Перейти к содержимому



Фотография

Кыргыздар 18-кылымда жана В. Верещагин. "Кыргыздын бай мунушкору шумкары менен"


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
В теме одно сообщение

#1 frombishkek

frombishkek

Отправлено 27 Ноябрь 2015 - 16:01

"КАРЕГИМДЕ ТУУЛГАН ЖЕР"сынагына

 

Менин суйгон Кыргызстаным 1873-жылы
В. Верещагиндин козу менен.

 

_________________________________________________________________________
Василий Верещагин -орустун улуу суротчусу. Ал 1842-жылы Россия империясынын Новгород гуверниясындагы Череповец шаарында 300жылдык династиясы бар , бай помещик Василий Верещагиндин (- бул атасы) уй-булосундо туулган. Кичуу Василийдин озунун улуу агасы- Николай (1839-1907)-коомдук ишмер, жана эки кичуу инилери Сергей (1845-1878)Александр (1850-1909) -билимдуу Согуш офицерлери болгон.
Василийдин атасы баласын 9 жашында Петербургдагы согуштук окуу жайга дениз кадеттер корпусуна алпарып тапшырат, окуу жайын аяктагандан кийин бир аз тыныгуу алып, Петербургдагы Корком Сурот Академиясына тапшырып, окуй баштайт.Василийдин атасы баласынын Аскер кызматкери болгусу келбей тигил согуштук окуу жайды улантпай, суротчу болгусу келгенине абдан ачууланат, окуусуна акча да толобой, жашоосуна каражат да бербей коет. Василий 1863-жылы Сурот окуу жайын да бутпостон 1863-жылы Кавказга кетет ал эми 1864жылы Парижге кетип калат. Францияда эки жыл Жером деген суротчунун кол алдында озунун онорун оркундотот. 1865жылы кайрадан Кавказга келет, ал жерде натурадан Сурот тартууну улантат.
1865-жылы кузундо Кавказдан Петербурга келип, бир айдан кийин кышында 1865жылы Парижге кетет, ал жакта Сурот Акадмемиясында окуусун улантып, 1866-жылы окуусун аяктайт. Ошол эле жылы озунун туулган жерине келет.

 

1867-жылы озунун мурунку Петербургдагы окутуучусуА. Е. Бейдемандан Василий Верещагинге Туркестан округуна, генерал-губернатор К.П.Кауфманга суротчу керек, кааласан ошол жакта иштеп тур деген сунуш тушот. В. Верещагин ото кубанып, бир чети жумушка орношуп , экинчи жагы алыскы башка жактарды коро турганына, дароо макул болот да 1867-жылы кышында генерал губернатордун карамагына келет. Орус армиясында В. Верещагин прапорщик-суротчу болуп журот, 1867-жылдын май айында орустар Самарканды бошотушат. Ал суротчулук кызматтан башка согуштук аскердик кызматын да аткарып, корсоткон каарман эрдиги учун Самарканды алууга катышканда тортунчу даражагы Ыйык Георгий орденин да алат. Аны ал ото сыймыктанып тагынып журуучу. Буга чейин Петербургда Сурот окуу жайында окуп жургондо суротчулор конкурсуна озунун тарткан "Пенелопанын куйоолорунун сабалышы"("Избиение женихов Пенелопы") деген суроту учун экинчи орунду алып, Кумуш медалга татыктуу болуп, аны алгандан баш тартып,(1863-ж), кийин Парижде окуп жургондо Медаль алганын ырастаган справканы ошол окуу жайдан кайрадан сурап алган.
Туркестанда жургондо ал коптогон суротторду тартат.Суротторундо Ташкентте, Бухарада,Самарканда Эмне ага кызыктуу болсо ошолорду чагылдырат. Согуш талаасында да коп эмгектерин жаратат.
1868-жылы кузундо В. Верещагин кайрадан Петербургга кайтып келет, бир аз жургондон кийин Парижге кетет.
1869-жылдын башында коргозмо уюштурулуп, В. Верещагин озунун мурда
тарткан Суротторун корсотот. Суроттору копчулуктун кызыгуусун арттырат. 1869-жылы кайрадан Туркестан округуна кайтып келет, себеби аны жаратылыштын кооздугу, жер кыдыруу, ар турдуу элдердин жашоосу ото кызыктырат.
Кайтып келгенде ал Кыргыз жеринин жаратылышына ото суктанат, Жетисуу (Семиречье) областында , Чуй суусун бойлоп(Боомдогу) Ысыкколдо, Барскоон капчыгайы аркылуу отуп, Кытай чек арасына жакын жайгашкан Кыргыз кырка тоолорунда болуп, Тибетке чейин барып, Сибирь аркылуу кайрадан 1870-жылы Петербурга келет.
1870-жылы эскиздердин устундо иштеп, озунун оюндагы Туркестан сериялын бутуруу учун уч жылга командировка алат.Ошондо В. Верещагин 28(жыйырма сегиз) гана жашта болчу.
1871-1873-жылдары ал Мьюнхен шаарында жашайт. Ал жерде В. Верещагин Туркестанда,Ташкентте, Бухарада,Самаркандда, Жетисууобластында,Кыргызстанда, Ыссыкколдо, Алатоодо,Тибетте тарткан Сурот, этюд, эскиздердин устундо иштей баштайт.
1871-жылы ал немец кызы элизабет Марин Фишерге уйлонот, кийинки ысымы
Елизавета Кондратьевна Верещагина.
1872-жылы Лондондо уюштурулган Буткул дуйнолук Сурот коргозмого орус болумундо озунун бир аз суроттору менен катышат. Ошол кезде орустардын мыкты суротчулору Европа Элине таанылып калган. Алар:А. Иванов, И. Айвазовский ,В. Васнецов ,К. Брюллов,И. Левитан, И. Репин,В. Перов жана башкалар. Ошол эле жылы Мьюнхенде В. Верещагин коллекционер П. М. Треьяков менен таанышат.
1873-жылы Лондондо В. Верещагин озунун (персональная)оздук биринчи коргозмосун уюштурат. Бул коргозмодо анын бардыгы 200го жакын суроттору коюлат. Бул коргозмо В. Верещагинди дуйного атын тааныткан, коп коруучулорду тан калтырган Туркестан сериясы болчу. Ал бир нече чон картиналардан, коп этюддардан, Туркестан согушунун эпизодорунан, майда бир нече эскиздерден турган. Коргозмого эл абдан коп келип, ал бир нече кун корсотулгон. Ал коргозмодо В. Верещагиндин атактуу картинасы"Согуштун апофеозу", "Кыргыздын бай мунушкору шумкары менен",- (бул эки картина азыр деле галереяда),"Олгондой жарадар", "Тамерландын дарбазасы","Калмык ламасы","Кыргыз","Кыргызкочу","Чуй суусун бойлогон боз уйлор","Кыргыз кызы", " Кыргыз кызынын уйлонуу алдындагы той баш кийими", "Барскон капчыгайы", "Ыссыккол", "Алатоонун боорундагы жол", "Алатоонун тоолорунда", "Бай кыргыздын бозуйунун ички корунушу","Самарканд","Ташкенттеги озбек аял","Дутарчы","Гур-Эмирдинмавзолейи","Бухар аскери","Бачанын портрети","Туркестан аскери","Идиш-аяк сатуучу озбек"ж. б. коп суроттор азыркы биздин заманда пайда болгон улам жаны чыккан планшет, айпед, айфон сыяктуу сенсациялуу жанылык катары кабыл алынып, коргондор кайра-кайра барып корушуп, башка суротчулордукун коргондой болбой, Европа эли айран-тан калган жана суроолор боюнча эки айдай корсотулгон.
1874- жылы коллекционерлер- бир тууган Боткиндер жана П.М. Третьяков Туркестан сериясын сатып алабыз деп, талаша башташат.
Ал суротторунун баарын Александр Константинович Гейне деген досуна калтырат жана сатып алабыз дегендерге ушул кишиге кайрылгыла деп, ага кат менен кайрылгандарга жооп берет. Озу болсо Индияга сапар тартат.
В. Верещагиндин баласынын эскеруусундо "Кыргыздын бай мунушкору шумкары менен"
деген атактуу суротун ошол кезде 50000(элуу мин) кумуш акчага баалаган деп жазат.
А. К. Гейне В. Верещагинге кайрылганда ал суротторду бирден сатпайм, ушул эле Сурот ушунча турат, ошондуктан же бир Суротту элуу мин кумуш акчага алсын , же баарын 100000 (жуз мин ) кумуш акчага алышсын дейт. Дагы баары биригип, бир колдо болсо жакшы болот эле дегенин айтат. Суроттордун баарын бир тууган Боткиндер 92000(токсон эки минге) алмак болушат, ошондо
П. М. Треьяков мен Сиздин суротторунузду сатып алуу жонундо 1872-жылы Мюнхенде эле сунуш кылгам деп, П. М. Треьяков бут Туркестан сериясын 90000(токсон минге) сатып алат, бул сизге арзанга кетти, менин сунушум суротторумду жоготпой, Петербурдагы Корком Сурот Академиясынын залына коюну сунуштаныз, деп В. Верещагин озунун катында П. Третьяковго кайрылат. Аларга кайрылса макул болушат, ылайыктуу залыбыз жок, эгерде коргозмо зал курдуруп берсениз алабыз, азырынча ала албайбыз дешет. Бул суротторду
П. Треьяков сатып алгандыктан озу аракет кылып, атайын Москвада Имарат курдурат. Кийин бул имаратты олоорундо 1892-жылыП. Треьяков Россия империясына белек кылып калтырат жана ал азыр Москва шаарында Павел Михайлович Треьяков атындагы галерея деп аталат.
1874-жылы Туркестан сериясы толугу менен Петербургда бекер корсотулот. Анда да эл аябай тан калуу менен коргон.
Бул коргозмону ошол кездеги Россия империясынын императору падыша Александр экинчи жана князь Александр. Александрович (болочоктогу император Александр учунчу)да келип корушот. Улуу князь Александр Александрович коргозмонун журналына суротчу жонундо "Всегдашние его тенденциозности противны национальному самолюбию и можно по ним заключить одно: либо Верещагин скотина, или совершенно помешанный человек"-деп жазат. Ошондо кээ бирлер аны патриот эмес, деп соз кылышат. В. Верещагин ушул создордон кийин уч чон картинаны, согуш темасына тартылган жакшы эмгектерин:"Унутулган"1867,"Курчоодо" жана ""Кууп келе жатат" -деген мыкты Суротторун орттоп жиберет, ага Корком Сурот Академиясынын профессору деген наам берилип, ал ага конбой коет.

В. Верещагин оз омурундо бут дуйнону кыдырган ,Кавказда,Европанын бир топ шаарларында, Азиянын коп жеринде -Ташкент, Самарканд, Бухара Кыргыз жергесинде-Ыссыкколдо, Барскондо, Кыргыз тоолорунда,Тибетте, , Индия, Пакистан,Сирия, Америка, Япония жана Кытайда болгон. Бардык жерден кайтканда эстелик учун бир буюм ала келген, ал мастерскоюнда озу жалгыз, эч кимди киргизбей, эч ким менен кенешпей, бироонун муну тарт дегенине да конбой тынымсыз эмгектенген, анын коргонун эстеп калуусу ото мыкты болгон жана ала келген буюмунун жардамы менен коргон нерсесин дал ошондой тартчу.

 

Бир жолу анын мастерскоюна Корком Сурот Академиясынын Президенти келип кором деп кат жонотот, ага В. Верещагин келбениз иттеримди агытып жибергем деп келтирбей коет.
В. Верещагин:"я буду всегда делать то и только то, что нахожу хорошим, и так, как сам нахожу это нужным"-деп жазган кундолукторундо.Ал буйрутма Сурот тарткан эмес. Ал бардык саякаттарында эскермелер жана сочиненияларды жазган, англис, француз, немец тилдеринде эркин суйлогон. Башка жакка барганда башка элдин тилинен эн керектуусун бат эле жаттап алчу.
Уулунун эскеруусундо В. Верещагиндин Туркестан, Семиречье экспедициясынан алып келген коп майда-барат буюмдар болгонун эстеп, мастерскоюнда шумкардын кургатылган кейпи жана "Кыргыздын бай мунушкору шумкары менен" деген картинасындагы тигил байдын ийнинде илинип турган мылтык(пищалка)тын илинип турганын жазат.

 

Мен булар менен эмнени айтмакчымын:
1. В. Верещагин 1867-жылы болгону 25 гана жашта болчу, Россия империясында аты таанылып калган художник портретчилер коп болгон;
2. В. Верещагиндин ысымы Россия империясынын императоруна 1874-жылы гана белгилуу болот;
3. В. Верещагин кыргыздарды Ыссыкколдун тескейиндеги Барскон капчыгайынын кире беришинен, ошого жакын айылдардан суротко тарткан;
4. В. Верещагин кыргыздардын жеген тамагын да озунун эскеруулорундо "кадык" деп жазат, кул-азыкка катыктап, сузмо кошуп Ыссыкколдун тескейиндегилер колдонушкан жана азыр деле ошол жактагылар "сут катыктап" чай ичели же куурма чай дегенди колдонушат;
5. В. Верещагиндин картиналарында ото жайдары кыргыздар тартылган;
6. 1880-жылга чейин менин ата-бабаларым , чонаталарым Чычкандан Тосорго чейинки жерде жашашкан, кийин орустар жерибизди волосторго болгондо алар 1880-жылы Тон жергесине кочурулгон;
7. В. Верещагиндин бул картинасын мен 1977-жылы февралда 20 жаш курагымда коргом, кар катуу жаап, самолет учпай калып, Москвадагы
П. М. Третьяков атындагы галереяда ушул картинаны уч жолу келип кечке карагам, ал суротто кыргыз тартылгандыгы учун дагы жана ички туюмум(внутренняя интуиция) мага бул сенин чон атан деп айтып жатты;
8. В. Верещагин жонундо уч-торт китеп окуп, анын саякаттарындагы жазган очерк, эскермелери жана ал жонундо озунун баласынын,П. Треьяковдун, Боткиндин эскермелеринин баары менен таанышканымдын негизинде (изилдеп,талдаганыма коп убакыт короттум) ушундай жыйынтык чыгардым.
9. В. Верещагин портреттерди, адамдарды тартканда алар оз жашынан улуу болуп корунчу жана созсуз атын жазган, (озбектерди тартканда);
10. В. Верещагин-художник-баталист.
11. В. Верещагин 1867-жылы Самарканд, Ташкент, Бухара шаарларында болгон. В. Верещагин саякаттагы очерктеринде,бир шилтемдеринде, эскермелеринде ким менен таанышканын, кантип суйлошконун, уйронгон создорун ,Эмне тамак жегенине чейин ,ийне-жибине чейин жазган.
12. В. Верещагин 1867-жылы Петербургда Байтик Баатыр менен таанышып, дос болгон эмес, ал окуусун жаны буткон жаш суротчу болчу.

 

Ошентип В. Верещагин бул суротто Байтик Баатырды эмес, Малы чонатамды тартыптыр деп, жыйынтыктайм, себептери:

а). -Алматай чонатам эчкачан кооз кийинген эмес жана Мекеге барып келгенден кийин ажы аталып калган, бир тууган иниси Малы чонатам кийимдин мыктысын(заманына жараша - саймаланган кийимди) кийчу экен жана уйдо, башкалардын уйундо ушул шымда сайылгандай саймасы (бул сайманы бастырма дейт) бар туш кийиздер илинип турганын бала кезимде коруп калдым;
б). -Малы чонатамды баары атынан атабай "бай аке" дешчу,ошондуктан
В. Верещагин суротту "Кыргыздын бай мунушкору шумкары менен" деп атаган.
в). -Алматай чонатам да мунушкор болгон, бирок суротко тартайын десе болбой койсо керек,иниси Малы чонатамды(ал да мыкты мунушкор болгон)корсотуп, тиги бай акени тарт деп;
г). -Малы чонатам ото берешен болгон, Суротту тартып буткондо, В. Верещагин ага эскизин берип, мылтыкты Малы чонатам белекке берсе керек, чонатам эчкачан "жок"деген созду айтпаган адам болуптур; кургатылган шумкардын кейпин художник озу сурап алган;
д). -Алматай, Малы чонаталарым араб тамгаларында кат сабатын жоюшкан, жана Куранды араб тилинде окушкан,коп китептерди чогултушкан, кийин ал китептер Туурасуудагы (Тон району)кызыл кирпичтен салынган (Сооронбай чонатам салдырган мектепти 1900-1910 мектепти жаны окмот бузганда жолголуп кеткен,'ошол мылтыкта араб тилинде жазуу бар экенин
В. Верещагиндин баласы озунун эскермесинде жазган(демек, суротчу башкалар тартып албасын деп, биринчиден, экинчиден коопсуздук учун "белеке бердим"- деп кол тамга койдуруп алса керек);
е). - Алматай, Малы чонаталарым буркут, куш,шумкар, уку таптаганда да аларга озунчо бозуй тиктирип, ээн уйдо тапташчу, суротто ошондой бозуй тартылган, жерде шырдак же тошончу жок;
ж). -Алматай чонатам мыкты мунушкор жана сынчы болгондугу жонундо Корком онор таанычу Амантур Акматалиев озунун "Баба салты, эне адеби" Бишкек1993 -деген китебинде жазган;
з). -менин чонатам Кеней уулу Алматай 35-40(Отуз беш, кырк) жашында эле (1850-1860ж. )Мекеге барып келген, ал иниси Малы менен дайыма беш маал намаз кылышчу, ата-энесиз томолой жетим калганда (1830-жылдары)алар Алматай он бир жашта, Малы жети жашта экен, атасы козу жумулаар алдында аларга, мен учун кун доолабагыла(ал киши колдуу болуп олот, ошондон кырк кун мурун чонаталарымдын энеси олот) ар дайым кудай деп жашагыла деген осуятын эч качан унутушкан эмес, картинада мунушкордун белинде курчанган жоолугу анын намаз окуган адам экенин айгинелеп турат(убактысы келгенде ал ошол жоолукту жерге жайып ар дайым намаз кылган);
и). -мындай белине жоолук байланган кишини В. Верещагиндин "Кыргыз"1870 деген картинасынан да корсо болот;
к). Мурда аш-тойго барганда кичине баланы которуп ала келсе, тойдон узап кетип бара жатканда дайыма каада-салт боюнча белине жоолук курчап, кызбы, уулбу, бата берип: баланды ар дайым кудай колдосун деп айтып, узатышчу, бул да азыр Тондуктарда бар;
л). -Малы чонатам бою узун , озу келбеттуу, кен далылуу сулуу , ото сабырдуу адам болгон, анын озунун алты уулунун ичинен тортоонун Сооронбай, Сапарбай,Сагаалы,Ыманаалынын бойлору узун болгон,
деп эскерген менин атамдын агасы , Малынын улуу небереси Сооронбаев Касым атам(1884-1991), ал 107 жашында каза болгон. Касым атам мен атаган чонаталарын жана чон аталарынын бир туугандарын коргон, Касым атам да чонатасындай оз атасы Сооронбайдай узун бойлуу сулуу адам болгон, анын торт эркек балдарынын экоонун бою да эки метрге жакын эле;
Малы чонатамдын атасы Кенейдин да, анын атасы Курмандын (18-кылым ) да(бир тууганы Жалгаптын да)- алардын атасы Торгой Баатыр(18-кылымдын ортосунда, 1740-1750-жылдар, санжырада айтылат) да ото кен далылуу,бою бийик адам болгон жана булардын урпактарынын бойлору узундары азыр деле бар;
м). -мен атын атаган чонаталарымдын баары , андан улуулары да 1880-жылга чейин Ыссыкколдун тескейиндеги Чычкандан баштап батышты коздой жайгашкан Барскоон ( алгачкы аты Барскан-темир устанын аспабы, мурунку жер аттары -Жаргылчак,Токмок, Сокулук,Карабалта дегендер сыяктуу адамдар колдонгон буюмдун атынан аталган жерлердин аттары), Тамга,Тосор деген жерлерди мекендеп жашашкан;
Орустун эн мыкты баталист-художниги В. Верещагиндин 1873-жылы Лондондо корсотулгон жеке коргозмосундо коюлган жана кыргыздарды, кыргыз жеринин ото кооздугун Европага тааныткан кээ бир суроттору:
"Кыргыздын бай мунушкору шумкары менен"
Кыргыз кызы. В. Верещагин 1870-жыл
Чуй суусунун боюндагы Кыргыз бозуйлору В. Верещагин 1869-1870
Барскон капчыгайы В. Верещагин 1869
Уйлонуу тоюна кийилуучу кыргыз кызынын баш кийими В. Верещагин 1869-1870
Алатоонун тоо кыркаларында В. Верещагин 1869-1870
Кыргыз кочу. В. Верещагин 1870
Тоодогу жол. В. Верещагин 1870.
Кыргыз. В. Верещагин 1870

 

Автору: Гулжан Кемел кызы
Кыргызстан, Бишкек шаары


Сообщение отредактировал frombishkek: 11 Декабрь 2015 - 17:47


#2 frombishkek

frombishkek

Отправлено 27 Ноябрь 2015 - 16:09

Фото

Прикрепленные изображения

  • image.jpg
  • image.jpg
  • image.jpg
  • image.jpg
  • image.jpg
  • image.jpg
  • image.jpg
  • image.jpg
  • image.jpg



Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных