Перейти к содержимому



Фотография

Чач орумуно катылган сырлар.. Беш кокул баяны.


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 2

#1 tima_3946

tima_3946

Отправлено 18 Июнь 2013 - 18:51

"Улут Керемети"
ЧАЧ ӨРҮМҮНӨ КАТЫЛГАН СЫРЛАР

 


Кыргыздар келинди чачына карап тандашкан. Эгерде кыздын чачы узун, калың болсо, аны дени сак, мээнеткеч жана ырыстуу кыз деп баалашып, ага куда түшүп келишкен. Чачы жакшы өспөй, суюк болсо, муну оорукчан же чачын жакшы күтө албаган жалкоо деп билишкен. Кызыктуусу, бойго жеткен кыздардын чачын 40 кылып өргөнү “кызым бойго жетти, куда түшүп келсеңер болот” дегенин билдирсе, эки өрүм чач үй-бүлөлүү дегенди, бир өрүм жесирликтен кабар берет. Жолдошунан жаңы айрылган аял чачын жайган, бул “жан дүйнөм чачырады, аска-зоом урады”дегенди билдирсе, ашын бергенден кийин “өзүмдү бекем кармаймын” деген мааниде чачын өйдөгө түйүп алган.
Ал эми чач учтук болсо, дене бойду түз кармаганга жана каалгып басканга шарт түзгөн (учурда чач учтук менен бассаңыз, моделдерди артка калтырасыз). Ошондуктан мурда азыркыдай омуртка оорулары көп кезиккен эмес. Чачпак жез, коло жана күмүштөн жасалып, аны чачына таккан айым шагыратпай басууга тийиш болгон. Демек, мында басуу маданияты да камтылган.

Прикрепленные изображения

  • getImage__20_.jpg

Сообщение отредактировал tima_3946: 18 Июнь 2013 - 18:51


#2 * Grizzly *

* Grizzly *

Отправлено 18 Январь 2016 - 16:42

Кызыктуу экен



#3 tima_3946

tima_3946

Отправлено 01 Апрель 2016 - 01:00

up




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных