Перейти к содержимому



Фотография

Комузчулар. Комуз чертууну кантип онуктурсо болот?


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 12

#1 komuz.kg

komuz.kg

Отправлено 09 Январь 2016 - 13:00

Саламатсыздарбы, туугандар!
Комуз чертууну интернет аркылуу кантип онуктурсо болот? Кандай ойду, сунушту жана коз-карашты айта аласынар? Бизде комуз боюнча бир сайт бар эле, ошонун ичин контент меннн толтурганга же акылыбыз жетпейт, же убактыбыз жетпей атат.
Оюнар, сунушунар болсо жазгыла.
Негизи бул Дизель сайтында ушундай темалар боюнча талкуулар болобу же эч кимге кызыгы дле жокпу?


Сообщение отредактировал komuz.kg: 09 Январь 2016 - 13:02


#2 ygrek79

ygrek79

Отправлено 10 Январь 2016 - 19:57

Жакшы ой экен. Ошол сайтыңарга комуз чертүү боюнча видеосабактарды тартып жайгаштырсаңар кызыккандар үйрөнө берет эле. Ютубда, мисалы гитара үйрөнүү боюнча толтура видеолор бар.



#3 komuz.kg

komuz.kg

Отправлено 13 Январь 2016 - 10:15

КОюп коргонбуз, бирок кызыккандар же азбы же сайтты таба албай жатышабы билбейм. Бул темага Дизелде деле кыззыкандар аз эле окшойт...



#4 ygrek79

ygrek79

Отправлено 16 Январь 2016 - 01:30

Өзүңөрдүн сайтыңарга чыгарсаңар анда сайтты жакшы реклама кылуу керек, болбосо ютубдан канал ачып, видеолордун шилтемелерин аркайсы одноклассник, фейсбук өңдүү сайттарга ыргытуу керек.



#5 TUMAR

TUMAR

Отправлено 16 Январь 2016 - 16:32

komuz.kg
Нурак Абдрахмановдун ютубда сабактары бар. Ошол сыяктуу 3 ракурстан тартуу керек (жалпы көрүнүш, сол кол, оң кол).
Үн жаздырма студия керек. Күүлөрдүн бурмаланганы эмес оригиналдары керек.
Мисалы Ниязалынын күүлөрү пластинкаларда жазылып калган. Алардан нота менен эмес слух менен үйрөнгөн инсандар бар, бирок чанда.

 

Ишке ашса кана, сонун эле болбойт беле... 20 дан ашык күү билчү элек, баарын жеп койдук. Кайра эстегенге сонун нерсе болот эле да...



#6 komuz.kg

komuz.kg

Отправлено 20 Январь 2016 - 10:34

komuz.kg
Нурак Абдрахмановдун ютубда сабактары бар. Ошол сыяктуу 3 ракурстан тартуу керек (жалпы көрүнүш, сол кол, оң кол).
Үн жаздырма студия керек. Күүлөрдүн бурмаланганы эмес оригиналдары керек.
Мисалы Ниязалынын күүлөрү пластинкаларда жазылып калган. Алардан нота менен эмес слух менен үйрөнгөн инсандар бар, бирок чанда.

 

Ишке ашса кана, сонун эле болбойт беле... 20 дан ашык күү билчү элек, баарын жеп койдук. Кайра эстегенге сонун нерсе болот эле да...

Туура айтасыз, бурмаланбаган оригинал күүлөрдү таратуу керек. Бирок бир кызыгы бул Дизель деген немеде кыргыздар көп деле кызыкпайт го дейм күү-мүү, балекет-салекет дегендериңе. :rolleyes: B) Же кыргыздар азбы бул сайтта же өз элинин өнөрүнө кызыккандар башка жерлерде олтурушабы?
Ошону билейин дегем дизель билермандарынан))



#7 komuz.kg

komuz.kg

Отправлено 01 Февраль 2016 - 11:06

Ваай, тангоозурайын. Бир балекет чыккан жок бул демилгеден



#8 * Grizzly *

* Grizzly *

Отправлено 08 Февраль 2016 - 20:57

Комуз куулор аябай жагат бирок, комуз черткенди билбем ^_^



#9 * Grizzly *

* Grizzly *

Отправлено 11 Февраль 2016 - 15:43

:D



#10 komuz.kg

komuz.kg

Отправлено 18 Февраль 2016 - 12:31

Комуз куулор аябай жагат бирок, комуз черткенди билбем ^_^

Комуз чертууну уйронсо болот да. Анча деле кыйын эмес. Эн негизгиси бираз музыкалык "слух" жана ачоооон кааалоооо))))
Азыр коп жерде комуз уйротушот. Айына 1500 сомдон баштап 4000 сомго чейин. Капчыгынызга жана жайгашка н жерине карата тандап курска бара бериниз. 2-3 айдын ичинде 1-2 куу точно уйроносуз)



#11 komuz.kg

komuz.kg

Отправлено 27 Сентябрь 2016 - 09:37

Cаламатсыздарбы? Тиги Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнунан кийин комузга үйрөнөм дегендер көбөйүптүр го!? Уккан жоксуңарбы?



#12 komuz.kg

komuz.kg

Отправлено 20 Декабрь 2016 - 20:43

komuz.kg - эмнеге сайтынарда кыргыз тили каралган эмес. Мисалы бул сайт mebo.audio кыргызча ырларды угузат жана алар орус тили дагы кыргыз тили дагы бар, ал эми супер болсо кыргыз тилинде башка ырга байланышкан корунуктуу сайттар жок.Силер дагы расмий тил менен эне тилди кошо ала журушунор керек го дейм

ал сайтка менин тиешем жок. Меники "komuz.kg" деген дизельдеги эле аккаунт. Азыр кирип тиги сайтты карасам акчасы толонбой, ал сайт кайра бош экен.


Сообщение отредактировал komuz.kg: 20 Декабрь 2016 - 20:44


#13 Быштак

Быштак

Отправлено 20 Май 2018 - 17:14

Мектепте жана андан башка балдарды чогултуп, кызыктыргандай шарт тузсо. Ийгиликке жетсе болот деп ойлойм.




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных