Перейти к содержимому



Фотография

(!) Баатырлар парады. ата-бабаларыбызды эстейли..


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 134

#121 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 10 Июнь 2009 - 23:05

Эсенгул баатыр кол жыйнап Сокулука кечигип келип Жайылдын мерт болгонун уккан.

Куугун кылып, кун алса болмок...
Мен билгени ал убакта Жайылдан кийин белдїї баатыр, анын масштабындагы баатыр калган эмес, єзїў тєгїндє же мойунга ал, солтолордун соолушу менен сарыбагыштар кєтєрїлє баштады...

 

Жайыл менен Эсенгулдун айырмасы ушунда болсо керек.
Карандай эле баатырдык кыла бербей, эртең кийинин карап иш кылган.
Эрдик менен акылды бирге ала жүргөн.



#122 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 11 Июнь 2009 - 00:35

Ага чейинкилер мал айдап єткєн дегендей ле тийди мага

Куру намыс баш жарат... ;) Солтолордун саны азайып, жери ээн калып, сарыбагыштар Токмокко чейин кирип келген да, ээн калган жерлерди ээлеп, єзїў билесинў кийин саны жагынан эў коп уруулар сарыбагыш менен эле бугу болгон... Болбогон нерсеге таарынычтын кереги жок... :) Кээ бир санжырачылар Атаке менен Эсенгулду атайы жардамга келбей койгон деп жїрїшпїйбї, їстємдїктї алыш їчїн... Саясат, и ничего личного...

 

Өйдөдө өзүң жазыптырсың Атаке колго түшүп Абылай ханга Иле боюнда көп жерди берип жиберген деп.
Кайра жазасың сарбагыштар атайлап эле солтону Абылайдын колуна салып бергенсип.
Бул кыргындан мурун да топ болуп сүйлөшүлгөн да казак менен кандай мамиледе болуш керек.
Казак каптаса кандай иш кылышаарын.

 

Кеп бул жерде Эсенгул баатырбы же Жайыл андан өткөн баатырбы жөнүндө эмес эле го.
Биздин санжыралардын баары эле кимдин уруусу күчтүүрөөк, кимдин ити кабаган эле денгеелине түшүп кете береби.

 

Садыр, Жайыл, Эсенгул, Түлөберди жөнүндө мен жазганда баатырлыктын айырмасын көргөзөйүн дегем.
Карандай эле ойлонбой баатырлык кыла берсе да болот.
Бирок биринчи оорунга жеке баатырлыгын койбой элдин камын койгон баатырлар да болгон.
Мен ушу эки айырманы талкуулайлы деп ойлогом.
Энөө баатырлар Манаста деле бар. Ошол эле Чубак баатыр.

 

Ал кездеги кыргыздар жөнүндө:

*"1758-ж. Кетментөбөдө турган кыргыздарга келген кытайлык элчилер Маматкулдун кол алдындагы эли 4 минден ашык болуп, ал кыргыздын он-солун бут башкарып, кушчу Майтык менен кытаЙ Каработо анын жардамчылары экенин белгилеп кетишкен. Булар менен кошо;
Маматкулдун Туюктөрдө турган уулу - Болот бийде 2 мин тутун эл;
Талас менен Чүйдү -Майтык башында бир жарым мин тутун кушчулар;
Таластын Акдөбөсундө - Каработого караштуу 1200 тутун кытай;
Карабуура, Урмаралда - Кожокул башындагы 500 тутун саруу;
Омбештань(?) деген жерде - 1000 тутуну менен солтолор, Жамансары //Жамансарт ?// деген бийи менен,
Жумгалдагы Тулку менен Шербектин кол алдында 500 тутун саяктардын турганын белгилешкен.

 

*Супруненко Г. П. Материалы из китайских источни-ков по истории киргизов XVIII -начала XIX веков. АН КР отдел рукописей. Инв. № 5187. *(Эскертүү:. 2003-ж. Биш-кекте жарык көргөн «Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана» аттуу 2 томдук китепте Г. П. Супруненко-нун котормолору басылып, бирок белгисиз себептер менен Болот бий жөнүндө ушул, ж. б. маалыматтар калып калган. Ошондуктан, котормочунун өз нускасы колдонулду).

 

Бул булак сарбагыштын санжырачыларынан эмес.
Сарыбагыштын баатырлары солтого үстөмдүк кылып жерин тартып алыш үчүн дегениңе.
Көрсө андай кылыштын деле кереги жок болчу экен го.



#123 Janyzak

Janyzak

Отправлено 11 Июнь 2009 - 06:38

Кыргыз жергесинде калмак баатырлардын Алатоо айантындагы айкелдери биердеги "баатырлар тарыхын" талкуулап жаткан бир дагы авторду кызыктырбаганы таң калтырат - биротоло жымсалданып калган жокпузбу?...
Андан көрө ошол айкелдерди кайсы калмак кыргыз борборуна алып чыкканын, кыргыздын башмайданын калмактарга ким бастырганын калчап көрсөңөр дурус болот эле.
Жана буга карата жапырт кыргыз мамилесин иликтеп, адабияттагы жана маданияттагы калмакташуу саясаты астыртан кимдер тарабынан мынчалык текебердик менен жүргүзүлүп жатканын иликтей турган бирөө барбы деги?

 

Бу жаатында Кален Сыдыкова гана кечээ жакындагы Кыргыз Архивдеги конференцияда кашкайта айтып чыкканын билем - бүгүнкү күндүн Кыз Сайкалын коштоп кетээр изилдөөчүлөр ооздоруна талкан куюп алганбы?!



#124 bankir

bankir
  • На удаление
  • Cообщений: 13 850
  • Регистрация: 15-01-2005

Отправлено 11 Июнь 2009 - 07:25

Карандай эле баатырдык кыла бербей, эртеў кийинин карап иш кылган.

Эми бул кыраакылык дейбизби, саясий жетиктїїлїк, же башкача дейбизби ар кимдин кєз карашына жараша да...

 

Єйдєдє єзїў жазыптырсыў Атаке колго тїшїп Абылай ханга Иле боюнда кєп жерди берип жиберген деп.
Кайра жазасыў сарбагыштар атайлап эле солтону Абылайдын колуна салып бергенсип.

Эми Їчїкє менен Тїлкїнїн тарыхын менден жакшы билесиў...

Жамансарт

Солтолордун башка бутагынан

Биздин санжыралардын баары эле кимдин уруусу кїчтїїрєєк, кимдин ити кабаган эле денгеелине тїшїп кете береби.

Кол ийрисине тарта берет тура... ;)

Бирок биринчи оорунга жеке баатырлыгын койбой элдин камын койгон баатырлар да болгон.
Мен ушу эки айырманы талкуулайлы деп ойлогом.

Мунуўа макулмун, бирок ар бир уруунун намысы бар да, ошон їчїн баатырлыктарын эле талкуулаганыбыз оў го, їлгї жактарын, кеменгерлигин, жылкы чаап жїрсє да бир кереги тийгендир кыргызга...



#125 Гость_Бороон_*

Гость_Бороон_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 11 Июнь 2009 - 10:02

Janyzak

Кыргыз жергесинде калмак баатырлардын Алатоо айантындагы айкелдери биердеги "баатырлар тарыхын" талкуулап жаткан бир дагы авторду кызыктырбаганы таң калтырат - биротоло жымсалданып калган жокпузбу?...

Кечээ атайын барып көрүп келдим... Чындыгын айтканда кыргыз улуттук баалуулуктарын басмырлоо, тебелөө союз убагындагыдан дагы катуурак негизде болуп жаткандай сезилет... Эми ал эстеликти алып салуу боюнча маселе көтөрүлөөр бекен же Акаев, Кулов убатарында башталган калмакташуу саясаты улана бермекчиби?



#126 economist

economist

Отправлено 11 Июнь 2009 - 10:08

Дайыр Асанов, Улуу Ата Мекендик согушта баатырдык кылган

 

Чолпонбай Тулобердиев, Дуйшонкул Шопоков

 

Баатыр деген расмий наам ыйгарылган адамдар:
Туголбай Сыдыкбеков, Чынгыз Айтматов, Салижан Шарипов, Турдакун Усубалиев, Иса Ахунбаев (?) дагы бар болуш керек.

 

эмгек баатыры Зууракан Кайназарова

 

Исхак Раззаков баатыр го деп ойлойм.

 

37 жылы репрессияланган Юсуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Торокул Айтматов, Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов ж.б. дагы баатыр десек туура болот го дейм



#127 CH

CH

Отправлено 11 Июнь 2009 - 11:20

Жогрудагы постторду окуп косом жалпы кыргызга таандык баатыр деле жок экен. Ал кезде андай баатыр болгонго шарт да болбоптур. Кыргызга татыктуу баатыр болуш учун Манастай болуш керек Чон Казатка барганда Алманбетти хан шайлап озу Кыргыл чалдын отделениесинде катардагы жоокер болуп барган.



#128 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 22 Июнь 2009 - 22:55

Жогрудагы постторду окуп косом жалпы кыргызга таандык баатыр деле жок экен. Ал кезде андай баатыр болгонго шарт да болбоптур. Кыргызга татыктуу баатыр болуш учун Манастай болуш керек Чон Казатка барганда Алманбетти хан шайлап озу Кыргыл чалдын отделениесинде катардагы жоокер болуп барган.

 

Ооба, Манас атабыз Энесай, Алтайдан тартып Кытайга чейинки жерлерди каратып бизге Ата Журт кылып берген экен.
Бирок, кийин, бүгүнкү Ата Журтту, баштаган Манастай шери жок болсо да калмактан бошотуп, казактан коруп калган ушул эле биз "туздап" жаткан бабалар деле кыргызга татыктуу баатырлар го.
Бүтүн болбосо да, Улуу Журттун бир бучкагын бизге энчиге берип кеткен.
Биз бүгүн жердүү болуп калышыбыз ушул кишилердин ырыскысы, баатырдыгы менен эмеспи.
Келгиле эми биз татыктуу уулдардан болуп Ата Журту кайра Энесайга чейин чойолу.



#129 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 27 Октябрь 2009 - 15:40

Grey Wolf

 

2. Атактуу Солто кыргынында Эсенгул баатыр солтолор начарласын деп атайын жардамга келбей койгон дегендер бар...

 

Кыпчактардын темасына улай берсек болчудай эмес.
Жообун бул жакка жаздым.

 

Ооба бар. Андай уламыштардын чыккандыгынын биринчи себеби сайасатта.
Анткени, кыргыз оруска карап СССР курамына киргенде, Кырг ССР мамлекеттик идеологиясы - кыргыздарды оруска кошулганча өз алдынча мамлекети, маданийаты, жазуусу жок, өз ара согуштан кырылып, жок болгону калган эл болуучу. Өзү кырылып жок болбосо, Кытай же Кокон жутуп кул кылып кетмек. Же дүйнөлүк империализмдин өкүлдөрү англичандар келип кулдантып кетмек. Уулу орус агайын келип кайран кыргызды кулчулуктан сактап калып, асырап өстүрүп, маданийат киргизип, билим берип, айтоор киши катарына кошкон деген нуктагы сайасатты жүргүзгөнү өзүбүзгө маалым иш.

 

Бул расмий идейологияны калыптандырыш үчүн тарых илими катуу кысмакка алынып, кыргыз тарыхы бурмаланып, идеологияга каршы келген маалыматтар, фактылар жашырылып же бурмаланып келген. Мисалы, академик Жамгерчинов 19 кылымдагы кыргыз тарых тууралуу жазган илимий эмгегин “Киргизы в эпоху Ормон хана” – деп атаганы үчүн куугунтукка алынган. Анткени бул эмгек орус келе электе эле өз алдынча көчмөн мамлекет болгон деген көз карашта болуп жаткандыктан, расмий идейология менен кайчы келип калган. Андан кийин, эч ким деле кыргыздын өз алдынча көчмөн мамлекети болгон маанайында эмгек жазбаса керек. Сабак баарына түшүнүктүү болгон. Ошондуктан ал доор жөнүндө жазылган “Көчмөндөр кагылышы” көркөм адабийат китебинде дагы Ормонду ж. б. каармандарды өз атынан атабай, окуйа нуктарын расмий сайасатка тууралап жазып калганбыз.

 

Бул ошол идейлогиянын бир өңүтү эле.
Экинчи өңүтү таптык күрөш маселеси. Эл менен анын башында турган бийлер, манаптар, байларды бирине бирин душман көргөзүү.

 

Бул биздин тарыхыбыздагы белгилүү жагдайларды кайталап айтканым - эмнеге Эсенгул баатыр жөнүндө маалыматтар жок болуп, соңку санжыра китеп чыгаргандардын арасында чар тарап түшүнүктөрдүн кандайча оорун алганын себебин ачып берейин дегеним.

 

Ошентип көчмөн кыргыз мамлекети жок болгон деген сайасатка тууралаш үчүн, Ормон хандын беделин ылдый түшүрүп, анын ата-бабаларынан бери кыргызга кызмат кылган кишилер экенин тарых бетинен жок кылуу аракети эле.
Сөзүм кур болбосун үчүн мындай бир мисал келтире кетейин.
Дагы бир кыргыздын чыныгы уулу, түптүү бий тукуму Түлөберди баатырдын айткандарынын негизинде жазылып калган, эл ичинде Тургунбектин санжырасы катары белгилүү болгон, жазылып калган кыргыздын негизги санжыраларынын бири, 2007 жылы “Алымбектин санжырасы” деген ат менен басылып чыккан Турганбаев Элебайдын китебинин 126-127 бетинде, бул жагдай жөнүндө мындай деген маалымат берилген:

 

Эсибизге ала турган дагы бир жагдай бар. Ал, ошол доордогу саясий абал чын-дыкты дал өзүндөй кылып жазууга мүмкүндүк берген эмес. Буга тарыхчынын кийинки кайгылуу тагдыры күбө. Ошондуктан Б. Солтоноев; «...Бул тарыхты жазып жүргөнүмдө кайсы жеринен калет кетер экен деп калемимди бирдар саат шилтебестен кармап отурган чагым болду» дейт (29. 86). Көрүнүп тургандай ал учур-дагы өз башына туш келген психологиялык оор ба-сымдын натыйжасында калыс болууга артыкча аракет жасап жиберип, ошо кездеги жаңы түзүлүшкө карата жасаган мамилеси менен эмгегинин көп жерлеринде Ормондун тукумундагы кээ бир белгилүү адамдардын ордун өтө төмөндөтүп койгону ачык эле көрүнүп турат. Муну болсо тарыхчылар көрмөксөнгө салып жүрүшөт. Ошондуктан, божомолдонуп: «Ормондун өз уруусуна хандыкты ыйгаргысы келип, жаңы нукта тарых түз-дүргөн» деген сөз, бир беткейлик болуп калат. Болбо-со, бул жоромолдордун натыйжасында Ормондун бий-лике укугу жок болуп туруп, аны зордук менен тар-тып алгандай түшүнүк чыгат. Ага болсо далил жок.

Ошол эле китептин 143 бетинде, колдонулган булактар жана адабийатар тизмесинде мындай деген кыстырма бар.

Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII -начала XIX веков. АН КР
отдел рукописей. Инв. № 5187. *(Эскертүү:. 2003-ж. Бишкекте жарык көргөн «Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана» аттуу 2 томдук китепте Г. П. Супруненконун котормолору басылып, бирок белгисиз себептер менен Болот бий жөнүндө ушул, ж. б. маалыматтар калып калган.
Ошондуктан, котормочунун өз нускасы колдонулду

 

Ал эми Эсенгул баатыр ал чабышка эмне үчүн катышпай калгандыгы жөнүндө, ошол чабыштын эң башкы каарманы, кыргыз жеринин чегин Абылайдан ажыратып алган, колго түшкөн кыргызды казактан бошотуп келген, ошол солтонун түптүү бийлеринин бири Жамансарт уулу Түлөбердинин өз оозунан айтканын угуп көрөлү. Анын айткандары жогорку айтылган китепте берилген берилген.

 

...Ал кыргыз, казактын конушка кызыкканын көрүп, ал убакта ушул жакы кыргыздардын жөнүн Эсенкул билчү экен. Эсенкул ким? Маматкулдун Болотунун уулу*. Солтону Каракчынын уулу Байсейит, Байсейиттин уулу Кебек бий билчү, ага кошулуп, Кошойдун уулу Момокон башкаруучу экен. Жайылдын картайган кези экен. Үсөн, Теке деген балдары баатыр экен, жолборсту тирүүлөй укуруктап алган. Казак бетинде сарыбагыш, солто, куш-чу, кытай, саруу болгон. Иле жагында сарыбагыш [бол-гон]. Солто - Талас жагында аралаш болгон. Солто, сарыбагыш кыргыздар качпай согуша берген, бирок аз [болуп] көчүп жүрөт. Иле жак, Таластан наркы жак эл жайлоого көчкөндө бош калат. Бош калган жерге казак келип туруп алат, Абылайкандын доорунда*. Эсенкул баатыр, бөлөкбай Кебек бийди кыргызга кабарчы кылат; «Таласка, Капкага чогулалы!?» деп.

 

...Кыргыз Капкага чогулат. Ар уруктун башчылары бар, анын баарын мага жазып отуруу кыйын. Эсенкул баатыр Кетментөбөдөгү саякты; «көчүп кел, ушул Талас, Чүйгө орносоңор боло!» дейт. Чогулган эл ага макул дешет. Жыйынга келгендер: саяктын башчысы[-нын] жыйынга келгени, кабадан Садыр экен, түнкатар Арзымат уулу, чакырдан* Түлкүнүн уулу Качыке* экен. Каба Талас жака көчүп келмей болот. Чакыр Кочкор, Чүйгө көчүп келмей болот. «Казака конушту бербейли, колдон келгенче кармаша берели, азсынткан казакты көрөлү!» дешет, саруу, кытай, кушчу. Таласта турганына, уругу саруу, саруу ичинде бошмоюн уругунан Туума бий* деген адам аксакалы экен. Казак беттешине солдун башында ушул Туума бий экен, убада кылып тарайт жыйын.

 

Чакыр Кочкор, Чүйгө чейин көчүп келет. Садыр көчүп келет. Иниси Сейит тил албай, элди бузуп токтотуп калат. Садыр ээрчиген каба-ны алып келет. Азыраак болуп келет. Капканын оозуна чоң коргон салат*. Садыр өзүн хан атайт. Ошол жакы кыргызга ээ болуп, казака тынчтык бербейт, конуп [? көнүп] алган. Нары көздөй сүрөт. Чаап алып отурат. Андан качкан казактар Талас аягы, Чүй аягы, Иле бою, ушул жакты көздөй коңтулап оойт. Казак ичиндеги уйсун элетине кабарлардан кан Садыр туздай татыйт. Солто, кушчу бир жака [болуп] Садыр кабар берсе, барышып турат. Сарыбагыш, солто, чакыр; бул[ар] Иле, Чүй - ушул жака ооп келген казака да аттанып барып, казак аттанып келип, ортодо далай уруш болот. Иледен бери өткөрбөйт*.
(*1785-ж. капитан И. Андреев чогулткан маалыматтарда тоолук кыргыздар менен кайсактардын //казактардын// чек арасы Балкашка куйган Иле өзөнү, жана Алатоо тоосунун аралыгы аркылуу бөлүнөт. Иле суусу кыргыз менен казактарды чектеп турган сыяктуу эле Кытай мамлекетин да булардан бөлүп турат. Каратал, Бежи, Агакшибесуулары менен Балкаштын чыгышындагы Алактугул, жана Алактулга көлдөрүнө жайгашып, жай мезгилдеринде тоолук кыргыздар менен жайытташ болушуп, бир-бирине эч кандай залал келтиришпейт, бирок кокустан бир жаңжал башталып калса, казактардын Жидису тарапка карай кетип калышарын айтат).

 

Бугу, ал жактагы саяк өз бетин казактан коргойт, ушундай тынчтык жок заман болот, Абылайдын доорунда. Ал ушундан соң Абылайканга барып, арыз болуучулар көбөйөт. Абылайкан; «кыргыздын өзү келбей калган конушуна конгула, жана тийбегиле дебедим беле? Ынтымак болуп, ортого киши салып, сүйлөшүп тургула дебедим беле? Тынч жаткан элге, калмактан жаңы кутулуп алган, өзүңөр барып тийесиңер, анан мага арыз болосуңар: Эсенкул, Садыр баланчаңызды чаап кетти, баланчаңызды өлтүрүп кетти деп, кыргызды күнөкөр кылып, өзүңөр ак киши болосуңар. Мен качан чаап ал дедим эле?» деп укпай койгон экен дешчү эле, мурунку карылар - казактын арызын Абылай хан.

 

...Ал кабалардын кан Садыры аттанам деп казака - солто, сарыбагышка, чакырга адам жиберет. Эсенкул баатыр, Качыке, Кебек: «койсун аттанганды, казак өзү келсе, ошого каяша берели. Абылай, Төлөбий калыстык кылганда, биз барып, айыл үстүнө тийбейли, бейбаштык болот. Биз аз элбиз. Конушка болсо Илени өтүп, казак бери келгенди токтото тургандай бололу. Силер жактагы казактар бери жака ооду эле, аны көрүп жатырсыңар» деп айтып; «сиз барып келиңиз?!» деп, Эсенкул баатыр; Качыке баатыр [менен] Кебек бийди жиберет экен, Садырга. Кебек Садырды «кой» деп, Эсенкулду эл-журт «Чоң баатыр» дешчү экен, «Чоң баатыр, Качыке бул сөздү айтты» деп жогорку сөздөрдү айтат ага. Садыр болбойт. Аттанат кан Садыр. Садыр казак Бердикожодой болгон экен, тийсе да тийип - тийбесе да тийип, ошон үчүн Садырдын наамын Абылайга көп айтып баруучу казактар. Кебек кайта келет. Талкан, кушчу Таластан берки, Көкдонон-Чалдын тоосу деген жер бар, ошол жерде экен. Талканды Жайыл, Момокон билчү экен. Солтону жонунан бөлөкбай бийлөөчү экен. Бөлөкбай Карабалта, Аксууда экен. Бөлөкбайга айтпай, Момокон баш болуп, Жайыл да барат. Садырды Түлөберди «кой» десе болбойт - Жайыл, Момокон. Жайыл картайып калган кези. Түлөбердини; «бала[нын] сөздө эмнеси бар?» деп, агалары кагып коет. Түлөберди, Бөрүбай барбай калат. Үсөн, Теке барат. Садыр көп кол менен барып, Чымкенттен берки казакты чаап, Чолоккоргон, Сузак калаасын талап алып кайтат. Көп олжо менен.

 

...Ал ушуну менен Төлөбий*, үч жүздүн баласынын бийлерине кабар берип, Абылайдын үстүнө деп, кабар берет. Чогулат үч жүздүн бийлери. Ал бийлер көк жарлы Барак, Кооман, Жапек, Жайсаң, анан башка белгилүү баатырлар-дын өлгөнүн айтып, Садырды көбүрөөк айтып, Садыр-дын кийинки чымкент казагын чаап, Чолоккоргон-Сузакты талаганын айтып, Төлөбий Абылайга көнбөсүн айтып, кыргыздын кийинки Садыр баштап келип, кыл-ганын айып-бейбаштык деп,- Букар жырау деген увазири жана акыны* - ошону сен айт Абылайга деп, эшике чогулуп отурган экен дейт, үч жүздүн бийлери.

 

Абылай өзүнө белгилүү сөз: «эшикте Үч жүздүн бийле-ри чогулуп отур?» деп айтса, укмаксан болуп, тогуз кумалак ойноп, Букар жырау менен отура берген, бий-лердин сөзүн угуп - [укпай]. Букар жырау тогуз кумалак ойноп отуруп, өлөң менен үч жүздүн бийлеринин эмне ишке чогулуп отурганын айтып, жана Төлө бий-дин мүнөзүн айтып, болбой турганын айтып, өлөң менен угузган. Казактардын карылары кеп кылып айт-чу, кыргыздын чалдары айтчу: «Букар - кыргыз көк жарлы Баракты алды, сартбек казакты алды, Чолок-коргон, Сузакты алды. Садыр Абылайкан - сени алмака аз ак калды деген экен» дешчү чалдар. Абылай, бир жеңин кийип - бир жеңин кийбей, кабагын салып чыккан экен дешчү чалдар. Абылай: «бир жагым Кокон, бир жагым Кытай, бир жагым орус. Азыраак кыргызга кызыкпай тим турсак дедим эле. Казак - кыргыз бир урук элек, Байтик күңүлүк кылып, Көкүмгө уу берип, ошондон бузулду ортоңор. Огон сендер Байтикти ээрчип, Ташкенге ээ болобуз деп, ошол себептүү кыргыз-казак ортосу бузулган, ошол иштин аягынан пайдаланып, калмак келген*. Калмактан качып, казак Букар кирдиң, кыргыз Ысар кирди, ак таман чуурунду атка кондуңар. Калмактан жаңы кутулуп отурганда кыргыз жерине кызыгып, муну баштап отурсуңар. Кокон, кытай, орус: ошол үчөөнүн бири кол салса, мурунтан бир тукум боз үйлүүнүн баласы элек, бир кереги тиет эле го, сүйлөшсөк, кыргыздын. Рас, сендердин айткандарыңар. Садырдын бул кылганы айып, тынч жаткан элге келип, бүлүндүрүп, кааланы чаап, алып кеткени бейбаштык жана биздин көк жарлы Барактыкы да айып иш, бирок ал жазасын таап кайтты. Бизде Бердикожо бар. Алда карап жатпайт. Сендер менин айтканыма боло турган эмессиңер. Мен кыргыз деп аттанбаймын, Садыр деп аттанамын. Садыр көнсө ошол убакта айтаармын. Ал! Буйрук бердим, аттангыла!» дейт Абылай, казака.



#130 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 27 Октябрь 2009 - 15:41

уландысы

Үч жүздүн баласын баштап алып, кан Абылай аттанат. Күздүн күнү келип, Ташкенди алат. Кокон даай албай, Абылайга тийишпей, туруп кала берет. Абылай Ташкенди алып, кыргызга адам элчи жиберет. Солто-сарыбагыш, Эсенкул баатыр-Кебек бий, эл: «балан барсын-төлөн барсын» дешет. Эсенкул баа-тыр: «сарыбагыш[тан] балан барсын - унутуп калыптырмын - солто, силер Жамансарттын уулу Түлөбердини жибер, башка да кошо турганыңар болсо өзүңөр билгиле. Биздин сарыбагыш, солтодон барган адамдарга Түлөберди баш болуп барсын!» дейт, Эсенкул баатыр. Кебек бий: «макул» деп, убада кылып, солто, сарыбагыш Түлөбердини баш кылып, 4 адамды жиберет*.

 

Иши кылып, кыргыздан 40 элчи барган Абылайга, Ташкенге. Садырдын элчиси; «мени хан деп тааны-сын!?» деп айткан дейт Абылайга. Абылай унчукпастан жакшылап күтө берген дейт. Өңгөсү, биз макулбуз деген. Кыргыздар кышында барган экен. Элчилерди жаз чыкканда кайтарган, баарын кийинтип, сарпай [чапан] берип, олжолуу кылып кайтарган экен. Түлөберди Абылайга жагып кайткан. 21 жашта экен, Түлөберди*. Жакканынын себеби, хандын үстүнө элчилер киргенде, жаш бала кийин кирет да, адет боюнча Түлөберди отурбай, босогого колун бооруна алып, туруп калган дейт, Түлөберди. Абылай; «Ээ балам, сен неге отурбайсың?» деген. «Отур деген жериңе отурам деп, туруп турмун» дейт, Түлөберди. Хан жанынан орун берген. Ар кимиси ар кайсыны айткан, өз оозундагысын. Түлөбердини хан; «сен неге сүйлөмөйсүн?» деген. Түлөберди; «сизден уруксат болсо сүйлөйүн деп отурмун?» дейт Түлөберди. «Иэ, сүйлө балам». «Таксыр, биздин кыргыз аз эл. Башынан эмине иш кечиргенин өзүңүз жакшы билесиз, менден. Казак-кыргыз бир тууган эл. Сиз адилдик кылсаңыз, кыргыз көнөт. Кыргыздын көнүшү бар. Айта турганы -эч кимге өзү барып тийбейт, аны өзүңүз да билип жатырсыз. Садырдын [гана] тийгени бар. Ал адамга биздин кыргыз айтаар. Кыргыз ичинде оң-сол дейт. Оң ичинде бугу, саяк, солто, сарыбагыш, багыш дейт. Эсенкул деген баатыр адамыбыз бар жана ар уруктун өз башчылары бар. Мындан улуу сөз ошол Эсенкул баатырдан тарайт. Сол атанган эл да, ал Эсенкулдун сөзүн угат. Ошол киши баш болуп айтар, Садырга. Са дыр көнөөр. Эпке көнбөсө, жообун айтаар кыргыз. Баарыбыздын ханыбыз болдуңуз? Айта турган сөздү айталы?» дейт, Түлөберди. «Ээ, бала. Сөзүңдүн түбү түз көрүнөт, сүйлөй бер балам?» дейт, хан Абылай. «Андай болсо, казактан бейбаш болгон адамдар жазасын тартып, кыргыздан бейбаш адамдар жазасын тартып - кыргыз аттанып барган жок, казак аттанып келди. Ошо [үчүн] уруштар болду. Казакта чанчкулу Бердикожо бар, түк тынч жатпайт. Ошону айтам» дейт, Түлөберди Абылай ханга, сөзүн бүтүрө. Абылайга Түлөбердинин сөзү жаккан экен. Абылай; «Куда кааласа, жазда барам. Башчыларыңа салам айткыла? Менин издегеним жакшылык. Казактардын бейбашын өзүм билемин. Түлөберди бала, ошол Эсенкул баатырга айта бар? Садыр тентек мындан ары тынч болсо болду. Башка айтаар сөзүм жок, мен эл талап алып, эл чаап алып, атымды чыгарып, эл бүлдүргү [болгон] хан эмесмин. Менин ыркыма көнсө, калыстык кыламын. Ыркыма көнбөсө, анда көрөөрбүз?» деп, 40 элчини Абылай «кош» деп кайтарган экен элчилерди.

 

Эл - эл ичине өз уккан сөздөрүн айтышат. Түлөберди алып келген таңылычак жүгүн Момокон, Жайыл агалары ачкан эмес экен; «бөлөкбай Кебек келсин?» деп. Ал ынтымагы ошончолук кыргыздын. Бөлөкбай Карабалта-Аксууда экен. Талкан азыркы Луговой ыстансасында экен, ошол Корготу суусунун башы болот, тоо. Карагатты, Чөңөр деп атайт, азыр да эл. Казакстан жери. Ошол таңылчакты Кебек бий, Карабалтадан келгенден кийин ачкан. Кебек бий таңылчакты ачып, ата-атага тийишинче бөлүп берген.
...Түлөбердини ээрчитип, Эсенкулга барат, Кебек бий. Эсенкул сөздү угуп отуруп: «Абылайдын сөзүн жактырдым. Туура айтыптыр. Садыр тил албай, бейбаштык кылганы ырас. Кебек, сен бар Садырга! Бир кыргыз эмес, Кокон да даабай Ташкенди алдырып отур. Садыр койсун! Чогулалы. Ушул Түлөберди баламды жиберебиз, жыйын кылып, Абылайканга. Абылай күчтүү адам. Казака болушпас. Калыстык кылам деп айтыптыр го. Казак Абылай тил алса, так биз-дин кыргызды чаптырмак болчу. Казактар койсун, Садыр чаап алганын төлөсүн деп, айтоор [айтар] деп ойлоор, казак-кыргыз эсептешээр, моюнга түшсө, көптөп төлөөрбүз» дейт Эсенкул, Кебек бийге. «Качыкеге мен өзүм айтам. Жайыл, Момокон да барыптыр. Үсөн, Теке да көрүнүп калыптыр, казака. Бекер кылганын айттым эле -Кебек сага. Талканды бери көчүрүп ал. Карабалтадан ары ээн жатсын. Мен айтты деп!» дейт, Кебеке. «Түлөберди балам, сен да айт! Момокон -Жай-ылга» деп, Эсенкул баатыр Кебек, Түлөбердини кайтарат.

 

Келип Кебек, Жайыл-Момоконго айтып, Садырга барат Кебек бий. Садырга Эсенкулдун сөзүн айтат. Садыр: «биз Сарткулдан коркобузбу? Баатыр анысын койсун, коркпосун. Эсенкул баатыр [болуп] чогулалы, кол курап. Аталарыбыз калмак менен кандай кармашкан? Ошондой кылып кармашсак эле, жеңип алабыз» дейт Садыр*. Ошондо, Кебек бий айткан экен деп, илгерки чалдар айтышчу; «жону бузулган элден жону бүтүн эл кегин албай карап отурчу беле? Күчтүү ханга күчү жок хан [ара] конуп барчу эмес беле? Сөзгө келсе[ң], калмак болсо биздин кыргызды кууган. Кудай оңдоп, калмак бузулду. Жерибизди да алдык, кегибизди да алдык. Ал бир башка иш. Ал сен хандыка кызыгып калыптырсың. Аныңды кой!? Жаңы көтөрүлүп, өсүп-өнүп келе жатканда, эр-азаматка кесирибиз тийбесин!» деген экен, Кебек бий. Садыр: «андай болсо Абылай өзү келем дептир го, ошондо эле кыргыз болуп, жооп айталы?» дейт. Ошентип, Кебек бийди кайтарат.

 

Кебек бий, Жайыл менен Момоконго; «Садырдын тилин албагыла, көчкүлө!?» дейт. Жайыл; «Мен билбеймин, Момокон билет» дейт. Момокон; «Эл өйдө көчөөрдө көчүп баралы силердин үстүңөргө. Талас, Жалбай, Суусамырды жайлайлы. Бир балээ болсо, кабар берээрбиз сиздерге. Жайыл абаң кенешпей иш кылбайлы дейт. Азыр кой тууп, жылкы, уй тууп калды» деп кайтарат. Кебек ишенбей кайткан экен дешчү эле, мурункулар. Бирдеме болсо Түлөбердини «башында сен кабар бер?» деп, кеткен экен Кебек бий.

 

Садыр Момоконго келип: «Кысталак, Сарткулдун, казактын четин кароолдоп жүргөн колунун бетин кайтарып таштайлы?» дейт. Момокон баатыр: «макул» деп, ... Момокон баш, Садыр баш болуп барып, Кошогонун (? Көшөгөнүн) Көкжото деген жерден казактан эл чаап, ботбай чымыр уругу экен, атын унутуп коюптурмун, ботбай уругунун ичинен Кудайкул тукумунан Абылайдын кол башчыларынын бири экен, ошол адамды өлтүрүп кетет. Буга ачууланып, Абылай аттанып, калың кол менен жана «келген элчилерден кабар болбойт, кыргыз сага кылбасам!» деп чыккан, Абылай.

 

...Жана бир сөз. Солтодон бөлөкбай; чакыр, бугу, каба; булар Карабалтадан жогору тартып, Ысыккөлгө чейин экен. Дал ошол Абылай келген доордо, арасы сейрек-сейрек экен*.

 

Ал ушуну менен ботбай короолош* жагы Жоогач баатыр деген адам Момокон менен дос экен, ошол; «мени Абылай жиберди. Мен саган келдим, сен Садырга кошулба? Абылайдын жаасы катуу, колунан келген ишин аябайт. Кыргызың Эсенкул, Качыке, Кебек; ошолорго мынабу Түлөбердини жибер? Тилимди ал? Дос эдим гой?» дейт. Ага Момокон баатыр; «кудай алсын, Сарткулуңду сайып алам, андан көрү, аксоотту каңдабай, чечсеңчи?» деген Момокон баатыр, Жоогач баатырга. Жоогач баатыр оозунан тообо кылган экен; «болбосоң өзүң бил деп, кой эми, кыргызга мен түшсөм, сен мени аман алып кал, казака сен түшсөң, мен аман алып калайын» деп, Момокон-Жоогач экөө убада кылат. Жоогачтын жолу болбой кайтат. Абылай аттанат.

 

...Ал Момокон, Садырга барат. Садыр: «Кетментөбө, Чат-кал, Таласка мен кабар берейин, сен өзүбүздүн бүтүн Тагай уругуна кабар бер!?» дейт, «сак бололу» деп. Момокон, Садыр экөө: «Абылай беттешип урушат го?» дешип тарайт.
Момокон келип, Түлөбердини жиберет, кабарчы кылып, Эсенкул баатырга. Түлөберди Момоконду, Садыр экөөнү тең «коюңуздар» [деп] кошогонун Көкжотосуна аттанып барганда айткан. «Эсенкул, Качыке, Кебек: ошолорго кабар берели?» десе, Момокон: «Ээ, сен Абылай сартка барып, коркуп калган турбайсыңбы, сен барбай эле кой!» деп тилдеп, сүйлөнүп кеткен болучу, жана Жоогач келгенде да айткан агасына; «сиз ушуну убада кылыңыз. Садыр тил алса, качырып жиберели. Жогорку Чоң Баатырды, Кебекти, Качыкени алдыралы?» десе, анда да сүйлөнүп койгон, агасы Момокон. Момокон: «сен, Түлөберди иним, коркпо. Кудай алсын Сарткулду. Бир иним Чоң Баатыр, ошол жакы кыргызга [айтып,] бүт алып келсин?» деп айтат.

 

Түлөберди 22де экен, келип Аксууда отурган Кебек бийге жолугуп, Кебек бий: «сен келгенче биз да кабар алып тураарбыз. Чоң Баатырга айт, мени айтты деп, ошол жакы элге бүтүн кабар берсин?» деп, Түлөбердини* жөнөтөт. Эл тоого тартып калган кези экен, Эсенкул Үчалматыдан көчүп келип, Акбешимге, азыркы Токмоктун түбү, ошол жерге конуп жатканда Түлөберди барган экен, Эсенкулдукуна. Эсенкул баатыр: «капырай, кудай сактай көр! Абылайдын өз башы ак эле, казак болбосо. Абылай урушка кан эмеспи. Уккамын урушка уста адам деп. Беттешпей, колун бөлүп-бөлүп, түн жамынып, бир балээни баштабаса бол-ду. Жак-жак болуп беттешип, кагышып калсак арман жок, Түлөберди балам» деп, бугуга, саякка киши чаптырып; «келе берсин!» деп колуңа тийген кишисин алып, жүрүп калган дейт Эсенкул баатыр.

 

Абылай колун үч бөлүп, бирөөн Садырды көздөй, бирөөнү Корготунун башын көздөй, бирөөнү өзү баш болуп, Олуяатаны көздөй аттандырган дейт. Садыр жагы; саруу, кытай түнкүсүн келген колго байкатпай бастырып, Капканын өзүндө Садырдын коргонун басып калган дейт. Абылай өзү келип, Олуяатаны басып өтүп, ошондон берки элди көздөп жөнөгөн дейт.

 

Кыргыз адеп тоону көздөп жөнөгөн дейт. Тоону көздөй качып берген [? кача бергенде] казактар айылдан ба-сып калганы болгон. Адеп катын-баланы, жесирлер[-ди] ала берген, уй, буюм, мал. Ал; Корготу, Карагаты, Чөңөр -Момокон, Жайыл, Үсөн, Теке, Кебек бийдин иниси Мураттын уулу Эсиркемиш* баатырды: «билип келчи, Талкан элинде эмне [болуп] жатыр? Садырдын айылына түндө казак келиптир деп уктук» деп, жиберет экен Кебек бий.

 

Кечкурун экен, Момокон, Жайыл кол курап жүргөнү жаткан жерин убактысында Эсир-кемиш келет. Кайта кабар бербей, Момокон: «Кудай алсын! Сайып алабыз. Олжо алып, анан кет!» деп ээрчитип, Садырды көздөй жүрөт. Таңкысын алдынан казактын колу чыгат. Корготу жактан сайышат. Кыргыз айылдарын басып качат казак. Көт жагынан Абылайдын өз колу - Олуяата жагынан каптап, келаткан солтонун көт жагынан түшөт. Чөңөр ашып, саруудан куу-билек Колпоч келет. Солто кууп кеттини угуп, казактын качканын угуп, алар да жөнөйт. Арт жагынан жеткен Абылай өзү баштаган кол, солтодон качкан казактан башка, Түйүшкөн жака да бөлүнгөнү бар экен, алар казактын алдынан чыгып, ортосунда калат кыргыз. Бөрүбай 20 жашта экен, ошол баштап, жарым-жартылай адамды алып чыгат, Абылайдын алдынан.

 

Адеп, эл тоону көздөй; кушчу, солто ичиндеги көчүп келүүчүлөр: саруу, кытай аралаш, «аа» деп Чүйдү өрдөп кача берет, Таласты көздөй. Саруу Туума бий, качкан элден кол курап, Каракыштак ылдый түшүп, качып келе жаткан элди көрөт. Солтонун, куубилек эмне болгонун угуп, бокторлоп жөнөйт. Абылай Корготуну жээктеп кетти деп, Ашмаранын оозуна келгенде, Кетментөбөдөн Ашмара ылдый, өзөн менен келе жаткан Сейитке жолугат, Кетментөбөлүк кыргызды ээрчитип келе жаткан. Садырдын иниси, Түнкатар уругу, Арзыматтын уулу. Туума бий жолугат. Сейит: «эмне болду, адеп качкан кыргыз?» деп сурайт, Туума бийден. Туума; «эмне болсун, эрдигинен солто өлдү, эси жогунан куубилек Колпоч өлдү!» дейт. «Садыр эмне болду?» дейт Сейит. «Садырды кууп келип, Жоргонун белинен кармап кетти!» дейт, Туума бий. Сейитти токто десе болбой, колун алып жүрүп, Сейит кетет. Эсенкул баатыр Сокулукка келгенде, Кебек болгон иштин баарын айтып берет. Ошол жерге жатып; «Туумага бар, калганы баары келсин!» деп, Таласка киши чаптырат. Туума бийге Ашмараны өрдөп барганда жолугат, кишиси, Эсенкулдун. Туума бий; «кандай кылам?» деп, жайлап кетип бараткан, кайра кайтат. Чүйдү өрдөп качкан эл менен Эсенкул баатырдын үстүнө келет, Сокулука. Кыргыздар ошол Сокулука чогула берет, ким [колго] түштү, ким келди. Солтодон; Жайыл, Үсөн, Теке, Ити-ке - үч баласы менен, Момокон, Эсиркемиш дагы баш-калар - Садыр баласы менен, саруудан, башка урукта-р[дан] бир далай адам жок*, эс алып жата турсун.
(*Алымбектин жогорудагы: Эсенкулду Үчалматыдан Акбешимге көчүп жаткан дегени жаңылыш. Анткени, эл тоодон эмес, тоого көчүп жаткан кез болсо, алар кайра Акбешимге көчүп келишмек эмес. Ак-бешимди азыр деле жайлоо дешпейт, тескерисинче кыштоо болуп саналат. Экинчиден: бул кабар жеткенде Эсенкул Акбешимде болсо, анда ал Түлөберди менен Ашмарага согуш аяктай электе эле жетмек. Ошондуктан, аны Түлөберди менен Үчалматыдан келген деп түшүнүү керек. Б. Солтоноевдин бул согушка сарыбагыш-бугунун катышканы белгисиз деген себеби дагы ушундан улам келип чыккан.
*Булардан башка, Абылай жөнүндөгү акыркы имиштерди атайы сурамжылап, Семипалатинек чейин барып, 1780-ж. 16 июнунда Омск чебине кайтып келген тилмеч М. Бекчуриндин өзү: Абылайдын апрель айында эки миңге жакын казактары менен Түркстанда турганын, жанында Абылпеиз султан бар экенин жана Омск чебине кайтып келе жатып, 11 майда Семипалатинск чебинен старшина А. Азаматовго жолукса, ал соода жасап келген казактардан Абылайдын Түркстандан кетип, Ташкенден алты күндүк алыс жерге келгенин, анан кыргыздар адетинче уру-улук адатын карматып, тоодон түшүп келип, казактардан үч мертебе көп жылкы айдап кеткени тууралуу укканын айтат.
Ушул материалдарды, кыргыздардын оозеки санжырасында айтылып жүргөн кээ бир маалыматтарга салыштырып карасак, анда Абылайдын кыргыздарга жасаган акыркы чабуулу бир эле учурда: күздө, анан жазда - катары менен эки жолу болгон. Эгер жогорудагы Моисеевде айтылгандай болуп, Абылайдын күздөгү келишинде Садыр аман калса, анда кийинки жылдын жаз айларында Абылайдын кайра бир келиши мүмкүн. Мындай болсо, жогорудагы Түлөбердинин Абылайга барып, кайра кайтаарындагы Абылайдын «Куда кааласа, жазда барам» дегени да чындык. Демек, Түлөберди Абылайдын алдына эки жолу эмес, үч жолу барган.)



#131 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 27 Октябрь 2009 - 15:43

уландысы 2

Абылай кошунун тигип, Түйүшкөнгө -Үчкайыңды-нын куйганы, Корготуда жата берет, ал да өлгөнүн эсеп-теп. Кыргыздан колго түшкөнүн өлтүргөнүн өлтүрүп, колго түшкөнүн дарга куруп, өлтүрбөгөнүн багып, колго түшкөн малды союп жеп. Садыр[ды] баласы менен өлтүргөн, Жайылды балдары менен өлтүрмөй болот*. Момоконду Жоогач сурап алат, өлүмдөн; «сатуусун мен берейин» деп. Момокон Жоогачка айтат: «Жайылды кантесиң? Картаң неме эле, балдары менен өлүмдөн куткар?» дейт. Жоогач келип сураса - Абылай макул десе да - башка казак болбойт. Абылай: «өзүң көрүп турусуң, бирөөнү берейин?» дейт. Жоогач баатыр Жайылга келет: «сизди бермей болду» дейт. «Мени кой, картайып калдым, Текени сурап ал?» дейт. Теке: «үч уулум калды, Үсөн сен бар?» дейт. Теке улуу экен, Үсөндөн. Үсөн айтат: «менден эки уул калды. Ошол да тукум болот» деп. Үсөн, Теке экөө акылдашып: «Жоогачка берсе, бөлөк эненин баласы эле, Үсөн, Теке экөө. Кичи эненин баласы Итикени өлтүрүп, өзү келиптир деп жүрбөсүн, катын ала элек жаш бала эле, 16да, ошол Итикени бошот!» дейт экен Үсөн, Теке Жоогач баатырга. Жоогач Итикени сурап алат, Абылайдан. Ушуну менен Жоогач аркылуу Момокон, Итике өлүмдөн кутулат.

 

Абылай хан ошол жерде жата берет. Бул жата бергенин билип, бугу, саяк, солто, сол уругу; кытай, саруу ичине сиңген кыргыздар чогулуп: «эмне кылабыз?» дейт. Сейит кеткен бою менен келбейт*. Эсенкул, Качыке баатыр, Кебек бий, Туума бий дагы башкалары ар кайсыны айтышат. Урушту каалашпайт. Эсенкул баатыр айтат: «мурункусу казактан эле. [Азыр] Абылай келгени биздики болду. Анын жазасын тарттык. Эми бир жыгылсак, конуш эмес, өзүбүз кайда кеткенибиздин дайнын таппай калабыз. Чогулуп туруп кармашсак болот эле, мындай болот белек-болбойт белек? Садыр, Момокон аксымдык кылып, ашынып кетти. Менин оюма көнсөңөр, анча-мынча конуштарга карабай, ушул Абылай көнсө, сүйлөшүү керек» дейт, Эсенкул баатыр.

 

...Макул дешет көпчүлүк. «Кандай кылып сүйлөшөлү, Абылайга ким барат?» дешет. «Түлөберди бала, бер кел? Отур. Сөздү угуп отурсуң, сен көргөнсүң Абылайды, акылың жетсе, Абылайга ишенсең барып, сүйлөшөсүңбү? Жок, сен ишенбесең баягы тоо арасына барып, жата берели, көчүп» дейт, Эсенкул баатыр. Түлөберди: «мени Абылай эчтеке кылбайт, оң-солдон эки адам кошуп бериңиздер жана бул доордон өлгөн, майып болгон, таланган, колго түшкөн биздин солто, жана менин бир туугандарым, сиздер айпасаңыздар да мен барам, бирок баатырлар, өлгөн солто, Садыр, таланган солто деп мени сөзгө калпычы кылба-гыла?» деген экен Түлөберди. «Жана айтарым, казактын издегени конуш. Абылай мен көргөн Абылай бол-со, казак издегени конуш. Чанчкулу Бердикожонун издегени Карабайтиктин куну жана мал. Мен ушулардан баарын билип, ача келем, жакса көрөсүңөр?» дейт. «Макул, барып кел, сени ишенип жиберип отурабыз, өзүң эле бар, көнбөгөн кыргызды көрөйүн!» дейт, Эсенкул.
«Балам Түлөберди, кыргыздын тизгинин колуңа тийгизмек элем, тийгиздим, жашта баш болдуң, сени ордун таап иштейт деп отурмун, көп кеп айтып не кылайын!?» дейт, Эсенкул. Кебек бий; «атасы Жамансарт, энеси Жакшылык, өлтүрүп коет Абылай [деп,] болбой жатыр» дейт. «А[лар]га, баласы кой деп жатыр» дейт. Ошондо 22де экен Түлөберди. Эсенкул, Качыке, Туума, Кебек төртөө келип, Эсенкулдан улуу экен Жамансарт. Эсенкул баатыр; «кой, жеңе, агай. Бул сен үчүн туулган бала эмес, эл үчүн туулган!» деп, төртөөлөп болбой жатып, атка мингизген экен дечү эле, мурунку чалдар. Түлөбердинин алганы Туума бийдин кызы* экен. Жамансарт өзү үй кишиси экен, босогосунан тилеген киши эле дешчү эле, илгерки чалдар. Мен жазган жогорку эски сөздөрдүн көбү, ошол Түлөбердиден калган сөз, кулактан-кулака, атадан-балага, бала-дан-атага тарыхы жомок болуп.
...Ал Түлөберди бир жолдошу менен барган экен. Жолдо кароолчулары кармайт, «мен элчимин» деп айтса болбой. «Сендей жаш баланы жиберчү беле? Бизге айткан, кыргыздан элчи келсе алып кел деп, жүр эми канга баралы» деп, алып жөнөйт экен. «Канга барганда минтип айтып бар деп, бала экенсиң деп, башымды катырды деп күлүп койчу экен деп, айтчу экен, Түлөберди баатыр» деп, чалдар айтаар эле.

 

Ошону менен барат Абылайканга. Барчу кааданы билем, адеп канга барганда чөгөлөп, жакындап бар-ганда дечү экен, Түлөберди баатыр. Жакшылап таа-ныйт, көрүшөт. Болгон ишти баштан-аяк хан айтып берет. Түлөберди да сөзүнө жараша ылайыктуу сөздү айтат. Түлөберди айтчу экен: «Абылай өзүнө макул сөзгө
ордунан жылчу эмес эле, жана жанындагы баатырлар, бийлери, увазирлери да бар эле, өзү билип эле иштей берчү эле. Абылай кеңешели, антели, минтели дечү эмес. Ачып-ачып эле, өзү бүтүмдү дада кылып койчу эле.

 

Казактарды бир далай жабырып-жабырып, сенин издегениң жер, анан калса мал деп сөз баштады» дейт экен, Түлөберди баатыр. Мен Абылайдын [сөзүн] Түлөбердинин сөзүн[нөн] жазып отурганды артык көрдүм, кыскасы тирүү калган жетим-жесирди, колдо калган малдын баарын кайтарат, жер тууралу да болжол айтат. Талас жагына мейли дейт. «Чүй, ушу Түйүшкөн болсун, Уландын учугун басып, Чокмордун бели болсун. Ошондон жогорку Чүйдүн тоосу эки жагы, күнгөй-тескей, Ыргайтыга чейин* кыргыз сеники болсун!?» дейт Абылай. Түлөберди: «мунуңузду айтып барып, башчыларды алып келем, бирок, өз бетимден бир ооз сөз кошом. Сиз, Таластын суусу чек болсун дейсиз, Күйүктүн бели чек болсун, Кичибуурул, Чоңбуурул тоосу чек болуп, аягы туптуура Түймөкенттен, Таластын суусун кечип, Абылкайырды* басып, Корготуну жээктеп, Түйүшкөнгө келип, Уландын учугун басып, Тескейге түшүп, Ыргайтыга чейин дейсиз. Менин кошоорум, кыргыздын каны көп төгүлгөнүн билесиз, ошол Чокмордон тартып Илеге чейин барып, Сарытокумдан токтосун?!» дейт. Казактар чычалайт. Абы-лай: «казактар бизде эмнеси калды?» деп отургай экен. Ошондо: «таксыр, кыргыздын азайып калганы го, же тоо арасына кирип кеткени го жана жарымы Пергана жака ооп кеткени го. Күйүктүн бели менен Буурулдан бетегелүү Койташка чейин канча жер? Андан тартып Буурул, Түймөкенттен төмөн Таластын аягы канча жер? Таластан Абылкайырды басып, Корготуга келип, жээктеп, Түйүшкөнгө келип - мындан ылдый канча жер? Уландын учу менен Чокмордун бели, андан ылдый канча жер? Кантоосу, Байгара, Жамбыл тоосуна чей-ин канча жер? Жана Иленин нар жагы канча жер?» деген экен. Омон (?) Төлө бий* менен Букар жырау «Ойпырым-ой, жас бала, мынша жерди кайдан билип алдың?» деген экен. Ошондо Түлөберди: «ар бир адам баласы өзүнүн туулуп-өскөн, киндик кесип, кир жуу-ган жерин билип жүрүүсү милдет эмеспи, бийлер!» деген. Абылай; «мен бул баланы сендерге айтып жүргөмүн, сол гой деген» дейт.

 

Түлөберди кыргыздын башчыларын алып келмей болуп, убада кылып малды айдап, жетим-жесирди, тирүү калган эр-азаматтарды алып, Момокон агасы менен Итикени ээрчитип, Сокулукта отурган айылына жана кыргыздын чогулуп жаткан жерине келген дейт. Түлөбердиден сөздү угуп: «жер туралуу таап айтыпсың. Көчүп келбеген оң-солдун жерин талашып жүрүп өмүрүбүз өттү. Сарыбагыш, солто, саяк, бугу, кытай, саруу элдери ата-бабабыздан бери тукумубуз да өспөй калды» - деп, Эсенкул баатыр каарланып, ачууланып бир далай кеп айткан экен, арман кылып* - деп илгерки чалдар айтчу экен.

 

(*Бул жердеги, «көчүп келбеген оң-солдун жерин талашып жүрүп» деп, Эсенкулдун арман кылып, ачууланганы; Эсенкулдун бир туруп, Талас жагын - бир туруп, Иле жагын адегенде калмактардан, кийин казактардан коруп жатканы айтылып жатат. Мындан башка, кийинки оозеки маалыматтарда, ушул кезде анын Кашкар жакка барып, кытайлыктар менен да чек бөлүшүп, ошол, чек бөлүшкөн дөбө, «Эсенкулдун чек дөбө» деп аталып жүргөнүн 1916-ж. үркүнгө барган чалдар көрүп келишкен).

 

Ошону менен аты айтылган баатырлар, бийлер, ар уруктан бир киши болуп, Түйүшкөнгө, Абылайканга барып, жер чегин ажыратып: мурун өткөн-өттү кылып, кеткен-кетти кылып, ортосунан мурункудай чабышты коюп, дос-тамыр, куда болуп жүрө турган кылып, бир чатак болсо, [бир] бирине келип жүрмөй болуп, кекти коюушуп, Абылайдын алдында казак-кыргыз ынтымак болушат. Абылай алды салык албас болот. Бирок, бөлөк бир эл менен жоолашып жардам сураса, жардам бере турган болот.

 

Кыргыз жер чегин - батыш жагы; Буурул, Түймөкент, Абылкайыр, Түйүшкөн, Күйүктүн бели, Корготунун Чүйгө куйган жери, ошондон Чүйдүн суусун кечип өтүп, Чокмордун кайкысын басып өтүп, Иленин суусун жээктеп келип, Үчалматыга токтойт. Кыргыз жери[нин] башы - Үчалматы, түндүгү - Иле бою, аягы Чокмордун бели, Корготунун Чүйгө куйган жери, батыш жагы - Кичи Буурул, Чоң Буурул, Күйүктүн бели, ушул чек болуп, казак-кыргызка Абылайдын алдында бүтүм болот.

 

Түлөбердини, элчилике акүйлүү дечү экен, элчини көчүрүп берет, Абылайдын жанына. Казак-кыргыздан экинчи чатак чыкса бүтүрүп турууга. Сарытокум казака калат. Сарытокум деген жер жакшы жер болот дечү чалдар. Сарытокум Иле боюнда болот дешчү чалдар. Ушуну менен казак кыргыз Абылай өлгөнчө тынч болот*.

 

Жыйынтыгын эми өзүң чыгарып алаарсың.


Сообщение отредактировал alma: 27 Октябрь 2009 - 16:33


#132 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 27 Октябрь 2009 - 16:23

3. Сарыбагыш менен Бугу чабышпай койсо, Бугулар Ормондун кызыл тебетейин таанып эле койсо же бир тууган болгондон кийин өлчү каныбыз өлүптүр, кан жалпы кыргызга тең деп сарыбагыштар бугуга кол салбай койсо далай жерлерибизди казак менен кытай камчыга ченеп бөлүп кетпейт беле деген ойлор туулат...

 

Ормон хан болгон эмес деш, совет бийлигинин - кыргыздын орус келгиче өз мамлекети болгон эмес деген көз карашынынын колдогонго тете го.

 

Анткеним, тарыхчылар ар бир элдин эгемендүүлүгүнүн, мамлекеттүүлүгүн, талкуулалаганда анын башында ким турганына жараша бүтүм чыгарышат.
Мисалы, Энесайдагы кыргыздын башында бир кезде каган, бир кезде ажо, бир кезде инал титулун алгандар турган.
Баш адамдын титулу мамлекеттин, элдин саясый абалын тактап турган. Мисалы кыргыз уйгурга ийлиштүү болгондо, баштыгын каган атай алган эмес.

 

Ошондуктан, Ормон хан болгон - болгон эмес, деген талкуу, кыргыз 19 кылымда өз алдынча мамлекет болгон же болгон эмес деген маселелин бир өңүтү болуп калып жатат.
Ким кайсы көз карашты тутунса ал өз иши дечи.

 

"Бугулар Ормондун кызыл тебетейин таанып эле койсо" дегенде, 1842 жылы жалпы кыргыздын курултайына катышып, Боромбайдын Ормонду хан деп таанып, чыбык кыркып, "душманга колтук ачкан, ушул чыбыктай кыркылсын" - деп чыбык кыркып ант бергенин кайда алып барып койобуз?

 

Ормон менен Боромбайдын оротосунун суушу эменеде?
Көбүнчөсү ордодон улам чыккан чырды айтып жүрүшөт.
Менин ойумча бул сырткы шылтоосу.
Чыныда Ормон Боромбайдын оруска ыктап кеткенине жаалы келип жүргөн.
Бири кыргыздын биримдигин сактап калайын деп, бири эптеп сырткы элдин жардамы менен болсо да ага каршы турайын деп.

 

Болуптур, эми өлгөн хан өлдү деп, чабышты болтурбай койсо болмок беле?
Б. Солтоноев чоң согуш алдында, мейли кунун кесели, биригип эл бололу деп, ортого сарбагыштан Калыгул менен Шамен, сайактан Алакөз менен Жантай, бугудан Солтонкул чыгып сүйлөшүшкөндө, эки тараптын тең көпчүлүгү ынабай койгон дейт. Ошону менен чабыш жүрүп кеткен.

 

Ошондуктан, бул чабышты бир чыгарбай койсо Боромбай чыгарбай койо алмак. Убагында Алыбектин сөзүнө кирип Ормонду өлтүрткөнгө макул болбой койсо эле болмок. Ошондо бекем ойлонсо болмок. Ал санатына жетти, жүрөгүнүн үшүн алган Ормондон кутулуп тынды.
Бирок анын арты эмне болду баарыбыз жакшы билебиз.

 

А кыргыздын жерин казак менен кытайдын камчыга ченеп алганына сарбагыштын бугу менен чабышынын тийешеси канча. Ормон өлгөндөн кийин эле орус келген. Жерди анан орус бөлгөн.
Бир чети туура, эгер жалпы эл бир жакадан баш, бир жеңдең кол чыгарганда, Кененсарынын 20 000 колун бытыраткандай эле, сырткы душманга туруштук бере алмак. Ошондо деле Кененсарыны талкалаганга чамасы жеткен Ормон, өз кудасынын колунан өлүп кетпегенде, кыргыздын дагы далай душманын талкалаганга кол баштап бермектир, аттиң ай кайран киши!

 

”Өмүрүм кыргыз элимди коргойм деп ат жалында өттү. Беттешем деп чыккан душманды эки бөлө чапкан кылычымдын күчү кыргыз ичиндеги элимди уруу-урууга, кокту-коктуга бөлүп, күнүмдүк өмүрүнүн ”көмөчүнө” чок тарткан арамдардан тазартууга жетпеди. Урпактарым ушундай арам тамактардын азабын дагы далай тартышаар” - деп кыргызды бириктиргенге аракет кылып өтөсүнө чыга албай кеткен Эсенгул чоң атасынын ишин улантып жүрүп ал киши да кетти.


Сообщение отредактировал alma: 03 Ноябрь 2009 - 22:12


#133 oorschelp

oorschelp

Отправлено 28 Октябрь 2009 - 05:59

Туугандар, эл-жер учун жан берген томонку баатырлардын аттарын да унутпашыбыз керек:
Николай Яковлевич Ананьев (Ысык-Кол, Сазановка айылы , азыркы Ананьево)
Григорий Ефимович Конкин (Ысык-Кол, Покровка айылы)
Григорий Алексеевич Петренко (Ысык-Колдун Боконбаев айылынан)
Чолпонбай Тулебердиев (Таластан, Чымгент айылы)
Дуйшенкул Шопоков (Сокулук районунан Шалта айылы)

 

Ким бар эле дагы?
Дагы 28 баатырдын арасында биздин жердешибиз Добробабин (аты-жонун билбейт экем, Иван бирбалекетович) айтылбай калат.


Сообщение отредактировал oorschelp: 28 Октябрь 2009 - 06:01


#134 Гость_akdI_*

Гость_akdI_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 10 Ноябрь 2009 - 16:21

Калыйнур Усенбеков (с Ой-булак ,Туп р-н ,Иссык-кёл обл) -Герой Советского Союза,Казак Джаркымбаев (с Джаркымбаево Ысык-кёл обл )- Герой Советского Союза,Джумаш Асаналиев (джетыогуз Ыссык-кёл обл) Герой Советского Союза. Абдыкасым Карымшаков (с Курменты Туп рн Ыссык-кёл обл) Кавалер ордена Славы.



#135 rasomah

rasomah

Отправлено 01 Апрель 2013 - 10:07

Шабдан баатыр
299109_155431844622548_1752191850_n.jpg
ээринбестен окуп тарыхыбызды жакшылап билели.

 

Шабдан баатыр жана ислам дини

 

Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Шабдан Жантай уулунун кыргыз элинин өз мезгилинде төбөсү көрүнгөн чыгаан инсандарынын бири болгону жалпыга маалым. Анын кыргыз тарыхында жасаган иштерине, сиңирген эмгегине жараша өз орду жана салмагы бар. Тектүү жерден чыккан, көп кырлуу таланты бар бул адамдын саясий бейнеси, саясий жана коомдук ишмердүүлүгү, адамдык касиеттери изилдөөчүлөрдү өзүнө тартып, кызыктырып келет.
Арийне, акыйкаттык үчүн айта кетишибиз абзел: кыргыз элинин ичинде, кыргыз тарых таануу наамасында Шабдан баатыр тууралуу бирдиктүү пикир жок, өзгөчө анын Кыргызстандын Орусиянын курамына киришиндеги ролу ушул кезге чейин тарыхчылар арасында кызуу талаш-тартыштарды жаратып келет. Айрым изилдөөчүлөр аны улуттук баатыр деңгээлине көтөрсө, башкалары буга такыр эле карама-каршы келген көз караштагы ойлорду айтышат. Демек, кыргыз тарыхында Шабдан баатырга тиешелүү таасын жана адилет тарыхый, саясий жана инсандык баа берүү милдетин чечүү зарылчылыгы бар.
Учкай баса белгилеп кетмекчибиз, Шабдан баатырдын жашоосу, өмүрү кыргыз элинин кыйын кезең, оош-кыйыш мезгилине дал келди. Кыргыз урууларынын Кокон хандыгы менен болгон татаал мамилеси, тагдырды тандоо, келечекке карата өнүгүүнүн багыттарын аныктоо же Орусиянын курамына кирүү процесси, феодалдык бытырандуулук же кыргыз урууларынын ыркы келишпей кырды-бычак мамиледе болуп жашашы, биримдиктин жоктугу жана башка ушул сыяктуу олуттуу маселелер Шабдандын көз караштарына, ээлеген позициясына, кабыл алган чечимдерине, жасаган иштерине өз таасирлерин тийгизбей койгон эмес. Ошондой эле, жеке баамыбызда Шабдан баатырдын Нарын, Алай жерлериндеги кыргыз урууларынын Орусиянын карамагына өтүшүндөгү талаш жаратып келе жаткан ролу, анын алысты көрө билген даанышмандыгы, зиректиги, эр жүрөк өткүрлүгү жана бабасы Атаке бий, атасы Жантайдын иштерин улантышы, алардын керээзин, кеңешин аткарышы, жаңы бийликтин өкүлдөрүнө берген өз сөзүнө, антына айныбай бекем турган адамдык, саясий жактан туруктуулугунан, курал- жарагы мыкты орустун жазалоочу аскерлеринен бөөдө кырылуу коркунучуна тушуккан боордош кыргыз урууларына жан тарткан, аларды ажалдан арачалап калуу үчүн жасаган аракеттеринен кабар берет. Шабдан баатыр жөнүндө сөз болгондо, анын ишмердүүлүгүнө баа берүүдө мындай факторлорду сөзсүз эске алуубуз керек.
Ал эми биз бул чакан киришүү сөздөрүнөн соң, сунуш кылынган илимий баяндаманын темасына ылайык, анда белгиленген маселени талкуулоого өтсөк. Мында сөз негизинен, Шабдан баатырдын ислам динине болгон мамилеси, анын кудай жолунда жасаган ар кыл иштери, адамдык, инсандык касиеттеринин калыптанышына ислам дининин тийгизген таасирлеринин тегерегинде жүрмөкчү.
Шабдандын жаштайынан эле тири карак чыгып, Жантайдын башка балдарынан бөлүнүп тургандыгын көптөгөн булактардан байкоого болот. Атасы аны ар тараптан бышырып, турмуштагы кыйынчылыктарга көндүрүү максатында беш жашында койчулукка берип, тогуз жашында кайра колуна алган экен.1
Анын саясий турмушка да жаштайынан катышкандыгы тууралуу дагы маалыматтар көп эле эмгектерде кездешет.2
Ал эми Шабдан баатырдын жаш кезинде алган билими, көргөн тарбиясы жөнүндөгү маалыматтар өтө эле аздык кылат же жокко эсе десек болот. “Кызыл дубана” атыккан Шабдан баатырдын динчил болгону бизге маалым. Мисалы, Шабдан баатырдын өмүр баяны, кылган иштери, басып өткөн жолун чагылдырган негизги булактардан болуп саналган кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Осмонаалы Сыдык уулунун “Тарих кыргыз Шадмания. Кыргыз санжырасы” аттуу эмгегинде:

 

..Бала кезден баатырдын
Мертебеси артылган.
..Кайда барса – кадырдан,
Адамга кастык кылбаган.
Өзүн улук дебеген,
Текеберлик кылбаган.
Бой көтөрүп адамга,
Мен үлкөнмүн дебеген.
Мүчөсүн көр баатырдын,
Бейдаарат жүрбөгөн.
Намаз окуйт селде менен,
Мечитке барат азан менен.
Ошондой болгон заманда
Азыр адам бар бекен..
Бул саптардан динге берилген такыба адамдын образы көрүнүп турат. Бирок, анын диний билимди кимден жана кайдан алгандыгы, диний сабаттуулугу, диний көз караштары белгисиз, ал эми Шабдан жөнүндөгү эмгектерде анын элдин сабаттуулугун ачып, арттырууда, диний билимдерди жайылтууда жасаган иштери, ойногон ролу, диний адамдарга жасаган мамилеси сыяктуу мүнөздөгү материалдар басымдуулук кылат.
Мисалы, О. Сыдык уулунун эмгегинин дагы бир жеринде:
..Бу кыргызда оболку,
Дин үчүн кызмат кылганы.
Илим, өнөр жыйганы
Хан Жантайдын Шабданы,-деп жазылат.
Дагы башка фактыларга кайрылсак, ХХ кылымдын башында Шабдан баатыр Токмокко мечит, бир аз убакыттан соң Чоң-Кеминге мечит-медресе салдырган. Биринчисине 10 миң, ал эми экинчисине 15 миң сом өз каражатынан бөлүп берген. Чоң-Кеминдеги медреседе ошол мезгилдеги жаңы ыкма (усулу-жадид) менен 300 бала окуган. Оренбург, Казань, Уфа, Ташкент, Бухара, Самарканд ж.б.у.с. чоң шаарлардан мугалим, молдолорду алдырып, алардын жашоосуна жакшы шарт түзүп, чоң айлык берип балдарды окуткан.
Ал эми, Шабдан баатырдын диний билими болгонбу жокпу деген суроого төмөнкүдөй жоопторду берсек болчудай. Пикирибизде, Шабдан баатырдын диний билими, сабаттуулугу эл катары эле болгон. Ошол кездеги молдо, дубана - дервиш, кожо, калпалар сыяктуу дин өкүлдөрү менен баарлашып, сүйлөшүүдөн улам диний маалыматтарды алып, көз караштары калыптанган десек туура болот деп ойлойбуз. Эгерде атайын диний билим алса, кыраакы, билги Бухарадагы медресини бүткөн О. Сыдык уулу бул жөнүндө сөзсүз айтмак.
Шабдан баатыр жөнүндөгү материалдар көрсөтүп тургандай, анын эң башкы “душманы” болуп саналган Пишпек уездинин начальниги А. Талызиндин Жети–Суу облустук башкармалыгына багыштаган Ш. Жантаевдын кыргыздардын арасындагы ролу жана орду тууралуу жазган кезектеги рапортунда Шабдан баатырдын эл арасында кадыр-баркынын, абройунун жогорулаганын белгилейт. Ошондой эле, ал Шабдан баатырга болгон өзүнүн терс мамилесин, колдобой тургандыгын Шабдан баатырдын динчилдиги же анын эшен, кожо, молдолорго өтө жакындыгын, жана аларга боор тартып жардам бергендиги менен түшүндүрөт. Жардам иретинде аларга эл арасынан мал түрүндө кайыр-садага чогултуп жатат деген кабарды, имишти угуп текшерсек далилденбей калды деп жазат.
Ошол эле рапортунда А. Талызин, кыргыз урууларынын башчылары чогулган жерде кыргыздарды орус тилине окутуу маселесин көтөрсөм, Шабдан баатырдан башкалары жапа тырмак колдошуп, өзүлөрү тараптан эч кандай шарт коюшкан жок дейт. Ал эми Шабдан баатыр болсо мага ачык, түз эле бетке айтты, мындай мектептер мечиттердин алдында ачылышы жана карамагында болуп жана балдарга сөзсүз түрдө мусулман дини окутулушу керек деген шартты койду.
А. Талызин кийинки жылы орус-тузем мектептерин ачуу иштерин баштагандан кийин кыргыз башкаруучуларынын баары макул болгон соң, Шабдан баатыр айласы жоктон бул ишке кошулбаска чарасы калбады деп белгилейт. Ал рапортунда баатырдын бир да баласы орусча окуган эмес, ал эми бир уулу Анжияндагы диний медреседен жогорку мусулман билимин алган деп жазат.
Ушул жерден төмөнкү пикирди учкай белгилей кетишибиз абзел. Шабдан баатыр медресе, мечит ачып, молдо жалдап бала окутуп бир эле ислам динине дитин койуп, көңүлүн бурган десек жаңылыш болоор эле. Себеби, тарыхый фактылар айтып тургандай, атасы Жантай баатыр Кокон хандыгынан кол үзүп, Орусия империясына жакындай баштаганда тың чыкма баласы Шабданга: “эми булардын дилин, тилин, тарыхын үйрөнгүлө”–деген кеңешин, керээзин орундап, балдарды орус-тузем мектептеринен окутуп, Верный, Оренбург жана башка шаарлардан билимин улантууга да шарт түзүп берген. Айтсак, Шабдан баатырдын төртүнчү уулу Кемел (1882-1948-жж.) орусча билим алган. Верный шаарындагы гимназияны бүткөн. 1913-1916-жж. Сарыбагыш волостуна болуш болгон.
Шабдан баатырдын жаңычыл, коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөргө көңүл кош карабай, ар дайым сергек мамиле жасап, заманга жараша жашаганга үндөп, өзү дагы өрнөк көрсөткөнү көптөгөн материалдардан маалым.
Жогорудагы жазылгандардан мындай жыйынтыктар чыгат, биринчиден, Шабдан баатыр ага жасалган мындай кысымдан, бийликтин мамилесинен кийин Кемел деген уулун Верныйдагы орустардын эркек гимназиясына окууга жиберген көрүнбөйбү? Экинчиден, бул жерден Шабдан баатырдын ислам дининин таламын талашканын көрүүгө болот.
1889-ж. Анжияндагы көтөрүлүштөн кийин орус бийликтери ал окуядан сабак алып, кийин келечекте мындай кооптуу нерселерди болтуртпай койуу үчүн алдын алуу иш-аракеттерин жүргүзгөнү белгилүү. Биз буга далил катары, шектүү деп саналган Каракоңуздагы дунгандардын Шабдан баатырдын жана анын туугандары менен орус бийлигине каршы көтөрүлүштү уюштурушуп, өткөргөнү жатышат деген Каракоңуз болуштугунун башкаруучусу дунган Сабыр Дивандын Пишпек уездинин начальнигинин дарегине жиберген рапортун текшергенден кийин, Жети Суу облустук прокурорунун жазган корутундусунан байкоого болот. Анжияндагы көтөрүлүштөн чочуп калышкан орус бийликтери жер-жерлерден келген шектүү деп табылган кабарлардын баарына көңүл бурушуп, териштирип башташкан. Каракоңуздун болушу жергиликтүү дунган Маляншин жана анын адамдары Ш.Жантаев жана анын туугандары менен жолугушуп жатышат, бир нерсеге же көтөрүлүшкө даярданып жатышат деген тымызын кабарын уезддик начальникке жөнөтөт. Ал кабарда дунгандар Шабдандын үйүнө, анын туугандарына барып жатышкандыктарын, курал-жарактарды (бычак, жөн эле бычак эмес, таякка, шыргыйга сайып – найзага да айландырса боло турган бычакты) жасашып жатат деген сөздөр жазылган эле. Мындай кабар Шабдан баатырды көрө албаган, ага тиш кайраган А. Талызиндин “чырагына май тамызат”. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында, Шабдан баатыр дунгандар менен эч кандай шектүү жолугушууларды уюштурбагандыгы, эч бир үйдөн, устаканалардан курал - жарактар табылбагандыгы белгилүү болот, же б.а. болуштун сөзүнүн калп экендиги далилденет. Анжияндагы көтөрүлүштүн “ысыгы тарай” электе Шабдан баатырдын душмандары аны жаманатты кылып, эл арасындагы абройун төмөндөтүп, орус бийлигинин ага карата болгон сый-урматынан ажыраталы деген аракеттери, тилектери таш кабат. Андан дагы таасири өсүп бара жаткан ислам факторуна такап, байланыштырып, ислам динине колдоо көрсөтүп, жан тарткан Шабдан баатырды да кошо талкалайлы деген орус бийлигинин айрым бир төбөлдөрүнүн ойлору да ордунан чыкпаганын байкоого болот.
Ал катты текшерүүнүн жыйынтыгында, бул чагым кат болгону дунгандардын ортосундагы эле бийлик талашуудан улам жаралганы же дунгардын тың чыкмасы Маляншин менен болуш С. Диван экөөнүн ортосунан келип чыккан теңтайлашуунун негизинде, аны бийлик талаштырбай бир аз “жүдөтүп койоюн” деген аракетинин эле кесепети экендиги анык болгон.
Шабдан баатыр 1904-ж. 65 жаш курагында мусулмандар үчүн ыйык болуп саналган зыярат парзын өтөө үчүн Мекеге сапар тартат. Тактоо иретинде белгилей кетишибиз абзел, Шабдан баатыр ажылыкка жөнөп жатканда айтылуу кара жаак Калмырза ырчы минтип ырдаган экен:
..Башында баатыр ойлогон,
Медийне, Меке барышка.
Кабыл болсун ажыңыз,
Хан болду 40 жыл жашыңыз.
Быйыл 61де жашыңыз,
61 жашыңда башына селде чалынып.
Байгамбарга жанынан,
Таажы тагып таштады,
Ажыга сапар баштады...
Калмырза акындын Шабдан баатырды 61 жашында ажылыкка аттанды дегени туура эмес, ал кезде баатыр 65 жашта болгон. Шабдан баатырдын уулу Кемел “Шабдан баатырдын кыскача тарыхы” аттуу кол жазма эмгегинде Шабдан баатыр 1904-ж. Мекеге ажылыкка өзү менен кошо 20 кишини алып, алардын чыгымынын баарын өзү жеке төлөп барган деп жазат. Алардын чыгымын эле төлөбөстөн, Стамбулдан Мекеге кетүүчү темир жолдун курулушуна жанынан 2000 сом бөлүп берип, бул окуя Түркиянын гезиттерине жарыяланып, султан аны алтын медаль менен сыйлагандыгын да белгилейт.
Ажыга баргандардын арасында Шабдандын экинчи аялы – саяк Шааке эне , жакын досу Жаныбек жана башкалар болгон экен.
Шабдан баатыр Мекеге ажылыкка барып келгенден кийин дин жаатындагы маселелерге өтө көңүлүн койуп, аларды чечкенге активдүү аракеттерди жасап белсенип киришет. Пикирибизде, ажылыкка баргандан алган таасирлери да чоң роль ойноду десек жаңылышпайбыз. Анын үстүнө адамдардын жашы өткөн сайын динге көбүрөөк кайрыла башташы да мыйзам ченемдүү табигый көрүнүштөрдөн эмеспи. Шабдан баатырдын масштабдуу, кыргыз эле эмес жалпы Орто Азиялык деңгээлдеги коомдук ишмерлигин, даанышмандыгын, саясий жактан кыйла эле такшалып, жетилип калгандыгына, анын Түркстан чөлкөмүндө жашаган мусулмандардын атынан Россия империясынын Министрлер кабинетинин төрагасынын наамына даярдаган 11 пунктан турган петициясы күбө боло алат. Бул петиция орус өкмөтүнө багышталып, мазмуну, түзүлүшү боюнча эки чоң маселеге арналган. Биринчиси, бул дин жана диний билим берүү, тарбия маселелери болуп саналат. Петицияда көтөрүлгөн экинчи чоң маселе – жер, жерди пайдалануу укугу сыяктуу олуттуу суроолорду кучагына камтыйт.
Тактап айтканда, петицияда мусулмандардын укуктарынын бузулуп, сакталбай жаткандыгы, Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын Диний башкармасын түзүп, ага өз алдынчалык статусун берүү; мечит жана медресе ачууга тоскоолдук кылбай уруксат берүү; ал жерлерде балдарды окутууну өз эне тилинде жүргүзүү; гезит, журнал, китептерди басып чыгаруу эркиндиги; кесиптик билимге ээ болуу укугу; кыймылсыз мүлккө жана жерге болгон менчиктин укуктарынын теңдиги сыяктуу маселелер көтөрүлгөн.
Петицияда көтөрүлгөн маселелер Түркстан чөлкөмүндө жашаган мусулмандардын көйгөйлөрү, алардын жашоосунан, падышалык орус өкмөтүнүн жүргүзгөн колониял саясатынан, мамилесинен улам келип чыккандыгы белгилүү. Ошону менен бирге бул петиция масштабдуу, терең маселелерди коё билген Шабдан баатырдын чоң саясатчылардын бирине айлангандыгын далилдейт. Ошондой эле, Шабдан баатырдын ошол кездеги Россиянын ички саясатынан, абалынан же 1905-ж. буржуазиялык-демократиялык революциядан жана анын натыйжаларынан да кабары бардыгы анын кадыресе такшалып калган саясатчыга айландыгын тастыктайт.
Орус бийликтери Шабдан баатырдын мындай кыймыл-аракеттерди башташына, уулу Аман экөөнүн кол топтогондоруна тынчсыздана башташкан. Алар ар кайсы инстанцияларга кат жазышып, бул петициянын мыйзамдуулугун текшерүүгө киришкен. Мисалы, Капал уездинин начальнигинин жардамчысы капитан Вирскийдин 1905-ж. 6-июнда Пишпек уездинин начальнигине жазган рапортунда Шабдан баатырдын мусулмандардын атынан маселе койууга жана борборго барууга жол берген ишеним катка (доверенность), Жети-Суу облусунун 6 уездинин жашоочуларынан кол топтолгонун же жалпы эле Түркстан крайынын жашоочулары жана алардын жетекчилеринин колдору коюлганын жазат. Бирок, Капал уездинин начальнигинин кызматын аткаруучу подполковник Лебедев Жети-Суу облусунун аскер губернаторуна жазган катында Шабдандын жана анын баласы Амандын жасаган иштерин жактырбагандыгы айкын көрүнүп турат, мындай иш-аракеттер аскер губернаторунун, сиздин жеке уруксатыңыз боюнча гана жасалышы керек эле деп кыйытат.
Бул каттарды анализ жасоодон төмөндөгүдөй жыйынтыктар келип чыгат. Орус бийликтеринин мындай көрүнүшкө даяр эместиги, күтпөгөндүгү байкалып турат. Алар Шабдан баатырдын демилгесин негизинен коркунучтуу деп таап, аны “выскочка, самовыдвиженец” же жалпынын кызыкчылыгына жамынып алып өзүнүн жеке кызыкчылыгын эле көздөгөн адам катары көрсөтүүгө аракет жасашкан. Ошондой эле, Шабдан баатырдын колониялык саясаттын кесепетинен улам топтолгон маселелердин баарын орус падышасы эле чече коёт деген байоолугу, орус бийликтерине болгон ишеними кайтпаганы, мокобогону көрүнүп турат.
Шабдан баатыр өлгөндөн кийин, Октябрь революциясы жакындап калган мезгилде орус бийлиги ар нерседен шек алып, диний фактордон корккондугун, тынчсызданганын да белгилеп кетүүгө болот. Айталык, Жети-Суу облусунун аскер губернаторунун өзгөчө тапшырмаларды аткаруучу ага кызматкери А.Н. Прокоповдун Токмок уездинин участкалык приставынын милдетин аткаруучу штабс-капитан Ю. Кутуков менен аскер милициясынын старшинасы Шабдан Жантаев жана анын уулдарынын пантюркисттик кыймылга тиешеси бар деген башка шектүү адамдар менен байланышы бар деген кабарды текшерүүгө арналган рапорту да анализ кылууга арзый турган маанилүү документ болуп саналат. Ал рапортто Ю. Кутуков каза болгон Ш. Жантаев менен жакын мамиледе болгону, тез тез кезигишип турганы, өзгөчө кыргыздын дагы бир таасирлүү, абройлуу манабы – Дүр Сооронбаев менен абдан ысык, жакшы мамиледе болгондугу айтылат. Ошондой эле, Кутуков үй-бүлөсү менен Дүр Сооронбаевдын коштоосу менен 1912-ж. декабрь айында Каир шаарына барат экен деген да каңшаар кабар айтылат. Эң кызыгы, рапортто Дүр Сооронбаев орус империясынын “элдешкис душманы” деп аталып, ал жана анын жанындагы адамдардын көздөгөн максаты – пайгамбардын керээзин ишке ашырып, бардык мусулман элдерин бириктирип жана башка диндер менен болгон күрөштө саясий жана диний үстөмдүккө, акырында жеңишке жетишүү болуп саналат деп жазылып турат. Штабс-капитан Ю. Кутуковдун үстүнөн түшкөн арызды, чагымды текшерүүнүн жыйынтыгында, ага коюлган күнөөлөрдүн баары жокко чыккан.
Жети-Суу облусунун аскер губернаторунун өзгөчө тапшырмалар боюнча ага кызматкери Н.А. Прокоповдун ал чагым катты текшергенден кийинки билдирүүсүндө “Дүр Сооронбаевди Россия империясынын элдешкис душманы” деп айтканга эч кандай негиз жок, анын саясий көз карашы бизге абдан эле түз, ал эми анын жактырбаган, сындаган нерсеси – жергиликтүү келгиндер башкармалыгынын кызматкерлеринин (чиновники Переселенческого управления) жүргүзгөн “терс” (колониялык) саясатынын натыйжасында пайда болгон татаал мамиледен улам келип чыккан деп жазат. Дүр Сооронбаевдин пикири боюнча, жергиликтүү кыргыздардын жерлерин тартып алуу басаңдабай, кайра күчөп, көптөгөн кыргыздардын жакырланышына дал ошол башкармалыктын кызматкерлери күнөлүү деген ою себеп болгон. Прокопов мындай пикир бир эле Дүр Сооронбаевге эле эмес, Пишпек, Пржевальск уезддеринин көптөгөн кыргыздарына таандык деп белгилейт. Ал эми Ю. Кутуковдун Д. Сооронбаев менен жакын мамиледе болгондугунун себебин төмөндөгүдөй деп түшүндүрөт: Д. Сооронбаев орусча таза, так сүйлөгөн билимдүү адам. Мындай нерсе чет жерде жайгашкан Токмок үчүн сейрек көрүнүш болгон. Аны менен ар кыл темада маек курса болот, деп белгилейт орус чиновниги. Д. Сооронбаевди душман кылууга негиз болгон дагы бир факты: ал да Шабдан баатыр сыяктуу Санкт-Петербургга барып, падыша өкмөтүнүн алдында жер маселесин көтөрүп, кыргыздардын укугун коргойм деген аракети болгон. Текшерүүдөн кийин жашыруун катта жазылган Ю. Кутуков менен Д. Сооронбаевге коюлган айыптардын бардыгы тең алардын көптөгөн душмандарынын эле кыянат иштери, же “беш өрдөктөрү” деген жыйынтыкка келишкен. Бул жерде белгилей кетүүчү дагы бир жагдай бар. Дүр Сооронбаевге 1912-ж. Санкт-Петербургга статс-секретарь Кривошеинге Пишпек уездиндеги кыргыздардын жерин тартып алууну токтотууну сурануу-өтүнүчүн тапшыруу укугу берилген эле. Бирок, белгисиз бир себептер менен Д. Сооронбаев ал жакка бара алган эмес. Орус чиновниктеринин жер боюнча Кыргызстандын жергиликтүү калкына карата жүргүзүшкөн колониялык саясатына чечкиндүү каршы чыгып, күрөшкөн кыргыздын чыгаан уулу Дүр Сооронбаевди динге жармаштырып, “пантюркисттик идеяларга” берилген адам, Россия империясынын “элдешкис душманы” деген жарлык тагып каралап, жаманатты кылууга аракет жасашкандыгын байкоого болот.
Биз жогоруда сөз кылган жашыруун катта дагы бир фактыны изилдеп, текшеришкен. Сөз Токмоктун тегерегинде жашаган кыргыздардан Балкан жарым аралында жайгашкан мамлекеттер, Греция менен согушуп жаткан Түркияга жардам катары акча каражаттары чогултулду деген кабар жөнүндө болуп жатат. Бул факты да далилденбей, анда жазылган көп имиштердин бири экендиги анык болгон. Мындай “беш өрдөктөрдү” Шабдан баатырдын тукумдарынын көп сандаган душмандары учурган. Ал кабарды текшерген чиновник башкаларга жардам бергидей Шабдан баатырдын балдарынын финансылык абалы деле жакшы эмес, аларда чоң акча жок, алар ансыз деле көп чыгым тартып жатышат деп белгилейт.
Бул жазылгандардан төмөндөгүдөй жыйынтыктар келип чыгат. Биринчиден, орус империясынын курамына кирген кыргыз жергесинде чечилбеген көптөгөн проблемалардын бардыгын байкоого болот. Падышалык өкмөттүн ырайымсыз колониялык саясаты, өзгөчө жер маселесинин акыйкатсыз чечилиши социалдык чыңалууларга алып келген. Орус бийлигине жан аябай, берилип кызмат өтөшүп, эмгектери сиңген, көптү көрүп, көптү билген, кыраакы Шабдан баатыр, Дүр Сооронбаев сыяктуу адамдар мындай чыңалуулардын алдын алып, сүйлөшүү, тынчтык жолу менен чечкенге жардам берели деген ой-максаттарын, иш-аракеттерин орус администрациясынын жер-жерлердеги чиновниктери туура түшүнүп, кабыл алышкан эмес. Албетте, мындай саясаттын келечеги жоктугу белгилүү эмеспи. Өз убагында чечилбей, топтолгон маселелер, социалдык чыңалуулардан 1916-ж. көтөрүлүш келип чыкты. Ал болсо Улуу Октябрь төңкөрүшүнүн алды болду. Экинчиден, жогорудагы сөз болгон документтердин анализи көрсөтүп тургандай, 1898-ж. Анжияндагы көтөрүлүштөн кийин падышалык бийликтин диний фактордон чочулаганы сезилип турат. Үчүнчүдөн, падышалык өкмөттүн колониялык саясатына каршы чыгып күрөшкөн, жергиликтүү элдин кызыкчылыгын коргогон билимдүү, эр жүрөк, мекенчил адамдарды басынтуунун, жок кылуунун куралы кылып “динчил”, “пантюркисттик идеяга” сугарылган, кыймылга катышы бар деген жарлыкты пайдаланышкандыгы көрүнүп турат. Ошондой эле, Шабдан баатыр сыяктуу активдүү позицияны ээлеген, көңүл кош эмес ислам динин колдогон инсандарды жаманатты кылып, коомдук жана саясий турмуштан алыстатуу менен кошо ислам динин алсыратып, анын өнүгүшүнө бут тосууга аракеттер жасалганын байкоого болот. Төртүнчүдөн, кыргыз эле эмес жалпы адамзатка мүнөздүү терс көрүнүштөрдөн – көрө албастыктын, ичи тардыктын айынан көптөгөн адамдар “курмандыкка” чалынган. Мындай терс көрүнүштөрдүн башкы кесепети деп – кыргыздардын башка улуттарга “жем” болгондугун айтууга болот.
Макаланы аяктап жатып, Шабдан баатырдын атайын диний билими болбосо дагы, динден кабары бар, мусулмандардын милдеттерин, шариаттын жоболорун бекем сактаган, таза, такыба эле адам болбостон, ошол кездеги ислам дининин элдин кат-сабатын ачып, билимин көтөрүүдөгү прогрессивдүү ролун, тарбиялык таасирин, маанисин эске алып, аны Кыргызстанда жайылтууга, өнүктүрүүгө көп аракеттерди жасаган коомдук ишмер болгондугун баса белгилеп айта алабыз. Учкай төмөнкү ойду кыстара кетишибиз абзел, бизге жеткен маалыматтарга ылайык, же Шабдан баатырдын баласы Кемелдин эскерүүсүндө, ал мечит – медресе куруп, Оренбург, Казань ж.б. шаарлардан мугалимдерди, молдолорду эле чакырбастан, балдарга өзү дагы сабак берген экен. Тилекке каршы, эмнеден сабак бергени айтылбайт. Ошентсе дагы, ал кишинин диний сабаты кыйла эле жогору болгон деп айтууга, бүтүм жасоого негиз бар десек болчудай.
Шабдан баатыр көптөгөн кыргыз балдарына тиешелүү шарттарды түзүп, айрымдарына жекече мүнөздө тикелей материалдык каражаттарды берип диний жана светтик билимдерди алуусуна жардам берген. Өз балдарынын арасынан диний билими бар, дин жагынан сабаттуу деп баатырдын үчүнчү уулу – Самүдүндү (1876-1942-жж.) бөлүп көрсөтүүгө болот. Ал Самаркандда окуп диний билим алган. Шабдан баатыр салган мечитке баш-көз болуп жүргөн. Өз алдынча жаңы усулдук мектеп ачканга жетише алган.
Ал эми Алматыда орусча билим алып, кийин Ташкент шаарында университетте билимин улантып М.В. Фрунзе, Г.И. Бройдолор менен чогуу окуган Кемел Совет бийлиги орногондон кийин ар кайсы кызматтарда иштеп, өмүрүнүн акырында динге оой баштаган. Ал 1944-ж. Ташкентте Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын Диний башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланып, “казы” наамын алган. Балыкчы шаарынын имамы болуп иштеп, 1946-1947-жж. Мекеге ажылыкка барган.
Ошентип, чакан макаланын көлөмүндө, кыргыздын чыгаан коомдук жана саясий ишмери Шабдан баатырдын кандай мусулман болгондугун, диний билимин, дегеле динге болгон мамилесин, ислам динин өнүктүрүүдөгү анын ролун, кошкон салымын иликтегенге аракет жасадык. Натыйжада, Шабдан баатырдын ислам дининин өзү жашаган мезгилдеги прогрессивдүү ролун, таасирин эске алып өнүктүрүүгө көп аракет, иштерди жасаганына күбө болдук. Демек, Шабдан баатырдын бул багытта жасаган иштерин анын көп кырлуу ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү катары баалого болот.




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных