Перейти к содержимому



Фотография

Тоо-кен чөйрөсү: бир актердун театры. тоо-кен тармагы


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
В этой теме нет ответов

#1 kempir

kempir

Отправлено 22 Март 2016 - 18:59

Кыргызстанда тоо-кен чөйрөсүн приоритеттүү дешет. Саясатчылар да, аткаминерлер да бул чөйрө экономикалык өнүгүүнүн жаӊы баскычына алып чыгуучу чыныгы багыт экенин сопсонун түшүнүп турат. Бирок азыр кен байлыктарын казып алуу жагдайы күндөн күнгө начарлоодо. Чөйрө стагнация абалында: ал өз алдынча өкүм сүрүп, өз көйгөйлөрүн өз алдынча чечүү аракетинде. Жалгыз гана Кумтөр алтын кени коомчулуктун көӊүл чордонунда. Өлкөнун стратегиялык чөйрөсүнүн бири бүлүнүп бара жатканын далилдөөчү бир катар окуялар болуп өттү жакында. Маселен, жакында «Алтынкен» ЖЧКда жетекчиликке каршы митинг болур өттү. 2006-жылы түзүлгөн «Алтынкен» ЖЧКсы Талды-Булак Левобережный кенин иштетүү лицензиясына ээ. Ишкана жетекчилиги эмгек жамаатынын өкүлдөрү менен январь айында түзүлгөн келишимин бузуп, бир тараптуу түрдө компания кызматкерлеринин эмгек акысын 15% кыскартып, айлыкка болгон 30% кошумча каражатты премия макамына которуу чечимин кабыл алган. Буга чейин кызматкерлерге такыр башка шарттарды убадалашкан эле – эмгек акыны жогорулатабыз деп. Эмгек жамааты жетекчиликтин мындай алдамчылыгына нааразы болуп, кендеги ишин толугу менен токтотуп салган. Ишкана 2015-жылдын июлунда аракеттене баштаганы менен көйгөйлөр тез эле пайда болду. Тоо-кен жаатындагы дагы бир чыр-чатак – 20-февралда Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатынын иши толугу менен токтошу. «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ААК уран концентранттарын иштетип чыгат. 2015-жылдын ноябрында заводдун негизги өндүрүшү токтоп калган, себеби Казакстандан табыштамалар түшпөй калды. «НацКазПром» заводу ишин токтотуп КГРК менен табигый урандын химконцентраттарын кайтадан иштетүү боюнча келишимин токтоткон. Заводдун жамаатын толугу менен төлөмсүз өргүүгө кетиришти. Катардагы кызматкерлер республикалык профсоюз комитетине кайрылганы менен жамаатты кыскартуу уланып жатканына нааразы. Бирок ошол эле мезгилде завод жетекчилиги анын ишин улантуучу чийки зат табылып калабы деген үмүттө. «Биз Казакстанга чийки зат сатып алуу үчүн кайрылганын баары билет. Кризистен чыгуу максатында башка инвесторлор менен сүйлөшүп жатабыз», – дейт генералдык директордун жардамчысы Жалгап Казакбаев. Бирок бул жерде бир суроо жаралат, ал инвесторлор макул болобу? Биз жаны инвесторлорду тартсакпы дегенибизден эки көзүбүз төрт, бирок аларды биз менен иштөө каалоосу деле жоктой. Кыргызстан алигиче инвесторлордун бейиши боло элек. Орусия-Кыргзы өнүктүрүү фонду журналисттерге берген маалыматы боюнча, фонду ишкананын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөт эле, бирок орус инвесторлорунан да, мамлекеттен да эч кандай сунуш түшкөн жок. Дагы бир окуя февраль айынын соӊунда Талас районунда болду. Ал жердин тургундары өз ишин баштай да элек Жерүй алтын кетин иштетүүгө каршы чыкты. Бул жайдын тагдыры өтө оор, аны иштетүү лицензиясын көпкө чейин сата албай жүрүштү, ошого карабастан таластыктар алигиче анын иштетүүсүнө каршы. Тоо-кен жаатындагы кырдаал үмүттөндүрбөйт. Айрымдары өз ишин баштабай жатып эмгек жамааты менен тил табыша албаса, айрымдары ишин толугу менен токтотуп салды. А биз болсо такай эле Кумтөрдү чукулайбыз, баса ишкана быйылтан баштап кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатып, бүткүл өндүрүштүн басымдуу бөлүгүнөн киреше берүүдө. Балким азыр көӊүл чордонуна жалгыз гана канадалык инвесторлорун алып, көӊүлдү башка тоо-кен жайларына бурсак кантет. Жана да бир гана ишкана эффективдүү иштебестен, бүтүндөй бир чөйрө мыкты иштегендей кылуу керек.

 

http://maalymat.kg/i...akterdun-teatry




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных