Перейти к содержимому



Фотография

"Кумтөр" 2016-жыл үчүн кен иштетүүгө уруксат алды. Тоо-кен тармагы, экономика


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
В теме одно сообщение

#1 krutoi_13

krutoi_13

Отправлено 28 Март 2016 - 13:44

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик экспертиза боюнча документтерге кол койгон

"Кумтөр" 2016-жыл үчүн кен иштетүүгө уруксат алды
"Кумтөр Голд Компани" 2016-жыл үчүн кендеги казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта "ВБ"га Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшенбек Зилалиев билдирди.

 

Анын айтымында, ведомство экспертиза боюнча документтерге кол койгон.

 

"Бүгүн компания быйылкы жылда кенди казып алуу жумуштарын жүргүзүүгө уруксат бере турган документти алды",-деп билдирди директор.

 

Зилалиев "Суу кодекси Кумтөрдөгү тоо иштерин жүргүзүүгө уруксат береби?" деген "ВБ"нын суроосуна "уруксат берет" деп жооп узатты.

 

"Суу кодекси боюнча кен казып алуу жумуштарын мөңгүлөрдүн алдында гана жүргүзбөө керек",-деп баса белгиледи чиновник.

 

Эскерте кетсек, буга чейин Центерра менен Кумтөрдүн жетекчилиги 2016-жылдын 1-апрелинен тартып кенди консервациялоо вариантын караган. Мындай чечимди инвесторлор 2016-жыл үчүн "Кумтөр" кениндеги борбордук карьерди иштетүү боюнча мамлекеттик органдар менен макулдашуу жоктугунан улам кабыл алмак. Азыркы иштеп жаткан уруксат берүүчү документ 2016-жылдын 31-мартына чейин гана берилген.

 

http://www.vb.kg/kab...yksat_aldy.html



#2 kempir

kempir

Отправлено 28 Март 2016 - 23:18

Бүгүн, 28-мартта ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети КР өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июнундагы №313-р буйругу менен түзүлгөн «Кумтөр кенинин аймагында жайгашкан муздардын абалы жөнүндө» маселени иликтөө боюнча илимий-техникалык эксперттик топтун отчету тууралуу парламенттик угуу өткөрдү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттарынан сырткары тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын, илимдер академиясынын окутуучулары жана эксперттер катышты.
Эксперттик топтун отчету тууралуу КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Кыргызгидромет» гидрометеорология боюнча агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев, КР Борбордук Азия жер изилдөө институтунун ага илимий кызматкери Рыскул Усубалиев, илимий иликтөө тобунун жетекчиси Зарылбек Итибаев баяндама жасашты.
Берилген маалыматтарга ылайык, глобалдык жылуу таасиринин астында «Кумтөр» кени жайгашкан Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы мөңгүлөр эле эмес башка мөңгүлөр да эрип жатканы айтылды. Ал эми Давыдов мөңгүсү «Кумтөр» кенин иштетүүдөн техногендик таасир алып, анын негизинде мөңгүнүн тил бөлүгү жок болгон. Жалпысынан табигый фактор – климаттын жылышына байланыштуу мөңгүлөрдүн эрип кетүүсүнө алып келүүдө. Мындан улам отчетто «Кумтөр» кенин иштетүүдө Ак-Шыйрактагы мөңгүлөргө тийгизген таасири анча маанилүү эместиги белгиленген.
Ошондой эле, 2010-жылдан тарта кен казууда алынган топурак-шагылды мөңгүнүн үстүнө төгүү токтотулгандыгы белгилүү болду.
Көз карандысыз эксперт Исакбек Торгоев, Давыдов мөңгүсүнүн кесилип-кесилип ташылып башка жерге жайгаштырылышы менен ал мөңгү сакталып калбастыгын, баары бир эрип жоголоорун белгиледи. Андан тышкары, казылып алынган топурак-шагылдын курамында оор металдар сызылып отуруп, майда сууларга кошулаарын айтып, экологияга зыян келтирилерин эң башкы көйгөй катары баалады.
Талкуу жыйынтыгында мөңгүлөрдү коргоо жана сактоо боюнча туруктуу мониторинг жүргүзүү, гляциологиялык изилдөө борборун куруу маселесин караштыруу, мөңгүлөрдү экологиялык жана экономикалык баалуу ресурс – суу запасы катары сактап калуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү КР өкмөтүнө сунушталды.

 

 

http://turmush.kg/news:287541




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных