Перейти к содержимому



Фотография

Коррупцияга каршы күрөш позицияны карабайт…. Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөшүү са


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 4

#1 Опра

Опра

Отправлено 05 Июль 2012 - 17:13

http://www.focus.kg/...press/5276.html

 

Президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүү саясаты жемишин бере баштады.

Алгач оппозициячыл «Ата журт» фракциясынын депутаты Нариман Түлеев миллиондорду жегени үчүн отургузулду эле, айрым «баканооздор»: «Бийлик эмнеге оппозиция өкүлдөрүнө асылат? Кыйын экен өзүнүн короосундагыларды кармабайбы?» деп кыйкырып чыгышты. Ал эми жемсөөлүктү ооздуктоо жараяны курулай сөз эмес экени турмуш жүзүндө ырасталууда.

Мисалы, УКМК алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду коррупцияга шектүү делип, суракка чакырды. Атайын кызматтын кабарлашынча, министрдин жардамчысы шефинин атынан чет өлкөлүк эки компаниядан 20 миў доллар каражат өндүрүптүр. Жардамчынын айтканы далилденчү болсо, анда Р.Сабировдун темир торго тыгылары калетсиз.

Бул жемсөөлүккө ачылган «согуштун» башталышы деп туралы. Ушул калыбынан жазбаса, анда алкымына ээ боло албай, өлкө капчыгын өз чөнтөгүндөй пайдаланган далай министр, депутат, чиновниктердин күнү батат го.

Ылайым эле ошондой болуп, элдин бийликке деген ишеними бекемделсин дейли…

 

Эрмек Ташболотов



#2 Гость_I L Y A S_*

Гость_I L Y A S_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 31 Январь 2013 - 11:06

УКМК алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду коррупцияга шектүү делип, суракка чакырды

Сот актап койду бейм



#3 * Grizzly *

* Grizzly *

Отправлено 27 Декабрь 2015 - 16:12

Ай Айланайын кыргызым койгулачы ушу саясатка качанга чеин ишенебиз?
Коррупция Атамбаевдин озундо бар. эгер президент ушунчалык тажаса коррупцияны жок кылуу ыкмасы толтура, анын бири жаза! ага чеин законду онойлоштуруу зарыл. бир болбогон документти алыш учун Госрегистрде 4сааттан ашык турдум. тажадым анан корррупцияга каршы программа дегенде кыжырым кайнайт. Прокуратура, ошел еле АКС оздору шумшуктор жеткен мыкаачы коррупционерлер. бирону андып акча берип киин коркутуп берген акчасынан 10-20 эсе коп алып козгогон ишин жаап коюшат. мындай примерлер жайнайт. Ошондуктан менин программам момындай.
1) Прокуратураны, АКСти жоюю керек милиция шымын суруп калп эле журбосо жетишет, жетишбесе жумуштан кетсин.
2) Кылмыш жаза кодексине чон озгоруулорду киргизуу зарыл. Атык окуму созсуз болуш керек!!!
3) Коррупцияга каршы программа ойлоп таптым деп кыраттым деп мактангача, завод, фабрикаларды ачтым, жумушчу керек десе жакшы болмок.
4) Болгон госструктуралардын баарысынын окшош тараптары бар., аны билем. кал эле штат дебей! кысартуу керек, бириктируу керек.
5) Болгон адамга керектуу документтерди бир жерден алып кетуу жолдорун ойлогулачы эненди урайын депутаттар калп эле май кот болуп оз бизнестеринерди коргоп журо бербей!!!!!!!
6) УМС, Госрегистр, Архитектура, ДИЖС, Госстройдун баарым бир зданиеге тыкса болбойбу?!!! бир документти алыш учун эмнеге мен шаарды беш айланышым керек!!!????!!!
7) Ар бир Государственный органдарга камера койуусун талап кылыш керек, онлайн жузундо кимди кааласан, качан кааласан, эме кылып жатканын эл журт билиш керек. анткени кобунчосу оноп кулуп эле кун откорот.
8) Биздин эл да бузулуп бара жатат!!! бул программа бироону андыш эмес жумуш денгеелин которуу болуш керек. анан арыз жазган, жон эле кат жазган, бирдемени билиш учун, эми ар кайсы себептер менен гос. органдарга кат казса ага аы толомду киргизуу зарыл. анткени кээ бироо калп эле уйундо олтуралбаган, же бир жери кычышкан адамдар болбогон суроону кат аркылуу жонотуп жумушчунун убактысын алган да жарандар аз эмес. Ошондуктан ар бир жазылган кат, арыз толому менен болуш керек.
9) Тунку клубтарды, кафелерди, барларды, Паптарды вообще эле жогк кылып салыш керек алардан пайда жок. Сиздин кызынызды алып барып ичирип, мас кылып зордуктап абиирин чачат. кызынар силерге клубка же кафеге деп эч качан суранбайт муну бир билипкойгула.
менде айтайындесем дагы толтура бул программаны ишке ашырсак бир топ эч нерсени билбеген адамдар тоого кетет мал жайып, колхозду да онуктуруу керек. уруларда азаят алардын олгонун коргон эл да урдабайт, олтурбойт.



#4 Daki

Daki

Отправлено 27 Декабрь 2015 - 20:51

Ай Айланайын кыргызым койгулачы ушу саясатка качанга чеин ишенебиз?
Коррупция Атамбаевдин озундо бар. эгер президент ушунчалык тажаса коррупцияны жок кылуу ыкмасы толтура, анын бири жаза!

 

7) Ар бир Государственный органдарга камера койуусун талап кылыш керек, онлайн жузундо кимди кааласан, качан кааласан, эме кылып жатканын эл журт билиш керек. анткени кобунчосу оноп кулуп эле кун откорот.
8) Биздин эл да бузулуп бара жатат!!! бул
9) Тунку клубтарды, кафелерди, барларды, Паптарды вообще эле жогк кылып салыш керек алардан пайда жок. Сиздин кызынызды алып барып ичирип, мас кылып зордуктап абиирин чачат. кызынар силерге клубка же кафеге деп эч качан суранбайт муну бир билипкойгула.
менде айтайындесем дагы толтура бул программаны ишке ашырсак бир топ эч нерсени билбеген адамдар тоого кетет мал жайып, колхозду да онуктуруу керек. уруларда азаят алардын олгонун коргон эл да урдабайт, олтурбойт.

 

коррупцияны жениш учун ошол камераларды(веб камера, он лайн) бут мамлекиттик ишканаларга(милициядан баштап...., Президенке чейин) анан ошол эле кафе барларга коюп койсо эле жетиштуу болот ко дейм)) страна будет всегда знать - чем живут, и чем занимаются его герои))



#5 * Grizzly *

* Grizzly *

Отправлено 29 Декабрь 2015 - 18:57

Ощо да Такта олтургандар аны кылбайт. анткени озу учун коркушат. Коррупцияны жою эн оной жана 10-15 жыл эмес бир жыл андан коп эмес!!!




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных