Перейти к содержимому



Фотография

Таштанов: Ошко хоккей аянтчасы керек.


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
В теме одно сообщение

#1 dimbo

dimbo

Отправлено 22 Июнь 2015 - 14:48

Ош шаарынан борборго келген 67 жаштагы машыктыруучу Мамыт Таштанов жаштарга хоккей менен машыгууга шарт түзүп бергиле деп, бийликтеги жетекчилердин эшиктерин каккылап жүрөт.

 

Мамыт Таштанов буга чейин Чоң-Алайда балдарды хоккей боюнча машыктырып келсе, эми Ош шаарында ишин улантууда. "Бирок шарттын жоктугу түштүк борбордогу хоккейди алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк бербей жатат" деп кейийт.
“Азаттык”: “Азаттык+” программасы буга чейин Чоң-Алайдагы хоккей командаңыз тууралуу эфирден берди эле. Учурда Ош шаарына балдарды тарбиялап жатканыңызды айттыңыз, ал эми Чоң-Алайдагы командаңыз эмне болду?

 

Таштанов: Ооба, хоккей командабызды Ошко көчүрүп келдик. Себеби Алайда шарт тиешелүү деңгээлде болгон жок. Биринчиден, балдардын үзгүлтүксүз машыгуусу үчүн муз аянтчасы керек. Алайда муз аянтчабыз табигый шартта, токойдун арасында болчу. Бирок, дайыма калың карды күрөп, машыгуубуз бир калыпта болбой калды.

 

Экинчиден, карап көрсөк бул жакта азыр 17 хоккей командасы бар экен, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткенде ушул убакытка чейин бир дагы команда жок. Ошондон улам Оштун мурдагы мэри менен сүйлөшсөм, "командаңызды алып келиңиз, муз аянтчасын куруп берип, хоккей мектебин түзөбүз" деген. Бирок, арадан мэр алмашып кетип, азыркы мэр учурда көпүрө салынып жатат деп айтты. Ошондон улам машыгуубуз токтоп калды.
Толук маалымат шилтемеде: http://www.azattyk.o...v/27084813.html (маалыматка видео тиркелген)



#2 * Grizzly *

* Grizzly *

Отправлено 24 Декабрь 2015 - 17:56

Менин жеке оюм. Ош шаарына хоккей аянчасы эмес. Пром зоналарды кобойтуу зарыл анткени бизде жумушчу орундары жок. эл жумушсуз!!! Эл занятой болсо, курсагы ток болсо, коп балалуу болот. соответственно ал хоккей аянтчасын минимум 10-15 жылда каралышы керек, анын пайдасы жана окупаемость пайдасы ошондо тиет.




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных