Перейти к содержимому



Фотография

кичинекей балдар учун ыр. жаны жыл жонундо


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 15

#1 unknown fellow

unknown fellow

Отправлено 08 Декабрь 2012 - 20:07

Жардамга!!! :sos: Бла бакчага барып жургон карындашым жаттаганга ЖАНЫ ЖЫЛ жонундо онойураак бир ыр керек болуп жатат... 4-5 сап. Дизельден

 

"Аяз ата келиниз,
Колунузду бериниз,
Жыны жылды куттуктап,
Подаркадан бериниз" - дегенден башка таба алган жокмун... Ким кандай ыр билет? :unsure:



#2 @--фиалка--@

@--фиалка--@

Отправлено 08 Декабрь 2012 - 23:33

Аяз ата келди,бизге салам берди,
бир колунда шокалад,бир колунда мармелад ))))



#3 YKY

YKY

Отправлено 09 Декабрь 2012 - 12:52

Жардамга!!! :sos: Бла бакчага барып жургон карындашым жаттаганга ЖАНЫ ЖЫЛ жонундо онойураак бир ыр керек болуп жатат... 4-5 сап. Дизельден

 

"Аяз ата келиниз,
Колунузду бериниз,
Жыны жылды куттуктап,
Подаркадан бериниз" - дегенден башка таба алган жокмун... Ким кандай ыр билет? :unsure:

 

Мынтип советтик доордо ырдачубуз.

 

Азыр балдар мынтип ырдайт:

 

Аяз-ата келиңиз,
Падарканы бериңиз.
Падаркаңыз жок болсо,
Анда неге келдиңиз?
;)



#4 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 937
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 10 Декабрь 2012 - 01:26

кичине балаты, үшүдү кышта
тоңдурбай алып кирдик, калтырбай тышка
канча бир оюнчук кооздоп байладык
алтындан тоо бурчак пряник камдадык ))))



#5 Sanyok

Sanyok

Отправлено 13 Декабрь 2012 - 15:32

zebest
Кичине балаты
үшүдү кышта
Токойдон апкелдик
Калтырбай тышка.

 

Канча бир оюнчук
Кооздоп байладык.
Алтындан тобурчак,
Пряник камдадык!
:)



#6 salkysha

salkysha

Отправлено 02 Декабрь 2015 - 08:47

Достор, дагы ким кандай кыска, оной ырларды билет?



#7 rasomah

rasomah

Отправлено 02 Декабрь 2015 - 11:53

Жаны жыл кирип келет жакында,
Жаны бакыт алып келсин баарына.
Баарын жандан эч ким карап олтурба,
Мындай майрам бир кун эле бир жылда.

 

(эми 1 шингил юмор аралаш)
Аяз ата келсин ушул майрамда,
Белек берсин жаш балдарга жана чалдарга,
Жон олтурба танды атыр кыздар менен.
Конул котор эч бир кайгырба!



#8 rasomah

rasomah

Отправлено 02 Декабрь 2015 - 11:53

Жаны жылым баарыбызга бакыт берсин ,

 

Ак карга кошуп бакыт себелесин.

 

Токчулук, молчулуктун жылы болуп,

 

Ар бир уйго ырыскы алып келсин!



#9 rasomah

rasomah

Отправлено 02 Декабрь 2015 - 12:03

Кел, жаны жыл алыс жолду арытып
Кел жаны жыл тозон уруп кар учуп
Жаш бобокту да бир жашка чонойтуп
Карыяны да бир жашка карытып
Шаркыраган дарыядай агып кел
Шанга толуп адам затка жагып кел
Баарыбыздын кутконубуз топ келсин
Бак таалайды ар бир жанга алып кел
Ден-соолук бер кеселдери оорлорго
Дуйноо бергин мандайлары шорлорго
Коколосун зоболосу бийиктеп
Кадыр-барк бер ,карыптарга корлорго
Карапайым калк турмушун ондоорго
Ынсап бергин эл башкарган чондорго
Баарысына Ар-намысты ала кел
Бузулгандар тушсун быйыл ак жолго
Бороон болсун бирок кайгы болбосун
Суук болсун бирок конул толбосун
Жаманчылык жылас болуп элимден
Жаратканым Кыргызымды колдосун
Калк ичинде каар учпастан кар учуп
Кел жаны жыл бакыт кутка маарытып
Мекенимди жарык кунго жеткир да
Мейли мени бир кунго сал карытып



#10 salkysha

salkysha

Отправлено 04 Декабрь 2015 - 11:34

Рахмат! Дагы ырларынар барбы, кичинекей балдарга ылайык?



#11 rasomah

rasomah

Отправлено 08 Декабрь 2015 - 10:20

Жаңы жыл келди жаңырып,
Аппак жоолук салынып.
Чоң куттук айтам элиме,
Дүйнөнү мүлдө жаңыртып.

 

Ак жолтой болуп жаңы жыл,
Ыймандай сырлар ачылсын.
Акындар жазып жакшы ыр,
Ааламга толук таанылсын.

 

Жаңы жылда жакшы кеп,
Дасторкондо айтылсын.
Жакшы тилек, каалоолор,
Шампан болуп атылсын.

 

Кампа толо дан болсун,
Дасторкондо нан болсун.
Жүрөктөн оргуп жылуу сөз,
Жүрөккө барып орносун.

 

Ырыс көп берсин Кудайым,
Жакшылык болсун ылайым.
Токчулук жылдан боло көр,
Ден соолук журтка сурайын.



#12 rasomah

rasomah

Отправлено 08 Декабрь 2015 - 10:21

Жаны жыл жылмаят
Созу Д. Жамансартованыкы
Обону К. Эралиеваныкы
Жашыл суйкум жапжаш балаты,
Кооз оюнчук толо арасы.
Шуру мончок сонун жылтылдайт,
Кана бобок бирден саначы?

 

Аяз ата белек артынып,
Аяз кызы келет каткырып.
Жаны жылым мына жылмаят,
Омурлорду дайым шат кылып.

 

Кол кармашып конул ачабыз,
Тегеренип бирге басабыз.
Шаттык куусу улап кыялды,
Буккан черди бугун жазабыз.



#13 rasomah

rasomah

Отправлено 08 Декабрь 2015 - 10:22

Жаны жылды тосолу
Созу Т. Кожомбердиевдики
Обону С. Жумалиевдики
Журок эргип кагылып,
Санат жеткис жанылык.
Кирип келет аздан сон,
Жаны жылым жанырып.

 

Жаны бакыт кошулуп,
Унду бийик созолу,
Кулку менен шат менен
Жаны жылды тосолу.

 

Жаштар дагы карылар,
Кубангыла барынар.
Жаны жылдын озунчо
Айтып буткус шаны бар

 

Биз да добуш кошолу
Кулку менен шат менен
Жаны жылды тосолу.

 

Алгыла ыр кесени,
Азыр ырдын кезеги,
Соолубасын омурлор,
Соо журолу дешели.
Унду бийик созолу,
Кулку менен шат менен,
Жаны жылды тосолу.



#14 salkysha

salkysha

Отправлено 15 Декабрь 2015 - 15:17

rasomah
Рахмат!



#15 урмат жунушов

урмат жунушов

Отправлено 27 Сентябрь 2017 - 23:02

Каныбек Жунушев

Жаны  жыл

 

Орундалып ой-тилек
Окуу менен иш менен,
Жаъы жылды тособуз
Жаркыраган жуз менен.

 

Кел, жаны жыл келе гой,
Келип колун бере кой.
Елканы айланып
Откоролу бирге той!

 

Тынчтык кундун жылы бол!
Майрам тойдун ыры бол!
Мекениме суйкумдуу,
Мээрмдуу бол, жылуу бол!
Кел, жаны жыл келегой
Келип колун бере гой!



#16 урмат жунушов

урмат жунушов

Отправлено 27 Сентябрь 2017 - 23:02

Каныбек Жунушев

Жаны  жыл

 

Орундалып ой-тилек
Окуу менен иш менен,
Жаъы жылды тособуз
Жаркыраган жуз менен.

 

Кел, жаны жыл келе гой,
Келип колун бере кой.
Елканы айланып
Откоролу бирге той!

 

Тынчтык кундун жылы бол!
Майрам тойдун ыры бол!
Мекениме суйкумдуу,
Мээрмдуу бол, жылуу бол!
Кел, жаны жыл келегой
Келип колун бере гой!

up




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных