Перейти к содержимому



Ырдай жур - жатка бил. Кыргыз элинин эски ырлары


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 170

#21 ДаС

ДаС

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 16:39

SKIF

уландысы бар

"Уландысы кийинки постто, биздин гана темада! Которулбаңыздар!" дегендейле дедиңго? :kosyak:



#22 Гость_SKIF_*

Гость_SKIF_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 17:40

ДаС

"Уландысы кийинки постто, биздин гана темада! Которулбаңыздар!" дегендейле дедиңго?

ну ;)

 

 

байды кудай ураарда доолотуно мас болот
кышты кудай ураарда кун жылымдап жаз болот
эрди кудай ураардан эй 50 жашта жаш болот

 

ак барандын кундагын ата албасан сунбагын
эрмин десен душмандан эки козун жумбагын
отуп кеткен иш учун окунуп балан урбагын
копкон жигит коп суйлойт чечен жигит эп суйлойт
бир суйлоого кеп тийбейт
кин корунгон кекени ушунуку отту дейт
жон журбогон жигиттер корунгондон тепки жейт
коз карашын бузулса коргон бир адам копту дейт

 

сут табакты жибитет айран тамса иритет
пайдасы жок кеп айтып маныз созду чиритет
эки дулой кошулса бир бирине кулушот
акмак болуп кетесин ачууланба болбоско
суктанбагын сулууга уят айтпа улууга
тамаша айтсан билбеске тар жерден катуу сындырат
жамандардын адаты э койчу жалган бир созду чын кылат



#23 =SPAMER=

=SPAMER=

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 17:43

Кайдадыр алып кеттин жаштыгымды,
Жер чийген чачтарына байладын да...

 

Ким билет ушу ырды?



#24 Гость_NARTCISS_*

Гость_NARTCISS_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 17:45

сен менин айтылбаган сырларымсын
сен менин жазылбаган ырларымсын....

 

толук куплети ким билет?



#25 Гость_Nurkanat_*

Гость_Nurkanat_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 18:01

Nano

йес оф коус.тотел же интранетке желательно

 

Шантелл - Ашыкмын



#26 SAYAK1982

SAYAK1982

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 18:20

Орук, орук, дегенде, орууук, оруук



#27 Гость_Apendi6ka_*

Гость_Apendi6ka_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 18:45

Элдер!!!

 

Мага Нарындан жазган салам кат деген ырдын создорун илип койгула чы! Суранам!
:(

 

Таппай журом!



#28 Гость_SKIF_*

Гость_SKIF_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 19:32

Apendi6ka

Мага Нарындан жазган салам кат деген ырдын создорун илип койгула чы! Суранам!

аны САЯКтан сурасан жазвп берет

 

мындай башталат

 

Жаш элек шайыр шаттанган
алыска сапар аттанган
кылдырап поюз баратсан эй
кылгырып коздон жаш аккан

 

;)



#29 Гость_Nano_*

Гость_Nano_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 21:32

Nano

йес оф коус.тотел же интранетке желательно

 

Шантелл - Ашыкмын

:rolleyes: чооон рахмат!жыргап угуп отурам :dance:



#30 Гость_Nano_*

Гость_Nano_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 21:33

Элдер!!!

 

Мага Нарындан жазган салам кат деген ырдын создорун илип койгула чы! Суранам!
:(

 

Таппай журом!

Жаш элек шайыр шаттанган
Алыска сапар аттанган
Кыймылдап поюз баратсан ий
Кылгырып коздон жаш тамган

 

Жонодум Нарын калаага
Ынагым сенсин санаага
Жузумдой бышкан молтурум ий
Жузундон жаным садага

 

а аа аа ааай ааа ааа айй
а аа аа ааай ааа ааа ааа

 

Бир букет гулду сунаарда
Куйуту кучкул капталга
Саламат баргын агай деп ий
Узатып калдын вокзалдан

 

Ойлосом болуп конул шат
Жолуксам деймин кайра бат
Театр ачып жаткандан ий
Нарындан жазган салам кат



#31 -=DBA=-

-=DBA=-

Отправлено 11 Сентябрь 2008 - 08:16

Nano

Жаш элек шайыр шаттанган
Алыска сапар аттанган
Кыймылдап поюз баратсан ий
Кылгырып коздон жаш тамган

 

Жонодум Нарын калаага
Ынагым сенсин санаага
Жузумдой бышкан молтурум ий
Жузундон жаным садага

 

а аа аа ааай ааа ааа айй
а аа аа ааай ааа ааа ааа

 

Бир букет гулду сунаарда
Куйуту кучкул капталга
Саламат баргын агай деп ий
Узатып калдын вокзалдан

 

Ойлосом болуп конул шат
Жолуксам деймин кайра бат
Театр ачып жаткандан ий
Нарындан жазган салам кат

 

Элестеттим сенин ушуну ырдап жатканынды :gool:



#32 SAYAK1982

SAYAK1982

Отправлено 11 Сентябрь 2008 - 09:24

Санат ыры
Адам болуп жаралып
дуйного бир келген конокпус.
Кадырлашып калалы
бугун конок эртен жомокпус
Кезекти кур кетирбе
тилегине жаркын умут кош
Кейисен да кечинде
эртен менен кунду кулуп тос
кумуш кундор мин
бирок досум тушунгун
эн кымбатын эртен эмес ушул кун

 

Элине журокту арнап салгын
Телегей тен болуп ардакталгын
Сездинби шашылат омур шамалдай
Мезгилди учурбай кармап калгын

 

Омур бою очурбой
журогуно жандыр суйууго
Откон ишке окунбой
Кубанычты чакыр уйуно
Конул эзген мун жаман
козубуздон кетет жаш тамып
Бузулса да бул заман
Адам бойдон калгын сакталып
Тагдыр ушул деп
таарынганын бекер кеп
Талпына бер макстына жетем деп



#33 SAYAK1982

SAYAK1982

Отправлено 11 Сентябрь 2008 - 09:29

Гулнур Сатылганова.

 

Жазым келчи.
Кайдан журуп сага кабылдым.
Карегинде барбы жалынын.
Жан эргитип жумшак кулгонун.
Жарыгыбы аткан танымдын.

 

Булбулсунбу куштар багында,
Анда келип кончу шагыма.
Кучагымдан орун берейин.
Куттум эле гулум сагына.

 

Кылгырасын неге мынчалык
Кирпигинден сырлуу нур тамып.
Жаз гулу болсон жыпарынды чач,
Жаадырасын неге мынчалык.



#34 SAYAK1982

SAYAK1982

Отправлено 11 Сентябрь 2008 - 09:32

Туулган жер

 

Уйкуман серпилгенде алыс жактан
Айылдын ак таңдары эске келет
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп
Көңүлүм өскөн жерге имерилет}2жолу

 

Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип
Бетинде кызыл өчөт бийиккөктүн
Апалар таңдантуруп уй сааганда
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн

 


Туулган жер кудуретиң сагындырып
Элесиң көз алдыма мелт калт этет
Айылыма өзүм жетпей оюм жетип
Yмүтүм закымдарга батып кетет



#35 SAYAK1982

SAYAK1982

Отправлено 11 Сентябрь 2008 - 09:34

Булуттар

 

Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем,
Бакыт издеп Ала-Тоону жердегем,
Ардагымды жолдон кантип жоготтум,
Арманымды агызамын жел менен.

 

Бөпөлөгөн махабатым өлбөстөй,
Көкөлөгөн кайгы-муңга көнбөстөй,
Көл булуттар мен силердей буулугуп,
Көз жашымды төгөм бирок, көргөзбөй.

 

Кайырма:
Булуттар,булуттар
Жандап өтпөй жалгыздыкты унуткар(3)
Жанды жууп сал жамгырыңа булуттар.

 

Күзгө жетпей саргаябы гүл өмүр,
Күүгө келбей күтөт кимди жүрөгүм,
Мендей бирөө жалгыздыгын жашырбай,
Мээрим издеп жүргөндүгүн билемин.

 

Уялаган жан-дүйнөмдүн боштугун,
Убайымдуу ойлор кош бол кошкунуң,
Учкум келет жаз чакырган дүйнөгө,
Уккум келбейт канатымдын жоктугун.

 

Өзөгүмөн жанып чыккан тоо сымал ,
Өмүр өчпөйт чагылгандай оту бар,
Көңүл көчөт жамгыры көп жактарга,
Көл булуттар катарыңа кошуп ал.

 

Бактым кайда жер кезейин жел менен,
Бактым кайда кезикпейби сен менен,
Бактым кайда баратамын тосуп ал,
Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем.



#36 SAYAK1982

SAYAK1982

Отправлено 11 Сентябрь 2008 - 09:37

Арзуу-Мен эң жакшы көргөн ыр

 

Ой бийлеп карайм, жүзүңдөн сымбат.
Ойнок көз курбум, карашың кымбат.
Сагыныч эзет сары оору кылып,
Өзгөчөм деймин, башкадан ыргап.

 

Кайырма:
Ооруду жүрөк, ок болуп тийген,
Көзүңдөн сенин жалындап күйгөн.
Канча жан мага арзыды экен,
А бирок сенден башканы сүйбөйм.

 

Сагындым сени, үлбүрөп турган,
Мажүрүм болуп, сүйүүмдү ырдайм.
Жол бою өскөн, дарактай болуп,
Күтүүдөн чарчап, жанымды кыйнайм.

 

Кыйбасым ойлон, кымбатын жандын,
Жанымда болуп, жалындай жангын.
Антпесе өмүр боектой өчөр,
Өзүңсүз өтсөм, арманым арбын.



#37 SAYAK1982

SAYAK1982

Отправлено 11 Сентябрь 2008 - 09:39

Издеп журом

 

Озунду коп ичинен издеп журом,
Озуно конулумду туздоп журом
Тушумдо апкаарыбай сен деп суйлоп,
Онумдо жолукканда сиз деп журом.

 

Сыртындан козум тушуп суктанамын,
Соз кылса кыздар сени кызганамын.
Айлыма келээр бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу тундо уктабадым.

 

Сен менен колтукташып кол бойлосом,
Ак чабак балык болуп колдо ойносом.
Ашыгым чарчасам да моюнума,
Кумарым канмайынча жон койбосом.



#38 Гость_Nano_*

Гость_Nano_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 11 Сентябрь 2008 - 10:00

-=DBA=-

Элестеттим сенин ушуну ырдап жатканынды :gool:

ээхх дагы далай жолу ырдайбыз го бирок кичине создорун озгортуп =)))

 

Ай баратат

 

Ак булутту аралап ай баратат.
Ак куу болуп көлдөгү жай баратат.
Аталбайсың ак кууну оңой менен,
Жеталбайсың айга да жел ой менен.

 

Жеткенчекти жетпестен калган жакшы,
Жетип азап жегиче арман жакшы.
Жетем десем сулуу ай жетер элем,
Көк деңизин булуттун кече элем.

 

Сүзө бергин алтын ай көгүң менен,
Мен карайын өзүңдү теңим менен.
Сага жакшы сезилсе булуттуу көл,
Мага жакшы көктөм жел желбиреген


Сообщение отредактировал Nano: 11 Сентябрь 2008 - 10:00


#39 -=DBA=-

-=DBA=-

Отправлено 11 Сентябрь 2008 - 10:07

Сүйүү Жазы (Асылкечим)
Сөзү Р. Карагулованыкы
Обону Т. Казаковдуку

 

Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менен узады.
Кетпе алыска кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шарын ызанын.

 

кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң асылкечим.
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң аслылкечим.

 

Тереңдерден балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздин жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылат

 

кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң асылкечим.
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң аслылкечим.

 

:good:
ЗЫ: Ушунун мп3 син таппай журом


Сообщение отредактировал -=DBA=-: 11 Сентябрь 2008 - 10:19


#40 -=DBA=-

-=DBA=-

Отправлено 11 Сентябрь 2008 - 10:23

Туулган жерим
Аткарган: Гүлнур Сатылганова

 

Уйкуман серпилгенде алыс жакта
Айылдын ак таңдары эске келет
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп
Көңүлүм өскөн жерге имерилет (х2)

 

Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн
Апалар таңдан туруп уй сааганда
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн (х2)

 

Туулган жер кудуретин сагындырып
Элесиң көз алдыма мелт калт этет
Айлыма өзүм жетпей оюм жетип
Үмүтүм закымдарга батып кетет (х2)




Количество пользователей, читающих эту тему: 5

0 пользователей, 5 гостей, 0 анонимных