Перейти к содержимому



Фотография

Китепкана.


  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 141

#21 Гость_Ляля :)_*

Гость_Ляля :)_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 19 Апрель 2010 - 18:26

а тиги Биздин.kg деген форум жонундо суроолр бар болсо кимге кайрылса болот?



#22 -=DBA=-

-=DBA=-

Отправлено 19 Апрель 2010 - 18:29

Ляля :)

а тиги Биздин.kg деген форум жонундо суроолр бар болсо кимге кайрылса болот?

 

Форум жаныдан иштелип чыгып жатат..

 

Дегиле форум эмес болгон жагынан кайрыла берсеңер болот..

 

Китептерди окуп жатканда каталар табылса жазып коюңарды суранабыз..


Сообщение отредактировал -=DBA=-: 19 Апрель 2010 - 18:30


#23 Janyzak

Janyzak

Отправлено 19 Апрель 2010 - 22:14

-=DBA=-

Китептерди окуп жатканда каталар табылса жазып коюңарды суранабыз..

Форумдагы каталар:
Кош келиңиздер!
Биздин материалдарды талкуулоО


Манас
Кыргыз рухунун туу чокусу - Манас эпосун талкуулоО



#24 -=DBA=-

-=DBA=-

Отправлено 20 Апрель 2010 - 18:29

Janyzak

 

Ой жездеке оңдоп койдум ...

 

ЗЫ: Бааягы чокуну дагы доолай корбо эми ;)

 

Ляля :)

 

Сурооңуз канаттандырылды :)



#25 Janyzak

Janyzak

Отправлено 21 Апрель 2010 - 10:06

-=DBA=-

ЗЫ: Бааягы чокуну дагы доолай корбо эми wink.gif

Жок, бирок азыр башка бирдеме доолайын деп атам:
Манас, Семетей тексттерин силердин сайтыңарга шилтеме берип, өзүмдүн китепканага салып койсом болобу?



#26 -=DBA=-

-=DBA=-

Отправлено 22 Апрель 2010 - 11:27

-=DBA=-

ЗЫ: Бааягы чокуну дагы доолай корбо эми wink.gif

Жок, бирок азыр башка бирдеме доолайын деп атам:
Манас, Семетей тексттерин силердин сайтыңарга шилтеме берип, өзүмдүн китепканага салып койсом болобу?

 

Ваай ушул биилгем да доогурунуп ле бир чокуну доолайсын бир информацияны доолайсын ... качан болот ай кайни мынакей момуну жаратып алчы деген кунун ыя жездеке ...

 

ЗЫ: Мен сайттын техникалык жагын карайм ... Linux Apache PHP Mysql болсо кайрыла бер..


Сообщение отредактировал -=DBA=-: 22 Апрель 2010 - 11:27


#27 Гость_Жымсык_*

Гость_Жымсык_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 22 Апрель 2010 - 11:49

-=DBA=-

Ваай , ушул биилгем да, доогурунуп эле бир чокуну доолайсызн ,бир информацияны маалымытты доолайсызн ... качан болот ай, "кайини , мынакей момуну жаратып алчы"- деген кунун ыя жездеке? ...

 

ЗЫ: Мен сайттын техникалык жагын карайм ... Linux Apache PHP Mysql болсо, кайрыла бер..

 

ондоп койдум. (с) жездениз

 

%)))


Сообщение отредактировал Жымсык: 22 Апрель 2010 - 11:51


#28 -=DBA=-

-=DBA=-

Отправлено 22 Апрель 2010 - 14:24

-=DBA=-

Ваай , ушул биилгем да, доогурунуп эле бир чокуну доолайсызн ,бир информацияны маалымытты доолайсызн ... качан болот ай, "кайини , мынакей момуну жаратып алчы"- деген кунун ыя жездеке? ...

 

ЗЫ: Мен сайттын техникалык жагын карайм ... Linux Apache PHP Mysql болсо, кайрыла бер..

 

ондоп койдум. (с) жездениз

 

%)))

 

:lol: Эртелеп оңдоп койдунбу биртопко барып калган кишини убара кылбайын деп %)



#29 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 11 Май 2010 - 15:23

Мезгил жана Алыкул китеби жарык корду.
Акындын күйөрмандары кош келиңиздер!



#30 kstan

kstan

Отправлено 11 Май 2010 - 21:05

Роза Отунбаева жонундогу жаны чыккан «Элдик кыз Роза» деген Курманбек Осмонбековдун китебин, ким билет, кайдан тапса болот?



#31 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 02 Июнь 2010 - 19:30

Китепканадагы жаңы китептер

 

Токтогул Сатылганов Тандалган чыгармалар жыйнагы.
Түгөлбай Сыдыкбеков Женщины (орус тилинде).

 

Китептерди дайардап берген Конойго чоң ырахмат!

 

P.S. Кудай буюрса бир аз күндө Токтогулдун экинчи тому жарык көрөт.



#32 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 04 Июнь 2010 - 14:48

X кылымда Орто Азиядан азыркы Ирактын борбору Багдадга барып калып, ошол убакытта күчөп жаткан арап халипалык (халифат) өкүмөтүнө баш вазир болуп чоң укук ээлеп турган салчук (селжук — ред.) түрктөрү дегендер болгон. Азыркы заман мамандарынын изилдөөсү боюнча алар кыргыздар делет. Американын чыгышты таануу маманы Лосирип мындай жазат: «Орто Азиядан көчүп келген, теги кыргыз уруусунан болгон салчуктор жетип келгенден кийин, ислам эмпираторлугу жаңыдан гүлдөнгөн, күчтөнгөн маданиятка карай баскан мамлекетке айланды».

 

Кыргыз санжырасын сүйүүчүлөр үчүн Үсөйүн ажынын санжырасы



#33 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 12 Июль 2010 - 17:26

Бир күнү кечке жакын:

 

— Сарыбай байдын байбичеси чакырат,— деп мени бирөө чакырып алып кетти.

 

Сарыбайдыкы Кең-Суунун ичинде, алыстан бадырайып турган эки ак үй эле. Тегерегинде дайым мандырдай болгон төрт-беш боз үйлөр тигилип турар эле. Ысмайыл, Букара, Карыбай деген балдарында да бирден ак үй бар. Бирок, Сарыбайдын өз үйү бүтүн Кең-Сууда бадырайып бөтөнчө туруучу.

 

Ушинткен Сарыбай байдын байбичеси мени киши катары санап, «ардактап» чакыртып жибергени мени таң калтырды. «Сарыбай» деп сырттан укканым менен үйүн көргөн жан эмесмин. Бардым. Тыштан бирөө мени баш-тап барып, ак үйүнө кийирди. Мен кирип токтогон алдыңкы бөлмөсүндө чымкый бачайы — макмалдын үстүндө жашыл тукаба чапанын желбегей жамынып, көөлгүгөн бир зайып отурат. Башында заңкайган торгун элечек. Байбиче ушул экенин байкадым. Жашы жетип калса да (бери болгондо элүү беште болор) кең дөөлөттүн аркасын-да, али карылыкка толук моюн суна койбогондугу көрүнүп турат. Семиз, чатыраган кызыл киши экен.

 

Мен кирип барганда: «мына бул жерге олтур» деген-дей ишаара кылып, өзүнө жакын жерден орун көрсөттү. Бир аз жымжырт. Тагдырым ушунун колунда тургандай, ааламга аян болгон байбиченин алдында, анын чечимин күтүп, байлоого түшкөн кулдай уңкуюп, мен отурам. Колума берген жалгыз нанды сындырып жеп отуруп.

 

«Балким менин жетимдигиме жаны ачып, бирдеме берейин деп чакыргандыр» деп ойлоп коём.

 

Байбиче бир кезде сол колун сунуп, мага бирдеме берди. Колума тийгенден кийин карасам; бири беш тыйындык, бири эки тыйындык — жети тыйын жез! Адегенде: «капырай, сан жылкылуу Сарыбайдын колунан жети тыйын чыкканыбы» деп ойлосом да артынан түшүндүм. Бул мага берген садагасы экен! Анткени Сары-бай бай көптөн бери ноокас эле. Бая мен келгенде элдин аягы басылбай, бири кирип, бири чыгып, төркү бөлмөдө жаткан байдын көңүлүн сурап жатышкан. Мен ушул үчүн чакырылып келипмин. Азыр мен нан жеп отурган-да, байбиче бирдемени дубалап жаткан молдодой, оозу башын күбүрөтүп, колунда аралаштырып кармап турган бир, эки жез тыйынга кезек-кезек «сув!» деп коюп отурган.

 

Садага бериш үчүн төрт кыбыласы түгөл жетим издешип, буга бүтүн Кең-Суудан мени туура тапса керек!

 

Бир нанды жеп, жети тыйынды алганымдан кийин эми менде эч кимдин тыйынча да жумушу жок көрүндү: жолума түштүм. Бая мени үйгө киргизген неме иттен чыгарып койду. Жолдо бара жатып, бүгүн мени кордогондой, кемсинткендей болуп көрүнүп, көңүлүм иренжиди. Мени эмнеге чакырып кеткенине, мурун түшүнүп алышкандай, үйгө баргандан кийин Сарыбай байдыкы­нан эмне «олжо» менен келгеним тууралуу менден эч ким сураган жок.
Узак Жол



#34 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 20 Июль 2010 - 13:25

Түгөлбай Сыдыкбеков. Мезгил сабактары (адабий-публицистикалык макалалар жыйнагы).
Адабият окуучуларынын көңүлүн буруп, китеп текчелеринен орун алган «Узак жол», «Каныбек», «Кең-Суу» романдары мындан туура жыйырма жыл мурда — 1934-жылдын так ушул айларында авторлор тарабынан жаңы жазыла баштаган. Булар советтик кыргыз адабиятынын тарыхындагы туңгуч романдар болучу.
Аталган чыгармалар биринен бири ашып кетсе, беш-алты ай эрте, же кеч башталып, беш-алты ай эрте же кеч жарыкка чыкканы болбосо, бул чыгармалар бир мезгилдин мөмөсү—советтик кыргыз жазуучуларынын биринчи съездинин берген жемиши.
Ушинтип кыргыз адабиятында, романдар, көлөмдүү повесттер жазуучулардын биринчи съездинен кийин гана жаралды. Ырас, аталган чыгармалар бир мезгилде жазылган менен алар таламга ар башка жооп берди. Каламы такшалбаган жаш авторлордун тажирийбасыздыгы мындай турсун алардын алдында аз да болсо, нуска берип «Мектеп» боло алгыдай чыгарма бизде болгон эмес. Журнал, кезиттерде чочугандай чыга калган чийки аңгемелер, бирин-серин очерктерди айтпаганда, ал кезде, советтик кыргыз адабиятында проза жанры өнүгө элек болучу. Ошентип роман, повестке биринчи ат салышкан жаш жазуучулар таасир берип, үлгү болорлук салмактуу чыгарманы эне тилинде окуй алышпады. Ал кезде басма жүзүндө чыгып турган аз аңгемелерден көрө, ооз эки жомоктор бизге күчтүү, таасирлүү өңдөнүчү. Бирок жеке жомоктун үлгүсүндө прозаны, түзүш бир ыңгайлык эле. Ырас, тилди байытууда, байыркы ата-бабалардын жашоо тиричиликтеринен алыскы жаңырык сыңары маалыматтар алууда, ой жорутуу, адабиятка кызыкчылыкты арттырууда, балким, кызыктуу сюжет түзүүдө, жомок, аздыр-көптүр пайдасын тийгизбесе, жазма адабият жеке жомок менен сугарылып өнүгө албайт. Тескерисинче, чеберчилик, ыкмалык жактан жомокко баш ийсе, жомокту ээрчисе, кубаттуу жазуучу да кадамды артка шилтеп, анын чыгармасындагы ийгилик болсо да тайыз, бир беткей, чыйрак эмес — жалаң кабат каларын биз тажрийбада көрдүк.
Буга мейли биздин акындардын бир катар ырларынан, поэмаларынан, мейли жазуучулардын айрым романдарынан, повесттеринен мисалдарды кеңири келтиришке мүмкүнчүлүк бар. Биздин байкашыбызча жогоруда аталган чыгармалардын ичинен «Каныбек» романы ооз эки адабияттын күчтүү таасиринде жазылган. Ошон үчүн ал бир катар жактарынан жомокко окшойт. Ырас, автор «Каныбекти» окуучуларга тарыхый роман катарында сунуш эткен. «Каныбекке» арналган талкуусындарда Жантөшев: «Бул турмуштук чындык...» деп жооп кайтарып жүрдү. Албетте, «Каныбек» чындыктын негизинде түзүлгөнүндө талаш жок. Өткөндө Каныбектей акылдуу, эстүү, кайраттуу баатырлар Түлкүбектей соодагер-сүткорлор, Канайымдай кыздар, Жолойдой мергендер болушкан. Анда талаш жок. Бирок өз турмушунда, жүрүш-турушунда, тиричилигинде алар кандай эле? Сөзсүз алар эч укмушсуз жашаган жөнөкөй кишилер. Ал тургай алардын доорунда окуу, илим, өнөр, техника болгон эмес. Бүгүн бир-эки саатта басып коюучу жолду, алар бир нече күндөр жүрүшчү. Бүгүн машина бүтүрүүчү иштерди анда кол күчү айлап, жылдап иштеп бүтүрө алучу эмес. Азыр таптакыр жок болунган жугуштуу оорулар, дарттар, жаман жаралар ал кезде адам тукумун терип турду. Ошентип Каныбек заманы — койчунун эскирген куур тонундай жылуусуз комсоо, көрксүз болду. Кишилер көзү көргөндөн алысты тааныбады. Алды жылынса, аркасы тоңду. Узак жолдо жөө зарыккан жолоочудай жупуну, жайдак турмушта эзилгендер өмүр сапарын каржалып өткөрүштү. Романдын беттери, бизге, ушул чындыкты айгинелеп күзгүдөй көрсөтүшкө тийиш. Жүрүштурушунда, ишинде, ой-санаасында, айткан кеби,, кийген кийими — айтор бардык жагынан каармандын чын элесин көрүүгө, анын кайгысын да, кубанычын да кошо бөлүшүп, ага ишенишке тийишпиз.
Ушул жагынан талдаганда бизди кыйла ынандырса да кай бир жагынан «Каныбек» күмөндүү: романдагы бир катар окуялар апыртма сыяктанат. Ал тургай башкы каарман Каныбекке окуучу ишенгиси келбейт. Чынында Каныбектей адам жашаган беле? Же, жазуучунун кыялынан зордук менен жаралган каарманбы? Ал күчтүү да, эптүү да, ырчы да, комузчу да, акылдууайлакер да, кайраттуу да. Айтор, адам баласына таандык бардык сапаттардан Каныбек куру эмес. Албетте, турмушта, мындай көп шыктуу кишилер болушат. Бирок алардын шыгы апыртмасыз белгилүү ченемде го. Маселен, Каныбек карылуу, ал күрөштө, оодарышта алдырбайт, көкпөрүдө башкага улак бербейт, же өзүн туткундаган, кордук көрсөткүсү келген душмандарынан кутулуп кетет десек, анын күчүн ушул планда сүрөттөсөк, анда Каныбектин күчүнө окуучу ишенет, буга күнөм болбойт. Ал эми Каныбек тосуп туруп бийиктен учуп келаткан айгырды куйругунан кармап токтотконуна ишениш кыйын. Жер карада анча жапыздан жылкы учпайт. Жылкы чыңдан, тик бийик беттерден учат.
Мезгил сабактары. Толугу менен.
Дагы эле, Конойго чоң рахмат!


Сообщение отредактировал alma: 20 Июль 2010 - 13:29


#35 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 22 Июль 2010 - 14:58

zebest
Кыргыз эл жомоктору үчүн Чоң Ырахмат!



#36 zebest

zebest
  • Модераторы
  • Cообщений: 14 937
  • Регистрация: 27-08-2009

Отправлено 22 Июль 2010 - 16:33

zebest
Кыргыз эл жомоктору үчүн Чоң Ырахмат!

эч нерсемес, болсо ыргытып турам ;)



#37 Гость_Ast-Reya_*

Гость_Ast-Reya_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 06 Август 2010 - 09:10

"Манас" эпосун толук кайсыл сайттан тапса болот?



#38 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 06 Август 2010 - 10:51

Ast-Reya
биздин китепканада деле бар го Сагымбай, Саякбай толугу менен



#39 Гость_Ast-Reya_*

Гость_Ast-Reya_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Отправлено 06 Август 2010 - 11:15

Ast-Reya
биздин китепканада деле бар го Сагымбай, Саякбай толугу менен

ссылкасын беринизчи?



#40 alma

alma
  • На удаление
  • Cообщений: 1 861
  • Регистрация: 21-04-2005

Отправлено 06 Август 2010 - 13:57

мынакей




Количество пользователей, читающих эту тему: 1

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных


    Yandex (1)