Перейти к содержимому



Фотография

Кыргыз музыкасынын абалы. Кыргыз композиторлорунун проблемалары


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
В теме одно сообщение

#1 pony

pony

Отправлено 24 Январь 2016 - 14:43

"Кыргыз Туусу" №3(23996),2016-ж.,15янв.

 

“Бөлүнгөндү бөрү жейт” же кыргыз музыкасынын өгөй композитору

 

Кыргыз профессионалдык музыкасын түптөп, бийиктиктерге жетишине опол тоодой салым кошкон, 80 жылга чукулдап калган тарыхы бар Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзун ар мезгилде А.Малдыбаев, М.Абдраев, К.Молдобасанов сындуу залкарлар жетектеп келген. Совет доорунун соңунан кийин башка чыгармачыл союздар сымал биздин союздун иштери да солгундап барып, азыр жолго коюлуп калган кези. Олуттуу музыкага орчундуу көңүл бурулбай, каржы маселеси карыштырганына карабастан композиторлор музыканын бардык жанрларында күнү бүгүн жигердүү эмгектенишүүдө. Симфониялык музыкадан, камералык аспаптык, вокалдык чыгармалардан концерттер өткөрүлүп келе жатат. Кинолорго, драмалык спектаклдерге музыкалар жазылууда. Албетте, советтик доордогудай гүлдөп-өскөнгө жеттик деп айтыш эрте. Мамлекетибизде тынчтык болуп, экономикабыздын өнүгүшү менен биздин чыгармачылыкка да жакшы жагдай түзүлөрүнө көзүбүз жетип турат.
Ушундай учурда биздин композиторлор союзунун аброюна шек келтирген композитор М.Бегалиевдин жоопкерсиз билдирүүлөр менен чыгышын чыккынчылыкка тете деп баалап турабыз. Анткени ушул жылдын 3-декабрында “АЗИЯ news” гезитинин кабарчысы менен маектешип жатып: “Быйыл көп жерлерде болдум. Алсак, Казакстанда жалаң гана музыка жазгандарды алып калышыптыр да, жазбагандарды союздан чыгарып коюшуптур. Москвада жана башка жерлерде бүт ушундай экен. Бизде эле Советтик доор кулагандан кийин кандай болсо, азыр деле ошондой бойдон калыптыр. Ошондон улам, келечекти ойлоп, эл аралык композиторлор, музыка изилдөөчүлөр ассоциациясын ачып койдум. Бул “композиторлор союзу алмашты” деген эле кеп” - деп жооп берип жатат.
ОсОО, АО, МПО, ассамблея, ассоциация, ар кандай фонд ж.б. ача бергенге ар кимдин акысы бар. Мыйзам буга жол берет. А бирок, 80 жылдык тарыхы бар Композиторлор союзун М.Бегалиев “алмашты” деп койсо эле алмашып калгыдай бул оюнчук эмес да. Ыраматылык М.Абдраев Композиторлор союзун жетектеп турганда искусство институтунан 4-курсунун окуучусу М.Бегалиевди Москва консерваториясынын 2-курсуна которткон. Студент кезинде жаш композиторго жардам болсун деп чыгармаларын кабыл алдырып, гонорар төлөтүп берип турган ушул Композиторлор союзу. Наамдарга сунуштап турган ушул Композиторлор союзу. Агездеги башка республикалардагы иш-чараларга жөнөтүп турган ж.б. моралдык жана материалдык жардамдарды берип турган кезинде. Акыркы курстарда ооруп калганда өз чөнтөктөрүнөн жардам берген композиторлорубуз да болгон. “Ичкен кудугуңа түкүрбө” дейт кыргызда. :no-no:
Деги эле башкалардын эмгегине ээлик кылып, өзүнө ыйгара салган жагынан алдына киши салдырбайт Бегалиев. Консерваторияны түптөшкөндөрдү кийин акырын “айдап” чыгып, менчигиндей эле меники деп келе жатат. Консерваторияга К.Молдобасановдун ысымы берилердеги ызы-чуусун жумурай журт жакшы билет. Ремонтуна 2010-жылы Убактылуу Өкмөттү жетектеп турганда Р.Отунбаева бөлдүрүп берген миллиондорду өзү таап келген каражаттай кылып көрсөтүп, эчен жерде төшүн какты. 2011-жылы Өкмөт мугалимдердин, артисттердин айлыгын көтөргөн. Ошондо улуттук наамы бар окуу жайлардын, театрлардын айлык маселеси күмөн чечилген болчу. Бирок улуттук консерваториянын айлыгы 80 % кошумчасы менен калган. Ал улуттук наамы бар бардык окуу жайларга тиешелүү болуп, билим берүү министри К.Садыковдун эмгеги эле. Аны да консерваторияга кошумча айлыкты мен кыйындыгымдан алып калдым деп, бирөөнүн эмгегин өзүнө ыйгарып ала коюп, консерваториянын мугалимдеринин мээсин айлантып жүрөт. Ректорлорду шайлоо жобосунда жазылгандай илимий даражасы жок болсо да 4 мөөнөттөн ашык (22 жыл) убакыт консерваторияны атасынан калган мурастай басып отурат. Учурда ректорлук орунда мындан ары да калуунун айла-амалын издөөдө. :sos:
Залкар композиторлор К.Молдобасанов менен Н.Давлесовдон талашып, “Гимндин кайырмасы меники” деп да бир айтып бир, эки айтып эки койбойт. Гимндин кайырмасы Манас айтуучулардын мотивинен турарын угуп жүрөбүз. Эми Манас эпосунун кайрыктарын да М.Бегалиев консерваторияны “ээлегендей” менчиктештирип алабы? Ушу сыяктуу менменсип чалчактамайы, амалкөйлүгү менен “гүлдөп-жайнап” гүүлдөп келе жатат. Кыргызстанда композиторлорубуз саналуу эле болсо, чатактын башын чыгарбай тынч бололу, анча-мынчага көз жумуп коёлу деп келдик буга чейин. А бирок, М.Бегалиев болсо 80-жылдардан эле баштап кыргыз композиторлорун теңине албай, Кыргызстанда менден башка композитор жок тейде, өзүн-өзү мактоо же мактатуу жолу менен коомчулукта жалган пикир жаратып келе жатат. Ыгы келген, келбеген жерден деле өзүн Ч.Айтматовдун катарына коё салып, мактанып жүргөнү кимди болсо да иренжитүүдө. :angry:
Кудасы А.Акаевдин “ак батасы” менен 2004-жылы Маданият боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы боло калганы бар. Авантюрага жакындыгын ушундан билгиле, Акаев качып, Бегалиев ал кызматтан шыпырылгандан кийин консерваториянын алдында “мини министрлик” сыяктуу бир нерсени түзө коём деп, кыргыз маданиятынын аксакалдарын чогултуп чай берген. Ал авантюрасы ишке ашпай бир аз деми сууган.
“Жазбагандарды союздан чыгарып коюшуптур” - деп жатпайбы маегинде. Анда, М.Бегалиев устаты М.Чулаки менен чогуу жазган, кыргыздын колорити жок “Помпейдин акыркы күнү” симфониялык поэмасы менен кыл аспаптар оркестри үчүн “Ностальгиясы”, нотасы жок туруп Токтогул сыйлыгына татыган “Жаратманга одадан” башка көлөмдүү эмне жазып берди. Бир опера же балет жазып театр сахнасына коюлдубу? Чейрек кылымдан бери бир жаңы жазылган көлөмдүү симфониялык же башка жанрдагы чыгармасы концерттик залдардан аткарылдыбы? Акыркы жылдары обон жазып, аны окуучулары аранжировкалап, эстрада жылдыздарына ырдатып жүргөнүн музыка чөйрөсүнөн сырткары эл да жакшы билет. Деги эле кол алдындагы мугалимдердин, окуучуларынын эмгегин укмуштай пайдалана алат. Өзү айтмакчы, чоң чыгарма жазбай калганы үчүн өз каалоосу менен биздин союздан чыгып, өзүнө окшогондор үчүн эларалык ассоциация түзүп жатса керек. Ашып кетсе Кыргызстанды чанып кеткен бир эки улуту башка же кыргыз музыкасынан байланышын үзүп койгон композитор, музыковеддер бар сыртта. Ошолорго таянып жаткандыр. :beer:
20 жылдан ашык Композиторлор союзунун эшигин аттабай калган Бегалиев былтыр төрагалыкка ат салышып, көпчүлүк композиторлордун колдоосуна ээ боло албай, ар дайым утушта жүргөн жаны ыза тартып калган. Ошол ич күптүсүн чыгарып жатса керек. Дагынкысы дагы бар. Тереңдебей эле ушул жерден токтойлу. Керек болуп калса дагы айтылар.
“Бөлүнгөндү бөрү жейт” дейт элибизде. Өткөн кылымдын экономикабыздагы эң оор 90-жылдарында Жазуучулар 2-3 союзга бөлүнүп жарылып, кийин кайра кошулушту. Ошонун залакасы менен имараттарынан ажырап, жан дүйнөсү назик чыгармачыл жартмандардын көңүлдөрүнө көө жабылып, ушул күнгө чейин “агара” албай келишет. Улуттук деген наамы бар, союздардын анабашында турган жазуучулардын башынан болуп өткөн бул жаман көрүнүш бизге сабак болуш керек. :good:
Жумабаев Эсенгул – КРнын эл артисти, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, композитор
Алагушов Балбай – КРнын эл артисти, музыковед
Каниметов Жумакадыр – КРнын эл артисти, композитор
Эралиева Каныкей – КРнын эл артисти, композитор
Осмонов Сатылган – КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор
Чокиев Турдубек – Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, композитор
Саламатов Тимур – КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор
Субаналиев Сагыналы – КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, искусство илимдеринин кандидаты, музыковед
Уметалиева-Баялиева Чынар – Культурология илимдеринин кандидаты, музыковед-теоретик



#2 Kirghiz

Kirghiz
  • На удаление
  • Cообщений: 8
  • Регистрация: 31-01-2017

Отправлено 28 Март 2017 - 18:31

Бирин-бири жамандап аткан...




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных