Перейти к содержимому



Фотография

Китепкана.


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 141

#41 Тима Ветер

Тима Ветер

Отправлено 06 Август 2010 - 14:07

Куран китеби кимде бар???



#42 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 20 Август 2010 - 11:55

Кыргыз тарыхынын ышкыбоздору үчүн!
Белгилүү чыгыш таануучу В.В. Бартольдун кыргыз тарыхы боюнча эмгектеринен Бартольд



#43 Чабан

Чабан
  • На удаление
  • Cообщений: 5 128
  • Регистрация: 30-08-2008

Отправлено 20 Август 2010 - 12:31

ушул теманын алдындагы "барбы?" деген сөздү алып туруп өйдөгө тиркеп койсо сонун болот эле..

 

ыя модур байкелер..



#44 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 23 Август 2010 - 18:28

Дагы бир жомоктор жыйнагы.
Жомокчулар жана жомоктор

 

Мурунку zebest берген жыйнактан айырмаланып, бул китепте жомокчулар жөнүндө кыскача маалыматтар, сүрөттөрү берилген.
Жомоктор айткан жомокчулар боюнча топтолуп берилген.
Жыйнаган Буудайбек Сабырбек уулу.
Жыйнакка Ыбырайым Абдыракман уулу, Бүбү Алтыбай кызы, Ыбырайым Дубана уулу, Муса Байгарин уулу, Мырзалы Дүйшөнбү уулу, Сагыналы Макебай уулу, Уезбай Чапырашты уулу, Соодаке Сейдиман уулу, Курбан Кайназар уулу, Акмат Абийир уулу, Ормонбай Кулжабай уулу, Бүбүкан Болоткан кызы, Сагын Ашырбай уулу ж. б. бир катар белгилүү жомокчулардын жомоктору топтоштурулду.


Сообщение отредактировал alma: 23 Август 2010 - 18:28


#45 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 24 Август 2010 - 13:38

акыркы кундору китеп эмес брашурка окусам эле кузгум келе баштады

эми аныңдын несин элге жарыйа саласың.
кузсаң койсоң өз эркиң, болгону көздөн далдоо барып кыл иштериңди.



#46 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 24 Август 2010 - 13:45

Жумгалдын этек жагындагы, Кетмен-Төбө багытындагы Сары-Камыш, Толук болуштугун бийлеген Райымбек манап өтө кадыр-барктуу, зобололуу адам болуптур. Ал киши о дүйнө кеткенде уулу Кудайберген атасына бүт кыргызды — Жалал-Абад, Ош, Анжыян, Талас, Чүй, Нарынды жердеген элди чакырып Тер-Жайлак жайлоосунда чоң аш берет. Ал тургай Олуя-Ата, Ташкен, Намангандан да эл келет.
Улуулардын сөзүн улап айтканга ышкыбоз, куйма кулак, сөз билги адамдар билишет. Аксакал баатыр менен Эрназар баатыр эр сайышка түшүп, Эрназар шейит кеткен ушу... Ал өзүнчө узун сабак сөз.
Илгертен кыргызда аш-тойлор акын-ырчыларсыз өтчү эмес го. Бул дүңгүрөгөн ашка Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет баштаган атактуу акындар келишет. Шабдан баатыр да бу ашка катышыптыр. Ошондо Кетмен-Төбөлүк Токтогул, Эшмамбет, Коргол, Курман, Жаңыбай деген ырчылар Шабданга учурашып биринен сала бири ырдап атышат дейт. Баары тең эле Шабданды көкөлөтө мактап жактап киришет. Ал эми анын жанында отурган Байзак баатырды таназар албай калышат. Ырга кошушпайт. Буга Шабдандын өзү дагы, Байзак дагы ыңгайсыз боло түшөт. Себеби, Шабдан Байзакты эң жакын кеңешчиси, акыл кошоор адамы катары абыдан сыйлап кадырлачу экен. Байзак баатырдын кабак кашын байкаган кыраакы Куйручук аны жагымсыз жагдайдан куткаруу үчүн алиги ырчылар ырдап бүтөөрү менен аларды карай бир эсе тамашага чалып, бир — эсе чымчып ырдап коё берет:
Түңкатар, Түнтөй журт экен,
Булар түтүнмө-түтүн ырчы экен.
Түн каткандын итиндей,
Түпүрөп ырдап турчу экен.
Жатакчынын итиндей,
Жабылып ырдап турчу экен.
Төрт болуш элде мен ырчы,
Байзаке, биздин Жумгал тынч экен! — деп элди күлкүгө бөлөйт. Коргол обдулуп жооп бермекчи болгондо, Токтогул аны ырдатпай тыйып коёт.

 

Куйручуктун куйкумдары

 

Текстин даярдаган Конойго Чоң Ырахмат!



#47 -=DBA=-

-=DBA=-

Отправлено 24 Август 2010 - 15:45

alma

Куйручуктун куйкумдары

А5 өлчөм менен бергенде экрандан толук окуса болот экен бир баракты.
Албетте, мен айткан сөздөрдү кабыл алышың өтө кыйын, бирок окурмандын ыңгайына көз салып койсо жаман болбос...

 

Эми бул китептер электрондук болгондуктан мониторунуз канчалык чоон болсо ошого жараша ачылат ..

 

Толук экран деген конопканы басып туруп корсонуз.

 

12 дюймдук экранда А5 форматын кандай окуур болдунуз экен ыя?


Сообщение отредактировал -=DBA=-: 24 Август 2010 - 16:01


#48 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 24 Август 2010 - 16:37

Түңкатар, Түнтөй журт экен,
Булар түтүнмө-түтүн ырчы экен.

 

Байкап көрсөңөр, чынында эле азыркы эстрада жылдыздарын баары дебейин, бирок дээрлик көбү ушул түңкатар, түнтөй журтунан. Анан таң бересин, бу кишинин таамай сынды бере билгенине.



#49 -=DBA=-

-=DBA=-

Отправлено 24 Август 2010 - 16:52

alma

 

Таамай айткан сын сөздөрүнө таң калып отурам..

 

"Өмүрү болсо, Өргө чабаар кези!" деп Жоомар Бөкөнбаевди сындаганы таң калтырды



#50 NaSToyaShiy

NaSToyaShiy
  • Модераторы
  • Cообщений: 18 127
  • Регистрация: 19-08-2005

Отправлено 24 Август 2010 - 16:59

Обужок флудка тыюу салынат - эрежени бузгандар катуу жазаланат!



#51 Janyzak

Janyzak

Отправлено 24 Август 2010 - 19:28

-=DBA=-

Эми бул китептер электрондук болгондуктан мониторунуз канчалык чоон болсо ошого жараша ачылат ..

Монитор 17 болгондо деле китептин бир бети (А5) толук көрүнөт.
Биерде биз сөз кылып жаткан
Куйручуктун куйкумдары
PDF_тен жасалыптыр.
Кокус А5_тен жасалганда жанагы FlexPaper деген форматтын оңжебе, солжебе буйруктары менен туптуура бир беттен ачып окуганга жакшы болот эле деген кеп.
Бул электрондук китеп болуп, *.html вариантында чубалжып окулган жери жок, китеп барагындай болуп окулуп жатат жана китеп барагындай болуп "барактаса" болот экен.
Анчалык дурус жагдайлары болгондуктан, менимче, окурман үчүн бираз ыңгайлуу кылып койсо эч нерсе болбос эле...

 

Статистика
http://top.mail.ru/s...p...2010-08-23 :

 

1024x768_______409_______39,48%
1280x1024______284_______27,41%
1600x1280______158_______15,25%
640x480_________59_______5,69%
1152x864________49_______4,73%
Другие__________42_______4,05%
800x600_________28_______2,70%
Не опр.___________7_______0,68%

 

Жанагы сиз айткан 12 дюймдагылар бираз ыңгайсыз окушу мүмкүн, бирок анын да өзүнүн артыкчылыктары бардыр.
Биз биерде жалпы эсептен айтып жаттык эле.

 

Эми-ии, мен сунуш кылдым, түкүрүп койуш сизден, албетте.



#52 -=DBA=-

-=DBA=-

Отправлено 25 Август 2010 - 09:04

Janyzak

 

Ой жарыктык киши десе мен Монитордун олчомун айтсам анын ичиндеги экрандын ченин маги тизмекдейсиз да..

 

Кандай монитордо болбосун, кандай ченде болбосун каалагандай койуп алсаныз болот A5 би A4 бу балким A3 ту да батырасын

 

januzak.jpg



#53 Janyzak

Janyzak

Отправлено 25 Август 2010 - 10:08

-=DBA=-

Ой жарыктык киши десе мен Монитордун олчомун айтсам анын ичиндеги экрандын ченин маги тизмекдейсиз да..

Жалпысынан 100 пайыз деп алганда, кайсы монитор канчалык көбүрөөк колдоноору көрүнүп турат алиги тизмектөөдөн...
Кеминде 80 пайыз интернет_окурман 12 дюймдан чоңураак мониторду пайдаланат экен...

 

-=DBA=-

Кандай монитордо болбосун, кандай ченде болбосун каалагандай койуп алсаныз болот A5 би A4 бу балким A3 ту да батырасын

А3_тү деле батырса болот мониторго (17 дюйм дейличи), бирок андан тамга окулбай калат.
Демек, А5 өлчөм болгондо, бир китептин демейки бети мониторго түгөлү менен жайгашып,
"узунунан" эмес, баракты тигинен батырганда ошол бетти окуганга жана БАРАКТАГАНГА (ошол жерин тартпай кетипсиз...) өтө ыңгайлуу болмок деген эле сөз.
Абдан тырыштык да, капырай...



#54 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 25 Август 2010 - 12:09

Кыргыздын макал-лакаптарын жакшы билесизби?
Канча билесиз, 1000-2000.
Өзүңуздү текшерип көрүңүз



#55 Nazgulchik

Nazgulchik

Отправлено 25 Август 2010 - 14:34

alma
кантип кочуруп алса болот, сайтта окуш ынгайсыз болуп жатат.



#56 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 25 Август 2010 - 15:58

alma
кантип кочуруп алса болот, сайтта окуш ынгайсыз болуп жатат.

кайсыл китеп керек эле?



#57 Nazgulchik

Nazgulchik

Отправлено 25 Август 2010 - 16:22

alma
кантип кочуруп алса болот, сайтта окуш ынгайсыз болуп жатат.

кайсыл китеп керек эле?

 

Кыргыз макал- лакап- учкул создору.



#58 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 25 Август 2010 - 16:30

негизинен жүктөп алганга берилет, бирок азыр кичинекей өзгөртүүлөрдү киргизиш үчүн убактылуу бул мүмкүнчүлүк жабык (1-2 күн). Шондуктан лске мейлинерди жазып койсонор.



#59 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 26 Август 2010 - 17:59

Калыгул Акылман.
Ормондун заманында Жылгын башыга (азыркы Токмок калаасы турган жер) Курманкожо уруусунан Өмүрзак деген киши жолоочулап, өз бакырчылыгы үчүн Ормондун айлына барат экен. Ал жерде эки-үч күн жумуш бүткөнчө токтоп калат. Бир күнү Ормон өзү баштап шашкалаң түрдө айыл апасы менен кымкуут болуп калышат, анчалык эле коркунучтуу түрдө эмес, бир жактан ызааттуу конок келе турган сыяктуу дүрбөп калышкандыгын Өмүрзак байкап, бирөөдөн суроого оозу батпайт. Себеби, ал учурда Ормон чоң хан болуп, жалпы кыргызды бийлеп калгандыгынын натыйжасы биринчи жактан болсо, экинчи жактан андагы эл өтө момундугу менен адеп сактап, улуусунан сурай албай, кичүүсүнөн сураганы менен, албетте, ачык билалбай, ан үчүн канааттандыра жооп бербесе керек.

 

Ормон өзү жаңы журтка үй тиктирип, керме керип (аркан тарттырып), аттарды байлай турган жерине чейин ырастатып, жүз баштуу төтөгөлүү ак үйдүн, куба төбөлүрөөк тарткан үзүгү бар, эшигинде Ормон өзү баштап, элиндеги кырка тизилген улуу-кичүү жигит-жалаңы жана айыл аксакалдары менен бирге жарданып туруп калышты дейт, Баягы Өмүрзак ошол элдин ичинде таңыркагандан таңыркап турду эле, аңгыча бир атчан киши желдире — желдире бастырып, чууда какты жүрүш менен келип, алыстан аттан түшүп, кол куушуруп Ормонго салам айтты. Ормон алик алары менен: «Баатыр жакын келдиби?» — деп сурап калды. «Жакын келишти» — деп жооп берди. Ошону менен «Баатыр келет», «Баатыр келет» — дешип, ого бетер дүрбөп турушат. Аңгыча кырк элүүдөй киши менен элдин ортосунда тогуз топчулуктуу, кара кашка ныпчасы бар, сыртынан төө боз чепкен, башында кары бою кештелүү калпагы, сары жаргак шымынын багалегин басма менен сайдырган, бутуна көк жеке кийген, чап жаак, кара сур киши жалдуу күрөң аттан түшүп калды. Ормон чуркап барып атын алып, колтуктап түшүрүп алды. Жанындагылардын бардыгын түшүрүшүп, күтүнүп турган отуздай киши кым-куут аттарын алышып, чапа-чупа кермеге байлашты. Өмүрзак баягы баатыр ким экенин айра билалбай аң-таң болуп: «капырай, жалпы кыргызда жалгыз эле Ормон чоң эле, мындан чоң баатыры бу ким деген болду экен?! — деп, эле жүрөт.

 

Көбүнчө баягы баатырдын жалдуу кара күрөң атынын үстүндөгү күмүш пыштанына көзүн салып туруп, «ай, эми койчу, ким экенин үстүнө кирсем сөзүнөн таанырмын» —- деди да, Өмүрзак элдин артынан үйгө кирди. Албетте, Ормон өзү эшигин ачып, тегиз үйгө киргизип отурушканда, иреге жакка сыңар тизелеп, жүйүртө басып отурду. Кирген элдин баары тең ылдый карашып жымжырт эле отурушат. Бир аздан соң, бөлөк үйдөн чоң-чоң кара аяктар менен мелт-калт куюлган курут жармага сары майды сапырып кошуп алып келип, Ормон өзү алиги баатырга сунуп, калгандарына бөлөк кишилери сунуп, киши башына бирден аяк кыдырата коюп кетишти.

 

Жарманы ичип болгонго чейин эч кимден бир эме деген сөз чыга алган жок, акырында аяктарды ошол үйдөгү бир картаң байбиче жыйнатып алып, ашкана жакка чогултуп койду. Ал байбиченин жанында баласынын баласыбы, бир бешикте эркек бала колун сууруп алып, асып койгон карышкырдын чүкөсү менен ойноп жатат. Андан кийин Ормон бир кары кишини карап «бирдеме деп айткының» дегендей кылып башын ийкеди. Ал кары киши төрдө баягы отурган баатырга карап өйдө обдулуп, сыңар тизелей түшүп:
— «Баатыр, бала-чакаларыңыз жана элиңиз көптөн бери эле Сизден бир сөз сурайлы деп жүрүшөт. Бул эл бөлөк бир тили буруунун сурагына өтөт деген кеп бар деген экенсиз, ошондон бери түрдүү коркунуч түшүп жатат, ошон үчүн улуу-кичүү жалпы бала-чакаңыз айтып берер бекен дешип Сизди чакыртып, күтүп турабыз» — деди.
— «Андай болсо айтып берейин, жакшы болот, балдар!» — деп, чөк түшүп отурган киши ого бетер оң жагына ыңгай тартараак обдулуп, оңдонуп отуруп:
— «Ээ, балдар! Кудай дей турган заман, жакаңарды муунбагыдай карманып жүрүңөр! Омбу деген жерге орус келет дейт, анын кармаганынан кан чыгат дейт, ыраспы? — деп, оң ийнин карап койду эле, отурган эл бирин-бири тегерете карашып, тыңшап калышты, Анда баягы кары киши дагы сурады: «Ошол орустун турпаты не өңдүү, кандай түр менен сурайт, баатыр?» — деди.
Анда төмөнкүдөй түр менен сыпаттап айткан экен:
— «Жер бетин туман басты,
Малды ылаң басты.
Өңү сары, көзү көк,
Уңкугуй мурун орус келет,
Узун чөптү оруп келет,
Кыска чөптү коруп келет,
Карагайдан чарбагы болот,
Калың элди коркуткан арбагы болот» —
деп, оң ийнин карап: «Ыраспы?» — деп, мойнун буруп койду — дейт.
Анда баягы кара киши дагы сурады: — «Баатыр, дагы кандай шумдуктар болот? — деп. Экинчи ийнин кылчайып карап: — «Түтүнгө «келе чыгым» — деп, келет ко,
кези келсе жетим уул, тул катынды жеп келет ко, мал-башыңды каттап, эсеп менен тактап алат ко.
Он түтүнгө бирден тың чыгаар,
Бирин көрүп биринен бири шум чыгаар,
Уй пул болоор,
Кул бий болоор,
Токой токол болоор,
Талаа токой болоор,
Токол байбиче болоор.
Тегерек чака тыйын чыгаар,
Атасынан баласы кыйын чыгаар.
Кызыл-кызыл кыялар,
Кыргыек талга уялаар.
Такыясын колго алып,
Кыз жигитти кубалаар.
Сааганың сары бээ болоор,
Ичкениң ит ичпес сары суу болоор.
Таштан кесең болоор,
Аны ичкен балдар таңдайы жарылган чечен болоор.
Этеги жок, жеңи жок чапан чыгаар,
Эң кийинки балдарың тапан чыгаар,
Тегиз жерден тегирмен чыгаар,
Тексиз жерден бий чыгаар, ээ, ыраспы?» —
деп оң ийнин караганда отурган элдин баары жан кулактын учунда, кол жаканын тышында болушуп, бирине бири делдейишип:
— «Кудай ошону көргөзбөсөң болот эле» — дешип күңгүрөнүп жиберишкен дейт. Баягы кары киши болуп көпчүлүгү чуркурап:
— «Баатыр, ошондо элдин айласы эмне болот?» — дешип коркунучта болгондо: « — Ал эле дейсиңерби... ал болсо сары орустун заманы» — дейт.
«Сары орустан кийин кара орус чыгат,
сары оруска күйүт түшөт, элге бир чоң бүлүк түшөт.
Он үйгө бирден казан болор,
Орчун шаар базар болор.
Мейли кадыр болом деп зайып чыгаар,
Көл үстүнө жүргүзгөн кайык чыгаар» —
деген дейт.
— «Андан ары эмне болот, баатыр?» — дегенде —
«Ошол кара орустун убагында он беш жылдан кийин:
Байпагың манат,
Батегиң киш,
Ит аягын мис болоор,
Кой үстүнө торгой жумурткалап,
Жесир катын миңден кой айдайт —
деген экен.
— «Ошол учурду көрөөр бекенбиз, баатыр»? — деп элдер чурулдап, күлүңдөп жиберишкенде, элди тегерете карап:
— «Жок, бул отургандар көрбөйсүңөр! Тээ-тетиги бешиктеги бала көп жашаса четин көрөр» —- деген экен.
Кээ бир кишилер айтат: «Өзүнүн баласы Акидей сары деген болучу. Ал Акидей сары токсон жаштан ашып, былтыр эле өлдү» — дешет. «Жок, Өмурзактын өзүнөн
укканмын — өзүнүн баласы эмес, Ормондун балдарынан боло тургандай эле» — деп айтчу экен...
Бул сөздү ыраматылык Куйручук айткан эле (Куйручук ошол Өмүрзактын уулу болгон). Мына ошол баатыр кадимки Калыгул баатыр дешет. Калыгул өзү ырчы эмес эле киши экен, бирок маселентип, уйкаштырып келечекти көп айтчу экен. Ошон үчүн Калыгулдун сөзүн улап, Арстанбек булбул ырдачу экен. Мына ошондон кийин биздерге чейин айтып жүрөт.



#60 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 01 Сентябрь 2010 - 09:47

Балыкооз манасчынын санжырасы

 

Манаска, мусулманчылыкка чейинки кыргыздын таржымалын айткан санжыра.

 

"...Манасты айтканда түп атасы Ороз бий, анан Оторкан деп, бирден-бирден чууртуп отуруп, Манаска алып келчү элем. Хан Ажыбек, "балам Бекмурат, эмкиден кийин, түп атасы Ногой хан деп баштай бер Манасты" деди. "Куру мурунку, бөлөк динде жүргөн аталарды айтып, күнөкөр болбо, өз жаныңды кыйнап, мусулман динин талашкан хандарды айта бер, сооп болот турбайбы" деди хан Ажыбек. Ошондон кийин Манасты түп атабыз Ногой бий деп айта берчү болдум. Төштүк хан, катагандын хан Кошой, Көкөтөй хан, Бокмурун хан, Койош хан, Жүгөрү хан, Үрбү хан, Жамгырчы хан, Айдар хан, Көкчө хан, Буудайык хан, Музбурчак хан, хан Шырдак, кыпчактардын эр Табылды жалгызым, кытайлардын кыл муруттуу Кожомжаш, сен Сарынжы - мен Бөкөй - ушуларды айтып жүрө бердим. Мурунку хандар, элдер - балам Алымбек - ири-ири болуп, килең-килең болуп айтылат, шаарлуу-жергелүү болуп айтылат. Мен аз эле билем. Өткөн замандарда эң кызык, узун болуп айтылчу экен. ...кыргыздын Найман хандыгы бузулуп, кайта келгени бар. Ногойдун ханы Ормамбет хан конуш чалып, кайта Эдилге көчкөнүн айтат. ...кыргызды өз жерине кондуруп, багыш болгонун, оң-сол болгонун айтат.

 

...Орто Азия, Эдил, Жайык элдери ислам дини киргенче, арап, ерен маданияты, адабияты киргенче тынч, бир жакшы үч мамлекет болуп жаткан. Кой үстүн боз торгой жумурткалап жаткан эл болгон. Оторкан, Паракандын заманындай болуп, Ташы бек, арстан наам алган экен.

 

...Арап халыйпаларынан Уммардан элди-жерди көп караткан адам болгон эмес. Ошол караган жерди бат эле ислам динине кийрип алган. Алган жерине-элине жанагы жолун үйрөтүүчү эшендерди жакутпа айтуучу мадахларды (?) жана султан, амир сайып, газы куруш деген согуш амалдарын жана эшен, кожо, шайых, захид, авлия, дубана, каландар, ыймам, дервиш деген дини амалдарын жана мир магзум, хаким, алим, мусандиб, улама, муддарис деген илими амалларыкты (? даражалар) кошо ала кирген экен жана илим, арап тили, арап албуту (? алфавити) маданиятын, адабиятын, тарыхын, кай жерди, элди алса, ошол жерге, элге жогорку айтылмыш иштерди ала кирген арап ханыйпалыгы, дини исламилер жана кээ бир эл өзүнүн түпкү тарыхын биле албаса арап эшендери, кожолору, "сенин түбүң арап" деп, элдин колуна шежире кылып жазып бере салчу экен.
Анын далили - арап тарыхчылары, эшендер, кожолору атабызды кыргызбай кылып, кырк кыздан туудуруп, ал кырк кызды Шаа Мансур деп, авлиянын (? олуянын) көбүгүнөн бина кылып, андан өзү арап Мухаммеддин сабаасы Укка-шадан таратып, ошонун тукуму кылат. Ошону менен биз кыргыз таза гана арап болобуз жана бизди бир себеп менен кадимки Ырак (Ирак ?) жеринен көчүртүп алып келип, Хожент, Чаң-далаш, Чаткал, Кокон тоолоруна тургузуп, Ак уул, Куу уулду туугузуп, кыргыз эли кылат.

 

Мына арап тарыхы, дини исламдын кылган иштери. Мээси бар адам кайран кала турган иш. Фантазия. Биздин тилди, кыяматты, эски адабиятыбызды кайдан алдык? Буларды, муну араптар, эшендер, арап тарыхчылары кайдан алып келип берди? Таң каласың. Билген адамга ал укмуш эмеспи.

 

Балыкооздун санжырасы


Сообщение отредактировал alma: 01 Сентябрь 2010 - 09:49



Количество пользователей, читающих эту тему: 1

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных


    Google (1)