Перейти к содержимому



Фотография

Менин жаным таандык менин элиме...© Tariar. Жыргал Султанбековдун ыр, проза жана кара сөз жыйнактары


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 89

#81 ЛОЕР

ЛОЕР
  • На удаление
  • Cообщений: 304
  • Регистрация: 24-03-2013

Отправлено 03 Июнь 2013 - 10:26

Урматтуу zebest,
TARIARдын ыр жана кара сөз түрүндө жазылган жыйнактарына, котормолоруна кокустуктан туш болуп калдым.
Кайдан алып жатканым сыр эмес, бирок бул жерге (көпчүлүккө) жазууну туура көргөн жокмун.



#82 ЛОЕР

ЛОЕР
  • На удаление
  • Cообщений: 304
  • Регистрация: 24-03-2013

Отправлено 03 Июнь 2013 - 10:31

Падышанын пейили

 

Өлүмгө жазаланган бир шордуу жан
Кыйкырып падышаны каарып жатты.
Падыша көтөрүлүп өз ордунан:
– Эмне дейт? – деп карады ары жакты.

 

Акылман көзүн карап падышанын:
– “Күнөөмдү кечире көр, улуу урматтум,
Жанымды сактап калсаң, ыраазымын”
Деп кейийт, – деп акылман калпты айтты.

 

– Кечирем! Бошоткула ал байкушту! –
Падыша ачуусу сууп, жылый түштү.
– Таксырым, бекер кылдың, – дейт жоокери, –
Мен уккам, каарып жатты далай сизди.

 

– Билемин. Бирок мени акылманым
Чакырат жакшылыкка, адилетке.
Жакшылык кылыш үчүн калп айтканды
Мен эмес кудай деле кечирет ко.

 

Ж.Султанбеков



#83 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 937
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 03 Июнь 2013 - 17:35

ЛОЕР
:good: сыр болсо сыр ))



#84 ЛОЕР

ЛОЕР
  • На удаление
  • Cообщений: 304
  • Регистрация: 24-03-2013

Отправлено 07 Июнь 2013 - 17:47

Жыргал Султанбековдун кытай тилинен кыргызчага котормолору

 

ДОСУМ МЕНЕН ТҮНДҮ ӨТКӨРӨМ

 

Өткөн кайгы унутулуп,
жолдо калды кайрылбас,
Жүз кеселик шарап дагы
суусунуңду кандырбас.
Түн өткөрөм досум менен
ой бөлүшүп, чер жазып,
Ай да турса нурун чачып,
ал уйкуга алдырбас.
Чарчаганда биротоло,
пенденин бар жатаары:
Элестетчи жерди – төшөк,
көктү – жууркан катары.

 

Ли Бо, Тан доорундагы акын (701-761-жылдар). Которгон Ж.Султанбеков.



#85 ЛОЕР

ЛОЕР
  • На удаление
  • Cообщений: 304
  • Регистрация: 24-03-2013

Отправлено 07 Июнь 2013 - 17:48

ТОО ЧОКУСУНДАГЫ КУРУЛ

 

Бийик тоодо түн өткөрөм
жалгыз турган курулда,
Кыялданып көккө учам,
жылдыздар да колумда.
Катуу айтып үн салуудан
тартынамын, чоочулап –
Асмандагы перилердин
тынчын алып коюудан.

 

Ли Бо, Тан доорундагы акын (701-761-жылдар). Которгон Ж.Султанбеков.



#86 ЛОЕР

ЛОЕР
  • На удаление
  • Cообщений: 304
  • Регистрация: 24-03-2013

Отправлено 07 Июнь 2013 - 17:49

ЭКСПРОМТ

 

Кылыч алып
сууну бөлөм экиге –
Бирок, агат
суу өчөшүп андан бат.
Кесе алып
шарап ичем кекире –
Бирок, чиркин,
кайгым күчөп суй жыгат.

 

Ли Бо, Тан доорундагы акын (701-761-жылдар). Которгон Ж.Султанбеков.



#87 ЛОЕР

ЛОЕР
  • На удаление
  • Cообщений: 304
  • Регистрация: 24-03-2013

Отправлено 07 Июнь 2013 - 17:50

ТУНУК СУУ ЫРЫ

 

Ак-Дайранын Тунук суусу
жүрөгүмдү тазартат,
Миң дайраны кошсоң дагы
тунуктугу башкача.
Айткылачы: алыстагы
Синьань суунун таштарын –
Ар бир адам көрө алабы –
Ак-Дайрадай таптаза.
Тунук сууда күзгү сымал:
калкыйт адам карааны,
Куш карааны кагаздагы
тирүү сүрөт сыңары.
Айлана тынч, маймыл гана
кеч киргенде кыйкырат,
Айлуу түндө жүргөндөрдүн
сай-сөөгүн сыздатат.

 

Ли Бо, Тан доорундагы акын (701-761-жылдар). Которгон Ж.Султанбеков.



#88 ЛОЕР

ЛОЕР
  • На удаление
  • Cообщений: 304
  • Регистрация: 24-03-2013

Отправлено 07 Июнь 2013 - 17:51

МӨЛТҮР АККАН СУУ

 

Мөлтүр аккан тунук сууга
ай чагылат күзүндө.
Түштүк көлү жым-жырт жатат,
телмирөө бар жүзүндө.
Ак гүл мага муңдуу сырын
айткысы бар шыбырап, –
Менин дагы көңүлүмдү
муңга бөлөп, сайгылап.

 

Ли Бо, Тан доорундагы акын (701-761-жылдар). Которгон Ж.Султанбеков.



#89 ЛОЕР

ЛОЕР
  • На удаление
  • Cообщений: 304
  • Регистрация: 24-03-2013

Отправлено 07 Июнь 2013 - 17:51

ЦЗИНЬТИНШАНЬ ТООСУНДАГЫ ЖАЛГЫЗДЫК

 

Аптаптан соң ак булуттар
эс алууга баш багып,
Канаттуулар кетти учуп,
жалгыз бизди калтырып.
Тоо тарапка көз жүгүртөм,
тоолор мени тиктешет –
Көпкө дейре жадабайбыз,
кош тиктешип олтуруп.

 

Ли Бо, Тан доорундагы акын (701-761-жылдар). Которгон Ж.Султанбеков.



#90 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 937
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 08 Январь 2014 - 18:45

Кубанычтуу жыл болсун;
Корооңорго мал толсун;
Кыйшык жорук түзөлүп,
Калк жашоосу оңолсун.

 

Даскоркондо нан турсун;
Достор шаттык, шаң курсун;
Бөбөктөрдүн күлкүсү
Бөлмөңөрдө угулсун.

 

Жүрөгүңөр суубасын;
Жаштык жолун уласын;
Тумар туткан мекеним,
Ташы өйдө куласын.

 

Атама бер ден-соолук;
Энеме бер ден-соолук;
Бир туугандар жанында
Жүрүшсүн тирек болуп.

 

Тынччылык бер жериме;
Токчулук бер элиме;
Мекенимдин түйшүгүн
Мен алайын белиме.

 

Оомииин!

 

кимге таандык белгисиз, мүмкүн Жыргал Султанбековко таандык ... жорумдарынан алынган


Сообщение отредактировал zebest: 08 Январь 2014 - 18:50



Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных