Перейти к содержимому



Ырдай жур - жатка бил. Кыргыз элинин эски ырлары


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 170

#1 Гость_SKIF_*

Гость_SKIF_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 14:36

Кыргыз элинин ырларын жатка ырдай билгим келет дегендер киргиле

 

жаттагыла, ырдагыла, жыргагыла ;)

 

Мен кёлгё жалгыз келип байыр алдым
Тургуздум махабаттын пай дубалын
Жаштыгым татаал жолдон жанылышып
Долоондон канатымды кайрып алдым

 

Кумдан кёп биздин кундёр ёткён ёткён
Келеермин аман болсом дагы бир кёксёп
Азыр мен жалгыз учкан ак куу болуп
Баратам бакыт издеп памир кёздёй

 

Себесин кусалыка сезимимди
Жаздыгы салкын жерден кабар улай
Мен жокто сылай жур деп саамайынан
Тапшырдым ыссык кёлдун шамаалына

 

Мен кёлгё жалгыз келип байыр алдым
Тургуздум махабаттын пай дубалын
Жаштыгым татаал жолдон жанылышып
Долоондон канатымды кайрып алдым

 


жакты ушул ыр, уланта бергиле



#2 SAYAK1982

SAYAK1982

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 15:53

ишенсен ишен, ишенбесен ишенбе, бирок азыр кабинетте отуруп на полголоса ырдап койдум, жакшы ыр негизи, чер жаза турчу ;)



#3 Гость_Tatynaika_*

Гость_Tatynaika_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 17:17

Сени ойлосом.

 

Сени ойлосом канат буткон конулго
Бек сакталып журогумдун торундо
Таалайымдын жаркыраган жылдызы
Махабаттын гулун терген омурго

 

Алыс жакта жургонудо сагынып
жалынчумун жаным сага кагылып
Кирпик каакпай тан атырам далай тун
Караанынды бир коргонго зарыгып

 

Кундон кунго менден четтеп кеткенин
Муздак сууну жалыныма сепкенин
Асыл курбум чыгардынбы эсинен
Тунук суйуу бизге таасир эткенин

 

Сен унутсан мен унута албадым
Элесинди конулго бек кармадым
Менден башка бар турбайбы суйгонун
Анда неге суйом дедин алдадын



#4 Гость_Tatynaika_*

Гость_Tatynaika_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 17:38

Суйо албайт деп ойлойсунбу?

 

Алсырап жаным кейип турган кезде
Оболго жолок болуп койбойсунбу
Билбедин же байкабай журосунбу
Же мени оорубайт деп ойлойсунбу

 

Мунканып муунуп бошоп турган кезде
Кун болуп кабакты ачып койбойсунбу
Билбедин же байкабай журосунбу
Же мени билбейт деп ойлойсунбу

 

Сезимдер толкуп ташып турган кезде
Сен мага жылуу суйлоп койбойсунбу
Байкабай же тушунбой журосунбу
Же мени суйо албайт деп ойлойсунбу

 

Билинбей кундор отот
уйкусуз тандар атат кирпиктер ирмелбеген
Кусалык журокту эзип эч кимге билинбеген
Билинбей кундор отот умутум узгон мене
Ак суйуум жашай берет турмушт сага деген

 

Угулат кулагыма наристе сенин унун
Тартылат коз алдыма алгачку тунук суйуум
Унутпай койдум сенин жылмайган элесинди
Азаптуу ал кундорду алтыным билесинби?

 

Бек сактайм журогумо жылмайган элесинди
Унутпай койдум сени эмне учун билесинби?
Билинбей кундор отот умутум узгон менен
Ак суйуум жашай берет турмушта сага деген
Унутпай койдум сенин жылмайган элесинди
Азаптуу ал кундорду алтыным билесинби?



#5 Гость_Tatynaika_*

Гость_Tatynaika_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 17:47

Ак Кайын

 

Сырдашкан чакты сагындым
Сыртына барып айылдын
Тугонбой создун учугу
Тубундо тармал кайындын

 

Ак кайын турат озун жок
Андагы айткан созун жок
Арзыган жанга кошпогон
Ак суйуу сенин козун жок

 

Жылдыздар коктон тарашып
Жылмайып коктон тан атып
Кадыр тун тоскон кездер ай
Кай жакта калдын адашып

 

Ак кайын турат озун жок
Андагы айткан созун жок
Арзыган жанга кошпогон
Ак суйуу сенин козун жок



#6 Гость_Tatynaika_*

Гость_Tatynaika_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 17:50

Sanny
сонун ыр э)))



#7 Гость_Tatynaika_*

Гость_Tatynaika_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 18:35

Барам сага

 

Молтуроп булдуркондор бышкан кезде
Асманга буркут шаншып учкан кезде
Саамайларын сенселткен аккайындар
Самашып сагынчымды уккан кезде ...барам сага

 

Шоолалар кирпигинди опкон кезде
Ак жамгы ношорлото токкон кезде
Кубарып кусалыктан ак жузубуз
Коп кундор арабыздан откон кезде ...барам сага

 

Ширесин карагаттар чачкан кезде
Ажарын жоогазындар ачкан кезде
Кучактап бийик учуруп тун куйунун
Кун нуру уясына баткан кезде...барам сага

 

гулдорго аарылары конгон кезде
Бал чобу ой арманын соргон кезде
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей
Алтын ай асмандагы толгон кезде...барам сага



#8 Гость_Nurkanat_*

Гость_Nurkanat_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 19:32

Сен менин жазылбаган ырларымсын,
Сен менин айтылбаган сырларымсын - ушу ырды толук ким билет?



#9 Гость_SKIF_*

Гость_SKIF_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 20:00

Tatynaika

Алсырап жаным кейип турган кезде
Оболго жолок болуп койбойсунбу
Билбедин же байкабай журосунбу
Же мени оорубайт деп ойлойсунбу

 

Мунканып муунуп бошоп турган кезде
Кун болуп кабакты ачып койбойсунбу
Билбедин же байкабай журосунбу
Же мени билбейт деп ойлойсунбу

 

Сезимдер толкуп ташып турган кезде
Сен мага жылуу суйлоп койбойсунбу
Байкабай же тушунбой журосунбу
Же мени суйо албайт деп ойлойсунбу

 

Билинбей кундор отот
уйкусуз тандар атат кирпиктер ирмелбеген
Кусалык журокту эзип эч кимге билинбеген
Билинбей кундор отот умутум узгон мене
Ак суйуум жашай берет турмушт сага деген

 

Угулат кулагыма наристе сенин унун
Тартылат коз алдыма алгачку тунук суйуум
Унутпай койдум сенин жылмайган элесинди
Азаптуу ал кундорду алтыным билесинби?

 

Бек сактайм журогумо жылмайган элесинди
Унутпай койдум сени эмне учун билесинби?
Билинбей кундор отот умутум узгон менен
Ак суйуум жашай берет турмушта сага деген
Унутпай койдум сенин жылмайган элесинди
Азаптуу ал кундорду алтыным билесинби?

 

сонун ыр мага да абдан жагат ;)



#10 Гость_Tatynaika_*

Гость_Tatynaika_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 20:10

Суротун

 

Сакта деп озун берген жалгыз сурот
Сакталуу ошол бойдон менде журот
Тиктешин тамашалап турган ондуу
Неге сен туштун экен кулумсуроп

 

Кулкуно шектуу карап куткон журок
Сезимге бир башкача ой тушурот
Окуном сен кайрылбай кеткенине
Калбай деп эч болбосо бетен бир ооп

 

Оппойун мейли оппойун окунуч коп
Мени алдап тушумо окшоп кеттин жоноп
Байкатпай мурдагыдай жургондурсун
Башкалардын журогуно башын жолоп



#11 Гость_Tatynaika_*

Гость_Tatynaika_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 20:12

ООба суйгом
Айтылбай калды арнаган суйуум
Берилбей калды терилген гулум
Алдырып сени жаным башкага
Арманда калды суйгон журогум

 

Бурколуп калды асманда кунум
Айы жок калды жылдыздуу тунум
Алтыным жалгыз озунду суйгон
Ушуп бир калды менин журогум

 

Ооба, ооба суйгом мен да
Ыйлабаймын ыйлаба сен да
Мейли, мейли тушун сен да
Кечиргин сен кечирем мен да

 

Соолуп бир калды аккан булагым
Сайрабай калды булбул куштарым
Суусатып мени чолго таштадын
Саргайып жаным чоптой куурадым

 

Журокто калды сенин кулгонун
Сакталып калды жалгыз суротун
Озунсуз мага баары кызыксыз
Отуп бир калды айлуу тундорум

 

Ырдалбай калды суйуу ырыбыз
Жашыруун калды ичте сырыбыз
Экообуз бирге дайым жолукчуу
Саргайып калды жашыл багыбыз



#12 Гость_Tatynaika_*

Гость_Tatynaika_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 20:14

Сөзү Ж. Мамытовдуку
Обону Р. Абдыкадыровдуку

 

Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга дайым сени издеө үчүн келгемин.

 

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мөн ааламга дайым сени кайгыртууга келгемин.

 

Акпы, көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышка калган жалбырактын өңүндөй
Ажарынан
бир өзүң деп азууда ден-соолугум.

 

Пушту бекен. жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң.
Балким ушул зор бакыттын өзүдүр.
Өмүр бою
иэдеттирип, бир көрүнбөй койгонуң.



#13 Гость_Tatynaika_*

Гость_Tatynaika_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 20:21

Жазым келчи

 

Кайдан жүрүп сага кабылдым
Карегинде барбы жалының
Жан эргитип жумшак күлгөнүң
Жарыгыбы аткан таңымдын

 

Булбулсуңбу куштар багында
Анда келип кончу шагыма
Кучагымдан орун берейин
Күттүм эле гүлүм сагына

 

Кылгырасын неге мынчалык
Кирпигиңден сырдуу нур тамып
Жаз гүлү болсоң жыпарыңды чач
Жадырасын жаным тынч алып



#14 Гость_Tatynaika_*

Гость_Tatynaika_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 20:22

[quote]бул дагы абдан сонун ыр

 

 

прям мен жонундо

 

чын эле сен жонундову?)))



#15 Гость_Nano_*

Гость_Nano_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 20:35

мага шантеллдин бир ыры жагат,кажется алар бул ырды жаныдан ырдап чыгышкан:

 

Алтындай чачтарын желбиреген
журогум ысык элжиреген
Унутпадым, Айым ай
Созунду суйом деген

 


кимде созу же ыр озу бар болсо бергилечи плииз :sos:



#16 AId@L

AId@L

Отправлено 09 Сентябрь 2008 - 23:48

SKIF

 

obonu menen jazbaysunarbu,ato bilbeytam :crazy-girl:

 

Shantel - Журолу журок орутпай

 

xuuu uuu uu... xuuu uuuu uuu......
Tandu boylop saran boluwpaaaaay
tanku salkun jayku konuwtaaaaay
Jurok surun biiirgeeee 4e4iwiiiip eeeeeeeeey, jurok surun birge 4e4iwiiiiip eeeeeeey....
jurolu4u koooonul ooorutpaaaaay

 

jakun jursok ooolat boooluwpaaaaaay
jaman aytup aaaandu toruwpaaaaaaaay
mezgilibiz meeezgilibiz otot kow aytuuuuuuup eeeeeey
jurolu4u koooonul ooorutpaaaaay..... :lyalyalya:



#17 Гость_Nurkanat_*

Гость_Nurkanat_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 16:14

мага шантеллдин бир ыры жагат,кажется алар бул ырды жаныдан ырдап чыгышкан:

 

Алтындай чачтарын желбиреген
журогум ысык элжиреген
Унутпадым, Айым ай
Созунду суйом деген

 

кимде созу же ыр озу бар болсо бергилечи плииз :sos:

 

Менде бар, фтп га ыргытып койсом ала аласынбы?



#18 Гость_SKIF_*

Гость_SKIF_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 16:26

AId@L

obonu menen jazbaysunarbu,ato bilbeytam

караптуруп обонун келтирип ырда %)



#19 Гость_Nano_*

Гость_Nano_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 16:28

Nurkanat

Менде бар, фтп га ыргытып койсом ала аласынбы?

йес оф коус.тотел же интранетке желательно :)



#20 Гость_SKIF_*

Гость_SKIF_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Сентябрь 2008 - 16:35

Роза Аманова - Дастан ;)
Аргымакты жаман деп а бууданды кайдан табасын ?
Агайынды жаман деп а тууганды кайдан табасын ?
ак саманды жаман деп чопту кайдан табасын
аз дуйноону жаман деп а копту кайдан табасын
акындарды жаман деп а э койчу кети бир кайдан табасын ээй

 

агарган карда коп журсон козун бир кун карыгат
агайынан чек журсон коонулун бир кун тарыгат
тууганына батпаган душманына жалынат
болбос жаман армзаа болбос ишке малынат
ханды кудай ураарда калкына жаман кас болот

 


уландысы бар




Количество пользователей, читающих эту тему: 1

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных


    Google (1)