Перейти к содержимому



Фотография

cаруулуктар Кумтөр боюнча камалган балдардын бошотулушун талап кылат. кыйкырыктар башталды


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
В теме одно сообщение

#1 krutoi_13

krutoi_13

Отправлено 10 Март 2016 - 19:28

Кумтөр - эл байлыгы” коомдук кыймылынын төрагасы Абай Узаковдун айтымында, 9-мартта Сарууда жыйын өтүп, өздөрүнүн лидерин шайлашкан. Узаков алар бийликке бир нече талап коюп жатышканын билдирди.

 

- Биз атайын штабдын ишин кайра жандантабыз. Негизги талабыбыз Кумтөр кени элдики кылуу жана Кумтөр үчүн камалып калган балдарыбызды бошотуу. Биз күнүгө штабда чогулуп турмай болдук, эгерде талаптар аткарылбаса, мөөнөтсүз митингге чыгарыбызды жарыялайбыз, – деди Абай Узаков.

 

Саруу айылынын тургундары талаптар Жогорку Кеңештеги алты фракциянын лидерлерине жана президентке жөнөтүлгөнүн билдиришти.

 

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын бир канча тургуну 2013-жылы Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы боюнча уюштурулган митингдер учурунда мыйзамсыз аракеттерге барган деп камалган.

 

http://www.azattyk.o...s/27602349.html



#2 * Grizzly *

* Grizzly *

Отправлено 12 Март 2016 - 22:14

Эл которулот дагы биздин такта олтургандардын мээсине эки президентти айдаганыбыз жетбейт экен.




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных