Перейти к содержимому



Диалектиге реакциянар.


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 149

#141 Ainura74

Ainura74

Отправлено 03 Июнь 2012 - 20:31

подруга детство

тилди бурмалабай кыргызча эле адабий турундо жазгыла демекчимин.

+1000



#142 TDK

TDK

Отправлено 15 Июнь 2012 - 18:56

Ар ким көнгөн тилинде сүйлөйт дегенге мен кошулбайм. Ар ким көнгөн тилинде ошол тил көнүмүш болуп калган жерде сүйлөй берсин, бирок керектүү жерде, мамлекеттик денгээлде, адабий тилде сүйлөш керек, адабий тил туура пикир алмашууга жана ар кандай иштин тез бүтүшүнө жардам берет. Адабий тилде сүйлөө деген кайсы бир жактыктарды (мисалы түндүк диалектисин колдонуп сүйлөө) туурап сүйлөө эмес, жөн гана болушунча ар түрдүү адамдар түшүнө тургандай кылып адабий, жалпы, туура сөздөрдү колдонуп сүйлөө. Мектепте окуп жүргөндө кыргыз тил сабагында эжей мага суроо берген эле: Адабий тил тез өнүгөбү же жергиликтүү тилдерби? деп, мен жергиликтүү тил (диалект) тез өнүксө керек, анткени ал практикада көп колдонулат да десем, туура эмес болуп калган. Себеби жергиликтүү тил практикалык түрдө көп колдонулган менен аны аз адам колдонот экен, ал эми адабий тилди бүтүндөй Кыргызстандын эли, баардык ММК лар колдонушат. Ошонун натыйжасында адабий тил тез өнүгөт.
Эч бир элдин тили идеалдуу эмес, дүйнөлүк эмес тилдер ан сайын идеалдуу эмес б.а таптаза адабий тил да бир адамдын пикирин 100 пайыз чагылдыра албайт. Андыктан бизде кайсы бир областтын элдери таптаза сүйлөйт деп айта албайм. Эми мисалдарга жана жеке көз карашыма өтсөм:
Өзүм Базаркоргондон болом, бир туугандарымдан баштап бардык жакын адамдарга ынгайы келген жерден таза сүйлөгүлө, оняк мыняк дебей аяк быяк дегиле ж.б деп айтам. Бул адабий тилдин урматына болгон аракет, түндүктүктөрдүн урматына эмес.
Бир жолу Бишкекте классташ досум экообуз баратып бир кишинин телефондо сүйлөшүп атканын угуп калдык, ал сөзүнүн арасында: айтпайсынбы, мени звант кылды деп- деп атты. Анда мен мобул киши биз жактык экен э десем, досум: жок, биз жактыктар званть этти деп сүйлөйт, бул киши бизден да ары Оштон же Баткенден дейт, ойлонуп көрсөм чындап эле ошондой.
Бизде Ноокен районунда, Базаркоргон районунун тоолуу айылдарында, Жалабаттын Өзгөнүндө таза кыргызча сүйлөгөн элдер, айылдар бар. Аерде жашаган адамдар менен сүйлөшкөндө кээбир нукура кыргызча сөздөрдү түшүнбөй калганбыз деп атам айтып калат, атам болсо ардактуу мугалим.
Адабий тилдеги сөздөрдү колдонуу менен эле адабий тилде сүйлөөнү толук өздөштүрдүм дегендик жанылыштык болот. Мисалы түштүктө "баланчаны күтүп тураа бердик, тураа бердик (кээде, туроо бердик турау бердик болуп кетет)" деген сөз айкашы колдонулат, бардык сөздөр адабий эле тилде, бирок ошону түндүктө мынтип айтат "ай баланчаны гечкеле күтө берип чарчап кеттик" деп. Туурасы кандай болот?
Бир жолу Чүйдүн этек жагында Бирлик деген айылда жашап жүргөнүмдө, алмата көчөсү менен ылдый баратып бир нарындык конокко бараткан кишини жолдон алып алдым, ал чала кызуу экен, маршруткадан бирөө менен урушуп тұшұп калыптыр, мен бир нерсени айтып атып "секин" деп сүйлөсөм, сен да оштук окшойсун секин деп сүйлөп атасын дейт, ошерден токтотуп алып билгенимди кылсам болот эле, маска тенелбейин деп жеткирип койдум, болгону секин деген кыргызча сөз эмеспи дедим. Эгерде кимде ким бул жерде да секин деген сөз кыргызча эмес десе, айткыла.
Дагы бир жолу машруткада баратып 2 достун бирөөсү "маршруткадагы адамдар" деп сүйлөп калса, экинчиси "сен эмне оштук болуп калдынбы, киши деп сүйлөсөн" дейт. Бул жерде адам деп маршруткадагы инсандарды айтса болбойт дегендер болсо аны да айткыла. Ушул эле мисалды "чака" жана "челек" деген сөздөр үчүн келтиргим келет. Биз челек дейбиз, мен Бишкекте чака дейм, Базаркоргондо челек деп айтам. Менин оюмча бул кыргызча эле сөз. Түндүктө колдонулбай калса эле ал кыргыздын сөзү болбой калбайт да. Бал челек, Сары челек деген сыяктуу, жакында бир китептен дагы окудум, жөн эле челек деп чака маанисинде.
Дагы бир мисал, бир жолу Көлдө жүрүп Рохат панционатына кирип баратып охраникке (күзөтчүгө) бирөөгө учурап чыгайын десем түшүнбөй атып акыры жолугам дебейсинби дейт, а мен учурайм деген элем. Бул да туура эмес дегендер болсо айткыла.

 

Ошентип: Адам(Гиши), Челек(Чака), Секин(акырын), Зорго (Аран), Азыр эле(Жаңы эле), үйгө кеткенге жооп бериң(Уруксат береспи), Баланчага учуроо (Баланчага жолугуу) ж.б сөздөрдө таза кыргызча болгонудугунда ЭЧ КАНДАЙ МАСЕЛЕ жок деп эсептейм.
Гиши, Гийик, Гүн, Гелди, Гээде Геттиби деп да коебуз, бул сөздөр өзүнчө чоң тилдик маселе. Элибиздин 95 пайызы К деп жазган менен Г деп сүйлөйбуз, англисче w тамгасынын тыбышы да бизге керек, бул тыбыштын жоктугунан далай сөздөрүбүз жазылганындай айтылбай келет, же туура эмес жызылып келет десек болот. Мисалы: Аба, Обон, Ооба. Бул сөздөрдү дал жазылганындай кылып сүйлөө бир гана кыргызчаны үйрөнүп аткан адамдарга таандык.

 

Баткендик досторум бар, алар таандык мүчөнүн артына барыш, табыш жөндөмөлөрүнүн мүчөсүн жана көптүк лар мүчөсүн үчүнчү жак үчүн туура эмес колдонушат. Мисалы "Баланчасыга, Баланчасыны", "Баланчалар келдилер, кайра кеттилер" деп. Эң өкүнүчтүүсү оңойчулук менен катасын оңдоп, ал сөздөрдүн туурасын кабыл алышпайт.

 

Жогоруда айтылып кеткендей "С" жана "З" тамгаларын алмаштырып сүйлөгөндөрүкүн да туура эмес деп эсептейм, мындай мисалдарга көп жолу кезиккем.
Ош лямфу дегенинерге түшүнбөдүм, ал тамак вообще (дегеле) Ошто жок да, ал тамактын мекени Көл болуш керек. Бул мисалга мен Дордой базарында туш болдум.
Ошол эле базарда бир эженин келип однотонный деген товар түсүнүн аталышынын кыргызчасы бир өңчөй болоорун үйрөтүп кеткенде ыраазы болдум.
Негизи кыргыз тилин бузуп сүйлөгөндөр азыр өтө көп. Карапайым эл мындай турсун, маданият тармагынын адамдары да: ырчылар, ди джейлер, алып баруучулар, дикторлор, Депутаттар ж.б лар. Көп жерде "өлүк сөздөр" колдонулат жана кыргыз тилинде сөздөрдүн сүйлөмдөгү ээрчишүү ыкташуу деген касиеттери болот, ал таптакыр эле азыр унутулган, мисалы бир өңчөй мүчөдөгү сөздөрдү көптүк "лар" мүчөсү ээрчибейт. Аны ээрчитип коюшат, орусчадан алышкан да. Дагы, ди джейлер аба ырайын айтып атып, "күндүн биринчи жарымы ", "күндүн экинчи жарымы", "18 саат" дешет! Бул сөздөр кыргызча болгону менен өлүк сөздөр деп бир тилчинин айтканын укканмын. Кыргызчада жакшынакай аталышы бар, аны укканда көңүлүнү көп бурбасан деле түшүнөсүн дейт, мисалы эртен түшкө чеин аба мындай болот, түштөн кийин тигиндей болот деп айтса таза түшүнөсүн да, берки айткандарын түшүнүш үчүн ойлонуш керек дейт.

 

Тоодогу кыргызга көнбөгөн буюмдарды берип үйрөтүштүн кереги жок дегендердин пикирлерине да мен кошулбайм, кереги бар, адабий тилде, ар кандай деңгээлдеги ар кайсы жердин адамдары менен сүйлөшө билүүнүн пайдасы чоң. Кылым жаша, кылым бою үйрөн дешет. Баардык сөздөр кошумчаланбай, кемитилбей айтылыш керек. Мен эч качан тел.книжкага адамдардын кличкасын же өзүмө жаккандай кылып ат коюп сактабаймын, ошол адамдын таза атын (эмнеси болгон күндө да), экөө үчөө болуп кетсе фамилияларын кошуп жазып коем. Башында интернеттен кыскартып сүйлөшкөн же латын арибинде жазган жакчу, ал куду башканын кереги жок деп турган деңгээлден өтө элек убагым экенин азыр түшүнүп турам. Биздин кыргыздар түштүктө атайылап өзбекче учурашып сөздү башташат, "ээ калийсан, кандийсан" деп, балким өзбек тили прикольный угулабы же кыргызча сүйлөсөк өтө токтоо болуп калабыз дейбизби билбейм. Бишкекте болсо бир бирин Оштуктарча сүйлөп тамашалап калышат. Кандайдыр бир деңгээлде шылдындоо бар да.
Эмнеси болсо дагы Бишкек шаары борбордо болгон үчүн адабий тилдин эрежелери биерде көбүрөөк сакталат. Ал эми борбор баарыбыз үчүн борбор, эч бир областтыктар Бишкекте жергиликтүү эмеспиз. Андыктан оштуктар көбөйүп кетти деп корккондук же ачуулангандык туура эмес. Россиянын канча жерлерин чет жерлик элдер каптап кетишкен, ошонун да ыгын таап мамиле түзүп жашап атышат. Бизде Бишкекте оштуктар көбөйүп кетсе көп түндүктүк жердештирибиздин "жүрөктөрү кысылат". Чүй түндүккө карайт, ал эми Бишкек бүткүл кыргызстандын бардык булуң бурчу үчүн борбор болуп саналат Ар бир борборго келген адамга эшик ачык, ал адам да өз кеөегинде шаардын экономикасына маданиятына салым кошконго аракет кылыш керек, жаны келгенде шаар эли аларга үйрөтөт, кийин ал адам да башкаларга үлгү болушу керек.


Сообщение отредактировал TDK: 15 Июнь 2012 - 19:52


#143 Жуунбаш

Жуунбаш

Отправлено 15 Июнь 2012 - 19:08

TDK

Ош лямфу дегенинерге түшүнбөдүм, ал тамак вообще (дегеле) Ошто жок да, ал тамактын мекени Көл болуш керек

Негизи Ашлямфу деп жазылат. Кошулуп.



#144 TDK

TDK

Отправлено 15 Июнь 2012 - 19:18

TDK

Ош лямфу дегенинерге түшүнбөдүм, ал тамак вообще (дегеле) Ошто жок да, ал тамактын мекени Көл болуш керек

Негизи Ашлямфу деп жазылат. Кошулуп.

Тамактын атын билем. Ош лямфу деген сөз да ошондон келип чыкканбы??



#145 Жуунбаш

Жуунбаш

Отправлено 15 Июнь 2012 - 19:34

TDK

Ош лямфу деген сөз да ошондон келип чыкканбы??

Ал эмне деген сөз? Биринчи жолу угушум.



#146 Жуунбаш

Жуунбаш

Отправлено 15 Июнь 2012 - 19:40

TDK

Элибиздин 95 пайызы К деп жазган менен Г деп сүйлөйбуз, англисче w тамгасынын тыбышы да бизге керек, бул тыбыштын жоктугунан далай сөздөрүбүз жазылганындай айтылбай келет, же туура эмес жызылып келет десек болот.

"К" деп эле жазылганы, "Г" деп айтылганы эле туура болот го, илгертен бери калыптанып калган.



#147 TDK

TDK

Отправлено 17 Июнь 2012 - 03:36

Бул сөздү биринчи жолу угушун болсо теманы башынан окуп чыкпапсын дегендик.

 

Калыптанып калган сөздөр боюнча көп маселелер бар: Мисалы 70 жыл болсо дагы калыптанып калган СИСТЕМА деген сөздү азыр кээбир тилчилер кыргызча болобуз деп эми ойгонушканбы же турктордон уйронушконбу СИСТЕМ деп жазып, айтып жүрүшөт. Түрктөр деле өз кезегинде орусчага АЛГОРИТМ деп которулган латын сөзүн АЛГОРИТМА дешет.


Сообщение отредактировал TDK: 17 Июнь 2012 - 03:40


#148 Ainura74

Ainura74

Отправлено 17 Июнь 2012 - 23:14

TDK

Бизде Ноокен районунда, Базаркоргон районунун тоолуу айылдарында, Жалабаттын Өзгөнүндө таза кыргызча сүйлөгөн элдер, айылдар бар. Аерде жашаган адамдар менен сүйлөшкөндө кээбир нукура кыргызча сөздөрдү түшүнбөй калганбыз деп атам айтып калат, атам болсо ардактуу мугалим.

Сузактын тоолуу айылындагылар да ото таза суйлошот.Баса Озгон Ош областына карайт.



#149 TDK

TDK

Отправлено 18 Июнь 2012 - 18:05

TDK

Бизде Ноокен районунда, Базаркоргон районунун тоолуу айылдарында, Жалабаттын Өзгөнүндө таза кыргызча сүйлөгөн элдер, айылдар бар. Аерде жашаган адамдар менен сүйлөшкөндө кээбир нукура кыргызча сөздөрдү түшүнбөй калганбыз деп атам айтып калат, атам болсо ардактуу мугалим.

Сузактын тоолуу айылындагылар да ото таза суйлошот.Баса Озгон Ош областына карайт.

Ооба Өзгөн Ошко карайт, мен туура эмес айтыпмын.


Сообщение отредактировал TDK: 18 Июнь 2012 - 18:27


#150 Tariar

Tariar
  • Reserved
  • Cообщений: 3 439
  • Регистрация: 28-09-2010

Отправлено 18 Июнь 2012 - 18:24

Өзгөндүк жеңем куюлтуп гана таптаза кыргызча сайрап киргенде, тилчи сөрөйлөр четте эле нервденип тамеки чегип отуруп калышат.)))




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных