Перейти к содержимому



Фотография

Москвадагы абал. Мигранттардын кыйналып жатышы


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 25

#1 Waardyk

Waardyk

Отправлено 19 Октябрь 2013 - 01:32

Урматтуу дизельдиктер!

 

Коптон бери ушул оюмду жазсамбы деп журуп, бугун быштым. Озунор ОРТ жана башка каналдардан коруп жатсанар керек. Москва шаарындагы Бирюлево деген районунда бир азербайджан 25-жаштагы орус баланы бычак менен сойуп, олтуруп койгон. Бул кылмыш элге билингенден кийин Москвичтер бир кундун ичинде топторго жыйналып, Бирюлеводу жаны ачылган азык-тулук базарын талкалап, павильондордун айнектерин сындырып, орттоп жок кылышты.

 

МВД жана Санэпид станциянын буйругу менен базар жабылды. Азыркы кундо Москва боюнча мигранттарды табуу боюнча иш-чаралар жургузулуп жатат. Ал чаралардын арасында: метродон чыгып бара жаткан орус эмес адамдарды автомашиналарга салып кетуу, квартирадаларда "чистка" кылуу, интернет, ТВ боюнча калп статьяларды жазуу, радио боюнча "мигранттарга каршыбыз" деген темаларды которуудо.

 

Мен озум Москвада турганыма 3 жыл болду. Акыркы эки жылдан бери Куйдага шугур жакшы эле жумушта иштеймин. Кыргыздар жашагандай эле шартта жашаймын. Квартираннтар коп. Минтип жашабасан акча чогулта албайсын, себеби квартплата ото коп. Коп адам аздан толойт деген формула менен жашайбыз.

 

Мындан бир аз убакыт отпой эле Бирюлового окшогон дагы бир окуя болгон Москва шаарында. Шаардын Матвеев базарында бир полиция кызматкерин кавказдан келген бир жаран сабап коет. Анда дагы мигранттардын баардыгын кармап, депортация кылып, штраф салып жана облава кылып жок кылган. Ал окуяда эн эле коп въетнам жарандары "кырылган", минге жакын элди эптемей лагерьге чогултуп, четинен депортация кылган.

 


Мындай окуялар Москвада беш-алты жолу болот бир эле жылдын ичинде.

 

Менин айтаарым: кыргыздар бул жакта журуп ушундай кыйналышат, официант, идиш жуумай жана башка аз айлыктуу жерлерде иштеп, мамлекет жактан абдан прессинге учурайт. Москва "Чистый свет" деген компаниясы уруксат-документтери жок эле ишке алып, 500 доллар айлык толойт биздин эле эне,эжелерибизге. Ал акчанын 150 доллары квартплатага, 100-у тамаш-ашка, 100-у жол кире жумшалат,анан уйлоруно болгону 50-100 доллар салышат.

 

Мындай абалда иштеген кыргыздарды коруп абдан журогум сыгылат. Эмне себептен кичинекей акчаны табыш учун биз мынча кыйналышыбыз керек? Бир квартирада 15 адам болуп жашап, эч кандай укуктары жок категориясында журушубуз керек? Ооруп калсан даары каналарага кайрыла албайсын. Биздин даарыканаларына кайрылып калсан кокустуктан, чонтоктон 100 доллар он минуттун ичинде жок болуп кеткенин байкабай каласын. Жумушта журуп качан ФМС органдары келет деп ойлой берип нерв болуп бутосун.

 

Орустар кыргыздарды жек коргону, жаман создор менен тилдегени-ушундай нааразы кылды мени. Мен Бишкекте журуп аларга эч качан андай мамиле кылган эмесмин. Бизди кетсин деп эле жатышат. Эмне себептеп биз антип айтпайбыз? Орустар дуйно жузу боюнча миграция боюнча биринче орунда турса керек, бирок эч аларга эчтеке дебейт. Мен деле ошондой мамилени каалайм озумо.

 

Таза документ менен иштеймин десен, документтердин озуно гана 1000 доллар кетет Андай акчаны жумуштан табыш учун 3 ай жон эле кыйналып иштейсин.

 

Эмнеге биз мындай жашоого учурадык? Эмне себептен оз жерибизде ачык асмандын астында кулуп жайнап иштей албайбыз?

 

Менин 3 айлык кызым бар. Ал Москвада торолуп, бирок шарттар начар болгонуна байланыштуу Бишкекке кетишкен. Кызымдын суротторун бир кундо карай берип кыйналып кетем, сагынам. Келинчегимди коргум келет.

 

Ушу кичинекей Кыргызстанга окшогон мамлекетти эмне себептеп эч ким которо албайт? Болгону 5 млн адам бар, анын бир кыйла тобу чет олкодо журот. Ошолордун баардыгын Бишкекте эле иштетсе ошол эле акчаны тапмак.

 

 

Кыскасы, тажадым... Качан онолобуз...........


Сообщение отредактировал Waardyk: 19 Октябрь 2013 - 01:33


#2 Waardyk

Waardyk

Отправлено 19 Октябрь 2013 - 01:47

Биз баардыгыз келсек, акчаны 100доллар болсо да ким табат? Баардыгызга акча жетпейт Кыргызстанда.



#3 Besame Mucho

Besame Mucho
  • На удаление
  • Cообщений: 1 008
  • Регистрация: 23-03-2011

Отправлено 19 Октябрь 2013 - 10:08

Waardyk
Айла жок чыдаш керек! Кыргызстан өзүнөн өзү оңолбойт. Күтүп кереги жок. Колдон келсе, москвага эмес, башка өлкөлөргө кеткенге аракет кылсаң болот го дейм. Мисалы Дубайга, же Канада, Европага. Адам укугу корголгон, акчасы аз болсо дагы.



#4 Waardyk

Waardyk

Отправлено 20 Октябрь 2013 - 01:09

Besame Mucho

Айла жок чыдаш керек! Кыргызстан өзүнөн өзү оңолбойт. Күтүп кереги жок. Колдон келсе, москвага эмес, башка өлкөлөргө кеткенге аракет кылсаң болот го дейм. Мисалы Дубайга, же Канада, Европага. Адам укугу корголгон, акчасы аз болсо дагы

 

Андай ойлор деле келет. Бирок бизди ал мамлекеттерде кутуп жатпаса керек. Москвага келген себебим-орусчаны билем, менталитет жакын. Ал эми андан ары кетсем, анда англис тилин окуш керек. Ага убакыт керек. Жок, мен Кыргызстанга гана баргым келет.

 

21 октябрынан баштап мэр Собяниндин буйруг боюнча ар бир короодо, райондо квартирада коп адамдар жашап жургон квартираларды табуу боюнча операция башталат.

 

Баса, дагы бир жаны жанылыктын бири. Кече, андан наркы куну Бишкектен ким ID карт менен келген болсо, кайра ошол самолет менен салышып жатат. Виза режими болбосо деле ошондой ыкмаларын колдонушуп жатышат орустар.



#5 Cooller

Cooller

Отправлено 20 Октябрь 2013 - 13:13

Эх эми Москвадагы каргыздарга кыйын болду



#6 Waardyk

Waardyk

Отправлено 20 Октябрь 2013 - 13:41

Cooller

Эх эми Москвадагы каргыздарга кыйын болду

 

Шылдындап жатасынбы?



#7 Mr.King

Mr.King

Отправлено 21 Октябрь 2013 - 16:37

Ошол тазалоо операциясы бүткөнчө келе тургула да Кыргызстанга.



#8 METIS.KG

METIS.KG

Отправлено 21 Октябрь 2013 - 18:05

Акча табам десенер чыдагыла, Москва жакпаса келебергиле да
Дубай АКШда жыргал дейсинерби, коргом эшектей иштеп жургондорун , арабтар таакыр эле маал катары корушот башкаларды
АКШда выживание мля...
эмне учун кыргыздар ошо майда акчага чыдап журот деген суроо окендерге эмес араб сарабтарга да эмес, биздин эле кыргызбай чондорубузга, депутат сепутаттарга
баарын урдап сатып жанчып бийликте жыргап отургандарга



#9 L_R_mulanB

L_R_mulanB

Отправлено 21 Октябрь 2013 - 18:24

Окуп алып аябай журогум ооруду! Ото окунучтуу!!! Байкуш биздин жердештерибиз анча-мынча татыктуу айлык учун баштарынан кечирип жаткан азаптарга боорум ачыйт! Кор турмуштун айынан ал жердеги акмактардан азап жегендери аз келгенсип, бул жерде калган уй-булосу эмне деген кунго туш болууда, уй-було институту бузулууда! Дагы бир 10-20 жылдан кийин мамлекеттуулук бул багытта эмне болот?! Эми эле 1-2 муунду жоготтук! Ушунун баарынан биздин кондой мээ, озунон башканы ойлобогон атка минээрлерди жэк кором!!! Чындыгы менен эмне учун келечекти ойлобогон кыргызда мырзалар жок экенине ушунчалык окунучтуу!!! Кыргызда элим деген эркектер жоктой. Таарынбагыла, бирок бул ачуу чындык!
Мен мисалы, эч качан болок жерге жашап кетким келбейт, бирок кун сайын бул ойума кумон санап калдым! Бул жерден тапкан акчана же бир уйлуу боло албасан, же кенен жашай албасан!
Ал эми Сиз айткан тиги улуттун акмактарына мен да эч качан чолок коз карашта болгон эмесмин, бирок акыркы убакта жек коруп барам! Билем, ичимден бул адам баласынын ой-жугуртуусуно эн зыян коз караш болоорун, озунду ойлосон да озгону унутпоо керектигин! Анткени ошондой тупкулугундо туура тарбия алганбыз, ушул тарбиянын аркасынан дуйно таанымалыбыз калыптанган. Бирок...
Мисалы, мен 1 жылдай болду жаны уйго кочуп келгениме. Кошуналардын 95 пайызы орус улутундагылар экен. Ушул кунго чейин кызым экообузго алардын уйуно бекер келип жашап аткандай кылдан кыйкым таап турушат! Дагы жооп бергенди билгеним учун аран турушат. Бирок, айдан ачык эле менин кыргыз экендигимен аларга жакпай турганым корунуп турат!
Эмне дейм Сизге айла жок байкуш кыргыздарга ушундай кунго дуушар болгон, сабырдуулук жана чыдамдуулук!



#10 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 937
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 21 Октябрь 2013 - 18:46

Waardyk
Москва бул чоң мегаполис, жашоо чынында эле кыйын бул жерде, башка улут жарандары үчүн эки эсе

 

Эгерде жумушуңдагы жана баардык документтери жайында болсо, эч нерседен коркпой эле койсоң болот

 

Бөтөн жерде албетте абайлаш керек, Москвада билесиңер "скин хед" аттуу таз баштарды. Алар топтошуп алып ар кайсы интернет форумда, соц. сетьдерде нацизмди агитация кылышат. Бири бирин аябай колдоп турушат, тез эле ушул сыяктуу фактылар болсо, тез эле "стрелка" кылып чогула коюшат. Адамдарды дүүлүктүрүп националист болууга учуратышат.Ошондуктан Москва шаарында көп адам башка улуттагы адамды адам катары санашпайт, жек көрүшөт, өзгөчө мындай жек көрүү көз караштар Москвада байкалат. Питерде мисалы адамдары кыйла адамгерчиликтүү.

 

Мекенинен алыс жашаган адам, өз улутуна дагы ишенип таяныштын кереги жок. Көп учурда Москвада "скин хедтен" эмес, өз улуттуңан тонолуп, токмок жешиң мүмкүн эң аз дегенде %). Аны көп учурда жумушу начар, же жумушу жок топтошкон балдар жасайт. Анысы аз келгенсип ар бир диаспоранын өзүнүн мафиясы бар, өзүнө белгилүү жери дагы бар, ар бир "черный" демекчи өз улутуна камкордук көрсөтөт %), мисалы кыргыз "черныйлар" бир бай кыргыздын бизнесин кайтарышат, убагында анын башкалардан калкалап коргогону үчүн налогун чогултуп кетишет %). Акылдуу менен келесоонун баары ошол жакта мегаполисте чогулуп алышкан %) дегендей. Кан досторуңа ишенсең болот %) , бирок ар кимди дос кылгандан да шашпагыла, баарынын таттуу сөзүнө ишенип кереги жок. Чынында эле кыргыз элинде биримдик жок экени ошол жерде сезесиң, өлтүрүп жатса дагы басып кетиши ыктымаал %). Эң башкысы өзүңө ишенип, эч кимден көз каранды болгон оң. Андан көрө колуңан келишинче башкаларга жардам берип туруш керек.

 

Дагы айтаарым биздин көп жарандар чынын да эле тил билбестен келип алышат, бул чынында эле аябай өздөрүнө оор болот, тилден кысталып ар кандай кордук көрүшөт, оор жумуштарда иштешет. Башка айласы жок десе түшүнөт элем, кээ бирөө эмнеге келгенин деле билбейт. Ушундай кордук көргүчө, өз мекениңде кыбырысаңда оокат кылсаң болот. Ар бир адам өзүнүн билимин жогорулатканга аракет кылыш керек. Өзүнүн койгон максаты болсо, адам сөзсүз жетишет, талыкпай окуп иштеш керек. Биз байып кетсек эле машина жана башка нерселерди ала коюп жатпайбызбы %). Кыргызстан өнүксүн десек баарыбыз билимдүү, акылдуу болушубуз керек, акылы менен иш кылып өзүмчүл болбой, чоң маселени чече турган адамдар керек. Акчанын, байлыктын артынан чуркаган адамдар кереги жок аны менен алыс барбайбыз, сатылган боюнча башкаларга кул болуп жүрө беребиз.

 

Байлыка басым жасабаш керек, билимге, ички дүйнө байлыгына, акылдуу болууга басым жасаш керек. Ошондо гана баардык кыялдар кичине да болсо орундалат. Мамлекет өсөт, эл жумуш менен камсыз болушат, башкаларга кул болуудан алыс болушат. Башка жерге эс алганы эле барышат. Ошондой күндөр келээр эми, акылдуу иш кылышса ))). Эңсейли ошол күндү, башка айла барбы.


Сообщение отредактировал zebest: 21 Октябрь 2013 - 19:08


#11 jiska

jiska

Отправлено 22 Октябрь 2013 - 00:13

Баары туурале жазылыптыр бирок метролордо орустардан башкасын салып кетиватат деген калп. Кадимки токтотуп документ сурап жатышат тазабы документ кой беришти, омонецтеркен алар даже озулору айтышты биз закон боюнча текшеребиз силер аны коюп орустардан абайлагыла деп. Кавказ, азерлердин туурамес поступоктору учун кыргыздарды да текшериватышат :kovarstvo:



#12 Waardyk

Waardyk

Отправлено 23 Октябрь 2013 - 20:59

Mr.King

Ошол тазалоо операциясы бүткөнчө келе тургула да Кыргызстанга.

акыркы маалымат. кыргызсанга барсам, бул жакка келбей каламго...
http://news.mail.ru/...731/?frommail=1



#13 Waardyk

Waardyk

Отправлено 23 Октябрь 2013 - 21:01

METIS.KG

Акча табам десенер чыдагыла, Москва жакпаса келебергиле да
Дубай АКШда жыргал дейсинерби, коргом эшектей иштеп жургондорун , арабтар таакыр эле маал катары корушот башкаларды
АКШда выживание мля...
эмне учун кыргыздар ошо майда акчага чыдап журот деген суроо окендерге эмес араб сарабтарга да эмес, биздин эле кыргызбай чондорубузга, депутат сепутаттарга
баарын урдап сатып жанчып бийликте жыргап отургандарга

мамлекетте ишенич жок. ал эми акш жакты карап жаткан себебим, эшектей иштесенда, акча жакшы табасын. классташым таксиде иштейт экен. айына 2500-3500 котором дейт. бул бут расходдон кийин калган акчасы.
арабияга баргым деле келген жок, турист катары эле болбосо ))



#14 Waardyk

Waardyk

Отправлено 23 Октябрь 2013 - 21:10

zebest

Эгерде жумушуңдагы жана баардык документтери жайында болсо, эч нерседен коркпой эле койсоң болот

документтер начар :( жумушта керектуу документтери жок иштеймин. жазатып алайын десен-35 000 р. турат. мен ал акчаны тапкыча бир-эки ай отуп кетет.
zebest

Бөтөн жерде албетте абайлаш керек, Москвада билесиңер "скин хед" аттуу таз баштарды. Алар топтошуп алып ар кайсы интернет форумда, соц. сетьдерде нацизмди агитация кылышат. Бири бирин аябай колдоп турушат, тез эле ушул сыяктуу фактылар болсо, тез эле "стрелка" кылып чогула коюшат. Адамдарды дүүлүктүрүп националист болууга учуратышат.Ошондуктан Москва шаарында көп адам башка улуттагы адамды адам катары санашпайт, жек көрүшөт, өзгөчө мындай жек көрүү көз караштар Москвада байкалат. Питерде мисалы адамдары кыйла адамгерчиликтүү.

Орустардын 99 пайызы орус эместерди жаман корот. Эмне себептен бизде андай жок? Журобузго жакшы эле жашап.

 

zebest

Дагы айтаарым биздин көп жарандар чынын да эле тил билбестен келип алышат

Таарынбасын кыргыздар, бирок орусча билбегенден кийин бул жакка келип эмне кыйналышат? Сен озун айткандай эле, озулорун окутуп бир кесиптин ээси болуп келсе, кандай сонун болмок. "Илюбой" жумушка бара бербей. Москвада, негизи, специалистерди абдан баалайт. Жакшы специалист кыргыздар, жакшы акча алып журушот.

 

zebest

Байлыка басым жасабаш керек, билимге, ички дүйнө байлыгына, акылдуу болууга басым жасаш керек.

Эн биринчи курсагын ток, кийим-кечен бар болсо гана ички дуйнонду байыта аласын.



#15 Waardyk

Waardyk

Отправлено 23 Октябрь 2013 - 21:12

jiska

Баары туурале жазылыптыр бирок метролордо орустардан башкасын салып кетиватат деген калп. Кадимки токтотуп документ сурап жатышат тазабы документ кой беришти, омонецтеркен алар даже озулору айтышты биз закон боюнча текшеребиз силер аны коюп орустардан абайлагыла деп. Кавказ, азерлердин туурамес поступоктору учун кыргыздарды да текшериватышат

Метродон чыккандардын баардыгын салып кетишет. Атайын чистка болгондо без разбору баардыгын алып кетет. Анан УВДга баргандан кийин, документтерин таза болсо уйго жонотот.



#16 resident

resident
  • На удаление
  • Cообщений: 145
  • Регистрация: 24-06-2012

Отправлено 23 Октябрь 2013 - 21:26

http://www.themoscow...tan/488305.html



#17 METIS.KG

METIS.KG

Отправлено 23 Октябрь 2013 - 21:27

Waardyk

классташым таксиде иштейт экен. айына 2500-3500 котором дейт. бул бут расходдон кийин калган акчасы.

расходко чеийн 1500-2000 болсо ужем жакшы ;) калгандын баары лапша
АКШда 3000 айына чон акча, каражумушчулар эмес дажем высококвалифицированный сертификаты бар экспат специалистер таппайт ;)



#18 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 937
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 24 Октябрь 2013 - 14:49

Waardyk

документтер начар жумушта керектуу документтери жок иштеймин. жазатып алайын десен-35 000 р. турат. мен ал акчаны тапкыча бир-эки ай отуп кетет.

Жети өлчөп бир кес, айласын тап

 

METIS.KG
АКШда билишимче саат менен ченесе керек эле жумушуңду

 

Кайда барба ар бир жердин өзүнүн оорчулугу бар эмеспи

 

 

Кантесе да миграция маселесин мамлекет гана чече алат



#19 METIS.KG

METIS.KG

Отправлено 24 Октябрь 2013 - 14:57

zebest

АКШда билишимче саат менен ченесе керек эле жумушуңду

ооба саатына 4-12 доллар каражумушчуларга толонот, специалистерге жылдык ЗП договор болот 20 000 ойдо , айына мен орто ЗП эсептеп койгом, тушунуктуу болуш учун



#20 Waardyk

Waardyk

Отправлено 24 Октябрь 2013 - 19:35

Америкадагы досум суткасына 14-16 сааттан иштейм дейт.
Почти выходной жок дейт. Может чын эле ошончо табат?




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных