Перейти к содержимому



Фотография

Депутаттар инвесторлордун киловаттарын санап отурбастан, Суу кодексин кабыл алуусу керек. жк, суу кодекси, саясый популизм


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
В этой теме нет ответов

#1 krutoi_13

krutoi_13

Отправлено 16 Март 2016 - 19:16

Эл өкүлдөрүнүн чечимдери популисттик мүнөзгө чөмүлбөстөн, экономиканын эн маанилүү чөйрөлөрүн колдоого алыш керек эле.

 

Кыргызстандын алдыңкы тоо-кен компанияларынын ишмердүүлүгү кайтадан эл өкүлдөрүнүн көңүлүн өзүнө бурду.

 

Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Бакыт Төрөбаев «Кумтөр» компаниясы пайдаланган электроэнергиянын баасын 1 кВтс 2,56 сомдон кылууну сунуштады.

 

«Ишкана жылына 1 млрд кВтс энергияны 2,24 сомдон пайдаланат. Сунушум мындай – аларга электроэнергиянын баасын 2,56 сомдон кылалы, элди кыйнабай, электр жарыгына болгон социалдык бааны өзгөртпөй эле койолу – калк үчүн түзүлгөн жагдайдан чыгуу жолу ушул», – деп депутат сунушу менен Отун-энергетикалык комплекс боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Таалайбек Нурбашевге кайрылды.

 

Депутат анын сунушун караштырып, бул маселени өкмөт аппаратына чейин жеткирүүнү талап кылууда.

 

Энергетика жана тоо-кен чөйрөсү боюнча көз карандысыз серепчи Расул Умбеталиевдин айтымында, Жогорку Кеңеш депутаттарынын негизги максаты – мыйзамдарды иштеп чыгып, аларды кабыл алуу, бирок министрлер кабинетинин милдетин мойнуна алууга алардын укугу жок.

 

– Тилекке каршы, депутаттар беш айдан бери иштеп жатканына карабастан, парламенттин жаңы курамы улуттук экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн бир да мыйзам кабыл алганын көрө алганым жок. Анысы аз келгенсип, өлкөнүн негизги компаниялары үчүн электрэнергиясына болгон бааны жогорулатуу сунушу менен депутаттар өкмөттүн милдетин өзүнө алып, аткаруу бийлигин колуна жыйгысы келүүдө. Жогорку Кеңештин буга чейинки курамы да такай «Кумтөрдүн» ишине кийлигишип, ишкананы улутташтырабыз деген популисттик идеяларын айтып келгени баарыбыздын эсибизде. Мунун баары элге кам көрүү же өлкөнүн алтын кенин экономикалык жол менен пайдаланып калуу үчүн жасалган жок. Мурдагы депутаттардын инвесторлор менен болгон салгылашуусу жөпжөнөкөй гана саясий соодалашуу эле, – деп эсептейт серепчи.

 

Расул Умбеталиевдин айтымында, буга чейинки депутаттар партиялык казынаны толуктап, өлкөнүн башка маанилүү экономикалык объектилерин толугу менен көзөмөлгө алуу максатында «Кумтөр» айланасында болгон чабуулду уюштурганы байкалып турат.

 

– Азыркы депутаттар инвесторлордун киловаттарын санап отурбастан, инвесторлордун ишмердүүлүгүн колдоого алып, бизнестин жана жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртып, республиканын инвестициялык абалын жакшыртуучу мыйзам ченемдерин кабыл алса жакшы болот эле, – дейт Расул Умбеталиев.

 

Серепчи ошондой эле Жогорку Кеңеш былтыртан бери Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү эмдигиче кабыл албай келгенин баса белгиледи.

 

– Суу кодекси «Кумтөрдү» иштетүүгө байланышкан жеке суроо гана эмес экенин депутаттар түшүнүүсү зарыл, аны кабыл албаса өлкөнүн негизги ишканасынын өндүрүшүнө терс таасир тийип калышы мүмкүн. Суу кодекси республиканын жалпы тоо-кен өндүрүшүнө тийешелүү, себеби мындай ишканалардын басымдуу көпчүлүгү тоодо жайгашып, аларды иштетүү тикеден-тике экологияга байланган. Кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү кабыл албай, создуктуруу, биздин мыйзам жана аткаруу бийлик өкүлдөрү улуттук экономикабыздын негизи деп атаганды жакшы көргөн экономикабыздын ушул чөйрөсүнүн өнүгүүсүн толугу менен токтотуп салуусу мүмкүн. Ошондуктан куру сөздү токтотуп, тоо-кен чөйрөсүнө абадай керек болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Мында популизмди токтотуп, Кыргызстан экономикасынын кызыкчылыгын гана көңүл чордонуна коюп иштөө талап

 

http://maalymat.kg/i...yl-aluusu-kerek




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных