Перейти к содержимому



Фотография

Ала кийиз менен шырдак ЮНЕСКОнун тизмесине кирди.


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 4

#1 dimbo

dimbo

Отправлено 11 Декабрь 2012 - 19:48

маалымат булагы: http://ktrk.kg/kyr/i...hp?newsid=12572
Бишкек, 11-декабрь, 2012-жыл Кыргыздын ала кийизи менен шырдагы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Мындай чечим 3-декабрдан 8-декабрга чейин Парижде өткөн ЮНЕСКОнун мамлекеттер аралык комитетинин жетинчи сессиясында кабыл алынды. Кылымдар өтсө да көөнөрбөй муундан-муунга өтү менен колдонулуп келген шырдак менен ала кийиз эми ЮНЕСКОнун жалпы коргоосуна алынат.

 

Көчмөн кыргыздын тиричиликте колдонгон буюмдары көөнөрбөс мурас болуп сакталып келет. Боз үйдүн көркүн чыгарган шырдак кыргыздын ой-туюмунан жаралган. Оюулардын салынышы байыркы элдин жашоо-мүнөзүн аныктаган мурасы. Аны менен кошо ала кийиз дагы кыргыздын улуттук бай казынасында чоң орду бар. Кылымдар өткөнү менен кыргыз шырдак менен ала кийизди урпактан-урпакка сактап өткөрүп, көөнө тарыхтан берки буюмун колдонуп келет.

 

Тарыхчы Аман Турдакунов: “Кыргыздар байыркы эл. Алар ала кийиз менен шырдакты таш доору деп коёбуз, неолит дорунан бери пайдаланат. Бул буюмдарды колдонуу эми турмуштук муктаждыктан улам келип чыккан десек болот. Мал чарбачылыгы менен алектенген кыргыздар малдын терисин, анын жүнүн да иштеткен. Мына ошондон кол өнөрчүлүктөн улам пайда болгон."

 

Тиричиликте колдонулуп жүргөн улуттук буюмдарды бүгүн сактоо жана аны дүйнөгө кыргыздыкы экенин даңазалоого мүмкүнчүлүк ачылды. ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген шырдак менен ала кийиз эми дүйнөдө коргоого алынат. Үч миң жылдык карт тарыхты баштан кечирген кыргыздын кол өнөрчүлүктөн жаралган ала кийизи менен шардагын дагы да унутпай ата-бабалардан калган элдик байлыктардын баркын билүүгө мезгил келди көрүнөт.

 

Шырдак менен ала кийизди дүйнөлүк мурастардын катарына киргизүүгө салымын кошкон депутат Карганбек Самаков улуттук буюмдарды ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү оңой-олтоң болгон жок-дейт. Чыныгы жарыш күчтүү болуптур. Ала кийиз менен шырдакты колдонгон Алтайлык элдин, кара-калпактар менен өзбек улуттарынын ичинен кыргыздыкы тандалып алынганы сынакка берилген баардык шарт так аткарылганында-дейт эл өкүлү. Кыргызстанга да талап коюлган көөнө мурасты сактоо улуттун да милдети.

 

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата-Мекен” фракциясы Карганбек Самаков: “Убакттын агымы менен жоголуп кетүү коркунучуна дуушар болуп келе жаткан кол өнөр болгондуктан ЮНЕСКОнун атайын фондунан тиешелүү каржылоо жагы каралат. Кыргыздардын ичиндеги эле шырджак алакийизди сактап калуу эмес коомчулуктун деңгээлинде сактоого алынат. Кол эмгектерди уулдан-уулга муундан-муунга бере турган тартибин сактап бересиңер дейт. Оймо-чиймелер да тартип менен сакталат.“

 

Материалдык эмес маданий мурас- бул салттардын мүнөзү, андагы билим, өнөрдүн ширелишин улуттук баалуулук катары таануу болуп саналат. ЮНЕСКО бул тизмеси менен адамзаттын көңүлүн унутулуп бара жаткан мурастарга буруу эле болбостон, аны сактап, аяр мамиле кылууга чакырык таштайт. Ал эми кыргыздын шырдагы менен ала кийизин маданий мурастардын ардактуу катарына кириши өлкө үчүн жетишкендик. Буга чейин Ош шаарындагы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

 

Нургул Жумабекова, Руслан Сабатаров, Коомдук Биринчи канал.
Ала кийиз менен шырдак ЮНЕСКОнун тизмесине кирди



#2 тентек

тентек

Отправлено 11 Декабрь 2012 - 21:06

суйунчуно эмне берсем эми ия, чонтогумдо да эч нерсе жок экен кашайып ;)



#3 Арахис

Арахис

Отправлено 11 Декабрь 2012 - 21:14

болсун болсун. жаным жылый тушту



#4 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 937
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 12 Декабрь 2012 - 23:56

эң башкысы кыргыздар Юнеского түшпөсө болду :-P



#5 Tariar

Tariar
  • Reserved
  • Cообщений: 3 439
  • Регистрация: 28-09-2010

Отправлено 13 Декабрь 2012 - 10:28

zebest

эң башкысы кыргыздар Юнеского түшпөсө болду

юнеского түшсөңөр жакшы, кызыл китепке түшпөсөңөр болду.




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных