Перейти к содержимому



Фотография

Форумдун негизги эрежелери толуктоолор менен.


  • Закрытая тема Тема закрыта
Сообщений в теме: 2

#1 MIl

MIl
  • Supermoderator
  • Cообщений: 36 813
  • Регистрация: 15-11-2004

Отправлено 18 Август 2005 - 18:15

Форумдун негизги эрежелери толуктоолор менен
кыргыз тилинде

 

Ак ДОСТОРкон бөлүмү кыргызча жазуу үчүн ачылган.
Темаларды кыргызча гана ачабыз.
Бөлөк тилдеги темаларга бөлөк бөлүмдөрдө орун бар!

 

Форумдун негизги эрежелери:

 

1. Бул форумдун негизги эрежелери форумдун катышуучулары тарабынан бардык бөлүмдөрдө сакталууга жана аткарылууга тийиш. Этикадан сырткары чыккан жана анын нормаларына туура келбеген иштер форумдун негизги эрежелерин бузгандык катары эсептелинет.

 

Башка бөлүмдөрдүн эрежелери форумдун негизги эрежелеринин кошумдусу катары саналат.

 

2. Бардык посттор темасына туура келген жана тиешелүү гана бөлумдөрдө жайгаштырылууга тийиш. Андан кийинки талдоо жана талкуулоо темага байланыштуу жүргүзүлүшү керек.

 

3. Төмөнкүдөгүдөй постторду жарыялоого тыюу салынат:

 

А) мазмуну учурдагы мыйзамдарга туура келбеген;
Б) ар кандай, коомдук көз карашка туура келбеген. Мисалы үчүн сексуалдык кызмат көрсөтүү;
В) форумдун катышуучуларын алдоо жана туура эмес жолго түшүрүү максатында жазылган постор;
Г) форумдун катышуучуларына зыян келтирүү максатында жазылган постор;
Д) форумдун башка катышуучусунун уруксаатысыз анын атынан жазылган постор;
Ж) форумдун катышуучуларын улутуна, диний ишенимине жана башка белгилерине байланыштуу жамандоочу, дискриминациялоочу постор;

 

4. Форумда кимдир-бирөөнүн атына негизсиз күнөө коюуга, жамандоого жана сөгүш сөздөрүн калтырууга тыюу салынат.

 

5. Жарнама жана коммерциялык жарыялар форумдун тиешелүү гана бөлүмүндө жайгаштырылууга тийиш, башкача айтканда ”Коммерция и Реклама”. Үстүдө көрсөтүлгөндөй жарыяларды башка бөлүмдөрдө жайгаштырууга жол берилбейт.

 

6. Акыр-чикир сөздөр жана обужок ойлорго (б.а. флуд) форумда тыюу салынат. Флуд катары мааниси бирдей, бир нече ирет катары жазылган посттор эсептелинет.

 

7. Мааниси жок постторго жол берилбейт. Мисал үчүн, ”падонкаф” стилинде жазылган посттор. Жазганга жараша кабыл алынган эрежелерди сактоо менен жазыңыз, эгерде ал колуңуздан келбесе, сураныч оюңузду өзүнүзгө калтырыңыз

 

8. Темалардын аталышы маанилүү болууга тийиш. ”Жардам бергиле” же болбосо ”Татаал маселе” деген сыяктуу темалар жана посттор эскертүүсүз жок кылынат.

 

9. Мааниси бирдей посторду бөлүп, өз-өзүнчө жайгаштырууга жол берилбейт. Мисалы: компьютер сатууда, дисплейин, системалык блогун өз-өзүнчө сатуу максатында жазылган пост, бул эрежени бузганга тете.

 

10. Бөлүмдөрдө бири-бири менен кат жазышууга тыюу салынат. Ал үчүн атайын электрондук почта жана өздүк почта колдонулат. Администраторго жана кайсыл бир модераторго болгон суроо-талап жана сунуштар өздүк почта аркылуу жиберилүүгө тийиш же болбосо ”Жалобы и предложения” бөлүмүндө каралууга абзел.

 

11. Габариттик өлчөмдөрү 750*750 масштабтан ашкан графикалык файлдарды орноштууруга тыюу салынат.

12. Форумдун катышуучуларын жиркенткен, аброюна шек келтирген, рекламалык жана уят нерселерди камтыган колтамгаларды, никтерди жана аватарларды колдонуу эрежелерди бузуу катары эсептелинет.

 

13. Латын тамгалары менен жазылган кыргыз жана орус тилиндеги текстер нормалдуу түргө келтирилиши керек. Нормалдуу түргө келтирүүнүн эрежелери бул жерде - ”Колдонуучуларга жардам”.

 

14. Постту башка посттордон айырмалап көрсөтүү максатында баш тамгаларды, ар кандай белгилерди ашкере эле колдонууга тыюу салынат.

 

15. Жазуу эрежелерин бузуу жана орфографияны өтө эле сактабагандык негизги эрежелерди бузуу катары саналат.

 

16.Баштапкы тема кайсы тилде жазылса, калган жооптор ошол тилде жазылууга тийиш. Автор кайсыл тилде пост жазса, ошол тилди жакшы өздөштүрөөрү бардыгыбызга белгилүү факт.

 

17. Бардык катышуучулардын көзүнчө кайсыл бир модераторду, тургунду жана анын иш-аракеттерин талдоого, талкуулоого жол берилбейт. Бардык чечилбеген маселелер бул эки тарап аркылуу, алардын өздүк почтасы аркылуу чечилиши керек.

 

18. Бул негизги эрежелер форумда пост калтырууда гана эмес, ошондой эле форумдун каражаттары аркылуу маалымат таратуу убагында дагы сакталууга тийиш. Мисалы: форум аркылуу кат жазуу.

 

19. Форумдун кайсыл бир катышуучусу жөнүндө, анын урксаатысыз маалыматтарды таратууга тыюу салынат. Мисалы: телефон номери, дареги, сүрөтү же болбосо чын аты.

 

20. 100 күнгө чейин форумга кирбеген катышуучулардын логини уруксаатсыз жок кылынат.

 

Эскертүү жана жаза системасы

 

1. Эреже бузуу бир нече эскертүү берүү менен (чырым) жазаланышы мүмкүн. Эскертүүлөрдүн саны 5ке жеткенде, колдонуучунун логинине тыюу салынат.
2. Жана ошондой эле постторду жайгаштырууга убактылуу тыюу салуу жазасы колдонулушу мүмкүн. Эрежелерди бузуу бир нече ирет жана атайын кайталанса, колдонуучунун логини жок кылынат, жана кайра регистрацияланбайт, жана бул колдонуучунун кайра башка ат менен кирүү иш-аркеттерине болушунча бөгөт коюлат.
3. Бир эле эреже бузууга байланыштуу форумдун катышуучусунун логинин жок кылуу жазасы каралган, жана ал катышуучунун уруксаатысыз колдонулушу мүмкүн.

 

Толуктоолор:

 

1. Бул бөлүмдүн катышуучуларынын сүрөттөрү илинген "Ак ДОСТОРкондун тургундары" аттуу бутакчага комментарий калтырууга тыюу салынат

 

2. Мааниси жок, мисалы "Мен келдим, мен кетип атам" деген сыяктуу постторду жарыялоого тыюу салынат

 

3. Жөнү жок айтышып, урушууга жол берилбейт! Урушкан тараптардын баардыгы дароо жазага тартылат!

 

4. "Падонкаф" стилинде жазылган, орфография жана пунктуация эрежелерин ашкере бузган баардык посттор жана темалар эч кандай эскертүүсүз алынып салынат жана автору жазага тартылат.

 

5. АкДОСТОРкон кыргызча бөлүм болгондуктан, кош (аралаш) тилде жооп калтырууга жол берилбейт. Кыргызча жазуу керек.
Темаларды кыргыз тилинде гана ачууга мүмкүн, талкуулоо кыргыз тилинде гана жүргүзүлүүгө уруксат берилет.Бул эреже бир гана бул темага тийиштүү эмес.

 

6. Динди талкууга алууга болбойт.

 

7. Цитатага алып, орусча жазууга болбойт. Эгер башка бирөөнүн автордук сөзү болсо, жана ал сөзү элге таанымал сөз болсо, тырмакчага алып, аягына © белгисин коюп гана жазууга уруксат.

 

8. Сүрөттөгү "ой" (афоризм,ылакап, ыр ж.б.) чет тил коштоосунда жазылган болсо, анда сүрөттүн алдына сөзсүз кыргызча котормосун жазуу керек.

 

Бардык эрежелер дайыма өзгөрүлүүгө тийиш жана катышуучуларды эскертүүсүз толукталып турат.
Эрежелерди билбегендик катышуучуну кылган кылыгы үчүн жооп тартуудан бошотпойт.

 

акыркы маанилүү өзгөрүүлөр, кызыл түс менен көргөзүлгөн...


Сообщение отредактировал zebest: 10 Октябрь 2012 - 13:59


#2 ON!

ON!
  • Модераторы
  • Cообщений: 5 786
  • Регистрация: 25-03-2005

Отправлено 29 Май 2007 - 11:23

"Тандалмалар" бутакчасы ачылды.
Ал жерге негизинен жакшы, очуп кетпесин деген темалар "бекитилет".
Ал болумго илип койчу темалар болсо cунуштап модераторлого ЛСке жазсанар болот.


Сообщение отредактировал OFF!: 25 Сентябрь 2007 - 11:10


#3 TUMAR

TUMAR

Отправлено 02 Март 2011 - 01:17

"Мекеним" бутакчасы ачылды.
Ал бутакка кыргыз тилине, кыргыз дилине, кыргыз жерине тийиштүү болгон темаларды жазабыз, талкуулайбыз.
Жалпы бөлүмдөн көрүп калган темаңар болсо, жогору көтөрүп койсоңор, "Мекеним" бутакчасына көчүрүп койобуз.




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных