Перейти к содержимому



Фотография

Менин жаным таандык менин элиме...© Tariar. Жыргал Султанбековдун ыр, проза жана кара сөз жыйнактары


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 89

#21 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 11:46

Шайтанга да даярсың жан сатууга

 

Өчпөй келет өткөн күндүн элеси,
Өчүрүүгө дарманы жок пенденин.
Тушап турса сезимдердин желеси,
Байкабайсың ажалдын да келгенин.

 

Эч ким сезбейт жүрөгүңдүн жарасын,
Көрөгөчтүн көрөгөчү болсо да.
Дубал муштап муштумуңду жарасың,
Тырмак сынып, колуң канга толсо да.

 

Табитиң жок жашоо даамын татууга,
Кызыгы жок акыйкатсыз дүйнөнүн.
Шайтанга да даярсың жан сатууга,
Барк жоготуп жыйнаганың-үйгөнүң.

 

© Tariar (Жыргал Султанбеков)



#22 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 11:49

Бүт өмүрүң алмашууга даярсың

 

Сагынасың, сагынбаска арга жок,
Куса болуп, кайгы-муңга батасың.
Аалам дагы демиң кысып тар болот,
Айрылуунун ачуу даамын татасың.

 

Шашыласың алик албай саламга
Өзүңө өзүң терең чуңкур казганга.
Байлыгыңды чачып салып ааламга,
Кеткиң келет сапырылып асманга.

 

Кудай менен мелдешүүгө саярсың
Аябастан жаныңды да кирдеген.
Бүт өмүрүң алмашууга даярсың
Өткөн күндүн элесине бир ирмем.

 

© Tariar (Жыргал Султанбеков)



#23 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 11:50

Сүрөтүңө үңүлдүм

 

Эсиңдеби? Туулган күнүң куттуктап,
Ыр айтканым балконуңдун түбүндө.
Кар жааса да токтобой борошуктап,
Камырабай турдум кышкы күүгүмдө.

 

Эсиңдеби? Кармап муздак темирди,
Карнизиңден сен тарапка өткөнүм.
Эсиңдеби? Бек кучактап белиңди,
Ширин балдай эриниңден өпкөнүм.

 

Эсиңдеби? Үшүк гүлдү чөнтөктөн
Чыгаралбай кетенчиктеп турганым,
Уят сезип сага гүлдү көрсөткөн,
Көңүлүңдү башка жакка бурганым.

 

Эсиңдеби? Суу куюлган вазага
Менден алып үшүк гүлдү салганың.
"Гүлдү койсо жылуулукка, тазага,
Гүл жанданат" – деп жылмайып алдадың.

 

Эсиңдеби? Экөөбүздүн бийибиз
Коштоосунда музыканын көңүлдүү.
Дене ысып, чечип салып киймибиз,
Махабаттын дайрасына чөмүлдүк.

 

Эсиңдеби? Толкун чачың уйпалап,
Маңдайыңдан артка сылап жатканым.
Ысык денең жүрөгүмдү куйкалап,
Билбей калдым таңдын дагы атканын.

 

Билем, секет, баары сенин эсиңде,
Унутпассың бир да майда түйүнүн.
Туулган күнүң менин дагы эсимде,
Турбасам да балконунда үйүңдүн.

 

Азыр дагы эстеп туулган күнүңдү,
Уккум келди сенин назик үнүңдү.
Сени менен сүйлөшүүгө зар болуп,
Кечке тиктеп сүрөтүңө үңүлдүм.

 

Өткөн күндөр артка кайтып келбеген,
Билем, секет, пайдасы жок кейиштин.
Күтүүдөмүн жолугууну сен менен
Ажал жеткис чокусунда бейиштин...

 

© Tariar (Жыргал Султанбеков)



#24 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 11:50

Кайра эле сүрөтүңө үңүлөм

 

Ах, секетим, жүрөк дарты бүткөндөй
Элесиңди качан унтуп түңүлөм?
Баш катыса, кеңешиңди күткөндөй
Кайра эле сүрөтүңө үңүлөм.

 

Эх, секетим, берсең боло бир белги –
Жашоо жолун туура куруп жатамбы?
Кеңешиңди айтаар элең илгери,
Ката кетсе, оңдоп коюп катамды.

 

Ай, секетим, колдойсуңбу тандоомду?
Же болбосо кай жеринен жаңылдым?
Баш айланып, мээни жиреп кан толду,
Көңүл-оюм башка адамга таңылды.

 

Уфф... секетим... калмай болду жүрөгүм
Эки жакка атырылып бөлүнүп.
Жылаңайлак отту басып жүрөмүн,
Тирүү туруп, өлүк жандай көрүнүп.

 

Мындан кыйын суроолорду чечсем да,
Бу жолкусун чече албай баш катат.
Жер түбүнө жыра кирип кетсем да,
Түшүнбөстүк сай-сөөгүмдү какшатат.

 

© Tariar (Жыргал Султанбеков)



#25 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:11

"Эгер иттер алтын такты талашса..."

 

Эгер иттер алтын такты талашса,
Доңуздарга тебеленсе ак бермет,
Бакыт түтөп чок жыттанып баратса,
Кудай калса кара тартып же кирдеп,
Жыпар чийден турса эгер жаш тамып,
Алтын калса барк жоготуп канталап,
Сөз артынан турса эгер калп чыгып,
Ак сүйүүнү кызгаанч турса акмалап –
Анда дүйнө тозок көздөп калгандыр,
Бирдин даңкын бири тартып алгандыр,
Таразада акыйкатсыз таш турар,
Ажо төрдө акысы жок олтурар.
Ыймансызды айтарбыз биз ыйык деп,
Алтын такка көтөрөрбүз акмакты.
Караңгыны түшүнсөк биз жарык деп,
Анда эмнени караңгы деп айтмакпыз?

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков



#26 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:14

Жылбаян (Өткөн жылдын көйгөйү) ------------> 2010 жылдын каргашалуу окуялары

 

Акча көзүн караган
Паракордук жыл тура...
Дүкөн тоноп-талаган
Мародёрдук жыл тура...

 

Мыйзамсыз жер ээлеген
Баскынчылык жыл тура...
Аскер элди мээлеген
Чыккынчылык жыл тура...

 

Элге батпай президент
Четке качкан жыл тура...
Төргө отурар кезинде
Бетке чапкан жыл тура...

 

Борборунда митингдер
Мода болгон жыл тура...
Алып-сатар битирлер
Соода кылган жыл тура...

 

Эл акыры чыдабай
Бийликтин кордугуна,
Баш көтөргөн жыл тура...
Мектебине түз барбай,
Балдар китеп ордуна
Таш көтөргөн жыл тура...

 

Жардылыктан кыйналып,
Төбөлдөрдү "Кетсин!" деп,
Эл ойноткон жыл тура...
Кыйындыкта жыйналып,
Апрелдин жетисинде
Эл ойготкон жыл тура...

 

Келгин элди тыям деп,
Өз ордуна коём деп,
Ош кыйраган жыл тура...
Келгин элге берип жооп,
Шаар ичинде күйүп от,
Ош ыйлаган жыл тура...

 

Парламентке жырткычтар
Конуп алган жыл тура...
Элди-жерди саткычтар
Толуп алган жыл тура...

 

Ушу менен токтолсун
Көйгөйлөрү жеримдин.
Көздөн жашы жок болсун,
Кагылайын, элимдин.

 

Кетсин баардык жамандык
Өтүп кеткен жыл менен.
Элде болсун амандык,
Асман ачык, жол кенен.

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков


Сообщение отредактировал zebest: 16 Март 2013 - 13:14


#27 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:15

Жаңы доордун "Замана"

 

Калың кыргыз бөлүнүп,
Ыркы кеткен замана...
Эне тил жат көрүнүп,
Баркы кеткен замана...

 

Туура эмес деп, туурасын
Артка тарткан замана...
Ата-баба мурасын
Талкалаткан замана...

 

Акылдуунун баласы
Акмак болгон замана...
Саманчынын талаасы
Баткак болгон замана...

 

Каракчынын колдорду
Таш ыргыткан замана...
Талап-тоноп борборду,
Чаң ызгыткан замана...

 

Кайырчылар нан сурап,
Дилди бузган замана...
Тантык тилчи тантырап,
Тилди бузган замана...

 

Куру намыс этектеп,
Дардаңдаткан замана...
Ары чуркап сом издеп,
Бери чуркап тон издеп,
Талтаңдаткан замана...

 

Бийлик эңсеп дөдөйлөр
Жанын берген замана...
Аргасыздан кедейлер
Чет өлкөлүк жараанга
Тамын берген замана...

 

Саясатчы алданып,
Жерди саткан замана...
Чет өлкөгө жалданып,
Элди саткан замана...

 

Үйгө ырыс толтурар
Мейман качкан замана...
Дене сатып сойкулар,
Ыйман чачкан замана...

 

Эрсиз бала төрөшүп,
Аны уят көрүшүп,
Жаңы туулган убакта,
Таштап салып ыраакка,
Басып жүргөн жайма-жай
Мерестерди жер албай,
Жан сыздаткан замана....

 

 

Бийликтеги айбандар,
Акыл-эстен тайгандар,
Эл таламын ойлобой,
Мээси аккан койлордой,
Бири менен тытышып,
Бири-бирин атышып,
Кан муздаткан замана...

 

Алга жылып кете албай,
Максатына жете албай,
Ташыркаган замана...
Муну көрүп жакындан
Күбө болгон акындын
Жашы тамган замана...

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков



#28 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:17

Кытай кыздын "сезим учкундары" %)

 

Ай, кытай кыз, жеңил ойлуу карындаш,
Жаңы эле түшкөндөйсүң асмандан.
Узун бутту, ичке белдүү, "сары чач"...
Опурталдуу таанышуудан качпаган.

 

Кеч киргенде, болжошкондой кезигип,
Кучакташып жай басабыз бульварда.
Ийниң өпсөм, каткырасың эзилип.
Жаныбыздан кыздар өтөт гүл кармап.

 

Өткөндөрдүн көңүл-оюн бургуң бар,
Туш-тарапка мойнуң созуп элеңдей.
"Карагыла! Мен баратам, эй, кыздар,
Чет өлкөлүк жигит менен" дегендей.

 

Денең ысып, тез-тез согуп жүрөгүң,
Мактанасың даамдуу күрүч жегенсип:
"Карагыла! Мен сейилдеп жүрөмүн
Чет өлкөлүк жигит менен" дегенсип.

 

Ийним сылап, шаңдуу күлүп бийлейсиң,
Түнкү желге желпийт кыска этегиң...
Эх, байкушум, чындыгында билбейсиң
Мага сенден эмне керек экенин.

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков



#29 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:18

Жүрөк тилген жайкы жаан

 

Кара булут көктү жаап,
Күн бүркөлүп, төктү жаан.
Кучагымда сен турдуң
Кызыл гүлдүү юбкачан.

 

Сол колумда – оң колуң,
Оң колумда – сол колуң.
Соро өбүп тилиңди
Өз тилиме толгодум.

 

Саның тийип саныма,
От тамызып каныма,
Жайкы жаанга карабай,
Турдуң ыктап жаныма.

 

Кумар моокум кандырган,
Сезим отун жандырган,
Денем менен денеңди
Калкаладым жамгырдан.

 

"Тып-тып" этип тамчылап,
Белимди жаан камчылап,
Сени менден кызганып,
Төгүлгөнсүйт чачырап.

 

Жалын ойноп канымда,
Сен турганда жанымда,
Бурмак белем көңүлдү
Ачууланган жамгырга.
......

 

Ким билиптир ошондо,
Сени менен, секетим,
Акыркы бул жашоодо
Жолугушуум экенин...

 

Өткөн күндү кээде эстейм,
Сүйүү ашып-ташыган.
Эми жумшак кебездей
Жаандан качып жашынам.

 

Билбейм, азыр эмнеге
Жайкы жаандан корунам?
Тамчы тийсе денеме,
Сезим туулат ооруган...

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков



#30 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:19

Оюлуп ташка калгым бар

 

Жаз келсе күлүп жайнаган,
Бакчада куштар сайраган.
Сен жаткан жерге гүл коюп,
Эскерем сени кайрадан.

 

Эстелик таштан куюлган,
Тушуңа сенин коюлган.
Жылмайып түшкөн сүрөтүң
Мраморго терең оюлган.

 

Ыйлайын десем – жаш чыкпайт,
Өкүрөм десем – үн чыкпайт.
Оюлган ташка сүрөтүң
Жылмайып гана унчукпайт.

 

Кыйкырсам, аалам жарылар,
Көңтөрүп жерди салгым бар.
Жаныңда сенин орун таап,
Оюлуп ташка калгым бар.

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков



#31 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:20

Экөөбүздүн жарым күнгө татыбайт

 

Мына, секет, дагы бир жыл узаттым –
Жолугууга жакындады аралык.
Жазмыш салган ырайымсыз тузактын
Бошоңдоду түйүндөрү, таралып.

 

Билем, секет, мага айтаар сөзүңдү:
"Жаным менин! Түбөлүккө ардагым!
Унут мени! Кыйнабагын өзүңдү!
Жанды эзген кайгырууга барбагын!
Муңга чөгүп, өткөн менен жашабай,
Жаңы жол сал, өзүңдү өзүң кармагын!"

 

Ооба, секет, билем сенин ойлоруң.
Таңыркаба. Кантип билбей калайын.
Мага күйбө, эчак унтуп койгонмун,
Жолуктургам башка кыздын далайын.

 

Канча жолу жүрөгүмдү алдадым!
Канча жолу сезим менен кагыштым!
Бирок, секет, баш ийдире албадым
Жүрөгүмдүн "сен" деп каккан дабышын.

 

Мейли он жыл сенсиз өмүр сүрсөм да,
Жүрөктөгү эски жара катыбайт.
Мейли он жыл башкаларды сүйсөм да,
Экөөбүздүн жарым күнгө татыбайт!

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков



#32 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:21

Кетпей койду элесиң

 

Ортобуздан бөлгөн жазмыш желесин
Качан үзүп, кучагыма келесиң?
Бирге жүргөн күндөр кумга сиңсе да,
Көз алдыман кетпей койду элесиң.

 

Же келбейсиң, же артыңан кетпеймин...
Сен асманда болсоң дагы, эстеймин.
Кыял бийик, көккө учам, а бирок,
Колдор кыска, сага эч бир жетпеймин.

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков



#33 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:21

Жалгыз үмүт

 

Сени менен тоспой таңдын атаарын,
Күүгүмдөгү күндүн көрбөй батаарын,
Бу жалганда жалгыз каңкыйм дербиштей,
Тек толтуруп адамзаттын катарын.

 

Сени менен түн аралап басканга,
Сезим сырын бүт ааламга чачканга,
Жалгыз калган дем-күч берчү үмүтүм –
Сени менен жолугууда асманда.

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков



#34 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:22

Келбетиңди жайнаган жаратмакмын кайрадан

 

Чаңырыктай үнсүздүк...
Тымтырстыктай чаңырык...
Бактыбыздан кол үздүк,
Боордо түтөп каңырык.

 

Сен – бейиште, мен – жерде,
Ортобузда – чытырман...
Шамал болсом эгерде
Аалам түбүн кыдырган –

 

Чаң ызгытып ааламды
Куюндатып салмакмын,
Туңгуюкта караңгы
Сапырылып калмакмын.

 

Болсом деңиз толкуну
Жээктен кумду сууруган –
Ташкындалып, солкунуп,
Аска-тоого урунам.

 

Кар жаадырып булуттан
Болсом эгер Улукман –
Көңүлүмдү кандырып,
Аалам сырын жандырып,
Келбетиңди жайнаган
Жаратмакмын кайрадан.

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков



#35 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:23

Өткөн күндүн элеси

 

Жай мезгили... Ай ырдайт...
Жылдыздар да жымыңдайт...
Түнкү желге ыргалып,
Терек башы кыймылдайт...

 

Айгаштырып сезимди,
Жүрөк, денем эзилди
Оң колума бек кыссам
Тал чыбыктай белиңди.

 

Ыктап сага боюмду,
Жыттап назик мойнуңду,
Бүт дүйнөнү унутуп,
Сага бердим оюмду.

 

Анда сен да мага ыктап,
Сол капталым кучактап,
Бирге бастык жай гана
Жолдон жолду бутактап –

 

Боюң созо керилип,
Кучагыма берилип,
Түбөлүккө бөлүнбөй
Туташкандай сезилип...

 

Мас болгондой кызыды
Махабаттын кызыгы –
Жүрөгүңдүн кагышын
Денем сезип ысыды.

 

Түнкү чөптү аралап,
Толкун чачың кармалап,
Назик денең аймалап,
Сүйдүм сени абайлап.

 

Таң аткыча байкабай,
Кумарландык жайма-жай.
Калды бизге арбалып
Чымчыктар да сайрабай.

 

Өптүм түндүн соңунда
Ак жүзүңдөн, колуңдан.
Аалам турду тартынып
Бизге жолтоо болуудан.

 

Болгон күчүм топтотуп,
Бар мезгилди жоктотуп,
Кереметтүү учурду
Калгым келди токтотуп.

 

... ...

 

Он жыл өттү алданбай...
Мезгил токтоп калгандай...
Ошол түндүн элеси
Көз алдымда тургандай...

 

Он жыл сени жоктодум...
Мезгил чындап токтоду...
Өмүрүмдүн бактысыз
Өчтү күйгөн чоктору...

 

Жарага туз тамызып,
Букшуйт, толбой көңүлүм.
Күл сапырып, чаң ызгып,
Күлгө айланды өмүрүм.

 

Кудай айтса жарлыгын:
"Каалаганың алгының!" –
Ошол түнгө алмашам
Өмүрүмдүн баардыгын.

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков



#36 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:31

бул болсо котормочулук шыгы болсо керек :good:
Редьярд Киплинг "Уулума насыят"

 

Элдин баары баш жоготуп, акылынан курганда,
Сага жалаа жапкан кезде, сабырдуулук сактагын.
Өзүңө ишен баары сенден күмөн санап турганда,
Ишенбеген пенделердин жанын кечир, актагын.
Күткөндү бил, жана эч бир тажабагын күтүүдөн,
Алыс болгун калпычынын деңгээлине түшүүдөн,
Башка бирөө ачууланса, алба аны көңүлгө,
Жөнөкөй бол, башкалардан акылдуураак көрүнбө.

 

Кыялданып кыялга бат, кулу болбой кыялдын,
Ойлоно бил, ойлоруңдан максат куруп салбастан,
Жеңиш менен жеңилүүнү бирдей тосуп туя алгын,
Баары бирдей баа экенин унуткарып калбастан.
Сөздөрүңдү пайдаланып, акмак тузак салдырса,
Сезимиңди көзөмөлдөп, сен ачууңа алдырба,
Же өмүрүң бүкүл кыйрап, мажбур болсоң кайрадан
Жаңы куруп көпүрөнү, секирүүгө дайрадан,

 

Үйүп-жыйган байлыгыңдын баарын коюп оюнга,
Чучук-улак ойногондой көңүлүңө албасаң,
Бир заматта бүт уттуруп байлыгыңды коюлган,
Эч өкүнбөй, өмүрүңдү жаңы куруп баштасаң,
Жүрөгүңдү, нервдериңди, дилиң менен денеңди
Сага кызмат кылдырууга билсең сыйкыр ченемди,
Көкүрөктө эч бир сезим калбай калган күнүңдө,
Жалгыз гана кайрат калып, "Тур!" деп турса үнүндө,

 

Элиң менен сүйлөшкөндө, чын дилиңден сүйлөшсөң,
Төбөл менен сүйлөшкөндө, жоготпосоң өзүңдү,
Достор менен ачык болуп, бирок ашык күйбөсөң,
Кастарың да көңүл коюп тыңшап турса сөзүңдү,
Унутулгус көз ирмемди толук кандуу сезсең сен,
Убакыттын чуркаганын баалай билип тездетсең –
Анда, дүйнө сага таандык! Каалаганың алаарсың!
Анда, уулум, эң башкысы: сен – чыныгы АДАМСЫҢ!

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков


Сообщение отредактировал zebest: 16 Март 2013 - 13:31


#37 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:36

Баардык тилди жакшы өздөштүргөндөн да мурда, баардык тилде да ыр жазуу оңой эмес

Перепутье
Потянуло прохладой недоброй,
Неуютно на сердце нисколь,
На груди завивается коброй
Неуёмная острая боль.

 

Побежали мурашки по телу,
Повернулся лицом я к стене,
И дрожащее тело вспотело,
И рубашка прилипла к спине.

 

На холодной стене я заметил
Не свою неразлучную тень,
Но увидел, как с рожками дети
Угрожая мне, рвутся из стен.

 

К шее тянутся черти руками,
Мне жестокости ясен посыл.
Как в "Норвежском лесу" Мураками,
У колодца... надолго застыл...

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков



#38 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:37

Тайна пипы
(пипа - китайский музыкальный инструмент)

 

Близ Урумчи есть местность Уцайвань,
К агатовой долине примыкает,
Стирая меж землёй и небом грань,
Цветочная поляна пролегает.

 

В той местности однажды побывал
Я, взор любуя сказочной природой.
Сражённый красотою наповал,
Присел я на лужайку у дороги.

 

Вблизи сидел покрытый сединой
Старик-китаец с грустными глазами.
Он пипу зажимал рукой одной,
В другой руке портрет младенца замер.

 

С портрета взгляда он не отрывая,
Сидел довольно долго, неподвижно.
Затем привстал, на пипе он играя,
Сгорбившись, голову склонив чуть ниже.

 

В печальных звуках пипы я внимал
Судьбе китайца-старика седого.
Рассказов разных слышал уж немало,
Но никогда не слышал я такого.

 

Я, пряча влажные глаза, внимал.
Аж в горле до сих пор комок остался.
Ну что ж, поведаю теперь и вам
Сию историю устами старца:

 

***
На благодатной солнечной земле,
Почти у озера Сайрим, чуть ниже,
Построил дом. Женился. Во дворе
Я сливу посадил к окну поближе.

 

И созерцая скромный наш очаг,
Деля и радость, и невзгоды с нами,
Росла та слива, ветками стуча
В окошко, и любуясь небесами.

 

Когда поспела слива наконец,
И двор плодами сочными залился,
Меня благословил Господь-отец,
И в эту ночь наследник мой родился.

 

Наш сын рос не по дням, не по годам,
Три года пролетело словно стрелы.
Взамен тех стрел всю жизнь свою отдам,
Перенесу любые муки смело.

 

Сын мелкими шажками семенил,
Смеялся так задорно и счастливо.
Язык детей бывает сладок, мил -
Он вместо "сливы" вторил "щива, щива".

 

Он часто прячась, убегал во двор,
Часами время проводил у сливы.
Со сливой вёл свой детский разговор,
Его любимым словом было "щива".

 

На ветку нижнюю он залезал,
Щемилось сердце у меня от страха.
По-детски как-то со ствола сползал,
И ползал по траве как черепаха.

 

Всем прихотям сыночка потакал,
Всё позволял, и в нём души не чаял.
Смеялся звонко, падал и вставал,
Весёлым был, ни чуть не знал печали.

 

Однажды вновь на ветке он повис.
Стояла осень, дождик мягко крапал.
И вдруг качнувшись, полетел сын вниз,
Упав на земь, впервые он заплакал.

 

Я испугался, быстро подбежал,
Со зла ту ветку дёрнул, та сломалась.
Взял сына на руки и побежал,
А сломанная ветка там осталась.

 

У сына в кровь разодрано плечо,
И кровь, казалось, будто в жилах стынет.
Я запер сына дома на крючок,
И запретил ходить во двор отныне.

 

Порылся в чердаке, нашёл топор,
Точил полдня до остроты кинжала,
И на ночь глядя вышел я во двор,
Чтоб слива больше бед не причиняла.

 

Когда я начал сливу вырубать,
Сын в комнате задёргался пугливо,
Я слышал как шаталась там кровать,
И слышал голос сына: "щива... щива".

 

Шло время. Ветки сливы засыхали,
А стоны сына всё сильнее стали.
Плечо поправилось, но раны сердца,
Чтоб мы ни делали, никак не заживали.

 

Лежал мой сын, уставившись в окно,
Всё хуже, хуже становилось сыну.
Срубил я сливу, с нею заодно
Свою кровинку затащил в пучину.

 

О, как же на себя навлёк я зло!
О, как же я не разглядел получше? -
Незримым связаны они узлом,
Незримой нитью связаны их души.

 

Беспомощно ходил я по двору,
Мольбу к засохшей сливе обратив.
Рукой потрогал твёрдую кору,
И будто слышал жалостный мотив.

 

Тогда решил я пипу отстругать
Из срубленной моей рукою сливы...
Затем когда на пипе стал играть,
С подушки голову стал поднимать
Мой сын, и улыбнулся мне игриво.

 

Я всё играл. Сын радостно внимал
Мелодии. Глаза залились искрой.
Вот так с улыбкой сын нас покидал
Осенним утром облачно-росистым.

 

С тех пор висит та пипа на стене,
И каждый раз когда на ней играю,
Холодный пот струится по спине,
Улыбку сына... сливу... вспоминаю.

 

О, как же на себя навлёк я зло!
О, как же я не разглядел получше? -
Незримым связаны они узлом,
Незримой нитью связаны их души.

 

Когда на пипе каждый раз играю...
Улыбку сына... сливу... вспоминаю...

© Tariar - Жыргал Султанбеков



#39 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:38

Под Курском
В полдневный зной лежали у окопа
Два раненных в сражении солдата.
С врагом сражались яростно, жестоко,
И ранены осколками гранаты.

 

Один - узбек, сочится кровь из раны,
Пробил осколок спину и предплечье.
Другой - киргиз, лежит в рубашке рваной...
Кругом пылает... Жажду сбить им нечем...

 

Вдруг издали заметил их мальчишка,
С водою в фляжке подбежал туда,
Подсел он к одному солдату близко,
И фляжку бережно поднёс к губам.

 

Но оглянувшись, раненый промолвил:
- Оставь меня! Сначала дай ему!
Его желание юнец исполнил,
Подсел к другому, фляжку протянул.
Но тот солдат, собрав все силы, молвил:
- Бросай меня! Дай другу моему!

© Tariar - Жыргал Султанбеков



#40 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 942
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 16 Март 2013 - 13:39

...

 

Шальною пулей
Пробило ногу.
Мозги как улей,
И боли много.

 

Был смелым, стойким,
Был вольной птицей.
Теперь – на койке
Под капельницей.

 

Пройдут невзгоды,
Срастутся раны.
Вновь стойким буду,
Вновь птицей стану.

 

© Tariar - Жыргал Султанбеков




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных