Перейти к содержимому



Фотография

Кыргыз Уикипедиясы. Макала жазуучулар жетишпей атат.


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 280

#21 Janyzak

Janyzak

Отправлено 08 Июль 2010 - 18:06

qecub

белгисайар

Мунуңуз эмне - тергичпи (клавиатура)?

 

qecub

АЙДАРДЫН АТЫ

"АйЛардын" деш керек ко.

 

Баса, кыргыз аталыштарына караганда, айлардын латын аталыштары кыска жана нуска.
Кокус биз казактардай кылып, айлардын аталыштарын кыскартсак, анда башка гяп...



#22 Aliud

Aliud

Отправлено 09 Июль 2010 - 01:08

Janyzak

Мунуңуз эмне - тергичпи (клавиатура)?

Ал түрктөрдү туурагандагысы. Кыргызчага кошкону го дейм. Сиз түркчө окуп жатам дебединиз беле.

 

Билги - Билим
Саймак - саноо, эсептөө

 

Билгисайар - Билим (маалымат) санагыч

 

Ушул созду киргизсек шерменде эле болобуз го дейм. Жакшынакай ЭЭМибиз деле бар го.
Билгесайар, белгесаяр деп ж.б. жакында уят сөзгө айланбаса болду.
ИМХО


Сообщение отредактировал Aliud: 09 Июль 2010 - 01:27


#23 qecub

qecub

Отправлено 10 Июль 2010 - 02:16

Janyzak

Баса, кыргыз аталыштарына караганда, айлардын латын аталыштары кыска жана нуска.
Кокус биз казактардай кылып, айлардын аталыштарын кыскартсак, анда башка гяп..

 

Балким ыңғайсыз, бирок, баса сиз Қырғызсызда(?), ар бир улуттун өкүдүнө өз эне-тилинде таза сүйлөгөнү, өз тилинин сөздөрүн колдонгону көбүнчө жагат ко?

 

Мисал катары айтсак, орус пу, немис пи, кытай бы, жапон бу же ошол эле кыргыз бы өз эне-тилинде сүйлөгөнү аларга кандай ырахат. Же туура эмес пи?

 

Эм, балким азыркы учурда кээбир МТВ каналын көрүп өскөн өспүрүмдөр атай чала сүйлөгөнүн жагышат.

 

Адатынча бу англис тилинен келген вау, йо, мерчендайзер, паже гёрл, спонжик, чек аут, мэсэж жана башкалар.

 

Билсеңиздер Орусиядагы айрым топтор азыркы жаштардын сүйлөгөндөрү кыжырын келтирүүдө, алардын айтымында жаштар ушул ыкмада маек жүргүзүүсү менен өзүлөрдүн "акылдышын" же "кыйындыгын" көрсөтүүдө. Алардын мүнөздөсү - "башы айланып батышташталып калган манкурттар-мууну"

 

Дагы бир нерсе айтсам. Мен бир топ тааныштарым жана кокустан маек куруп калгандарым менен, мендей эле - негизги улуттун өкүлдөрү эмес - мамлекеттик тилибиз боюнча талкуу жүргүзгөнмүн.

 

Менин биринчи суром: Мамлекеттик тилди үйрөнгүңүз келет пи?
Өспүрүмдөр көбүнчө - "Балким", "Ооба" - деп жооп беришти.
Улуурак байке, эжелер көбүнчө - "Мен такыр эле карып калдым го", "Убактым жок андай ишке", "Чын айтканда мага не кереги бар?" - деп жооп беришти.

 

Экинчиси: Эмнеге үйрөнөт/үйрөнбөйт элесиз элесиз?
Өспүрүмдөр - "Не кереги бар, кыргыздардын өзү такыр сүйлөбөсө, сүйлөгөн күндө деле тантырап жүздө токонун орусчалап кошсо?", "Чын айтканда орус тилдин диалекти болуп калды го (область - облус, областы; район - раён; туурасы - дубан менен аймак болсо?)"
Улуулар - "Убактым жок", "Жакшы өнүкпөй тескеринче, тескеринче өлүп бараткан тилге убакытты коротконумду каалабайм", "Дүйнөдөгү тажрибасы колдонулса - тил билүү үчүн айлыкка кошумча кичине пул берсе - жакшы болмок"

 

Чын айтканда мен мамлекеттик тилди үйрөнөйүм бу деп жүргөндө жогоруда белгиленген суроолорду өзүмө сурадым. Көп ойлобой эле үйрөнүүгө умтулдум. Башкы себеп бул мен өзүм полиглоттор тобуна жакын болушу жана саякатты жакшы көргөнүм болушу мүмкүн.

 

БАСА: Мен Кыргызстандын кайсы гана тарапта болбодум - Караколдон - Токтогулга чейин, Оштон - Токмокко чейин, Таш-Рабаттан - Суусамырга чейин, Кочкор-Нарындардан - Жалал-Абат-Кочкор-Аталарга чейин. Жалгыз эле Баткен менен Талас дубандарында али боло элекмин.

 

:)



#24 Brutus

Brutus

Отправлено 11 Июль 2010 - 17:42

Шакмар дебей ле гой. :)

 

Мен мурун мүдүр, нөбөтчү жана башка сөздөр кыргыздардын сөзү эмес деп ойлочумун, а бирок анан, Кыргыз эл-журту сыймыктанатурган, биздин Улуу филологубуз - Касым Тыныстановтун - китептеринде жогоруда белгиленген сөздөр менен беттешкенде чын айтканда бираз таң калдым. Дагы кийинчерек мен эски, СССР убагындагы, кээбир расмий барактарды кокустан көргөнүмдө ошол эле сөздөрдү, расмий тилде айтканда, "жаагым түшүп калды".

 

Кээбирдер ошондой сөздөрдү билишет, кээбирдер билишпейт. Эмне себептен деп ойлойсуңуздар? "Кеңеш" доорунда эле бүгүнкү мамлекеттик тилибиздин такталган жалгыз бир гана жалпы стандарт болбостугу бүгүнда таасир этүүдө. Жөнөкөй мисал келтирсек: Бир сынбергиден карасаң Нарын облусу, башка каналга койсоң Нарын областы деп турат. Бир гана жалпы тилдик стандарт болушу ыктымал, биздин мамлекеттик тил комиссиясы эмне менен алек?

 

Андай сөздөр толтура. Мурун кеn'еш доорунда анча мынча болсо дагы кыргыз тил саясаты болгон. Орус сөздөрдү кыргызчалатып же жаn'ы сөздөрдү ойлоп табышкан. Акыркы 20 жылдын ичинде кыргыз тили такыр каралбай калган. Ташбоо Жумагуловко окшогондор бир жылда бир же эки жолу кыргызстанды кыдырып кыргыз тил айлыгы деп эт жеп жүрүшчү.

 

Жаагым түшүп калды деп тырмакчага албай деле койсоn'уз болмок. Аны орустар инглиз тилинен алышкан. My jaw dropped. Негизи орус тилиндеги көп сөздөр жана сөз айкаштары франс же инглиз тилдеринен алынган. Орус тилинде франс жана инглиз калькалары өтө көп.

 

Баса ошол эле Түркияда мамлекетте эки тил комиссия бар:
1) Түркиядагы түрк тилиндеги болгон - эски болсо да - сөздөрдөн, туура жаңы чет элдин тилинден келген түшүнүктөрдү которуу үчүн, издөө-иликтөө жүргүзгөн.
2) Башка түрк тилиндеги болгон маани боюнча жакын жана туура келген сөздөрдү Түркиядагы түрк тилине расмий түрдө киргизишкен.

 

Түрк тили боюнча мугалимдер келтирген мисалдарына тайансак, өткөн 15 жылдын ичинде Кыргыз тилинден Түркиядагы түрктөрдүн тилине бир топ сөз-түшүнүк алынып мурун англис, франсуз тилдеринден келген сөздөрдүн ордуна колдоно башталган. Өкүнүчтү болгон нерсе бул - азырынча эсимде жалгыз эле мисал калды: англис тилден келген кампус деген сөз кыргыз сөз менен алмаштырылган, сөздү унутуп калдым эле бирок Ж тамгасы менен башталганын билем.

 

Франстар жана испандар дагы өз тилдерине ошондой аярлык мамиле кылышат. Аларда дагы мамлекеттик тил коммисиялары бал. Мисалы, Франсияда инглиз тилинен келген сөздөрдүн ордуна франсча жаn'ы сөздөрдү ойлоп табышат. Терминдер ошол коммиссиялар аркылуу бекитилет. Аны эмес Казактар деле ошентип башташыптыр. Ар бир терминди тилчилер талкуулап анан кабыл алышат экен.

 

НЕГЕ КЫРГЫЗСТАНДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ АЙДАРДЫН АТЫ РАСМИЙ ТИЛИНДЕГИДЕЙ?

 

Айдардын Кыргызча болгон нукур аттары:

 

01 - Үчтүн айы
02 - Бирдин айы
03 - Жалган куран айы
04 - Чын куран айы
05 - Бугу айы
06 - Кулжа айы
07 - Теке айы
08 - Башоона айы
09 - Аякоона айы
10 - Тогуздун айы
11 - Жетинин айы
12 - Бештин айы

 

Бул айларды оn'дош керек. Анткени ал ай календарына ылайык. Менимче, байыркы кыргыздардын ай аталыштарын дагы карап көрcөк болот.

 

Баш ай - январь
Корук ай - февраль
Күкүк ай - март
Чилде ай - апрель
Сарыга ай - май
Каркүйөк ай - июнь
Мизам ай - июль
Карача ай - август
Казан ай - сентябрь
Канжар ай - октябрь
Акпаң ай - ноябрь
Чил ай - декабрь

 

байыркы ай аталыштар жөнүндө макаланы бул жерден толук окусаn'ыз болот:

 

http://diesel.elcat....owtopic...?????

 

Кээбир филологтордун айтымында, КыргызСТАНдагы болгон саясатчылар манкурттар болгондон соң - аларга өз мамлекеттик тилин билип үйрөөнү абдан кыйын экен(?) - ушундай мыйзам долбордорун парламенттен атайын өткөрбөй жатышат.

 

Анда мен ал масале боюнча ушундай жыйынтыкка келдим эле:

 

Же өлкөбүздүн үнөмүн өнүктүрө албашса, же эң аздан мамлекеттик тилде таза сүйлө албай, анын өнүгүсүүнө айтай тосмолорду жасашса - андай "мамлекеттик" кызматкер, "саясатчылар" не кере бар? Андайдарды кууш керек ко?!

 

Бизде кыргыз тилдүү элита пайда болмойун кыргыз тили өнүкпөйт. Жок дегенде саясый элита кыргызча сүйлөбөсө дагы, маданий элита сүйлөсө болмок.

 

Азыр азаттыкта кыргыз тилине байланыштуу талкуу жүрүп жатат. Кааласаn'ыз кирип катышыn'ыз.

 

http://www.azattyk.k...edInfoContainer


Сообщение отредактировал Brutus: 11 Июль 2010 - 18:35


#25 Brutus

Brutus

Отправлено 11 Июль 2010 - 17:57

Түрктөр ала берсин. Биздики өзүбүздүкү деле бар. Архаизмдерди көтөрүп чыксак жакшы эле жетиш керек :) Менимче нукура түркчө нукура кыргызчадан алда канча жарды. Алар бай дегени башка тилдерден алып атып байыганы. Эң жөнөкөй мисал: dans etmek - бийлөө. Алардыкы өздөштүрүлгөн, биздики нукура.

 

Туура айтып жатасыз. Колдон келишинче кыргыз тилинин ички ресурстарын колдонуш керек. Бирок, бир чети орус тилинен сөздөрдү алгандан көрө башка түркий тилдеринен алган жакшыраак болмок.

 

Ошондуктан латын-англис тилдеринен келген терминдерди эле колдонгон оң го дейм

 

Абдан туура айтылган. Мен дагы ушуна элдерге айтып келатам. Орус тилинен албай эле түз латын же инглиз тилинен алыш керек. Орустар баари бир франс же иглиз тилдеринен алышкан терминдеринин көбүн. Алганда дагы өз тилинин эрежелерине ылайыташтырып алышкан. Биз болсо эч өзгөртпөй өз тилибиздин эрежелерине каршы күчкө салып колдонуп жүрөбүз.



#26 Brutus

Brutus

Отправлено 11 Июль 2010 - 18:09

Баса, кыргыз аталыштарына караганда, айлардын латын аталыштары кыска жана нуска.

 

Латын ай аталыштарын анда кыргызчалатыш керек. Мисалы: жануар, фебрер, март, эприл, май, жиүн, жиүл, оогуст, септембир, октобур, нөвембир, декембир деп. Кыргыздын үндөшүү мыйзамын сакташ керекпиз.

 

Кокус биз казактардай кылып, айлардын аталыштарын кыскартсак, анда башка гяп...

 

Бул дагы туура ой. Негизи эле, казактардан тил жагынан үлгү алышыбыз керек. Бизге кыргыз Назарбаев керек болуп турат. Ал деген казак тил саясатын жакшы алып жүргүзүп жатат.



#27 Brutus

Brutus

Отправлено 11 Июль 2010 - 18:18

Балким ыңғайсыз, бирок, баса сиз Қырғызсызда(?), ар бир улуттун өкүдүнө өз эне-тилинде таза сүйлөгөнү, өз тилинин сөздөрүн колдонгону көбүнчө жагат ко?

 

Мисал катары айтсак, орус пу, немис пи, кытай бы, жапон бу же ошол эле кыргыз бы өз эне-тилинде сүйлөгөнү аларга кандай ырахат. Же туура эмес пи?

 

Эм, балким азыркы учурда кээбир МТВ каналын көрүп өскөн өспүрүмдөр атай чала сүйлөгөнүн жагышат.

 

Адатынча бу англис тилинен келген вау, йо, мерчендайзер, паже гёрл, спонжик, чек аут, мэсэж жана башкалар.

 

Билсеңиздер Орусиядагы айрым топтор азыркы жаштардын сүйлөгөндөрү кыжырын келтирүүдө, алардын айтымында жаштар ушул ыкмада маек жүргүзүүсү менен өзүлөрдүн "акылдышын" же "кыйындыгын" көрсөтүүдө. Алардын мүнөздөсү - "башы айланып батышташталып калган манкурттар-мууну"

 

Сиз калың "г" менен калың "к" колдонуп жазганыңыз туура. Ушул эки тамганы кайра калыбына келтириш керек. Щ,Ц,Ъ,Ё, Ь алып салыш керек такыр эле.

(область - облус, областы; район - раён; туурасы - дубан менен аймак болсо?)"

 

Дубан жана оодан. Ушул эки сөздү элдер көбүрөөк колдоно башташыптыр. Область менен райондон кутулуш керек.


Сообщение отредактировал Brutus: 11 Июль 2010 - 18:19


#28 Brutus

Brutus

Отправлено 11 Июль 2010 - 18:27

Саламатсыңбы КыргызСТАНдын калайык-калкы!

 

Уикипедиянын Кыргыз бөлүмү макала жазуучуларга муктаж болууда.

 

Казак, Өзбек жана Тажик Уикипедия бөлүмдөрүндө макалалардын саны 6000 ашык, а бирок ошол эле учурда Кыргыз бөлүмүндө болгону 1500 жетпейт.

 

Макул эми Казак, Өзбек туугандар, бирок Моңголдордун(!) бөлүмүндө 4000 ашат. Элестетип көрсөңүз кандай бүткүл КыргызСТАНга уйят.

 

Бизде эмне макала жаза алган адам жок пу?

 

Менче бар, бирок же билбегенден би, же каалабастан бы, азырынча Кыргыздын маданий сандыгына чоң бир салым кошоэлек.

 

Келгиле өзүбүздүн, КыргызСТАНдын маданий байлыгын кеңейтели!

 

Өз элиңе, маданиятыңа кайдыгер болбосоң төмөнкү электр-дарек боюнча өт:

 

Макала жазганга мен жардам берет элем. Өзүм кыргыз тилинин күйөрманымын. Макала жазганда style guide тар барбы? Негизи орус тилин туурабашыбыз керек. Мисалы, адам аттарын жана жер же башка аталыштарды жазылган түпкү тилдеринде айтылгандай жазыш керек. Мисалы, инглизче аттарды орус траслитерасиясы менен жазбай, кыргыз тыбыштары менен бергенге аракет кылыш керек. Дагы бир сунуш, кыргыз үндөшүү мыйзамын сакташ керек.



#29 Brutus

Brutus

Отправлено 11 Июль 2010 - 20:23

Интернетти аралап жүрүп кыргыз уикипедиясына туш болдум. Мына дареги:http://www.wikipedia.kg



#30 qecub

qecub

Отправлено 11 Июль 2010 - 20:32

Ал Уикипедия жалгыз эле бир тилде эмес макала кайсы гана тилде болбосун бирок Кыргызстанга тийиштүү болушу зарыл.

 

А http://ky.wikipedia.org та макалалар жалгыз эле бир Кыргыз тилде.

 

:)



#31 Aliud

Aliud

Отправлено 11 Июль 2010 - 21:26

Кан тамырыңарга чейин түрктөшкөндөр отуруп алып кыргызчаны өнүктүргөнүңөргө жол болсун. Кыргыздаштыргандан мурун кыргызчанын мектеп программасын бир кайталап келсеңер сонун болмок экен. Мен деле окумуштуу эмесмин, бирок

 

qecub

эмес пи?

кыргызча уңгу мүчөдөн бөлүнбөй чогуу жазылаарын так билем.
Brutus

инглизче

Анан дагы бул сөздү кайдан алдыңар? Же иңлыш эмес же англис эмес. Обу жок эле өзгөртө берген болбойт да. Көнгөн нерсени калтырыш керек.

 

Жогорудагылар тилиңер түрктөшүп, алардын баяндоо жана жазуу эрежелерин колдонгонуңардын эң көзгө илинген эле мисалдары. Издесе дагы көбүрөөк чыгат ко дейм. Минтип оңдогончо аралашпаган оң болот менимче.


Сообщение отредактировал Aliud: 11 Июль 2010 - 21:29


#32 Aliud

Aliud

Отправлено 11 Июль 2010 - 21:42

Brutus

Мына дареги:http://www.wikipedia.kg

Шерменделер десе. http://ru.wikipedia.org/ турганда мунун эмне кереги бар? Андан коро кыргызча кылбайбы.



#33 qecub

qecub

Отправлено 11 Июль 2010 - 21:48

Aliud

 

1) Мен мурунку темаларда жазчу белем, бул темада жазбай койдум эле:

 

P.S.: Катасы менен жазсам кечирим суранам, мен өзүм негизги мамлекетти түзөр улуттун өкүлү эмесмин, мамлекеттик тилибизди окуганыма жарым жылдай эле.

 

2) Түрктөшүшкөн жокмун себеби мен кааласам да түрктөшө албайм, себеби жекече мен үчүн эмес, улутумдун башка өкүлдөрүмө түрк маданияты абдан эле алыс.

 

Көнгөн нерсени калтырыш керек.

 

3) 70 жылдын ичинде Кыргыз калкы Орус ("Чоң байкенин") маданияты сиңип ошого көнүп калып, натыйжасында азыр Кыргыздарды ОРУСТАШЫП калышты деп айтсак жаңылышпайбыз. Менин ойумча ОРУСТАШУУ ТҮРКТӨШҮҮдөн жакшырак эмес, кандай деп ойлойсуз?

 

4) Казак боордошторуңуздардын тажрийбасына көз ийип кичине өзүңүз үчүн бир жыйынтык чыгарсаңыз жалгыз гана пайда болоруна толук ишенем.

 

:)



#34 Aliud

Aliud

Отправлено 11 Июль 2010 - 21:57

qecub
Улутуңуз ким болот, жашырбасаңыз? Бул жакта улуттук тиешелүүлүк боюнча кемсинтүү жок. Тескерисинче жардам жана колдоо бар. :)



#35 Brutus

Brutus

Отправлено 11 Июль 2010 - 22:44

Кан тамырыңарга чейин түрктөшкөндөр отуруп алып кыргызчаны өнүктүргөнүңөргө жол болсун. Кыргыздаштыргандан мурун кыргызчанын мектеп программасын бир кайталап келсеңер сонун болмок экен. Мен деле окумуштуу эмесмин, бирок

 

qecub

эмес пи?

кыргызча уңгу мүчөдөн бөлүнбөй чогуу жазылаарын так билем.
Brutus

инглизче

Анан дагы бул сөздү кайдан алдыңар? Же иңлыш эмес же англис эмес. Обу жок эле өзгөртө берген болбойт да. Көнгөн нерсени калтырыш керек.

 

Жогорудагылар тилиңер түрктөшүп, алардын баяндоо жана жазуу эрежелерин колдонгонуңардын эң көзгө илинген эле мисалдары. Издесе дагы көбүрөөк чыгат ко дейм. Минтип оңдогончо аралашпаган оң болот менимче.

 

qecub айткандай орусташуудан түрктөшүү жакшыраакко. Бирок мен түрктөрдөн алыс элемин. Инглиз же инглис деп жазганымдын себеби кыргыз үндөшүү мыйзамына туура келтирип жатамда. Жанагы айтылган орусташуунун кесепеттерин оңдобосок болбойтко. Сиздин постторуңузду байкасам, катуу эле анти-түрк экенсиз. Мунун себеби эмнеде?



#36 Brutus

Brutus

Отправлено 11 Июль 2010 - 23:13

qecub
Улутуңуз ким болот, жашырбасаңыз? Бул жакта улуттук тиешелүүлүк боюнча кемсинтүү жок. Тескерисинче жардам жана колдоо бар. :)

 

Чын улутуңуз ким? Кыргыз тилин окуганынызга жарым эле жыл болду дейсиз. Кыргызча жакшы эле билет экенсиз. Уялбай эле жеке кат деле жиберсениз болот.


Сообщение отредактировал Brutus: 12 Июль 2010 - 11:44


#37 Janyzak

Janyzak

Отправлено 12 Июль 2010 - 08:58

qecub

Балким ыңғайсыз, бирок, баса сиз Қырғызсызда

Жок, мен кыргызмын.
Биерде алигиндей көмөкөй "к" менен "г"_нын кыргызга кереги жок, себеби кыргыз тилинде сонун эреже бар:
жоон үндүүлөрдүн жанында аталган тамгалар жана ошол сыяктуу каткалаң үнсүздөр жоон айтылат, ал эми ичке үндүүлөрдүн жанында ошол эле каткалаң тыбыштар ичке айтылат.
Антпесе баардык каткалаң үнсүздөрдү эки тамга менен жазууга туура келет, иничектер...
Эрежени кармансак, баардык кыргыз сөздөрүндө ошондой, бирок чэт тилинен алынган сөздөрдө ошол тилдегилей айтылат.
Муну эске тутуп калуу анчалык деле кыйын эмес жана айрым билермандар биерде бөйрөктөн шыйрак чыгарып жатышы - анысы да түркияны туурап жаткандагысы го, сыягы.
Бирок ошол Түркияда Касым Тыныстанов туулбаптыр, кантели.
Англистер мына 28 эле тамгасы менен дүйнөнү титиретип жатат.
Кеп тамгадан эмес, аны пайдалануудан.
Казактар 45пи же 46 тамгалуу болгону менен, алигиче интернетте казак адабияты жарыялана элек, капырай.
Кокус жаза тайып казакча электрон китептерден таап калсаңыз, кабарлап койуңуз...



#38 qecub

qecub

Отправлено 12 Июль 2010 - 14:21

qecub
Улутуңуз ким болот, жашырбасаңыз? Бул жакта улуттук тиешелүүлүк боюнча кемсинтүү жок. Тескерисинче жардам жана колдоо бар.

 

Чын улутуңуз ким? Кыргыз тилин окуганынызга жарым эле жыл болду дейсиз. Кыргызча жакшы эле билет экенсиз. Уялбай эле жеке кат деле жиберсениз болот.

 

1) Улутум (национальность) негизги кептен алыстаткан нерсе болбостон, талкуу талаш-тартышты жаратпасын беп айтпай эле коёюн.

 

Жалгыз эле нерсе: Мен КЫРГЫЗСТАНДЫКМЫН жана ошо менен сыймыктанып турам.

 

Улутубузду (национальность) күнүгө белгий эле жүрсөк чатактын мүмкүнчүлүгүн жакындатабыз.

 

Мен кыргыз, сен өзбек, ал орус, тетигил такыр эле дуңган деп Кыргызстандын эл-журуту уру-уруга бөлөнөп калган улутка (нация) айланууда.

 

Оштогу каргашалуу окуяда кыргыз менен өзбек мушташкан жок - Кыргызстандыктар гана жапа чекти, бул жарандык согуш катары эсептесек жаңылышпайбыз.

 

Сондуктан улутуңузду сураганда (национальность) сиз Кыргызстандыкмын (нация) десеңиз ынтымакты жакындатасыз.

 

2) Мамлекеттик тилди жакшы билгениме өзүмдүн "окуу өнөрүн" билгениме. Сиздердин таңгалышыңызды түшүнүп жатам, себеби мени 20-жылдын ичинде мамлекеттик тилде сүйлөгөндү үйрөнө албаган өлкөбүздүн айрым жарандарына окшоштурууңузу себеп болууда.

 

Мен бир нерсени кааласам ал бетте иш жүзүнө аткарууга болгон аракетти жумшайм. Жарым жыл менимче деле кыска мөөнөт бирок ошондой болсо да "адам кандай окууганын билиш керек та".

 

Мисал катары келтирсем: Жапон, Америка жарандары Ала-Тоого келеринде жергиликтүү калктын тилин үйрөнүүгө умтулушат(?) майек куруу максатында, антпесе дудук-дүлөйдөн айырмасы жок болор да. 3 айдын ичинде негизги тилдеги мыйзам-эрежелерди окуп бүтүшөт, жарым жылдын ичинде Бишкектик гана эмес кээбир айылдыктарга салыштырмалуу "таза" сүйлүшүүдө, мен байкагандай кээбир эже-апалар уялып калышууда. 1 жылдын ичинде ыр ырдай башташат.

 

Ошондуктан таң калбай эле коюңуздар досторум. :)

 

qecub
Цитата
Балким ыңғайсыз, бирок, баса сиз Қырғызсызда

 

Жок, мен кыргызмын.
Биерде алигиндей көмөкөй "к" менен "г"_нын кыргызга кереги жок, себеби кыргыз тилинде сонун эреже бар:
жоон үндүүлөрдүн жанында аталган тамгалар жана ошол сыяктуу каткалаң үнсүздөр жоон айтылат, ал эми ичке үндүүлөрдүн жанында ошол эле каткалаң тыбыштар ичке айтылат.
Антпесе баардык каткалаң үнсүздөрдү эки тамга менен жазууга туура келет, иничектер...
Эрежени кармансак, баардык кыргыз сөздөрүндө ошондой, бирок чэт тилинен алынган сөздөрдө ошол тилдегилей айтылат.
Муну эске тутуп калуу анчалык деле кыйын эмес жана айрым билермандар биерде бөйрөктөн шыйрак чыгарып жатышы - анысы да түркияны туурап жаткандагысы го, сыягы.
Бирок ошол Түркияда Касым Тыныстанов туулбаптыр, кантели.
Англистер мына 28 эле тамгасы менен дүйнөнү титиретип жатат.
Кеп тамгадан эмес, аны пайдалануудан.
Казактар 45пи же 46 тамгалуу болгону менен, алигиче интернетте казак адабияты жарыялана элек, капырай.
Кокус жаза тайып казакча электрон китептерден таап калсаңыз, кабарлап койуңуз...

 

Мен менен мамлекеттик тилди окушкан таныштарымын айтымында ушул эреже чет элдиктерге бираз кыйынчылык жаратууда.

 

Бирок жекече мен көнүп эле калдым эле, кыргыз-кайсакча жазылган текстерге караганда жөнөкөй к мен г кичине коозурак көрүнүдө. :)

 

БАСА: АКДАСТОРКОН бүлүмүн такыр эле кыргызчага өткөрүсүнө кандай карайсыз, колдосоңуз демилге көтөрбөйлүкпү?



#39 Brutus

Brutus

Отправлено 12 Июль 2010 - 14:56

1) Улутум (национальность) негизги кептен алыстаткан нерсе болбостон, талкуу талаш-тартышты жаратпасын беп айтпай эле коёюн.

 

Жалгыз эле нерсе: Мен КЫРГЫЗСТАНДЫКМЫН жана ошо менен сыймыктанып турам.

 

Улутубузду (национальность) күнүгө белгий эле жүрсөк чатактын мүмкүнчүлүгүн жакындатабыз.

 

Мен кыргыз, сен өзбек, ал орус, тетигил такыр эле дуңган деп Кыргызстандын эл-журуту уру-уруга бөлөнөп калган улутка (нация) айланууда.

 

Оштогу каргашалуу окуяда кыргыз менен өзбек мушташкан жок - Кыргызстандыктар гана жапа чекти, бул жарандык согуш катары эсептесек жаңылышпайбыз.

 

Сондуктан улутуңузду сураганда (национальность) сиз Кыргызстандыкмын (нация) десеңиз ынтымакты жакындатасыз.

 

2) Мамлекеттик тилди жакшы билгениме өзүмдүн "окуу өнөрүн" билгениме. Сиздердин таңгалышыңызды түшүнүп жатам, себеби мени 20-жылдын ичинде мамлекеттик тилде сүйлөгөндү үйрөнө албаган өлкөбүздүн айрым жарандарына окшоштурууңузу себеп болууда.

 

Мен бир нерсени кааласам ал бетте иш жүзүнө аткарууга болгон аракетти жумшайм. Жарым жыл менимче деле кыска мөөнөт бирок ошондой болсо да "адам кандай окууганын билиш керек та".

 

Мисал катары келтирсем: Жапон, Америка жарандары Ала-Тоого келеринде жергиликтүү калктын тилин үйрөнүүгө умтулушат(?) майек куруу максатында, антпесе дудук-дүлөйдөн айырмасы жок болор да. 3 айдын ичинде негизги тилдеги мыйзам-эрежелерди окуп бүтүшөт, жарым жылдын ичинде Бишкектик гана эмес кээбир айылдыктарга салыштырмалуу "таза" сүйлүшүүдө, мен байкагандай кээбир эже-апалар уялып калышууда. 1 жылдын ичинде ыр ырдай башташат.

 

Ошондуктан таң калбай эле коюңуздар досторум. :)

 

Кыргызстанда бир эле улут бар. Ал кыргыз улуту. Калгандардын баары этникалык азчылыктар. Сиз улут деген сөздү советче түшүнүп жатасызда. КМШ (СНГ) нын сыртында улут деп өлкөнүн ичинде жашаган жарандардын баары айтылат. Улутчудуктун эки түрү болот. Жарандык улутчулдук жана этноулутчулдук. Мисалы, Орусияда орустардын арасында экинчиси көп кездешет. Анткени ал жерде этнократиялык система түзүлүп калган.

 

Мен менен мамлекеттик тилди окушкан таныштарымын айтымында ушул эреже чет элдиктерге бираз кыйынчылык жаратууда.

 

Менин бир досум бар Британияда. Кыргыз тилин 7-ти айда үйрөндү. Аксенти бар, бирок шакылдатып ойлорун биздей эле айта алат. Андан башка, дагы көп батыштан келген тааныштарым бар. Алар дагы кыргыз тилинде сүйөгөндү билишет.

 

Бирок жекече мен көнүп эле калдым эле, кыргыз-кайсакча жазылган текстерге караганда жөнөкөй к мен г кичине коозурак көрүнүдө. :)

 

Туура айтасыз. Четэлдиктер кыйналышат. Ошон үчүн ушл эки тамганы кайра калыбына келтириш керек.

БАСА: АКДАСТОРКОН бүлүмүн такыр эле кыргызчага өткөрүсүнө кандай карайсыз, колдосоңуз демилге көтөрбөйлүкпү?

 

Сиз програмчы турбайсызбы. Кыргыз тилдүү форум жана башка кызыктуу сайттарды ачпайлыбы. Менде идеялар бар. Ушул жерде эле кичинекей бурчта тыгылып отурган кандай болсун.


Сообщение отредактировал Brutus: 12 Июль 2010 - 14:58


#40 Janyzak

Janyzak

Отправлено 12 Июль 2010 - 15:06

qecub

Кыргызстандыкмын (нация) десеңиз ынтымакты жакындатасыз.

Кыргыз Республикасында кыргыз гана улуту болушу мvмкvн.
Ал тууралуу
менин китепчемен орусча окуп көрсөңүз болот >>>

 

Мен менен мамлекеттик тилди окушкан таныштарымын айтымында ушул эреже чет элдиктерге бираз кыйынчылык жаратууда.

Мындай эреже, мисалы, латын жазуусундагы батыш дүйнөдө кеңири тараган. Алсак, немистерде поляк, чех, словак жана башка куйрук-баштуу ариптер так ошол тилдердегидей берилет жана ошол тилдеги фонетикалык өзгөчөлүктөргө карап окулган жайы да бар.
Буга салыштырмалуу, биз айрым алешем түрк лингвисттерин туурап тилибизди сындырыштын кажети жок, себеби – дагы кайталайм – андай түркий тилдүү мамлекеттерден Касым Тыныстанов мисалы окумуштуу чыккан эмес.
Ушул залкар окумуштуубуздун жолун улап, кыргызым кошумча куйрук-башты киргизбей койсо дурус болот эле.
Баса, ушул жерден биз дагы эле улуу урматтуу Ы тамгасын Мидин Алыбаевдин мисалында эскере кетсек,
өзбек ашыналар жазган
сиғады деген сандырак варианттын ордуна, кыргызымдын
сыгат деген варианты алда канча жогору, маданияттуу жана эң үнөмдүү деп эсептейт элем.

 

Мынакей, казактын
қиын
деп жазганын көр да, кыргыздын
кыйын деп жазганына салыштыр.

 

Анан кыргыздын Ы тамгасынын_тыбышынын кыйындыгын (мыктылыгын) байка.

 

Кыргыз алиппе түзүүчүлөрү кезинде кыргыз тыбыштарын толук бералган деп эсептейм жана бүгүнкү күндө бир дагы куйрук-баштуу тамганын кереги жок.

 

Ырас, түштүктүн кулундары "Аа"_ны бираз кыйшайтып алган тыбышы бар. Мисалы, "кэл" - "таз" деген маанидеги сөздөр сыяктуулары.

 

"эйткенде" - "айтканда" деп да бүлүндүрүп жибериши мүмкүн. Муну эми ошо түштүк кулундары менен соодалашып, бир пикирге келишүү керек же болбосо
Әә тамгасын киргизип, анда "Аа" тамга менен башталган сөздөрүбүздүн жарымынан айрылалы...
Казактарчасынан.




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных