Перейти к содержимому



Фотография

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариевге. "Дил жолу" кыймылынан ачык кат


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
В этой теме нет ответов

#1 Дил жолу

Дил жолу
  • На удаление
  • Cообщений: 1 700
  • Регистрация: 15-11-2014

Отправлено 02 Март 2016 - 17:22

КР премьер-министри
Сариев Темир Аргембаевичке
«Дил жолу» кыймылынын төрагасы
Орозбаев Улан Алмазбековичтен

 

Арыбаңыздар, Темир Аргембаевич!

 

Урматтуу Темир Аргембаевич! Сизге «Дил жолу» кыймылынын атынан кайрылып жатам. «Дил жолу» - эл аралык альтернативдүү руханий идеология. Бул идеология эч кимди динге да, улутка да бөлбөй жалпы адамзатты ынтымакка чакыра турган жол. «Дил жолун» Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясы катары сунуштайбыз жана аны кабыл алуу үчүн Конституциялык реформа кылуу демилгесин көтөрөбүз. «Дил жолун» талкуулоо үчүн тегерек столдорду, конференцияларды уюштуруп берүүнү өтүнөбүз. Темир Аргембаевич, сиздин дин жаатындагы саясатты колдойбуз! «Дил жолу» кыймылы да сиздин колдооңузга муктаж! Бүгүнкү күндө Кыргызстаныбыз абдан коркунучтуу абалда, эгер чара көрбөсөк анда 5-10 жылдын ичинде мамлекетибизди жоготуп кетишибиз ыктымал, анда Кыргызстан же экинчи Афганистанга же ИГИЛге айланат.
Бир да дин, бир да светтик идеология азыр жалпы адамзатты бириктире албайт, анткени диндер жана светтик идеологиялар көп жана алар ааламдык мыйзамдарга туура келишпейт. Диндер адамзаттын руханий өнүгүүсүн өзүмчүл акылдын, шариаттын эрежелери менен чектешсе, идеологиялардын көпчүлүгү жан-дилге көңүл бурбагандыктан адашууда. Идеологиянын өзөгү – маданиятта, ал эми маданияттын өзөгү – дилде, «Дил жолунда». Ошондуктан жалпы адамзат үчүн эң эле мыкты бир гана идеология бар – «Дил жолу». Ошондо ар бир мамлекет өз улуттук маданиятына таянып «Дил жолуна» кире алат. «Дил жолун» кабыл алган мамлекеттер өздөрүн «светтик» да эмес, «диний» да эмес, «Дилий», «Дил жолундагы» же «Руханий» мамлекет деп аташат. Светтик идеологиялар бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бере албайт, анткени коомдун көпчүлүгүн бүгүн Кудайга, Жараткан Аллага, Аалам ээси Кудуретке ишенген адамдар түзүшөт. Көпчүлүк адамдар диндин эрежелерин так аткарбаса деле бирок алар баары бир Кудайга, Теңирге, Жараткан Аллага, Аалам ээси Кудуретке ишенишет. Адамдардын көпчүлүгү Кудайга, Жаратканга ишенип турганда светтик идеология бизди диний экстремизмден сактай албайт. Эл аралык «Дил жолу» идеологиясы – руханий идеология. Дил жолу айрым светтик жана диний принциптерин синтездеген (бириктирген) идеология. Дил жолу бир да динге артыкчылык бербейт, бир да динди башка диндерден жогору койбойт, бирок ошону менен дил жолу ар бир диндин өкүлдөрүнө диндин туу чокусуна, өзөгүнө, дилге жетүүгө мүмкүнчүлүк берет, анткени руханий Дил жолу идеологиясы динчил адамдардын руханий өнүгүүсүн акыл-ой үчүн арналган эрежелер менен чектебейт. Ошол эле учурда Дил жолу идеологиясы динчил адамдардын диний парздарын, эрежелерин, шариаттарын, диний каада-салттарын аткарууга чек койбойт, анткени диний эрежелерди, шариатты аткаруу – бул Кудайды, Жаратканды таануудагы акыл-ой менен чектелген адамдар үчүн алгачкы кадам деп дил жолунда эсептелинет. Ушул жагдайларды эске алганда эл аралык руханий «Дил жолу» идеологиясы 2014-жылы кабыл алынган «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясына» туура келет.
2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясында» төмөнкүдөй жазылып турат: «Диний уюмдардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу кыргыздардын жана жалпы алганда Кыргызстандын улуттук маданиятын, тилин, салттуу руханий баалуулуктарын сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылат, аларга кайсыл бир диний баалуулуктарды карама-каршы коюуга жол бербейт» . Демек, 2014-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясында ачык эле жазылып турат: Кыргыз Республикасы кыргыздардын жана жалпы Кыргызстандын улуттук маданиятын, тилин, салттуу руханий баалуулуктарын сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылат. Ал эми радикалдык исламчылдар, ваххабит-салафиттер башка элдердин маданияттарын түшүнгүсү да келбейт, сыйлагысы да келбейт. Андай болсо анда эмнеге биз алардын идеологиясын, өзүмчүл акыл-ой үчүн арналган эрежесин, дининин радикалдык агымдарын сыйлап өзүбүздүн маданиятыбызды, каада-салтыбызды, тилибизди, дилибизди талкалоого жол ачып жатабыз? Чагымчыл исламисттерде, салафит-ваххабиттерде кыргыздын маданиятын, каада-салтын четке кагып, руханий өзөгүбүзгө, дилибизге балта чабып аны жок кылууга кандай укуктары бар? Радикал исламчылдарды чектен малайдашууну эңсеген бай адамдар каржылап колдоодо. Ошондуктан четтегилерге маданиятыбызды, өзөгүбүздү талкалаганга жол бербейли!
Ар бир эл өз улуттук маданиятына таянып Дил жолуна кирүүгө акылуу. «Дил жолу» идеологиясы динден да жогору тургандыктан жана бүт диндердин өзөгү, тамыры дилде болгондуктан христиан, мусулман, будда, индуизм, иудаизм, теңирчилик жана башка диндерди карманган адамдар «дил жолуна» кирип өздөрүн «Жаратканга чыныгы ишенген дил жолундагы христианмын», «дил жолундагы мусулманмын», «дил жолундагы буддистмин», «дил жолундагы индуистмин», «дил жолундагы теңирчимин», «дил жолундагы иудеймин» деп атай алышат. «Дил жолу» адамдарды динге, улутка бөлбөй баардыгын дил, таза жүрөк аркылуу биригүүгө чакырат. «Дил жолу» эң башкысы «Адам бол» деп чакырат. «Кыргыз, орус, немис, кытай, араб болосуңбу – эң башкысы Адам бол! Мусулман, христиан, буддист, теңирчи болосуңбу – эң башкысы Адам бол!».

 

«Дил жолу» кыймылынын төрагасы,
Орозбаев Улан Алмазбекович
Тел.: 0550555233
Сокулук району, Манас айылы, Новая 12 көчөсү
Почта индекси: 724815

 

01.03.2016




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных