимбекова ("Алфавит", "Коом жана жаштар", "Түрк дүйнөсү" , Ч. Жылкычиева ("Үйбүлөм", "Тарых барактарынан", "Адам жана техника" , Э. Төлөкова ("Убакыт учкан куш", "Эл менен тилдин тарыхы" , К. Кулалиева ("Үйүбүз", "Байланыш-өнүгүүнүн башаты" , Э. Кубатов ("Шаарда", "Так илимдин төрөсү - математика" , Т. Үсөналиев ("Маданият жана искусство", "Табышмактуу дүйнө", "Этика" , М. Абылкасымова ("Тегеренген төрт мезгил", "Куттуктайбыз, кубанабыз", "Жаратылышты коргойлу" , С. Досоева ("Соодада достук жок", "Адамдын келбети, мүнөзү", "Көптү көргөн көп билет" , З. Мажитова ("Жайыл дасторкон", "Кыргыз жергеси", "Экономика" , Ч. Сыдыкова ("Китеп - билим булагы", "Кыймыл - бул жашоо", "Адабият - турмуш күзгүсү" , Т. Мамыров ("Эмгек эрезеге жеткирет", "Бабалардан калган сөз" , Н. Мурзакматова ("Дени соонун - жаны соо" , К. Токтоналиева ("Ийгиликтин ачкычы - илим-билимде" , Р. Мажитова ("Сөз берметтери" , С. Наркулова ("Эмнелерди үйрөндүк" . Көрүнүп тургандай окуу китебинин тематикасы тил үйрөтүүчүлүк гана максатты көздөбөстөн, билим берүүчүлүк, элдин маданиятын, жашоо турмушун таанытуучулук, тарбия таалим берүүчүлүк, ой өрүшүн өстүрүүчүлүк ж.б. максаттарды көздөйт.
Бул окуу китеби алгачкы жолу кыргыз тилин чет элдиктерге окутуп-үйрөтүүнүн кенен тажрыйбасынан, толук сынынан өткөн жана эң сонун натыйжаларды берген, мыкты адистер тарабынан олуттуу иштелип чыккан, толук кандуу педагогикалык, дидактикалык жана методикалык принциптердин негизинде түзүлгөн, илимий-теориялык жагы практикалык колдонулушу менен айкалышкан Кыргызстандагы тунгуч окуу комплекси деп айтсак ашыктык кылбайт. Аны жыл өткөн сайын ушул китепти колдонуп окуган үйрөнүүчүлөр да аны менен иштеген адистер да ынанымдуу айтып келишүүдө. Анын үстүнө окутуунун бардык тарабын кучагына алган, мындай комплекстүү окутуунун "менюсу", же болбосо 3 деңгээлден, 5 бөлүмдөн турган окуу куралы республиканын чет элдиктерди окутуу тарыхында алгачкы жолу түзүлүп да, үйрөнүүчүлөргө да алгачкылардан болуп практикаланып олтурат. Мында кыргыз тилинин грамматикалык өзгөчөлүгү теориялык планда тереңдетилип окутулуу эмес, үйрөнүүчүнүн кыргыз тилинде сүйлөп кетүүсү, маектеше алуусу, түшүнүүсү эске алынган практикалык колдонулуш өзгөчөлүгү көңүлдүн борборунда турат. Башталгыч, орто жана жогорку курстарга окутулуучу грамматикалык жана лексикалык материалдар жөнөкөйдөн татаалга принцибинде ырааттуу жайгаштырылган. Ал эми 5 бөлүм болсо төмөнкүлөр:
1) Оозеки сүйлөшүү көндүмдөрүн калыптандыруучу материалдар.
2) Окуп түшүнүү материалдары.
3) Угуп түшүнүү материалдары.
4) Грамматикалык материалдар.
5) Жазуу (дилбаян, жат жазуу, баяндама) материалдары
Жооп күтөм.

 

Кимиңер жооп бере аласыңар?



#43 kalba-diz

kalba-diz

Отправлено 22 Июль 2010 - 13:59

Анда ошол эле тетиги
магазиндердеги
китептерди (научн-
попул, энциклоп для
почемучек и т.д.) алып
эле, текстин эле
кыргызчага которуп
сата берсе эмне болот?
же алардан да
текшерип ,
контролодогон
кишилери барбы?



#44 Janyzak

Janyzak

Отправлено 22 Июль 2010 - 14:50

kalba-diz

Анда ошол эле тетиги
магазиндердеги
китептерди (научн-
попул, энциклоп для
почемучек и т.д.) алып
эле, текстин эле
кыргызчага которуп
сата берсе эмне болот?
же алардан да
текшерип ,
контролодогон
кишилери барбы?

Ким которот, канчага?
Ким чыгарат, канчага?
Эң негизгиси – ким алат?!



#45 tentek.

tentek.

Отправлено 22 Июль 2010 - 14:58

мага биринчи кунго чейин жакшы китеп таап бергиле бол, балама)))



#46 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 937
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 22 Июль 2010 - 16:18

zebest

Прикрепленный файл _________________.rar ( 149.8 КБ ) Кол-во скачиваний: 2

10 өлчөм менен 71 бет болду, буйруса 144 беттүү бир китеп болот экен.
Эми айбанаттардын сүрөттөрүн бир кошмо менен түстүү кылып берип койсо болот...

бизнес сунуштап жатасызбы мага %)?



#47 kalba-diz

kalba-diz

Отправлено 22 Июль 2010 - 17:03

Janyzak

Ким которот, канчага?
Ким чыгарат, канчага?
Эң негизгиси – ким алат?!

Таак, жооптору дагы өзүнөн өзү эле даяр болуп калды: опутуңуз (тажырыйба - атайын gecubүчүн ) бар, сиз котортосуз, чыгартасыз, zebest дагы бизнес жагы болсо кошулам дегенсип атат, ал эми ким алат десеңиз, мына биринчи болуп tentek, андан кийин ушул топиктин "аптыры" WOMAN алат! Башталышы жаман эмес! :D

 

Ал эми серьезно болсо жогорудагы кыз эмнени сурады, жакшы түшүнө албай койдум, ошол китептер керек дейби, же сатам дейби? Ага эмне деп жооп бериш керек экен? Бир сунуштары болсо эмейлин ЛС жазыңыз, ойлонуштуралы...



#48 chel

chel

Отправлено 22 Июль 2010 - 17:05

No1isPeRFeCT

еще бир магазин бар по Логвиненко... аты эсимде жок.

Фолиант
Логвин.-Токтогула.......ылдыйраак логвиненко менен

 

WOMAN
теманын атын озгортуп койсонуз:

Кыргызча балдар учун китептер

Балдар учун кыргызча китептер..........туура болот болуш керек


Сообщение отредактировал chel: 22 Июль 2010 - 17:06


#49 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 22 Июль 2010 - 17:35

тайэнемдин майрамы
Аңгемелер.
Толук түстүү, жасалгасы сакталган, pdf түркүмүндө, 9 Мгб.



#50 kalba-diz

kalba-diz

Отправлено 23 Июль 2010 - 14:48

Аа кашайгыр, кыргызча китеп темасы эч кимди деле козголтпойт окшойт... же бул форумдун катышуучулары али үй-булоолүү эмес же балдарына орусча эле китеп алып берип коюшабы...
Же опшум эле ойлонушпайт ко дейм...
Жеңил - желпи, ичтим - чы.тым, уктум -көрдүм... башка жок...темаа...тема



#51 Brutus

Brutus

Отправлено 13 Январь 2011 - 18:15

тайэнемдин майрамы
Аңгемелер.
Толук түстүү, жасалгасы сакталган, pdf түркүмүндө, 9 Мгб.

 

Алма тайанемдин майрамы жокко?



#52 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 18 Январь 2011 - 15:50

тайэнемдин майрамы
Аңгемелер.
Толук түстүү, жасалгасы сакталган, pdf түркүмүндө, 9 Мгб.

 

Алма тайанемдин майрамы жокко?

кийин жылыштырганда шилтеме өзгөрүп кетиптир. Бирок каталогдо турат.
азыркы шилтемеси



#53 bankir

bankir
  • На удаление
  • Cообщений: 13 850
  • Регистрация: 15-01-2005

Отправлено 18 Январь 2011 - 15:53

alma

кийин жылыштырганда шилтеме єзгєрїп кетиптир

Бир бирден текшерсеўчи, бир тобунун шилтемеси жылышып кетиптир..



#54 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 18 Январь 2011 - 15:55

alma

кийин жылыштырганда шилтеме єзгєрїп кетиптир

Бир бирден текшерсеўчи, бир тобунун шилтемеси жылышып кетиптир..

көрөйүнчү... билгендериң болсо айтып кой, оңой тапканга.



#55 Brutus

Brutus

Отправлено 26 Январь 2011 - 12:17

тайэнемдин майрамы
Аңгемелер.
Толук түстүү, жасалгасы сакталган, pdf түркүмүндө, 9 Мгб.

 

Алма тайанемдин майрамы жокко?

кийин жылыштырганда шилтеме өзгөрүп кетиптир. Бирок каталогдо турат.
азыркы шилтемеси

 

Ыракмат! Жакшы скандалыптыр. Өзүңүз скандадыңызбы? Скандоо ыкмалары м-н бөлүшүп кетсеңиз жакшы болмок.



#56 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 26 Январь 2011 - 12:20

тайэнемдин майрамы
Аңгемелер.
Толук түстүү, жасалгасы сакталган, pdf түркүмүндө, 9 Мгб.

 

Алма тайанемдин майрамы жокко?

кийин жылыштырганда шилтеме өзгөрүп кетиптир. Бирок каталогдо турат.
азыркы шилтемеси

 

Ыракмат! Жакшы скандалыптыр. Өзүңүз скандадыңызбы? Скандоо ыкмалары м-н бөлүшүп кетсеңиз жакшы болмок.

но проблем. байланыш. иш жузүндө көргөзүп берейин. кааласаң



#57 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 30 Январь 2011 - 19:56

С. Каралаев "Тайтору"
А. Б.Айткеева "Учкун"
Толук түздүү, пдф түркүмүндө даярдалган.



#58 Janyzak

Janyzak

Отправлено 30 Январь 2011 - 21:07

alma

Толук түздүү, пдф түркүмүндө даярдалган

түстүү болсо керек эле.

 

түркүмүндө – түрүндө



#59 Waardyk

Waardyk

Отправлено 01 Ноябрь 2013 - 19:49

Кызык темада коптон бери эч нерсе жазыбаптырго.

 

Азыр кандай кичинейкерге кыргызча китептер бар? Деги кандай мекемелер чыгарып жатат аларды?



#60 kitepkana.kg

kitepkana.kg

Отправлено 29 Декабрь 2016 - 18:11

кыргызча китептердин интернет дүкөнү ачылды, издеген китебиңерди ушул сайттан карасаңыз болот http://kitepkana.kg/




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных