Перейти к содержимому



Фотография

Кыргызча балдар учун китептер. Кайсы жерде сатып алса болот?


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 60

#21 kalba-diz

kalba-diz

Отправлено 22 Июль 2010 - 11:53

спонсорлукту ... меценаттарды

Демөөрчү десеңиз.
:)

Иий, мейли, демөөрчү, демөөрчү!! :D (Демөөрчү менен меценаттын айрымасы бар!)
Ай, qecub, анда көрө суроого жооп бериңиз! Деги балдарыңыз барбы? :lol:


Сообщение отредактировал kalba-diz: 22 Июль 2010 - 12:23


#22 Janyzak

Janyzak

Отправлено 22 Июль 2010 - 11:53

kalba-diz

(400-500с. болсо)

Болжолдуу айлык демейкиде 4000-5000, шаарда.
Айылда мындай айлык жок ко дейм.
Сиз айткан баа ошол айлыктын 10 пайызы.
10 китеп алсаң ачка каласың.

 

Ошондуктан мен чыгарган китептердин баасы 40 сом сатылышында.



#23 Prosto Devushka

Prosto Devushka
  • На удаление
  • Cообщений: 8 784
  • Регистрация: 06-05-2010

Отправлено 22 Июль 2010 - 11:55

kalba-diz

 

сатып алып журобуз коп китептерди. сатып алмакмын, менин туугандарым да сатып алмак, досторум да.

 

кыргыз тилин бийик денгеелге которгондо кыргыздар гана эмес башка улуттар да сатып алышат кыргыз тилиндеги китептерди. ИМХО.



#24 kalba-diz

kalba-diz

Отправлено 22 Июль 2010 - 12:06

kalba-diz

(400-500с. болсо)

Болжолдуу айлык демейкиде 4000-5000, шаарда.
Айылда мындай айлык жок ко дейм.
Сиз айткан баа ошол айлыктын 10 пайызы.
10 китеп алсаң ачка каласың.

 

Ошондуктан мен чыгарган китептердин баасы 40 сом сатылышында.

Жаке, аныңыз гоо, жакшы! Мен колдойм! Бирок, 40с. болгону менен жаш балдарга эмес болуп атпайбы! Анын устунө сатуу техникасы эски болуп атпайбы, реклама жөнөкөй, стандарттуу! Дагы бир жери, сиздин китептериниз, өзуңүз айткандай жеңил желпи, көп деле маанилүү басымы жок, чоң кишилерге арналган да. Ал эми жаш балага өзүнүн деңгээлине жараша кызык нерсе керек болуп атпайбы...
Өткөндө атайын Бишкектеги китеп дукөндөрүн кыдырдым, балдар китебин издедим, сураштырдым! Деги, деги! :( Анан балдар биздин келечегибиз дейбиз, 18 жашка чейин келип бир китеп бетин ачпаган жаштар кандай болгон келечек?
Жаке, неберелериңиз китеп окуйбу? Кандай китептер экен, кыргызчабы, орусчабы?



#25 kalba-diz

kalba-diz

Отправлено 22 Июль 2010 - 12:11

kalba-diz
сатып алып журобуз коп китептерди. сатып алмакмын, менин туугандарым да сатып алмак, досторум да.
кыргыз тилин бийик денгеелге которгондо кыргыздар гана эмес башка улуттар да сатып алышат кыргыз тилиндеги китептерди. ИМХО.

Prosto Devushka
Кайсы тилдеги китептерди сатып алып жүрөсүз? Бир китепке, мисалы, ошол эле исскуство боюнча иллюстрацияланган өтө калың эмес кыргызча энциклопедияга канча акча аябайт элеңиз?? 100 сомдон 1000 сомго чейин айтсаңыз? Анан сиздин оюңузча, азыркы жашоо шарттарга, финансыга (каражат) байланыштуу, туугандарыңыз, тааныштарыңыз канча акчага сүйүнүп алышат эле??


Сообщение отредактировал kalba-diz: 22 Июль 2010 - 12:28


#26 Janyzak

Janyzak

Отправлено 22 Июль 2010 - 12:20

kalba-diz

40с. болгону менен жаш балдарга эмес болуп атпайбы!

Мен азырынча балдар үчүн бир гана китеп чыгардым - "Кыргыз эл жомоктору".
Жакынкы күндөрү компьютер үйрөнүү сериясын баштайын деп турам, ушул эле форматта, арзан жана карала сүрөттүү кылып, ортосуна түстүү кошмо кошуп койушум да мүмкүн.
Бирок анткенде китептин баасы болжолу 5 сомго кымбаттайт...

 

Жаке, неберелериңиз китеп окуйбу? Кандай китептер экен, кыргызчабы, орусчабы?

Улуу уулумдун баласы-неберем түрүлүү-түстүү китептери көп, себеби атасы, менин уулум, "Бийиктик" басмасында иштейт.
Ал небереме мен былтыр ойунчук компьютер алып бергем, тамгаларды үйрөтөт экен.
Үйүндө атасынын компьютеринен да бирдемелерди үйрөнөт болуш керек...

 

Менин азыркы бүлөмдөгү уулум ушул азыр компьютер менен иштеп, интернетке 20дан ашуун гезит чыгарат.
Ал кичинекей кезинде мен ага "Бул ким, ал эмне" деген энциклопедия алып бергем баланча жүз сомго (эсимде жок).
Андан башка да көлөмдүү китептери бар, азыркыга чейин кагазга ороп, катып жүрөт, өзүнүн келечектеги уулу, менин небереме "Атам алып берген" деп көрсөтөм" деп.
Адабий китептерден алып берген эмесмин, өзү да албаса керек.
Интернеттен, айрыкча менин http://janyzak.kg сайтымдан окуйт.

 

Кызым көбүнчө орусча китептерди окуйт, бирок курбу кыздарынан алат ко дейм, себеби атайылап барып сатып алганын көргөнүм жок.

 

Компьютер бизде интернетке керелден-кечке кошулган. Кызым гуманитардык окуу жайында окугандыктан, орус жазуучуларынын чыгармаларын түгөлү менен интернеттен көчүрүп алат жана рефераттарды да интернет аркылуу даярдайт.
Кыскасы, интернет анын китепканасы.



#27 Skyline.

Skyline.

Отправлено 22 Июль 2010 - 12:21

qecub

Бал муздак десеңиз.

Сыналгы десеңиз.

Демөөрчү десеңиз.

:]
Кыргыз Уикипедиясы болуватасынбы?? %)



#28 kalba-diz

kalba-diz

Отправлено 22 Июль 2010 - 12:26

Janyzak
Балаңыз катып жургөн китептер кыргыз тилиндеби?
Эми адабий китептер коп эле сатылат, менин суроом илимий-популярдуу китептер боюнча...



#29 Prosto Devushka

Prosto Devushka
  • На удаление
  • Cообщений: 8 784
  • Регистрация: 06-05-2010

Отправлено 22 Июль 2010 - 12:30

кобунчо орус тилинде сатып алам.
анан балдар учун инглис. немис тилин уйронуу иллюстрациялар менен сонун китептер бар, ошондой кылып китептер кыргыз тилинде чыкса сатып алмакпыз.
шартка карата биз эки айда бир 1000 сомго чейинки китептерди сатып алууга мумкунчулугубуз бар.
бирок азыр китеп сатып алуунун маселеси тилде эмес, элдер аз окуп калгана байланыштуу болуп жатат деп ойлойм. мисалы менин иним энциклопедиянын видео вариантын жакшы корот. азыркы жаш балдар кобунчо кабельдик твдан же интернеттен чыкпай калган.
анан адамдар да болунот экен. кээ бироолор акчасы болсо китепке иштетет, кээ бироолор аны тушунбойт. :huh:



#30 No1isPeRFeCT

No1isPeRFeCT
  • На удаление
  • Cообщений: 4 804
  • Регистрация: 27-05-2009

Отправлено 22 Июль 2010 - 12:50

Prosto Devushka

ошондой кылып китептер кыргыз тилинде чыкса сатып алмакпыз.

бар. Раритетте.



#31 kalba-diz

kalba-diz

Отправлено 22 Июль 2010 - 12:57

Prosto Devushka
Жообуңузга рахмат, кыйнап отуруп жооп алдым окшойт! :)

 

Мисалы кыргыз ата-эне силердей болуп, балдарына айына 1 китеп алып берип турса, бала 5 жаштан 18 жашына чейин өлдү дегенде эле 150-200 китеп окуйт экен! 13 жылда короткон акчасы 50-100 миң болсо, ал эми баласынын мээсиндеги информация кийинки жашоосунда канча деген пайда берет??
Атаңгорү, баланын аң-сезими, таалим тарбиясы канча деген акча тураарын билбейбиз да! Анан эле балдарыбыз чоңоюп - үйлөнүп, тамеки чеккен, арак ичкен, орто акча тапкан, аялын (кээде ата-энесин) сабаган кезде, тууй, ушу балам оңолуп адам болуп кетсе, канча акча болсо да берет элем деп бармагыбызды тиштейбиз (ыйлайбыз)!

анан адамдар да болунот экен. кээ бироолор акчасы болсо китепке иштетет, кээ бироолор аны тушунбойт. huh.gif

Туура, бирөөсү көнүл бөлөт жашоонун руханий жагына, экинчиси акча жана өмурдүн физикалык жыргал - рахаты менен жашап кетет, эч нерсенин деле ойлонбой!



#32 kalba-diz

kalba-diz

Отправлено 22 Июль 2010 - 13:07

Prosto Devushka

ошондой кылып китептер кыргыз тилинде чыкса сатып алмакпыз.

бар. Раритетте.

No1isPeRFeCT
бар. Раритетте.

Балдар үчүн болгону 10 - 15 китеп ко дейм. Бир эки жомок китеби, калгандары Манас эпосу жана адабий-көркөм чыгармалар. Орусча китептер менен салыштырганда кыргызчасы дүкөндүн 5-7 пайызын түзөт болуш керек!



#33 Janyzak

Janyzak

Отправлено 22 Июль 2010 - 13:09

Мына менин иш ордум:

 

0_01.jpg

 

0_02.jpg

 

0_03.jpg

 

0_04.jpg

 

 

Мына бул – баламдын иш орду:

 

1_01.jpg

 

Ал эми бул – кызымдын иш орду:

 

2_01.jpg

 

Сүрөттөн көрүнүп тургандай, мени китеп багат жарым-жартылай...

 

Баламды компьютер багат...

 

Кызым бираз гүлгө кызыгат, бираз китептери да бар, бирок аны ноутбук "багат"...

Прикрепленные изображения

  • 0_03.jpg


#34 kalba-diz

kalba-diz

Отправлено 22 Июль 2010 - 13:15

Вот, Жаке-е, реклама десе кээде аша чаап кетесиз да... :lol: Андан көрө тээтиги кыргызча китептин ичин ачып сүрөткө тартсаңыз "по теме" болмок! ;)
Таарынбаңыз, "чымчыма" деп коет... :)



#35 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 22 Июль 2010 - 13:16

WOMAN
кыргызэлжомоктору ;)
ворд форматында сканирленген

Прикрепленные файлы


Сообщение отредактировал zebest: 22 Июль 2010 - 13:17


#36 Prosto Devushka

Prosto Devushka
  • На удаление
  • Cообщений: 8 784
  • Регистрация: 06-05-2010

Отправлено 22 Июль 2010 - 13:19

:huh: эхххх.... творческий беспорядок

 

азыр отурвалып тизмекмин моунун баарын ар бирин окуп-чукуп тунку саат 12ге чейин :-P

Прикрепленные изображения

  • post_10455_1279782174_thumb.jpg


#37 Janyzak

Janyzak

Отправлено 22 Июль 2010 - 13:22

kalba-diz

Андан көрө тээтиги кыргызча китептин ичин ачып сүрөткө тартсаңыз "по теме" болмок!

Ал китепти азыр сканерлеп жатам.
Бүткөндө электрондук версиясын биерден 50 сомдон сатайын деген ой бар.
Кокус эле адашып кетип жок дегенде 100 китеп сатылып калса, сканердин баасы акталат эле:
http://www.link.kg/catalog/19/
Сканер Canon CanoScan Lide 100 (A4, 2400x4800 dpi, color, 48 bit, USB 2.0)



#38 Janyzak

Janyzak

Отправлено 22 Июль 2010 - 13:24

Prosto Devushka

эхххх.... творческий беспорядок

Кызым мен жокто кээде тазалап жибермейи бар.
Ошондо мен ага бирдигине 100 сомду бербей койом.
Ошентип отуруп акыры тим койду...



#39 kalba-diz

kalba-diz

Отправлено 22 Июль 2010 - 13:26

Ал китепти азыр сканерлеп жатам.
Бүткөндө электрондук версиясын биерден 50 сомдон сатайын деген ой бар.

Бирөөнүн эмгегин уруксатсыз сатсаңыз эчтеке болбойбу? :D Автордук укук ж.б. деген түшүнуктөр бар эле...же бизде боло береби? :rolleyes:

http://www.link.kg/catalog/19/
Сканер Canon CanoScan Lide 100 (A4, 2400x4800 dpi, color, 48 bit, USB 2.0)

Вай, Жаке, сиздики "что ни движение, то деньги!" турбайбы, буйтап суйтап эле...негизи маладессиз!


Сообщение отредактировал kalba-diz: 22 Июль 2010 - 13:32


#40 Janyzak

Janyzak

Отправлено 22 Июль 2010 - 13:31

zebest

Прикрепленный файл _________________.rar ( 149.8 КБ ) Кол-во скачиваний: 2

10 өлчөм менен 71 бет болду, буйруса 144 беттүү бир китеп болот экен.
Эми айбанаттардын сүрөттөрүн бир кошмо менен түстүү кылып берип койсо болот...

 

kalba-diz

Бирөөнүн эмгегин уруксатсыз сатсаңыз эчтеке болбойбу? biggrin.gif Автордук укук ж.б. деген түшүнуктөр бар эле...же бизде боло береби? rolleyes.gif

Бу китеп авторлордун коллективи тарабынан чыгарылган.
Электрондук версиясын жаратуу да бираз эмгекти талап кылат, менимче.
Закүн акеге барам, энциклопедияга, оозеки уруксат алам.




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных